![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №37, 20.05.08-ж. |
Меймансап Форум Жаңырык Эркин МУКАШЕВ: "Жеңүүчү алгачкы кадамында эле анык" Бул ирет жаштарга жагар ырларды жаратып, учурунда хитмейкер да аталып жүргөн композитор Эркин МУКАШЕВ менен баарлаштык. Азыркы шоу-бизнеске мактоосу да, айтар сын-пикири да бар. - Жакында эле бир жаш ырчынын, ысымын атабай эле коеюн, концертине барып калдым. Көрүүчү калк аңдабас, бирок, сахна артындагы "бардакты" көрүп алып аябай кейидим. Концерттин эч бир даярдыгы жок, мейман катары келген улам бир ырчыны "сен чык" деп түртүп атышат. Мейли, Спорт ордосуна даярданууга мүмкүнчүлүк жок экен, жок дегенде режиссураны кагазга жазып даярдап коюуга болот эмеспи. Менимче, ушундай башаламандык азабынан Актан, Гүлнур, Ырыскелди өңдүү мыкты ырчылар бизди концертке көп чакырбайт өңдөнөт. Анткени, алар бул нерсеге олуттуу мамиле жасашат. - Ошентсе деле, жаштар арасынан кимгедир көңүл оогондур… - Албетте, ууч кур эмес. Ар бир мезгилдин өз таланттары болот. Азыркылардан Мирбек Атабековду атар элем, чыгармачыл казынасы да бай, өзү да абдан бышык экен. Жакында эле Замир Мырза менен баарлаштым, ал да мага чыгармачылыкка болгон олуттуу мамилеси менен жакты. Билими да жетишерлик. Л. Паваротти айткандай, ырчынын ырдоо чеберчилигинен эле анын жан жана акыл дүйнөсүнөн кабар алууга болот. - А сиз ырчыларыбыздын жалпы деңгээлин кандай баалайт элеңиз? - Сахна астанасын аттаган соң, аздыр-көптүр бир деңгээлге ээ болуу зарыл. Антпесе, ал дайым эл көзүндө. Искусство өкүлү катары коомдук тарбиячы экенин да унутпоого тийиш. - А шоу-бизнесчи? - Шоу-бизнес - анча жакшы эмес айкалыш, негативдүү элес жаратат. Бул искусстводон оолак болуп кетет. Бирок, эмне кылалы, заман ушундай экен. Ошентсе да, акча артынан ээрчип албай, сапатка да багыт алганыбыз оң. - Мисалы, сиз кээде акча үчүн халтурага барган кез болду беле? - Жок, мага акча маанилүү эмес, болгону алар мага эркиндик берет. А бул башкы нерсе. - Өзүңүз да продюсерликти колго алыпсыз, негизи эле бизде ушул жаатында көп сөз бар… - Продюсерлик албетте, жакшы нерсе. Бирок, мен азыр бизде продюсерлер жаңы талантты издеп таап, ага болгон каражатын жумшап алып чыкканын көргөн жокмун. Менимче, алар тескерисинче, аткаруучудан акча өндүрүшөт. Принцибинде, азыр жакынкы четөлкөлөрдө да дал ушундай көрүнүш. Бирок, мен ушул нерсе өзгөрүшүн каалайм. - Сиз Казакстан, Россиянын шоусун көрүп келдиңиз, салыштыруудан эмне тыянак чыгараласыз? - Албетте, бизге караганда шарт жакшыраак. Бирок, алардан деле укмуш, кынтыксыз чыккан ырчыны кезиктире элекмин. Акчаң төгүлүп турса да, сахна адегенде талант, эмгек, ага кошумча, дагы далай нерселерди талап кылышы мүмкүн. Албетте, аткаруучуну анын репертуары таанытат. - Сиз тарабынан жазылган ырлардын көбү хит болуп келген. Заманбап композитор атайын хит болсун деп жазасызбы же бул табигый көрүнүшпү? - Хит ырдын рецеби жок. Эгер боло турган болсо, эбакта эле радиостанциялардын баары хитке толуп калмак. Болгону акын менен композитордо эргүү түгөнбөсүн. Эргүү жараткан сүйүү бизден узабасын. Бул мааниси зор компонент турганда, ыр жүрөктөн сызылып чыгат, андай ыр элге сиңбей калышы мүмкүн эмес. Мен болгону жаңы жаралган ырды уккандан кийин ошол чыгарманын өмүрү кыска-узундугун дароо аныктоого тажрыйбам жетет. "Жеңүүчү стартта эле байкалат" эмеспи. - Азыркы музыка деңгээлинин төмөндүгү боюнча да сын аягы тыйылбайт. - Аны бир айтабызбы, эки айтабызбы, эл таптакыр эле ошол музыкага көнүп алган, аны сапаттуу, мыкты деңгээлдеги музыкага буруу абдан татаал. Бирок, кыйынчылык тартканда элди ээрчип кетсең, сен анда чыгармачылыгыңа кыянаттык кылганың. Акырындап, элди өзүңө бурган туура. Себеби, адамзат жакшы гана нерсени татканын туура көрөм. Москванын ири дискоклубдарында болуп келдим, акырындап бутка гана арналган музыка жүрөккө карай сүрүлүп баратканы байкалат. Бизде деле андай көрүнүш алыс эместир. Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|