![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №38, 23.05.08-ж. |
Меймансап Форум "Бетме-бет" "Агымда" ![]() Кумтөрдө арам акча адалдануудабы?"Бетме-беттин" бул чыгарылышы УТРК аркылуу 20-майда көрсөтүлгөн Азис Шаршенбаев: - Жакында Жогорку сот Кумтөр боюнча өкмөттүн 2003-жылдын 31-декабрындагы токтомун жана өкмөт менен "Кумтөр Голд Компани", "Центерра Голд инк" компанияларынын ортосундагы инвестициялык келишимди жокко чыгаруу боюнча депутат Кубанычбек Исабековдун доо арызын канааттандырды. Ушу маселе боюнча ЖК вице-спикери, "Акжол" фракциясынын депутаты Кубанычбек ИСАБЕКОВду, ошондой эле "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" салык жана финансы менеджери Рысбек ТОКТОГУЛду студияга чакырганбыз. Кубанычбек Сатындиевич, жогоркудай арыз беришиңизге эмне себеп болду? Кубанычбек Исабеков: - Мен өкмөткө 2003-жылдын 31-декабрында экс премьер-министр Николай Танаев кол койгон токтомду жокко чыгаруу боюнча кат менен кайрылдым. Ага чейин эле 2003-жылдын июнь айында ЖК мыйзам чыгаруу жыйыны бул кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы, буга кол коюлбаш керек деген токтомду бир эмес, үч жолу чыгарганбыз. Ушуга карабай, 31-декабрь майрам күнү Танаев чыккынчылык кылгансып, токтомго жалгыз кол койгон. Ушуну менен мурунку башкы келишимди да жокко чыгарган. Мурда биздин 67% акциябыз болсо, ошондон кийин 33%га жетпеген акция калып, анын 15%ын 10 млн. долларга чет элдиктер аркылуу итбекер сатып жиберишкен. Мындан сырткары, башкы келишимдин көпчүлүк бөлүмү жокко чыгарылган. Салык, бажы төлөмдөрүнөн биртоп жеңилдиктер берилген. "Центерранын" түзүлүшү мамлекетке каршы келе турган иш. Себеби, биздин алтын запас союз убагында аныкталып, 716 тонна болгон. Андан кийин ал запас борбордук аянтта дагы 10 тоннага көбөйдү, себеби кенде алтын көп. Мисалы, Монголиянын Боорусунда 41 тонна, Гатсуурту иштебей турат, Ренде 30 тонна алтын бар. Ушу үчөөнү бириктиргенде Кыргызстандын алтынынын жетиден бир бөлүгүн түзүп атпайбы. Аны дагы 33%га түшүрүп, чыккынчылык кылып атышпайбы. Рысбек Токтогул: - Айта кетейин, Жогорку сот жокко чыгарган эмес, ал райондор аралык сот караганга чейин убактылуу токтотулган. Негизги арыз каралганга чейин алар токтотулуп турат. Бул жерде кызык нерсе болуп атат. Өкмөт өзү 18 жыл ичинде курулган эң зор ишкана Кумтөр деп айтып атат. Жогорку сот аныктамасын бизди катыштырбай чыгарган. Доо арыз "Кумтөр Голд Компани" же "Центерра Голдго" берилген эмес, Кубанычбек Сатындиевич доону өкмөткө берген. Мындайда укуктук катнаштар бузулуп жатпайбы. Анткени келишим өкмөт менен "Кумтөр Голд Компани", чет элдик корпорация "Центерра" ортосунда кол коюлган. Сот аларды катыштырбай эле келишимди жокко чыгарып атат. А.Ш.: - Келишимди кайра кароого силер деле макул экенсиңер да? Р.Т.: - Бул суроого мен жооп бералбайм. Анткени, бул боюнча өкмөттүк комиссия иштеп атат. Кубанычбек Сатындиевич анын мүчөсү. "Центерра", "Кумтөр Голд Компани", "Кумтөр Оперейтинг Компани" компаниялары тараптан администрация деңгээлиндеги адамдар да катышууда. Жаңы келишимдер боюнча сөз өзүнчө. К.И.: - Жогорку сот надзордук орган. Райондор аралык сотко бергенде өкмөт болбогон шылтоо менен эки ишти бириктиргенге болбойт деп шаардык сотко берген. Танаевдин токтому Конституциянын 58-статьясына, эларалык келишимдердин 11-статьясына карама каршы келет. Демек, биз мыйзам жолу менен Танаевдин токтомун, үч лицензияны алып койсок, мурдагы башкы келишимге келебиз. Анда биз 67%га ээбиз. Керек болсо "Центеррадан" чыгып кетсек да болот. А.Ш.: - Кийинки жаңы келишимдерди да сиз карайсызбы? К.И.: - Биринчиден, мурдагы келишимдер жокко чыгарылалек. Мен эки арыз бергем. Биринчиси, Танаевдин токтомун жокко чыгаруу, экинчиси, лицензиялар боюнча. Алмаз Атамбаевди сыйлайм, бирок ошонун учурунда үчүнчү лицензия мыйзамсыз берилди. Тилекке каршы, азыр үч жердеги алтынды мыйзамсыз казып атышат. Бул баскынчылыкка барабар. "Жердеги кен байлыктар" боюнча мыйзамда лицензия тендер менен берилиши керек деп турат. Кыргызстанга кайсы ишкана пайда алып келсе, ошо жеңиш керек. Жоопкерчиликти өкмөт тартсын, ошонүчүн мен аны сотко берип атам. Башпрокуратура "финансы полициясы да иш козгоду, жыйынтыгын көрөлү" дебатат. Өкмөт болсо шаардык сотко арызданды. Эми ал мурунку чечимди күчүндө калтырды. Булар ага чыдабай Жогорку сотко кайрылышты. 23-майда Жогорку сот карайт. А.Ш.: - Сиздин Кумтөр боюнча дагы көп иштериңиз бар, 1994-жылы Кумтөр 10 миң 70 гектар жерди арендага алсын деп кыргыз өкмөтү токтом чыгарган. Анын 4375 гектары жайлоо, 5670 гектары айылчарба жери. Өткөн жылы Кубанычбек Сатындиевичтин жардамы менен Кумтөр ушу жерлер боюнча 45 млн. сомду жер салыгы катары төлөгөн. Жакында эле райондор аралык сот жер салыгы боюнча Исабековдун доосун карап, ал боюнча Кумтөр 94 миллиондон ашык сомду дагы төлөмөй болду. Бирок бул чечим азырынча күчүнө кирелек. К.И.: - Мен "Акжолдун" мүчөсүмүн. Шайлоо алдында көлдүктөр эле эмес, бүт Кыргызстан эли "Кумтөр эмне үчүн ачык иштебейт, "Центерра" эмне кылып атат?" өңдүү суроолорду көп беришкен. "Центерра" өз иши боюнча эчкимге отчет берелек. Акаев менен Танаев мамлекеттин кызыкчылыгына караганда, жеке кызыкчылыгын биринчи коюшса керек. Курманбек Салиевичке мен бул маселе жөнүндө айтсам, колдоп атат. Бул иниме айтарым, иштеген жер дөөтү, бирок патриот болсок. Алар 15-18 жылдан кийин кетишет, биз калабыз. 10 миңден ашык гектар жерге булар чочко баккан жок. 14 жыл бою жайыт үчүн болгону 7 миң долларга жетпеген акча төлөгөн. Бизге Канада бир метр жерин бекер береби? Ошонүчүн биз мыйзамдын аткарылышын талап кылып атабыз. Жанагы 94 млн. сом жайыт үчүн төлөнөт. Ал жерге Кумтөр калдык сактоочу жайларды, складдарды курду. Булар өнөржайга кирет да, ошого жараша төлөп бериши керек. Баш-аягы 170 млн. сомду төлөөнү сот чечип берди. Р.Т.: - Кубанычбек Сатындиевич менен макул эмесмин. Бизде ар бир бийлик бутагынын өз милдети, укуктары бар. Жер категориясы токтом боюнча бекиген. "Жер кодекси" боюнча аны өзгөртүү өкмөттүн милдети, укугу. 2005-жылы Кумтөрдүн жолун эл тосуп чыкканда Мамлекеттик кыймылсыз мүлктү каттоо агенттигине мыйзам чегинде жер категорияларын өзгөртүү боюнча токтом долбоорун даярдоо тапшырылган. Ал аткарылган жок. Эски токтомдо жер категориялары өзгөргөн эмес. Ошондуктан биз райондор аралык соттун чечимин алып, аны менен жогорку инстанцияга арыз бергенбиз. Ошондо анын чечимин көрөбүз. Бирок, "Камеко" чет өлкөлүк инвестициялык компания катары эларалык арбитраж сотуна кайрылууга укугу бар. Бул жерде көп нерсе мыйзамсыз болуп атат. Өкмөттүн токтомуна өзгөрүү киргизилген эмес. Өкмөт жер категорияларын трансформация кылуу жөнүндө маселе койгон эмес. 2002-2008-жылдар үчүн бизге жер салыгын эсептеп кошуп коюшту. Мыйзам боюнча жер салыгы ар бир айда төлөнөт. 2008-жыл бүтөлек, бирок ушу жыл үчүн 11 млн. 548 миң сом төлөйсүңөр дебатат. К.И.: - Инимден ачык сурайын, силер 10 миң гектардан ашык жерде алтын казбай чочко багып атасыңарбы? Айылчарба, жайытка караганда өнөржай жерлери үчүн салык жогору болот да. Мынча жер 1994-жылы өкмөттүн токтому менен Жетөгүз райадминистрациясынын аныктоосу менен бөлүнгөн. Жогорудагы токтомдо алтын чыгаруучу комбинат курулары, ошонүчүн жерди айылчарбасынан өнөржай категориясына которуу жөнүндө айтылган. Мен да юристмин, Мамлекеттик каттоо уюмдары жер категориясын да алмаштырганбыз деп атат. Ансыз деле 8 жыл бою булар жер үчүн сегиз тыйын төлөбөй келишпедиби. 2002-жылдан баштап төлөтө баштадык. Бул иним аренда келишимин окубаса керек. Анда "Жер салыктары боюнча аренда маселеси Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомунда каралат" деп жазылып турат. Р.Т.: - Буга макул эмесмин. Анткени 1994-жылдагы токтомдо эчтеке жазылган эмес. 2005-жылы өкмөттүн дагы бир токтому чыккан. Анда жер категорияларын өзгөртүүнү кыймылсыз мүлктү каттоо агенттиги жасашы керек болчу. Бирок, бул өзгөрүүлөр жасалган эмес. Кубанычбек Сатындиевич сегиз жылдан бери эчтеке төлөгөн эмес дейт. Бул туура эмес. Эски мыйзам боюнча аренда акысы Жетөгүз райадминистрациясына төлөнчү. К.И.: - Мурдагы жылы сотто дал ушул маселе көтөрүлүп, Жогорку соттон чечилген 45 млн. сомду төлөп беришкен. Кийинкилерин да төлөшөт. Бүгүнкү күндө "Кумтөр Голд Компани", "Кумтөр Оперейтинг Компани" деген эки компания иштеп атат. Экөөнүн бирөө эле иштеш керек. "Кумтөр Оперейтинг Компани" арам акчаларды адалдаштыруу үчүн керек. Алтынды казган, алып кеткен бир эле компания. Бүгүнкү күндө булар бардыгы 914 млн. сомдон ашык төлөшөт. Азыркы өкмөттүк комиссиянын максаты, Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүү. Р.Т.: - Арам акчаны адалдаштыруу дегениңизге макул эмесмин. Аны айтуу үчүн далил керек. Салык боюнча айтылган суммалар дагы такталат. К.И.: - Туура эмес болсо, силер мени да сотко бергиле. Республикалык салык комитетинен мага расмий кат келген. Анда Кумтөр 2005-жылы эле текшерилген. Андан бери текшерилелек. Текшерели деп барса, булар киргизишпейт экен. Бул эмне деген жорук? Инвестиция келсин, бирок Кыргызстандын мыйзамдары сакталып аткарылышы керек. Башкы прокуратура тапшырма алды, эртеңден баштап силер текшерилесиздер. Мындан башка "Центральная" деген жерди казган техникалар менен мыйзамсыз лицензия алган үч жерди каза башташкан. Бул деген түздөн-түз мыйзам бузуу. Р.Т.: - Бул эларалык тажрыйба. Бир эле убакта камсыздандыруучу компанияга лицензия беришет, ошол эле учурда башкаруучу компания болот. Бирөөндө лицензия болсо, экинчиси башкарыш керек. Биз эларалык стандарттарга умтулушубуз керек. Салык инспекциясын киргизбейт деген жалган. Салык инспекциясы мыйзамдуу түрдө кире алат. Мыйзам боюнча ал бир жылда бир жолу текшериш керек. Акыркы жолу "Кумтөр голд компании" өткөн жылдын октябрь айында текшерилген. Андан кийин президент указ чыгарып, 2008-жылдын 30-декабрына чейин текшерүүгө мораторий жарыялаган. К.И.: - 2004-жылдыкы 2005-жылы текшерилген. Андан кийинкилерине уруксат бербей атышат. Мораторийдин финансы полициясы козгогон иштерге тиешеси жок. Эгер таза болсоңуздар, коркпогула. Мен Кумтөрдүн иштешин каалайм. Ал Кыргызстанга пайда алып келиши керек. Биз ага сүйлөшүү жолу менен жетели дебатабыз. 5 барактан турган комиссиянын сунуштарын 2-майда Лен Хоменюктун колуна бергенбиз. Макул деп, бирок жооп берелек. Анысы аз келгенсип, 7-майда акционерлер жыйынын өткөрүп, андан кыргыз өкмөтүнүн комиссиясынын айткандарына түкүрүп өткөнүңөр жок. Кандай гана чет элдиктер эмне иш кылбасын, биздин мыйзамдар аткарылыш керек. Азыр убакыт аз калды. Эгерде мыйзам бузуулар оңолбосо, биз башкача сунуш менен чыгабыз. Р.Т.: - Бүгүн Кубанычбек Сатындиевичтин биздин пикирди укканына ыракмат. Бирок, салык боюнча талабыңыз мыйзамсыз. К.И.: - Туура эмес болсо сотко бергиле. Биз деле эларалык соту жок эле сүйлөшүү жолу менен чечели дебатабыз. Эларалык сот деле адегенде Кыргызстандын мыйзамдарын карайт. Кагазга түшүргөн Аскер САКЫБАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|