Коомдук-саясый гезит
№38, 23.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Дүйнөкүн


ТЫНЧДҮЙНӨ. Планетадагы эң бир тынч өлкө деп Исландия табылды. Ички саясый туруктуулук, коңшу мамлекеттер менен жылуу мамиле, регулярдуу армиянын жоктугу жана түрмөдө жаза өтөп отургандардын санынын аздыгы ушундай баа берүүгө негиз болгон. Тынч өлкөлөр рейтингинде Кытай - 67, АКШ - 97, ал эми Россия 131-орунду ээлеген. Былтыркыга караганда Ангола, Индонезия, Индия жана Өзбекстандын рейтинги жогорулаган. Ал эми тизме аягынан 4 миллион качкыны бар Ирак мамлекети орун алган. Изилдөөлөр экономика жана аалам изилдөө институту менен "The Economist" британиялык журналынын аналитикалык бөлүмү тарабынан жүргүзүлдү.

ЖИНДҮЙНӨ. Кенияда 15 аялды сыйкырчы деп айыптап, жинденген айылдаштары тирүүлөй отко жагып өлтүрүшкөн. Кырсык шейшемби күнү кечинде өлкөнүн батышында жайгашкан Нйакео айылында болуп өттү. Бир канча адам кара магия менен алектенет деп эсептеген аялдардын жашаган үйлөрүнө кирип келишип, алардын колу-бутун байлап, алоолонуп күйүп аткан отко улам бирин таштай беришкен. Кения менен Африканын көпчүлүк алыскы аймактарында ушул убакка чейин мистикага ишенип, кара магия адамдарга зыян апкелет деген ойдо жашап келишет.

ТАҢДҮЙНӨ. Сауд Аравиянын жашоочусу 30 жылдык үйбүлөлүк жашоосунан кийин бетин көрүп койгондугу үчүн күйөөсү менен ажырашууну талап кылып жатат. Аял ушу жашка чейин чадра жамынып, бир да жолу бетин ачкан эмес. Ушунча убакыт жубайынын ажарын көрбөй жашаган күйөөсүнүн чыдамы кетип, аялы уктап жатканда бетин ачып көрүүнү чечет. Бирок так ошо маалда ойгонуп кеткен аял күйөөсүнүн "кылыгын" кордук катары баалап, ата-энесинин үйүнө кетип калган. Күйөөсүнүн экинчи мындай кылбаганга берген убадасы да аялды жибите алчудай эмес. Эми үйбүлө ажырашуу алдында турат. Аялдын айтымында, ушунча жыл чогуу жашаган күйөөсү мындай аракети менен анын ишенимин жокко чыгарып салган. Анын апасы да, чоңэнеси да бетин көрсөтпөй жашашканү.

СОТДҮЙНӨ. Эстониядагы жалгыз көзү тирүү, Советтер Союзунун Баатыры, 88 жаштагы Арнольд Меринин үстүнөн сот иши башталды. Ага Хийумаа аралынын 251 жашоочусун Сибирге департациялоо ишине катышкан деген айып тагылууда. Арнольд Мери 1941-жылдын июнь айынан баштап согушка катышкан. 17-июлда душман Шелонь дарыясынан өтүп, Дно шаарына чабуул баштаганда качууга бет алган аскерлерди токтотуп, немистердин мизин кайтарууга аракет кылган. Арнольд Меринин аракети менен душман чабуулу токтогон. Эгер сотто анын күнөөсү негиздүү деп табылса, өмүрүнүн калганын түрмөдө өткөрүшү мүмкүн.

САКДҮЙНӨ. Австралия жашоочусу Джейсон Калл шамдагайлыгынан улам бир ажалдан калды. Миддлтондун жээгинде сүзүп жүргөн Джейсон төрт метрлик акуланы алгач дельфин экен деп ойлоп, бейкапар чабак уруп жүрө берет. Качан гана акула аны көздөй сүзүп жөнөгөндө, айласы жок калганын түшүнөт. Жырткыч балык Джейсонду бутунан тиштеп, суу астына алып жөнөйт. Калл өзүн колго алып, жандалбастап, сөөмөйү менен акуланы көзгө күч менен саят. Ооруксундубу, айтор, акула оозун ачып жиберет. Джейсон дароо бошонуп, ач айкырыкты салып, баарын көрүп турган эки адам тарабынан куткарылган.




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары



ГРУЗИЯ. Шаршемби күнү өткөрүлгөн кезектеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгында президент Михаил Саакашвилинин "Бирдиктүү улуттук кыймылы" 60%дан ашык добушка ээ болду. Башкы атаандашы "Бириккен оппозиция" болгону 15%га жетпеген добуш алган. Оппозиция мындай жыйынтык менен макул эместигин билдирип, Тбилисиде митинг өткөрдү. Грузия парламенти 150 депутаттан турат. Анын теңи партиялык тизме, теңи бир мандаттуу округ боюнча шайланат.

КЫТАЙ. Сычуань провинциясындагы болуп өткөн жер титирөөдөн жабыр тарткан Бэйчуань шаары эми суу каптоо коркунучу алдында турат. Көп сандагы имарат калдыктары менен нөшөрлөп жааган жаандын натыйжасында суу деңгээли күндөн-күнгө өсүп аткан ири көл пайда болгон. Жаан токтобосо суу ташып, бүт аймакты каптайт. Буга чейин суу алдында эки айыл калган. Бэйчуандын калкы толугу менен эвакуацияланды. Жер титирөөдөн кийин 20 миң калктуу шаардын 60% эли жок болгон. Шаардын 71%ы талкалангандыктан, аны кайра калыбына келтирүү мүмкүн болбой калды.

ЧЕХИЯ. Шаршемби күнү өкмөт өлкө аймагына АКШнын ракетадан коргонуу радарын жайгаштыруу боюнча негизги документти колдоорун билдирди. Эми документ толук күчүнө кириш үчүн парламент өкүлдөрүнүн макулдугу керек. Прага менен Вашингтон АКШнын ПРО системасынын радарын Чехияга жайгаштыруу боюнча бардыгы болуп эки келишимге кол коюшу керек. Жергиликтүү калк жана радар жайгаштырыла турган муниципалитет бул иш-чарага каршы экенин билдиришүүдө.

МАЛИ. Өкмөттүк аскерлердин туарег-көтөрүшчүлөр менен болгон кагылышуунун натыйжасында 27 адамдын өмүрү кыйылып, 31 адам жараат алган. Расмий билдирүүлөргө караганда, 20-майдан 21-майга караган түнү Алжир менен чектешкен Абейбар аскердик посту каракчылардын куралдык кол салуусуна дуушар болгон. Ал эми көтөрүлүшчүлөрдүн маалыматы боюнча, бул акция "Өзгөрүүлөр үчүн 23-майдын демократиялык альянсы" тобуна кирген майор Барка Шейктин өлүмү үчүн өч алуу болуп эсептелинет. Өкмөттүк аскерлер тараптан 10 адам өлүп, 25и жаракат алган.

ИЗРАИЛЬ Түркиянын ортомчулугу аркасында Сирия менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү баштаганын расмий түрдө билдирди. Ушундай эле пикирди Дамаск да бекемдеди. Израилдик ММКнын билдирүүсүндө сүйлөшүүлөр азырынча "төмөнкү деңгээлде" өтүп жатат. Израиль тараптан сүйлөшүүлөргө премьер-министр Эхуд Ольмерттин канцелярия кызматкерлери Йорам Турбович менен Шалом Турджман катышууда.

ЛИВАН. Катар борбору Доха шаарында бийлик коалициясы менен оппозициянын ортосунда ички саясый кризисти жөнгө салуу боюнча макулдашууга кол коюлганы тууралуу расмий жарыяланды. Ушундай эле маалыматты Катардын тышкы иштер министри шейх Хамад Бен Джасем Аль Тани да берди. Жума күнү башталган сүйлөшүү процесси араб мамлекеттеринин лигасынын ортомчулугу менен ишке ашты.

ТЕГЕРАН. 12-апрелде Ширазда болуп өткөн жардырууну уюштурган террористтер менен АКШнын байланышын айгинелеген далилдер менен чыкты. Тиешелүү документтер Швейцариядагы ишенимдүү өкүлгө тапшырылды. Иран менен АКШнын ортосунда дипломатиялык мамилелердин жоктугунан бардык байланышты Швейцария аркылуу жүргүзүшөт. Ал эми америкалык тарап Ирандын "АКШ аймагында антиирандык террористтик топ ээн-эркин иш алпарууда" деген билдирүүсүнө каршылык билдирди. "Шираздагы терактты ишке ашырган кылмышкерлер АКШ аймагында жайгашкан топтор тарабынан координацияланып, каржыланган", - деп баса белгиледи Вашингтон.




  Миң түркүн адам

Ирина ХАКАМАДА
Саясаттан биротоло кетип жатканын маалымдады. "Менин убактым аяктады. Оппозиция саясатын эми жаштар жасаш керек. Алар биздин каталарыбызды оңдоого тийиш", - деди Хакамада. Ал саясый партиялар курамынан чыгып, чыгармачылыкка баш-оту менен кирип иштээрин билдирди.

Николай КАРАЧЕНЦЕВ
Актер кайрадан мээ институту алдындагы ооруканада жатат. Мээнин жабыр тарткан бөлүктөрүн калыбына келтирүү үчүн врачтар неотроптук препараттарды колдонушат. "Бул өтө күчтүү дары, ал уйку артериясы аркылуу дароо мээге жетет. Дары абдан майнаптуу болгону менен, Караченцевдин организмине кошумча терс таасирин тийгизиши мүмкүн", деп билдиришти врачтар. Мындан тышкары, Караченцевдин сүйлөөсүн калыбына келтирүү үчүн дарыгерлер электр тогун пайдаланууну көздөшүүдө. Эгер бардыгы ийгиликтүү өтсө, дарылануу жыйынтыгы эки жумадан кийин белгилүү болот.

Сильвио БЕРЛУСКОНИ
Италиянын жаңы өкмөтү парламенттин колдоосуна ээ болуп, ишин баштады. Берлускони тең укуктуулук боюнча министрликти 32 жаштагы модель, телеалпаруучу Мара Карфаньяга ыйгарды. Жаңы министр айым дароо эле "дүйнөдөгү эң сулуу министр" атка конду. Өткөн жылы Сильвио Берлускони бир салтанатта отуруп, "эгер бойдок болсом, сөзсүз Карфаньяга үйлөнмөкмүн" деп айтканы бар. Мындай билдирүүгө жубайы Вероника таарынып, кечирим суроосун талап кылган. Берлускони кечирим катын жазып, аны ММК тараткан. Ал эми премьердин каршылаштары жаңы министрдин сулуулугунан башка эч нерсеси жок дешет. Балким, Берлусконинин ушул кадамы анын көмүскө өкмөт менен тыгыз байланышта болуусуна түрткү болгондур. Анын айтымында, оппозиция түзгөн көмүскө өкмөт расмий өкмөт ишине көзөмөл жүргүзүүчү орган катары пайдалуу болушу мүмкүн.

Дима БИЛАН
Белградда өткөн "Евровидение" конкурсунун финалына "Believe me" ыры менен чыкты. Билан бул конкурска экинчи жолу катышып, жеңишке жетишти. Бул жолкусунда ырчы ичине балерина катылган роялдын эмес, атактуу фигурист Евгений Плющенко менен белгилүү скрипач Эдвин Мартондун коштоосунда чыкты. Скрипканын мукам үнү, муз үстүндөгү аккуунун бийи жана Биландын ажайып үнү эч кимди кайдыгер калтыралган жок. Дима менен финалга Азербайжандан келген дуэт жана армян кызы Сирушо Арутюнян чыгып, эртең Европанын башкы ырчысы наамы үчүн ат салышканы турушат.

Клаудия ШИФФЕР
Убагында сулуулугу менен дүйнөлүк подиумга дүң салган 38 жаштагы немис топ-модели азыр өзүн сыртта калган "эски адам" катары санайт. Наристе кызы 3 жашка чыгып, энелик түйшүк бир аз жеңилдегендиктен, жаш курагына карабай жигери кайрадан жангандай. Жакында эле "Вог" журналына фотосессиясынын жылаңач сүрөттөрү жарыкка чыкты. Гезит кабарчысынын: "Биз билген Клаудия Шиффер токтоо жана кол тийгис. Ал эми азыркы күтүүсүз сүрөттөрүңүздү кандай түшүнсөк болот?" деген суроосуна: "Мен силер билген эле Клаудиямын, бирок "Вог" журналына минтип тартылса болот. Себеби, ал денени элеганттуу, кереметтүү бере алат. Мында эч кандай ыпластык жок. Ал эми менин секс турмушум жабык эшик артында", - деп жооп берип, аны тарткан белгилүү фотосүрөтчү Марио Тестино жана башкалар профессионалдуу иштээрин, иштөө учурунда жылаңач денени көз артып кароого эчким далалат кылбасын билдирди.

www маалымат булактарынан даярдаган
Канышай Бешбаева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan