![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №38, 23.05.08-ж. |
Меймансап Форум Майкечен маек Бактыбек МАМЫТОВ: "Келинчегиме жооштугум жакпайт" УТРКда 35 жылдан бери иштеп келаткан, кыргызга аттын кашкасындай таанымал диктор Бактыбек Мамытов менен маек курууга барганыбызда, 25-май акыркы коңгуроого "Арноо концертин" даярдап атышкан экен. Мектептин бүтүрүүчүлөрү, кайрадан кездешүүлөр жөнүндө сөз болуп аткандыктан, маекти мектептеги курагынан баштадык. - Мектепти аяктаганыңызга канча болду? - Мектепти 1967-жылы аяктагам. Ал кезде азыркыдай 10 жылдык, 20 жылдык деген мектептеги кездешүүлөр жок болчу. Азыр эсептесем, мектепти бүткөнүмө 41 жыл болуп калыптыр. Мындан 11 жыл мурун, мектепти бүткөнүбүздүн 30 жылдыгын белгилегенбиз. - Учурда классташтарыңыз менен жолугушуп турасызбы? - Классташтарымдын баары менен жолугуша албасам да, кээ бири менен кезигип турам. Мектепти аяктагандан бери бир да жолу көрүшелек классташтарым бар. Кээде аларды мен тааныбай калып, таарынган учурлар болуп калат. - Жаңы долбоор ачып, көрсөтүүнүн башка формасын алып чыксамбы деп ойлобойсузбу? - Азыркы жаштар өз деңгээлине, табитине жараша көрсөтүү даярдап, эфирге чыгарып атышат. Кааласам жаңы долбоор түзүп, көрсөтүү ачсам болот. Ага эчким деле каршы болбойт го деп ойлойм. Бирок, биздин иштеген ишибизден убакыт артпайт. - Сизди дайыма жөө көрөбүз. Эмне үчүн машине айдабайсыз? - Туура, өмүр бою жөө жүрүп келатам. Чындыгында техникага кичинекей кезимен эле шыгым жок. Машине айдаганды билбейм. Бирок, балдарым айдап жүрөт. Ушуга чейин "айдаганды эми үйрөнбөсөм" деп коюп келатам, пенсияга чыкканда эле биротоло үйрөнөм го… (Күлдү). - Кыз узатып, келин алып, неберелүү болдуңузбу? - Кудайдын кулагы сүйүнсүн, үч келиним, беш неберем бар. Дагы да болот го деген үмүттөбүз. Неберелеримдин алды 15ке чыгып калды. Аягы азыр үйдө, беш айлык. Неберелерибиз менен турмуштун ыракатын көрүп жашап атабыз. - Чыгармачыл адамдардын жандүйнөсү башкача болуп, сезимтал келишет эмеспи. Эгерде жашыруун болбосо канча жолу үйлөндүңүз эле? - Жашыруун үйлөнгөндөрдү айтайынбы? (Күлдү). Мен бир эле жолу үйлөнгөм, ошол жубайым менен эле жашап келатам. Бир кыз, төрт уулга ата-энебиз. - КТРде сиздин фамилияңызга окшош Лунара Мамытова деген кыз иштеп жүрөт, сиздин кызыңыз эмеспи? - Бизде Мамытов деген фамилия, орустардын Иванов деген фамилиясындай жылдан-жылга көбөйүп баратат окшойт. Лунара Мамытова Оштогу Токтобек Мамытов деген диктордун кызы. Мирлан Мамытов деген "Ала-Тоо" көрсөтүүсүндө иштеп жүргөн жигитти да кээ бири "сенин уулуңбу, окшош экенсиңер" деп айтып калышат. Ал дагы Рысбек Мамытов деген журналисттин баласы. Бул жакта дагы башка Мамытовдор бар. Бирок, алардын мага эч кандай тиешеси жок. - Сүйлөө жөндөмдүүлүгү мыкты, көрүнүктүү адамдардын көпчүлүгү азыр той-аштарга тамада болуп кетишти го. Сизде да ушундай өнөр барбы? - Тамаша иретинде айтылып жүрбөйбү, "депутаттар менен эле тамадалар жакшы жашашат" деп. Анынсыңарындай ал жакшы кесип экен, колдон келсе аралашканда болмок, бирок, денсоолукка байланыштуу ал жагына киришкен жокмун. - Эгерде сизди киного тартылууга чакырса, барат белеңиз? - Киного тартылсам жакшы болот эле деп ойлонуп калам. Бирок, эчким чакырган жок. - Чарчаган убакта кантип эс аласыз? - Шартка жараша ар кандай эс алам. Негизи табиятка чыгып, суу жээктеринде эс алганды жакшы көрөм. Ошондой жерлерде ойлонуп, үйбүлөң менен бир күн кечке эс алып, кыялданып жүргөн жагат. - Ойлоном демекчи, эмне жөнүндө көп ойлоносуз? - Өткөн-кеткендерди, балалык кезди, ата-энеңди, өзүңдүн балдарың жөнүндө ойлоносуң. Баардык адамдар сыяктуу эле ар кандай кыялга батасың. - Өзүңүзгө-өзүңүз мүнөздөмө бериңизчи? Кайсы мүнөзүңүз жакпайт, кайсынысы жагат? - Мендеги мүнөздүн баарын тең жакшыдай эле сезем. Жаманы деле жакшыдай сезилет. Кээде ушу менде жаман мүнөз деле жок болуш керек деп ойлоп кетем. (Бактыбек ага тамашалай күлүп сүйлөдү - Н.К.) Адам болгондон кийин ар кандай мүнөздөр болот да. Мен кичине жоошуракмын го, келинчегиме ошонум анча-мынча жакпайт. - Жоош адамдын ачуусу жаман болот дечү эле… - Ачуум келгенде өзүмдү-өзүм башкаралбай калган учурлар болот. Бирок, өзүмдү токтотконго аракет кылам. Бир жакшы жери, көпкө буркан-шаркан түшө бербейм. Аккөңүлдүгүм да, көгөргөн жагым да бар. - Эгерде өмүргө кайра жарала турган болсоңуз жашоону эмнеден баштайт элеңиз? - Жашоого кайра жаралсам, адам болгондон кийин билип-билбей кетирген кемчиликтеримди кайталабаганга аракет кылмакмын. Бул кесипти ушул жашоомдо иштебедимби, башка кызматта иштеп көрмөкмүн… Назгүл КАЛМАМБЕТОВА Сандан санга: сериал Назгүл Калмамбетова Бейтаалай Алмаздын аялы менен иши жок болуп, ага көңүл бөлбөй калганы Замирага Рашид менен жолугушууга ыңгайлуу шарт түзүп берди. Замира да каалаганын жасап калды. Үйдөгү оокат менен иши жок. Күнүгө Рашидге жолугуу үчүн бир маал кетип, кечке жуук келет. Ал эми Алмаздын эси-дарты Алтынайда болгондуктан, ага кантип жакындаштын амалын издеп, иштен эрте келип, сырдашып, өзүнүн жеке көйгөйлөрүн айтып, кээде кеңеш сурап, ишеничтүү адамдай түр көрсөтөт. Алтынай да Алмаздын өзгөчө мамилесинен улам, ага деген сезими күндөн-күнгө күч ала баштады. Ошентип, убакыт билинбей өтө берди. Бир күнү эртең менен Замиранын жүрөгү айланып, өзүн жаман сезип калыптыр. Эмнегедир шалдырап, уйкусу канбайт. Эчнерсеге көңүлү чаппай, сыртка чыкпай үйүндө жатты. Суукка урунуп алгам го деген ойго кетти. Ашканага кирсе тамактын жытына окшуп, жүрөгү айланып кетти. Казан-аякты калдыратып, тамак жасап жүргөн Алтынайга: - Тамактын жытынан жүрөгүм айланып, кускум келип атат. Мындай болчу эмес эле, - деди Замира. Мындайды башынан өткөрүп калган Алтынай Замираны шектүү карап алды. Боюнда бар го дейин десе, Алмаз менен Замиранын эрди-катынча көптөн бери чогуу жателектигин байкап жүргөн. - Доктурга көрүнбөйсүзбү, - деди Алтынай. - Бир-эки күн күтөм. Мүмкүн жакшы болуп калармын, - деп уктоочу бөлмөгө кирип, керебетине сунала жатып калды. Рашидге телефон чалып бүгүн жолугуша албастыгын айтты. Арадан эки-үч күн өткөндө Замиранын кусканы басылмак түгүл, тескерисинче, күчөп кетти. Ашказаным ооруп атат деген кыязда бейтапканага текшерилгени барды. Замираны текшерип көргөн доктур: - Боюңузда жокпу? - деп сурады. - Жок! Мен төрөй албайм да… - деп чочуду Замира. - Эмнеге төрөй албайсыз? - Доктурлар ошентип айтышкан. Анткени биринчи баламды боюман алдырып салгам. Буга чейин көп жолу доктурга көрүнүп, барбаган жерим калган эмес. - Эмнеси болсо да УЗИге текшерилип көрүңүзчү, - деп доктур Замиранын колуна жолдомо берди. Кантип эле боюмда болуп калсын деп доктурдун сөзүнө ишенбеген Замира УЗИге текшерилди. Доктур айткандай эле анын эки жарым айлык боюнда бар болуп чыкты. Боюнда бар экенин укканда Замира сүйүнөрүн же кайгырарын билбей, бир башкача абалда болду. Акыркы эки-үч айдан ашык убакыттан бери Алмаз менен эрди-катынча бир төшөктө жатмак түгүл, бири-бирине жылуу сөз да сүйлөбөй калышкан. Курсактагы баласы ойношу Рашидден экенин билди. Мүмкүн УЗИ туура эмес көргөзүп койдубу деп, доктурга: - Силер жаңылып аткан жоксуңарбы? - деди. - Аппарат кантип калп айтсын, мына, ишенбесеңиз караңыз. Бул кичинекей тоголок баланын түйүлдүгү, - деп Замираны текшерип аткан врач ага монитордон курсагындагы түйүлдүктү көрсөттү. - Жолдошуңузга айтып, кош бойлуу экениңизди сүйүнчүлөңүз, - деп куттуктап да жиберди. Боюнда бар экенине Замира эми гана ишенди. Алмазга боюмда бар десем, ал баарыбир мага ишенбейт деп ойлоду. Кантсе да курсактагы баланын атасы эмеспи, Рашидге айтып көрөйүн деп ага телефон чалып, жолугушууга чакырды. Замирадан бөлөк кыздар да артынан көп чуркагандыктан, Рашид өз баасын жакшы билчү. Далай кыздарды колкап алмаштыргандай алмаштырып жүрдү. Ал эми Замиранын акчасы гана Рашидди кармачу. Каалаган учурда Замира менен көңүл ачып, кымбат ресторанга, мейманканаларга барат, акча да алып турат. Ошондуктан, аны таштап кеталчу эмес. Антпесе, Замирадан да жаш, андан да сулуу, акылдуу кыздарды бир-эки жолу пайдаланып кете берет. Замира менен Рашид болжошкон убакта жолугушушту. Экөө ал-жайды сурашкандан кийин эле: - Мен сага сюрприз айтайын деп келдим, - деди Замира. - Эмне болгон сюрприз? - Кичинекей баланы жакшы көрөсүңбү? - Ооба, жакшы көрөм. А эмне болду? - Анда мен сага бала төрөп берем, - деди Замира жылмая Рашидди карап. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|