Коомдук-саясый гезит
№38, 23.05.08-ж.

Меймансап
Форум




 Пейджер


Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 3030 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз.

20-майда "Пейджер" менен сүйлөшкөндөр:
П-413. Депутаттар Кубанычбек Исабековдун, Автандил Арабаевдин, Бегалы Наргозуевдин иштерине ийгилик каалайм. Каныбек.
П-414. Молдомуса Конгантиев балам! Сизди башка министрлерге салыштырмалуу калыс деп угам. Түптөгү болгон окуяда милийсалар тиги аялдарды тыйбастан, жардам бергендей болду. Оппозиционерлер эмне киши эмеспи же алар чет мамлекеттен келишти беле? Сиз ошол кызматкерлериңизге чара көрөсүзбү же жогоркулардан коркосузбу? Ажар апа.
П-415. Орустар айтат эмеспи, "святое место пусто не бывает" деп. Ошол сыяктуу өткөн мезгилдеги Б.Жанузаков, О.Ибраимовдун орду бош калбаптыр. Алардан калышпаган, калп-чынын аралаштыра апырта сүйлөп, телевизордон кетпеген М.Кайыпов, А.Жапаров дегендер бар. Кулактын кужурун жеп, элди тажатканга кезекте кимиңер турасыңар? Ырысбек.
П-416. Бул жылдарың калып кетер унутта, / Бирок калкым, бул жылдарды унутпа. / Маңкурттарың жер-сууңду саткан деп, / Ушул жылдар тарых болор улутка. Сейдана Бейшебекова.
П-417. Алы жетпеген акыретчил дейт эмеспи. Жер-суунун колдон чыгып кеткенине ызам дагы деле тарабай жүрөт. Казактар жер-сууну алып жыргай берсин, биз казактын ырларын которуп ырдап, жыргай берели. Сейдана Бейшебекова.
П-418. Негизи, кыргызга нак кыргыздан бөлөк, аралашма кандууларың кылча күйбөйт окшойт. Тили да, дили да окшошпойт. Муну акыркы 17 жылда даана көрдүк. Кеңпейил шордуумду кимдер гана башкарган жок. Ал эле, бул эле деп ортодо канчасы алдап кетти. Кыргыздын түбүнө Шайлообек айткан кайдыгерлик жетип, жеп, кайра тургус кылып атат. Темиркан Турсунбеков.
П-419. Мекендештер, сатылып аткан кытай оюнчуктарын алып атканда жыттап туруп, уусу жогунан алыңыздар. Себеби, келечекте айыкпас дартка кабыласыздар. www.24kg. 14.05.08. Караш Насер.
П-420. Тердегенде дарт чыгат, нымдуу жерге чөп чыгат. Караш Насер.
П-421. Келдибекова Жаңыл Чыныбековна, күбө болуп берген курдашы Маткадырова К.А., 9-май күнү алган буюмдун карызын алып келгиле. Ишеним кат жазганда, эртең эле алып келем дегенсиңер. Эгер бир жуманын ичинде алып келбесеңер, ИИМдин коррупция бөлүмүнө, МАИге айдаган машиненин номурун S 9253 G тапшырам деп силерди сыйлаган врач.
П-422. Сайраш мама, туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Узак өмүр, бекем денсоолук каалайбыз. Балпайган байбиче болуп, биздин чайыбызды ичип, төрүбүздөн кетпеңиз. Мойнуңуздан бек кучактап, бетиңизден өбөбүз. Каухар, Медербек, Марлин.
П-423. Жезде, 22-май туулган күнүңүз кут болсун, өмүрүңүз узун болсун. Саламым менен мойну койкойгон балдызыңыз Чынара.
П-424. Эй, журттар, мекенине ичи кара, / Алдыртан байып жаткан мүлкүң кана. / Жыйсаңар да тоодой алтын, / Өлгөндө аларың бир кепин гана. Эркин Жаныбеков.
П-425. Урматтуу Ысыккөл коомдук кеңешинин мүчөлөрү! Силерге катардагы милийса столбага тийишкендей тийишейин. Айрыкча койчудан баштап райкомдун I катчысы, анан министрге чейин көтөрүлгөн Абдрахманов Садырбек жезде баштаган Көлдүн тыңчыкмалары, "үү" деген үнүңөр чыкпай калды го. Атаңдын көрү кем дүйнө, бир татым тузу кем дүйнө. Эртерээк кетип калган Жангазиев Ишенбай абам тирүү болгондо, мамлекеттик деңгээлдеги чоң үлкөн жаңылыктарды кийирмек. Р.К.Дада.
П-426. Түптөгү жумуртка менен койгулагандар - Караколдогу жумушсуз адамдар экен. Аларга миң сомдон карматып, арак берип алпарышкан тура. Жанагы ажылдаган аялдар ушундан ажылдап, элди тытмалап ийишиптир. Гүлүкан.
П-427. Светтин да сатылары тууралуу кеп жүрүүдө. Андан да Түндүктөн баштайт экен. А эмнеге Түштүктөн сатпайт? Теңдебейби. Алган пенсиябыз 700-800 сом болсо, көргөн күнүбүз эмне болот? Пенсияны көбөйттүк эле дейт, кошкону 10-15 сом. Бул эмне деген жакшылык! Бакиев президент болордо ант берген, антынан жаңылды. Ушундай кордук көрсөткүчө, Кудай карылардын баарын шыпырып алып кетсин. Мындай тиришумдукту Акаевдин учурунда да көргөн эмеспиз. Калыстык деген жоголду. Гүлүкан апа.
П-428. Тик туруп төбө чачың, дүркүрөйт денең, / Өз-жатка желген казна, аймактар, кендер... / Байлыгы чалкып жаткан кыргызды деген, / Башкарат беле жалаң акылы кемдер. Эркин Жаныбеков.
П-429. Жакын курбуларым Эркекыз, Аида, Ажар, Айгуля, Чыпалак кыз жана Элизага чоң салам. Жолуңар шыдыр болуп, каалаган окуу жайыңарга тапшырышыңарды каалайм. Адинай.
Жеңүүчүбүз - кыргызга күйгөн Темиркан Турсунбеков (П-418), редакция менен байланышыңыз.
Даярдаган
Канышай БЕШБАЕВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan