![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №38, 23.05.08-ж. |
Меймансап Форум Таяктын экинчи учу Букада эмне айып? Гезитибиздин 9-майдагы санында "Бекен, бакка бука бак" же "Алиппе" талапка жооп береби?" деген сын макала жарыяланган эле. Ошол жаңы "Алиппенин" авторлорунун бири Алмазбек Токтомаметов макаладагы сын-пикирге каяша жообун жазып келиптир. Журналистиканын этикасын сактап, экинчи жактын да пикирин жарыялоону эп көрдүк. Макалада "Алиппе" китебине эки доомат коюлат. "Биринчиси, канаттуулар менен үй айбандарынын сүрөттөрү аралашып калган. Мүмкүн бул техникалык катадыр, андыктан оңдолгондур" деп жазылат. Албетте, ал эчак эле оңдолгон. Тактап коюучу жагдай, биз жаңы "Алиппени" А-4 барагына даярдаганбыз. Мурдагы "Алиппе" да ошондой чоң форматта чыккан. Кийин китеп эксперимент үчүн басылып жатканда Билим, илим министрлиги көрүп-билип турса да кичинекей форматты бекитип койгон. Натыйжада ар бир беттен тигинен 8,5 см, туурасынан 4 см кысууга туура келген, б.а. 27% материал алынып салынган. Ошентип, сөз оюндар толугу менен, көп материалдар, сүрөттөр батпай калган. "Алиппе" китебинин башкы өзгөчөлүгү - бир тамгага байланыштуу материалдар бир же эки бетти толук ээлеши керек, бир беттен кичине ашырып берип койгонго болбойт. Анда экинчи тамга беттин жарымынан башталып калат. Натыйжада батыра албай, беттин ортосундагы "Үй айбандары" деген сөздү басма түшүрүп алган. Китеп экспериментке шашылыш даярдалган. Экинчиси, "Б" тамгасы өтүлүп жаткандагы "Бака, бат атта. Бекен, бакка бука бак" деген сүйлөм журналистке "жакпайт". Биринчиден, "Алиппеде" өтүлгөн тамгалар менен гана сүйлөм түзүлөт. Мында өтүлгөн 7 тамга катышып жатат. Чоң адамдарга жакпаса-жакпастыр, бирок кичинекей наристелер бул сүйлөмдөрдү кызыгуу менен эле талкуулап жатышат. Ошондой болсо да китептеги бул сүйлөмдөрдү алмаштырып койдук. Ушуну менен эле китептин сапаты ойдогудай болуп калдыбы?! Дегеле окуу китебине 1-2 сөз же сүйлөм менен баа берүүгө болбойт. Анткени, окуу китеп белгилүү бир концепциянын негизинде жазылат. Китепти сындаган адам ошол концепцияга баа бериши керек. Китептеги сүрөттөрдү, сөздөрдү, сүйлөмдөрдү, керек болсо тексттерди оңдоп же алмаштырып койсо болот. Бирок, концепциясы туура эмес же начар түзүлгөн китепти оңдогонго мүмкүн эмес. Жаңы "Алиппе" китебин авторлор өзүбүз таба албай жүргөн кезде, "сынчылардын" колуна жеңил эле тийип калганына таңбыз. Учурунда министрлик 2 автор экендигибизге карабай, колубузга 1 гана китеп берген, ошол эле учурда айрым авторлор 4төн алган. Сынактан кийин оңдолуп тапшырылган китептерди Кыргыз Билим берүү академиясынын кызматкери Сейит Жаанбаев авторлорго да бербей, жумуртка баскансып сейфине катып жатты. Көрсө, уюшкан топтун авторлор окуу китептерин оңдоп алат дегендеги чарасы экен. Макала Сейит Жаанбаевдин "маеги" менен уланат да, ал министрликтин конкурсу легитимсиз дейт. Министрликтин алдындагы академия кызматкеринин ушинтип айтып турганын түшүнбөй калбаңыз. Маселе башкада. Министрлик конкурс өткөрүп, тиешелүү жоболор иштелип чыгып, "Кутбилим", "Эркинтоо" гезиттерине конкурстун жобосу жарыяланып, 18 предметтик комиссия иштеген. Башталгыч класстар боюнча предметтик комиссия биздин китепти жактырган. Ушул кезде биз: "Эмне үчүн предметтик комиссия чыксын деген китептерге силер бут тосуп, эмдигиче чыкпайт да, "ушул турушунда чыкпасын" деген китептер кайра-кайра басылып келет (комиссиянын сунушунун көчүрмөсү редакцияга берилди). Мындай китептер "Алиппе" эле эмес, бир нече. Бул жерде министрликтин кээбир кызматкерлери, айрым авторлор, тиешелүү басмалар уюшуп алып, коррупцияга жол берип жатасыңар, болбосо түшүндүрмө бергиле" деп министрликке доомат коюп жатабыз. Бул тууралуу министр Болжурова айымга бир нече жолу атайын кат жолдогонбуз: "Айрым окуу китептери 60 миң нуска менен чыгарылып келет, окуучулардын саны 55 миңдин тегерегинде. Бул көрсөткүч да жыл сайын азаюуда, андыктан китептер артып калыш керек эле. Бирок, ошол китептер мектептерде аз эле санда, демек китептер 60 миң чыкпайт. Ишенбесеңиз текшертиңиз. Анан да эмне үчүн ушул убакка чейин чыксын деген китептер чыкпай, чыкпасын дегендери чыгып келе жатканына түшүндүрмө бериңиз" деп жазганбыз. Министр айым жогорку даражадагы кызматкер катары "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү" КР мыйзамынын (?67, 04.05.2007) 8-статьясына ылайык 30 күндүн ичинде акыркы кайрылуубузга жооп берет го деп күтүп жатабыз. Маселенин маңызы так мына ушул жерде. Эми кантип жооп берерин билбей, уюшкан топ министрликтин башын айлантып, конкурсту жокко чыгаргысы келип жаткандагы айла, амал. Экинчи максат - жаңы "Алиппени" карандай каралоо, аны мугалимдерге жеткирбөө аракети. Сейит мырза, маегин андан ары "сынак ойдогудай болбой калды" деп улантат. Сынакты өткөрүү боюнча Билим, илим министрлигинин ?17/1 буйругу чыгып, аны ишке ашыруу Кыргыз Билим берүү академиясына милдеттендирилген. Бул буйрукту аткаруу максатында академиянын буйругу (?3-98/1, 14.06.2006) чыгып, мугалимдер менен тегерек стол уюштуруу, материалдарды даярдоо жана чогултуу, адистер менен бирдикте сынакты өткөрүүнү камсыз кылуу академиянын кызматкери С.Жаанбаевге жана дагы үч кызматкерге жүктөлгөн (министрликтин комиссиясынын справкасы, 8-бет). Академия болсо, 14-декабрь 2006-жылы министрликке кат (?345) жолдойт. Анда сынакка бөлүнгөн акчалар өздөштүрүлүп, калган 53865 сомду 2007-жылы бергиле деп жазылат (справка, 10-бет). Демек, акчалар өздөштүрүлгөн, ал эми ишенип ишти тапшырган "молдолору" 133 класстын ордуна 65 гана класста (49,3%) өттү, анан да 2-3-чейректен китеп жетти деп, "Бөрү зындан" фильминдеги Кампос боло калып карап турушат. Бул бери болгондо - суу ичкен кудугуна түкүрүү. Дагы бир жан кейиткен учур, Жаанбаев 45 миң китеп бар, дагы 15 миң чыгарсак эле баары жайында болот дейт. Эмне, бизге китептин саны болсо эле болдубу, ошого эле мадырайып, олуттуу көрүнүп отчет берип, "маек куруп" жүрө беребизби. Бала кезде "Эшек эмне үчүн кагаз жеп калган" деген аңгеме окудум эле. Анда кайсы бир салтанатка эшекти паспортуң жок экен деп киргизбей коёт. Паспорт кандай болот десе, кагаздан болот дейт. Ошондон кийин паспорттуу болом деп, эшек көрүнгөн эле кагазды жеп калган экен. Маселенин ток этер жерине келсек, бир класстын ичинде биздин жана С.Рысбаевдин "Алиппеси" менен чогуу окутууга болбойт. Анткени, эки китеп эки башка концепция менен жазылган. Ал тургай, берилген тамгалардын ирээти да башка. Бир эле мисал, "к" тамгасы бизде 5-болуп берилет. Рысбаевде 9-болуп "кы", 13-орунда "ки" берилген. Тамга тааныбай келген балдардын абалын эми элестетип көрүңүз. Бир класста эки китеп аралашса, быйыл биринчи класска келген балдар 100% сабатсыз болору айдан ачык. Ансыз да "Пиза" эл аралык уюму 57 мамлекеттеги билим берүүнүн деңгээлин изилдегенде, биз артынан биринчиликти алдык. Эми мындан да төмөн түшөрүбүз айдан ачык. Министрлик 2 класс 2 китеп менен окуйт деши мүмкүн. Биринчиден, бардык жерде эле 2 класс эмес. Экинчиден, сынак учурунда 400 китепти көзөмөлдөй албаган министрлик 60 миңди көзөмөлдөйбү? Ошон үчүн биз жаңы "Алиппе" 60 миң чыгарылышын талап кылабыз. Согуш учурунда болсо болгондур, бирок жайчылык мезгилде "Алиппе" алгачкы жолкусунда ар дайым жалпы тираж менен чыгып келген. Министрлик абалды дагы колдон чыгарып, түндүктү башка "Алиппе" менен, түштүктү башка "Алиппе" менен окутпасаңар эле болду… Алмазбек ТОКТОМАМЕТОВ Улут көчү (Уландысы. Башы өткөн санда) Тамагын атаса, улуту сүйүнөт Улутту улут кылган тили, анан, кадимки жеген-ичкен тамагы эмеспи. Кыргыздын салт тамак-ашы соңку жылдары өзгөчө шаар жеринде унутула баштаганы байкалат. Шаардык кыкеңдер бирин-бири коноктосо деле, күнүмдүк тамактанышында деле көбүнчө палоо басып, көчөлөрдө атайын электр кубатына "гриль" деп тегеретип бышырылыган тоок этин табакка сала коюп тартмайга өтүштү. Анан, күндө чай менен жегенибиз чочко эти кошулмайынча жасалбаган колбаса, сүрсүтүлгөн сыр, салаттар… Бул аштар кыргыздыкы эместигин билген да, айткан да жан аз. Ал эми улуттун генофонду салт-каада менен эне тил сыяктуу эле баарынан мурда күнүмдүк жеген тамак-аштан тураарын ойлогон жан жок. Кыргыз нандарын эле атасак, боорсок, майтокоч, дандыр нан, көмкөрмө нан, калама нан, патир нан… А мен билбегендери канча? Куурдактан баштап, кадимки казанга бышырылып, сыйлуу конокко тартылуучу кой эти, жылкы эти, уй эти, май чучук, казы-картага чейинки сонун аштарды билбеген кыргыз эми деле аз. Бирок, ошолордун арасына кошулуп, келиндер өзүнчө бир укмуш жасап туруп, табакка салып коюучу быжы, көжө, жөргөм деген сыяктуу кыргыз даамын татып, ашын жеп көргөн кишиге тилин бир жагына тартчу не бир чүйгүн тамактар бар. Анын ордуна тиги аталган аштарды кой, азыркы кыргыздар баш тартса - учасы жок, учасын салса - каржилиги жок, бир кызыктай табак тартканды үйрөнүп алышыптыр. Анан - шурулдатып эле чай куя беришет. Кымызды мейли, маалы келек элек дейли. Эт желгенден кийин кадимки аксерке, бозо, максым, уйкымыз сыяктуу улуттук суусундуктар берилсе, жанга дары, конокко кошо ээрчите барган балдар да кыргыздын тамак-ашын билип, канына сиңирип дегендей. Кийинки небере-чөбөрөлөргө мурас катары берилип турса, ошондо кыргыздын кыргыздыгы сакталат эмеспи. Азыр болсо, дасторконго жалаң химиялык заттар кошулган, кыргыз канына жакпаган "фанта", "кока-кола", "спрайт" деген шурулдаган суулар куюлчу болду. Булардын курамында рак шишигин пайда кылуучу, ар кандай өнөкөт дарттарга алып келүүчү заттар бадырайып жазылып турса деле. Андан көрө таза шире ичсе зыянсыз. Бирок, кендирди кескен кедейликтин айынан арзанына карап, балдарга "кока-кола" куюп беребиз. Баса, ошол суюктук менен машинаны моторун жууса таптаза болуп, дагы курт-кумурскаларды жок кылса болот деп айтылып да, жазылып да жүрөт. Кытайдын оюнчуктай жалтыраган алмалары тукуму өзгөртүлүп, курт жебегидей химиялык заттарга шыкалганына карабай кооз деп, конок алдына тартуулашат. Аны жегенде өзгөчө жаш балдар дарттанып, окшуп-кусуп атканы менен ишибиз жок… Садырбек Чериков |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|