Коомдук-саясый гезит
№38, 23.05.08-ж.

Меймансап
Форум





Үч гүбүрнатырдын башын кара булут каптаганда
Экономикалык кризистен чочулаганыбы же бул үлкөн аткаминерлеринин мажирөөлүгүнөн тажадыбы, айтор, мамлекет башчысы Чүй облусундагы К.Сыйдановду, Жалалабаттагы К.Масировду, Оштогу А.Карашевди ээрден шыпырууга ниеттенгенин айтышууда.

Президенттик кумары ойгонгон Мадумаров
Оңолбоду бул бала. "Булбул, дулдул" деп Акаев доорунда эркелетсе эдиреңдеп, "бир сааттын ичинде жолду бууп салам!" деп (айтмакчы, анда А.Бекназаровду колдоп ошентсе, эми бүгүн Каркыраны берүүгө Акүй алдында тизелеп кошоматтанып атпайбы) айкырык салган Адахандын жоруктары жолдо калсын. Гезиттин келерки номурунда бу шпикер азаматтын толук бейнесин окуйсуздар. А азыркысын өзүңөр көрүп турасыңар. Адегенде М.Садыркуловго асылды, андан кийин Э.Ибраимовага, К.Конгантиевге... аягында чыдабай К.Бакиевдин өзүнө азуу көрсөтүп, "мага бирди убадалап, буларга башкача сүйлөп" деп, айтор, ансыз деле ичинде президенттик амбиция кумары быкшып жаткан Кимсанбай уулу кечээ чүмбөтүн биротоло сыйрып алды.

Өкмөттүн "кара тизмесинде" кимдер?
Премьер-министр И.Чудинов сапарлаган Польша, Латвия, Беларусту айланып келген соң, өкмөт курамында айрым өзгөрүүлөр болорун билермандар саймедирешүүдө. "Кара тизмеге" түшкөндөр: И.Айдаралиев, Н.Досбол, И.Исаков, Н.Сулайманов, М.Суталинов, Т.Курманбеков (салыкчы), Н.Акматов (бажычы), Б.Асанов, Н.Аскаров...

12-июнда камалаар Жээнбеков, Сариевдин изиндеги сары чөп жана Жекшенкуловдун "дешевый" актанмайлары
АКШдагы окуусунан 12-июнда кайтып учуп келери менен Равшан Жээнбековдун колуна "Манас" аэропортунан эле кишен салынып камаларын уктук. Башка бир оппозициячы, "Акшумкар" лидери Т.Сариевдин миллиондогон долларлык бизнеси күч органдары тарабынан үтүр-чекитине дейре такталып, криминал изилденип жатканын уктук. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" демекчи, жаш чагындагы тирукмуш окуялары ачыкка чыга баштаган А.Жекшенкулов "дешевый" ыкмалар менен актанып, калп эле оппозиция терисин жамынымыш эткени менен, тымызын Акүйгө жалдырап, Австриядагы элчиликти сурап атканын уктук. Уккан кулакта жазык жок, каңырыш болсо каармандарыбыз өздөрү үн катаар.

Жаныш Бакиевдин куйругу жана эмнеге бошогонун билбеген Ногойбаев

Милициянын экс-ачендиги Б.Ногойбаев кечээ гезиттерге "балп" эттирди. "Ж.Бакиевдин куйругун баскан эмесмин, эмнеге министрден бошоткондорун түшүндүрүп да коюшкан жок. А алиги кесилген кулак-сөөмөйдү профессионал балдар таап чыгышты" деп. Бул ат жалындагы маегинен Болот мырзанын ажого чоң ичкүптүлүгүн, а эң башкысы - баягы бомждун өлүк денесинен кесилген бадерке кулак-сөөктүн табышмагын билери кашкайып турбайбы!

Үч достун үч жүз граммы

Саясат, тагдыр, достук аттуу түшүнүктөр оомалуу-төкмөлүү дүйнөнүн не деген гана сыноо шамалына туш болбойт дейсиң! Киндиктери туташкандай үч дос бар: Мадумаров, Үсөнов, Ниязов аттуу. 2005тин мартынан кийин үчөө Акүйдүн 7-кабатында өкүртө эле жыргашты. Бүгүнчү? Адахан - парламент казанында куурулуп, Бакиевдин да, элдин да аллергиясын карматкан учуру. Данияр Бишкектин башоорутмалары менен убара. Мирослав - оппозиция чордонунда акыл үйрөтүп, коомдук парламенттин анабашылыгына умтулуп жүргөнү. Чыныгы достор бири-бирин кыя алмак беле, жакында жашыруун жерден жолугушуп, тост айтышты, арман төгүштү, тымызын "барбарос" пландарын түзүштү.

Максим Бакиев менен гезит ташыган, Н.Досболго жинденген журналист Тайчабаров неге УТРКдан кетти?

Убагында "Энетил", "Жаңы ордо", "Жаңы кылым", "Бишкек таймс" гезиттерин башкарган белдүү калемгер Марип Тайчабаров соңку мезгилде улуттук радионун "Кыргызстан" саясый-маалыматтык бирикмесин башкарып жүргөн. Негедир жетекчилигине нааразылык билдирип, жакында кызматтан кетиптир. Чоо-жайын бизге баяндап берди. Келерки жумада жарыялайбыз.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan