Коомдук-саясый гезит
№38, 23.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Сейил-маек

Бул жолу "Инсан" тобун: Тынай АЛЫБАЕВ жана Эркин МЭЭРКАНОВду чакырдык.
"Инсан":
"Кудай бизге жүзүн жашыргандай…"
- Кыргыз сахнасы сиздерге тардык кылдыбы же казак шоусуна сүңгүгөнүңөрдүн башка себеби барбы?
Эркин: - Масштабды ирилетип көрөлү, алар кандай кабылдайт дедик. Принцибинде, биз коңшу мамлекет ыр дүйнөсүндө да максатыбызга жеталдык. Ал эми материалдык жагы өзүнөн-өзү кете берет.
- Казак сахнасы акыркы чекпи же андан ары да кайдадыр багыт аласыңарбы?
Тынай: - Сыртка чыгып-келип турабыз. Негизи башка өлкөдө эстрада менен таңгалдырууга болбойт. Фольклор болсо бир жөн. Эстрада менен кыйратам, талкалайм деген болбогон сөз.
Эркин: - Россияда "Город 312" жүрөт деп мисалга алганыбыз менен - алар орустар.
- Казактар сиздерди өз кишилериндей кабылдадыбы же өгөйлөп турушчу беле?
Эркин: - Биздики коммерциялык эмес музыка болгондуктан, ырчылары да, музыканттары деле жакшы баалашчу. Кыргызстандан келген мейман катары иштеп кайттык. Тойлорго эмес, биз элиталык иш-чараларга көп чакырылчубуз.
- Эки өлкөнүн сахнасын салыштырып, кандай тыянак чыгарасыздар? Эмне алдыңар, эмне үйрөндүңөр?
Тынай: - Айырмасы - техникалык жагы гана. Антпесе, эл бардык жерде бирдей. Биздин элден айланып эле кетсе болот.
Эркин: - Үйрөнгөнүбүз сөзсүз чыгармачылыгыбызга чагылат. Азыр ойлонуп, иштеп атабыз. Эл менен бирге күбө болосуңар. Кыргыз эстрадасына эмне саамалык киргизсек деп баш катырып турган чагыбыз.
Эркин: - Кийинки муун бизди билбей деле калды да. Көпчүлүк коммерциялык багыттагы музыкага тартылышат эмеспи.
Тынай: - Биз башынан эле сапаттуу музыка деп келгенбиз, ошол багытта кетебиз. Анткени, элге сапат менен сапатсыз ырдын бирин тандоо мүмкүнчүлүгүн түзөбүз. Бирок, эл жеңил-желпи музыкага жакын болот экен, ал эми сапат деген аракеттер четте калып кала берет тура. Жаш ырчылар ошол багытта эле кетип баратышат.
- Өнөрпоздор көңүл ачуудан бөлөк элдин табитин тарбиялоо милдети бар эмеспи…
Эркин: - Адегенде ырчы өзү "мырк" болбосун, ырчынын деңгээли анын аткарган ырынан эле байкалат. Айрым акылдуулар репертуарын публикаларына жараша бөлүп коет. Азыркылардан ырды, стилди түшүнгөндөр жок эмес, бар, мисалы, Мирбек, РалЛия, Жийдеш. Булар алдыңкы бир катары дейли. Ошол эле учурда ырдан таптакыр түшүнүгү жоктор да көп болуп атпайбы. Музыкант болуш үчүн мен 16 жыл окугам, азыркылардын билимдери да жок.
Тынай: - Муну менен биз жаштарды жамандайлы дегибиз жок. Улам бир муун өсүп турсун. Болгону патриот болуп, сапаттуу иште. Өз үстүңдө иште. Кумир болуш өз аракетиңден.
- "Инсан" тобу кыргыз сахнасына кайрадан билек түрүнө киришеби?
Тынай: - Унутулуп баратыппыз чындыгында. Мектеп жашындагы балдар бизди таптакыр эле билбей калышты.
- Кыргыз сахнасын сагынган жоксуңарбы?
Тынай: - Жеке концерттерге чакырып калышат. Бирок, өз ыр кечеңди өткөрбөгөн соң, кайсы эл ага күйөрман, угарман экендигин аныктай албайсың. Унутпаган элге ырахмат!
Эркин: - Арбир топтун, ырчынын өз жылдыз сааты болот. Ал чыкылдап турган маал болот.
- Ошол жылдыз саатты кайрууга сиздерде күч-кубат жетиштүүбү?
Тынай: - Албетте, ал болбосо, жашап не кереги бар. Эл үчүн биз эргип, ыр жаратып турабыз.
Эркин: - Спортчулар деле көп ирет чемпион болот эмепи. Ошол сыңарындай, азыркы баш багуубуз - бул үчүнчү жолку "чемпиондугубуз". Сахнадан узап-кайткан күндө деле чыныгы талант дайым эл тарабынан жакшы кабылдана берет.
- Мисалы, Эркин, сиз сыртта иштеп жүрсөңүз да Гүлнур Сатылганова менен иштешип, ыр жазып келаттыңыз. Эмнеге "Инсан" тобунун атынан ыр жазып, клип тартып элге тартуулап турбадыңар?
Эркин: - Эки жакка жүгүрүп, чарпыла бергенде не. Мисалы, түрктөр деле кайда барбасын, өз салтын жайылтат го. Ошол сымал биз деле кыргыздын тилин, үнүн жаңыртып, сапаттуу музыкабыз бар экендигин казактарга билдирдик.
- Жылдыз сааты чыкылдап турган кезде силер өзүңөргө аябай бекем ишенип алсаңар керек, кайра келсек деле баягыдай кабыл алышат деп, а өзүңөр сиздерден таптакыр кабары жок муун өсүп келатканын моюнга алып атасыңар.
Тынай: - Кудай денсоолук берсе, бул бат эле толукталат. Балким, жалкоолук кылдык. Жакында бардык күчүбүздү жумшап иштейбиз. Өзүңөр күбө болосуңар. Студияны бир айга алабыз го. Мурда иштешип жүрчү музыканттардан калбай калыптыр. Жаш, таланттуулардын көбү ар кай өлкөгө иштеп кетишиптир. Ырчылар сансыз, а музыканттар жок. Гитара, барабанщик, басисттер жок. Музыкант болууга эч кимде каалоо жок, баары ырдагысы келет. А ырдаш үчүн музыканы түшүнө билип, музыкалык аспаптарды сезе, ойной билүү зарыл. Эгер ушул темпте бара берсек, 3-4 жылда бир дагы эстрадалык музыкант калбайт.
Эркин: - Талааларыбызды караңыз, чегиртке каптап атат. Электр тармагын айтпай эле коелу. Музыка эле эмес, бардык тараптан Кудай бизден жүзүн алакачкандай. Силерде деле кайда качсам, кайда барып жашынып турсам деген ой анда-санда пайда боло калат болсо керек.
Тынай: - Артисттерге не дешер. Биз ырдай алганыбыз эле болбосо, эл арасында эле жашайбыз, турмушту көрүп атабыз. Кудай жүзүн алакандары менен жаап, бирок, боору ооруп, сактап аткандай туюлат. Антпесе, бир силкип койсо эле бүтмөкпүз да.
Эркин: - Элдин пейили жакшы да. Мындай эл менен жер - дүйнө жүзүндө жок. Эл да, жер да кичине, бат эле бутубузга туруп кетсек болот. Болгону бир аз патриоттуулук талап кылынат.
Маек курган
Айнагүл САПАРБЕК кызы













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan