![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №38, 23.05.08-ж. |
Меймансап Форум Жолтикен Арак Даниярды абакка салды Республикабыздын алыскы райондорунан борборго бакыт издеп агылып келген жаштардын саны күндөн-күнгө өсүп атпайбы. Бишкекке келгендердин көпчүлүгү шаарда жайыл дасторкон күтүп тургандай сезишет. Иштеген иши жок, күнүмдүк жашоосу үчүн алпурушуп, кандай жол менен болсо да акча табууну көздөгөндөр, бирөөнүн маңдай тери менен тапкан буюм-тайымдарын уурдап, же тоноп, тартып алып жан баккандар жок эмес. Ошондой жол менен акча таап көнүп калгандардын ичине алыскы Нарын облусуна караштуу Миңкуш айылынын 26 жаштагы тургуну Данияр Нураков да кирет. Данияр Бишкекке келгенден бери жарытылуу деле иш табалган жок. Башкалардай болуп тачке түртүп, же кол жоорутуп иштегиси келбеди. Тигүү цехтердин биринде үтүкчү да болуп иштеди. Бирок, өзүнүн оюндагыдай оңой жол менен келген бапыраган акча табалбады. Ушинтип кыйналып акча тапкандан көрө бирөөлөрдүн сумкасын жула качып, кол телефонун, акчаларын уурдап күн көрүүнү оңой көрдү. Атайын эл толо түшкөн маршруткаларга тыгылышып кирип, ошондон пайдаланып далайларды сыздатып, буюмдарын, акчаларын, телефондорун уурдаганга өттү. Уурдалган буюмдарын сатып, арак ичип, көңүл ачуучу жайларга барып акчасын коротот. Акчам түгөнүп калат деп коркчу эмес. Себеби, дасыккан уурулардын катарына киргендиктен, жанында дайыма уурдалган ашыкча буюмдар жүрчү. Каалаган убагында арзан баага болсо да сатып, күн көрүп атты. Бирок, "уурунун арты кууш" дегендей, эртеби-кечпи бирөөнү сыздатып тапкан акчасынын азабын тартарын кайдан билиптир. Бир күнү адаттагысындай эле "жортуулдан" келе жатып, Бишкектин Армия көчөсүнүн ?58 үйүндө жашаган таанышы Рахим Бадриновду жолуктуруп калат. Рахим Даниярды үйүнө киргизип, экөө самогон ичишет. Буга чейин Данияр кийимдерин Рахимдин үйүнө калтырып кеткен эле. Самогонго мас болуп, баштары айлана баштаганда Данияр калтырып кеткен кийимдерин сурайт. Бирок, самогонго алымсынбай калган Рахим Даниярдан дагы арак алып кел деп өтүнөт. "Акчам жок" деп кол шилтеп чыгып бараткан Даниярга жинденген Рахим үстөл үстүндө турган аш бычакты ала коюп, аны көздөй шилтеп жиберет. Данияр буйтап кетип, ошол эле ашбычакты ала коюп, аны көкүрөккө саят. Ошону менен токтоп калбастан, мыкаачылык менен Рахимдин мойнун аесуз кескилеген. Акыры Рахимдин өлгөнүнө көзү жеткенден кийин анын үйүн тинтип, адатынча колуна урунарлык буюм издейт. Төркү бөлмөсүндө турган 3000 сомдук түстүү телевизору менен бирге 1500 сомдук булгаары курткасын алып, куйругун түйүп жоголгон. Рахимдин үйүнөн уурдап алган телевизорун Махабат аттуу таанышынын үйүнө, "байкемдики эле, эки-үч күндөн кийин алып кетем" деп коюп кетет. "Телевизор уурдалбаган, сообу" деп Махабат сураганда, Данияр "мени ошондой деп ойлойсуңбу" деп таарынымыш эткен. Мас абалында болгондуктан, башкалардын көзүнө көрүнбөйүн деген ойдо жолдун буйткарак жеринде жайгашкан ысык суу кетчү түтүктөрдүн астына жашынып жатып, уктап калат. Эртеси таң агарып калганда ойгонот да, карды ачып чөнтөгүн караса, сокур тыйыны жок. Жакын жерде жайгашкан базарлардын бирине барып, эки самсы сатып жейт да, Рахимдин үйүнөн уурдап чыккан булгаары куртканы акчанын ордуна калтырып кетет. Кайра көнгөн адаты менен баягы түтүкчөнүн түбүнө барып уктайт. Эс алгандан кийин "жортуулду" улантайын дегенде, аны Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери шектүү деп алып кетишет. Албетте, Данияр кылган күнөөсүн мойнуна албай, адегенде оңой кутулуп кетем деп ойлоду. Бирок, маркумдун акыркы жолу Данияр менен арак ичип отурганын көргөн күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде күнөөнү мойнуна алууга туура келди. Данияр Нураков 1981-жылы туулган. Буга чейинки уурулук, талап-тоноо менен шугулданган кылмыш иштеринин бети ачылып, кийинки жасаган оор кылмышы менен темир тордо сот процессин күтүп, бир нече ай СИЗОдо отурду. Акыры, Свердлов райондук соту Данияр Нураковду кылмыш кодексинин негизинде үй-мүлкүн конфискациялоо менен бирге 15 жылга эркинен ажыратып, жазаны күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөгө кириптер кылынсын деген чечим чыгарды. Ал эми, Д.Нураковдон жабыр тарткан М.Арыстанованын пайдасына 11500 сом, А.Мурсалиевага 1700 сом, Г.Нурбековага 14350 сом өндүрүлсүн деген чечим кошумчаланды. Айтмакчы, булардын кол телефондорун, буюмдарын Данияр маршруткадан уурдаган. "Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" дегендей, Д.Нураков уурдалган буюмдарды мен уурдаган эмесмин деп мойнуна албай, карганып да жиберген. Элдин буюмун уурдап көнгөн Д.Нураков темир тордо эми эмнени уурдайт болду экен? Назира КУЛМАТОВА Эркин күрөш Кожомкул балбанды кимдер билбейт. Кезинде минип жүргөн атын жонуна көтөрүп алып ашууну ашып өткөн. Уламага айланган Кожомкул балбандын жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча турнир эртең башталат. Спорт ордосунда өтчү мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын 20 жаштан жогору курактагы балбандар катышмакчы. Мындан сырткары, бул мелдешке Монголия, Түркия, Кытай жана Россиянын спортчулары чакырылган. Футбол Спорттун ушул түрү боюнча президенттин кубогуна мелдеш 27-мартта башталат. Мелдеш улуттук футбол борборунда өтөт. Ага 14 жаштагы спортчулар катышат. Президент кубогунун жеңүүчүсү балдарды коргоо күнүндө аныкталмакчы. Ордуна элчини жиберди 21-апрелде Москванын "Лужники" стадионунда өткөн футболдук таймашта "Манчестер Юнайтед" "Челси" командасын утуп алды. Кошумча берилген убакытта эки команда 1:1 эсебинде тең чыккан. Андан кийин пенальти тебүүдө "Манчестер Юнайтед" артыкчылыгын көрсөттү (6:5). Бир даанасы 8 миң доллар турган эки билетти УТРКнын башкы директору Мелис Эшимкановго УЕФАнын штаб-квартирасынан белек кылышкан. Шартка байланыштуу, Мелис мырза чемпионатка катыша алган жок. Анын ордуна Кыргызстандын Россиядагы толук ыйгарымдуу элчиси Райымкул Аттокуров футболдук таймашты "Лужникиден" көрүү бактысына ээ болду. Айтмакчы, Москвада өткөн финалдык беттешти УТРК биринчи ирет түз алып көрсөттү. Бирок, бардык эле кыргызстандыктар футбол оюнун көрө алышкан жок. Буга өлкөбүздүн айрым райондорунда түнкү саат 12ден таңкы алтыга чейин жарыкты өчүрүү "салты" себеп болгон. Спартакиада Мектеп окуучулар арасында республикалык спартакиада 26-майда башталат. Спартакиаданын салтанаттуу ачылыш аземи 27-майда балдардын республикалык "Сейтек" борборунда өтөт. Турнирде спорттун 13 түрү боюнча республикабыздын бардык облустарынан келген окуучулар ат салышмакчы. Мелдештин графиги: 26-30-май - баскетболчу кыздар командасынын беттеши (Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте өтөт). Спорттун ушул түрү боюнча өспүрүмдөр Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында (КГАФКиС) күч сынашат. 26-30-май - волейбол: өспүрүмдөр арасында таймаш (?62 мектеп); кыздар арасында (КМТУ). 26-30-май - футбол турнири, бокс (КГАФКиС). 26-30-май - стол тенниси (КРнын стол теннисинин борбору, ?65 экология-экономика лицейи). 26-27-май - грек-рим күрөшү, эркин күрөш (КГАФКиС). 28-29-май - жеңил атлетика ( "Спартак" стадионунда). 28-29-май - күрөш, самбо (КГАФКиС). Виталий Кличко: "Тайсонго таасирленгем" WBC версиясынын оор салмактагы ардактуу чемпиону Виталий Кличко Сэмюль Питер менен ринг үстүндө беттешүүгө даяр. Мындай маалыматты ал Канаданын "The Edmonton Journal" басылмасына телефон аркылуу берген маегинде билдирген. Эске салсак, Питер-Кличко беттеши октябрь айында өтүшү мүмкүн. Бул Виталий мырзанын алдыга койгон биринчи максаты болсо, экинчиси, 25-майда Киев шаарынын мэрлигине ат салышуу. "Мен өзүмдүн титулумду кайтарып алууну көздөйм,- деген маек учурунда Кличко. - Киев мэрлигине ат салышканым рингге кайтып келишиме тоскоол боло албайт". Ушул мелдештен кийин украиналык мушкер спорттон кетүүнү пландаштырууда. Бирок, бокс менен мамилесин үзбөй, иниси Владимирдин дүйнө чемпиону болуусуна көмөк көрсөтүп, промоутердик кызматты аркаламакчы. Учурда биртууган Кличколордун "K2 Promotions" промоутердик компаниясы бар. Маек учурунда дүйнө чемпиону болуу максатын Майк Тайсондун беттешүүсүн теледен көргөндөн кийин койгонун жашырган жок: "Мен келечекте дүйнө чемпиону боло турганымды досторума айтканымда, алар жылмаюу менен кабыл алышкан. Албетте, мен бала чагымда койгон максатыма жеттим. Жашоомдогу мындан аркы кадамдарым саясатка байланыштуу болот" деп сөзүн жыйынтаган "The Edmonton Journal" басылмасына берген интервьюсунда. Виталий бала чагында таасирленген темир мушкер Тайсон менен ринг үстүндө беттешкен эмес. Бирок, Майкты профессионал мушкер катары эсептери маалым. Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|