Коомдук-саясый гезит
№38, 23.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Эрнис Турсуновдон эродром №1

  Жайлоо:

"Как, жаным! Катуу, катуу, катуурак как!"
КАРА КЕЛИН
Жайлоодо... (билесиңер кыргыз жерин),
Үй ээси каратору кербез келин.
Калп эле жата кеттим уйкусурап,
Келинге кеп айтууга келбей эбим.

Түн эле. Түн менен түн кара келин
Келди да, дүр эткизе жылуу демин,
Койнума кол жиберип, имерилип,
Ийкемдүү белендеди ийип белин.

Керемет аваз какты кара келин,
Көлкүлдөп эрип кетти денем менин.
Тер кетти алка-шалка дене-бойдон,
Бул эмне?.. (Эмне экенин терең ойлон!)

Капырай, кандай шумдук кара келин!..
Билбеймин, бул кумардын бүтөр жерин.

Мезгил өткөн сайын, жаш кеткен сайын, муун өзгөргөн сайын максатка жеткен, жетпей калган, лазаттуу көп окуялар эске түшөт. Ошондой окуялар кыргыз келиндер менен кыргыз жайлоосунда өткөн эле. Кайран гана жаштык кез?!

КЕРАЙГЫР МЕНЕН КЕРБАЙТАЛ
Жайлоодо... селки менен жаткан элек,
Керайгыр кербайталды коруп келет.
Кербайтал экиленип токтой калып,
Чычайтып кыл куйругун, тосуп берет.

Наз кылып жыттуу жери ошол замат,
Керайгыр жанаспабын шак чыгарат.
Көздөрү чанагынан чыга жаздап,
Казыктай жабдык менен кагып алат.

Ба, чиркин, карт табийат турат карап!
Керайгыр кайра аспабын сууруп алат.
Шолп этип көк шиберге тие жаздап,
Уялтат жаш селкини, атаганат?!

Уялбай байтал сиет шаркырата,
Керайгыр жыргап турат жытка кана!

ЖӨӨЛҮГӨНСҮП
Жайлоодо... Бозүйүңө келип кондум,
Төшөк аз. Төрдө жаткан тонго орондум.
Магдырап сонун уктап кеткен экем,
Бир кезде селт ойгондум... (Эмне болдум?)

Бирдеме кыбыр этет, кыймыл кетет,
"Акырын, угат" - деген шыбыр кетет.
Тыңшачы, келген конок уктадыбы?..
Кана, эми каалагандай айда, секет!..

Ах, чиркин!.. Алкымыңдан аймалайын,
Айдаган аспабыңдан, айланайын!
Как, жаным!.. Катуу-катуу-катуурак тарт,
Кадимки барпарыңдан кармалайын!.."

Аңгыча жөөлүгөнсүп жатып калды,
Көрбөпмүн мындай укмуш катындарды.

ӨПӨҢ-ЧЫЧАҢ
Жайлоодо, тердик салып сыртта жатам,
Асмандан жылдыз санап ойго батам.
Жаншерик ушул түндө келсечи деп,
Жагымдуу бир кыялдын даамын татам.

Аңгыча шыңгыр-шуңгур дабыш угам,
Чачпагын түйгөн болуп улам-улам.
Бээсинен кабар алып картмак аял,
Жаныма жакын келди. Кандай кылам?..

Карт десем, элүү беште. (Карт дейлиби?)
Кайрадан "арабаңды" тарт дейлиби?..
Болбостур!.. Чап этектен кармадым да,
Койнума тартып алдым. (Ал белгилүү...)

Кызыкты мен ошондо көрдүм белем,
Ойнотту өпөң-чычаң эргүү менен!

ЖАЛГЫЗ ЖАТ,
ТАШ КУЧАКТАП
Жайлоодо мен көргөндү көрдүңбү дос?
Эмесе, өткөрбөйлү өмүрдү бош.
Баралы жайык төргө, акөргөгө,
Кумарлуу көңүлүңө көңүлдү кош!

Акөргө бала жыттуу, кымыз жыттуу,
Актөөнүн кардын жарган ырыс куттуу.
О, бир кез, бирге окуган үйдүн ээси,
Он бала өстүрүптүр мыкты-мыкты.

Жаркылдап тосуп алды толмоч зайып,
Жайнатты дасторконун кенен жайып.
"Жарыңды ала келбей эмне келдиң?
Кана, айтчы, кимиңерден кеткен айып?

Мен болсо... баягыдай жаштыгым жок,
Жата бер жалгыз өзүң таш кучактап!.."

КАЙРАН ЖЕҢЕМ
Жайлоого барып калсам дайым белен,
Бар эле жайыл мүнөз, шайыр жеңем.
"Амалын өзүм табам үмүтүңдүн,
Ашыкпа, жазгыч бала" деп тергеген.

Айттырбай чайын, майын белендеген,
Бардыгын жайып салчу кенен-кенен.
Төшөктү калың салып, койнуна алып,
Ал түнү жоо келсе да кебелбеген.

Аңкыган "үңкүрү" бар өтө терең,
Бүт бойдон батып кетчү менин денем.
Таңкалтып, таң аткыча аласалтып,
Артүрдүү лаззатына канган элем.

Жайлоого быйыл барсам үмүт менен,
Көз жумуп кеткен экен, кайран жеңем?!

КЕЛИНЖАН КЕТТИ
АКТАП
Ар кептин айта турган жүйөөсү бар,
Асылдым бир келинге (күйөөсү бар).
"Сага эмне, жерде жаткан катын барбы?
Бар, нары!.. Алганыңа ээ болуп ал!"

Болбоду. Катуу айтты аруу келин,
Байкабай шагым сына кагуу жедим.
Жол болбой (жоболоңдуу жоругум, ай!)
Жок жерден жараланды талуу жерим.

Көшөрүп көчөсүнөн баспай калдым,
Көп кандым кумарына башка аялдын.
Бир күнү: "Кечиресиз... кезигели..."-
Деген бир катка жазган дарек алдым.

Кезиктим... (ичимдеги кекти сактап),
Келинжан бир милдетин кетти актап.

БУУРАБАЙДЫН БУКАСЫ
Калыйпанын
кашка ую
"Өлүгүңдү көрөйүн,
Уй күүлөнүп калыптыр.
Уй уйларга секирип,
Буй түшүрүп алыптыр.

Тур, Чотур! Алып барып букага кош,
Сүзбөсүн башка бука, тууралап тос.
Кырдагы Буурабайдын букасы чоң,
Уйдуку - кызыл чыбык умага дос.

Байкап тур, кашка бука туура куусун,
Боозуса өзүнө окшош музоо туусун.
Демигип алгансыңбы, өзүң дагы?
Сабыр кыл!.. Кызыл уйдун дени суусун"

Кызыл уй сырактады. Айдап кетти,
Кырдагы Буурабайга дароо жетти.
Чоң бука мурдун түйрө жыттап алып,
Секирди. Жети какты. Урук септи.

Алыстан Калыйпасы карап турат,
А Чотур "чоорун" кармап араң турат.

ЧУЛДУР КЕЛИН
Жайлоодо... (Өзүң талда, чын-төгүнбү?)
Жай жатып байкабапмын бир келинди.
"Тилиңиз эмне болгон?" деп сурасам:
"Билипсиз кемшилигин бий жейимдин.

Мүнүшкөй атам менин кыйаан кушка,
Мен анда ыйай бейип, тилим шыкса -
Бешикте кызый тийди кыйгый шокуп,
Бой жеттим күйөө шыкпай шулдуй кызга.

Мен сизди көйгөнүмө жаным куйсант,
Төсөктү кенен салдым. Кенен уктап
Жатыңыз жайпты жазып!" деп чечинди,
Мен жаттым жаш келиндин жытын жыттап.
"Өйдө-ыйдый" деген гана бир үн чыгат,
Эх, мындай таттуу тилди кимдер угат?!

ОТУҢ БАРДА
Билбеймин, ынсабымды тыя аламбы?
Көп көрдүм түгү жумшак "уяларды".
"Баары бир..." деген сөзүн аңыз кылып,
"Балдырак" дешчү бизде бир аялды.

"Эй, жеңе, жаңылган кез болду беле?
Койнуңа чоочун бирөө конду беле?"
Деп коюп, ашыклыктан суроо салсам,
"Жаш кезде эмне болбойт! деди жеңем.

Бирөө эмес, сарсан болгон жигит мүлдө,
Эбин таап келишчү эле кээ бир түндө.
Кондуруп эки чатка терметчүмүн,
Баары бир... чирип калат "чиркин дүйнө".

Бере бил, келиндерим, отуң барда,
От өчсө каларсыңар чоң арманда".

Пикассонун сүрөттөрү пайдаланылды













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan