![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №38, 23.05.08-ж. |
Меймансап Форум Шанс толтура, шаа кана? Талгар Аденов, экономика профессору: "Куруп-түзмөйбү же кайрадан канталамайбы?" (Уландысы. Башы өткөн санда) 3. Электр уурулугун кантип токтотобуз? Эң оболу биз өтө энөө калкпыз. Ошондуктан азыр да бизди бийлеп аткан социалисттик түзүлүштүн саркындылары электр товар эмес, кызмат деген башайлантмасына эмдигиче жетеленип жүрөбүз. Кай заманда жашап, кайсы закон-заң негизинде иштеп атканды биле турган мезгил келди, мырзалар! Электр "ү-ү" деп үнү чыккандан бери эле товар. Өздүк наркы бизде 3 тыйын менен өндүрүлөт. Анан керектүү жерге жана керектөөчүлөргө жеткирүү деген негиздүү-негизсиз шылтоолор менен көбөйө берет. Тилекке каршы, биз али рынок мамилелери менен рынок механизмдери негизин дурустап өздөштүрө элекпиз. Рынок мамилеси деген - келишим мамилеси. Рынок механизми - товар - акча деген эсеп. Андан башка эчнерсе эмес. Келишим боюнча 1000 кг картөшкө же 1000 кВт/с электр энергиясын алдыңбы - акчасын санап бер! Тескерисинче бизде электр энергиясын пайдалануучулар менен үлөштүрүүчү компаниялар ортосунда изден тайбаган келишим түзүлбөй келет. Андыктан арким өз пайдасына гана тартат. РЭСтер негизги үлөштүрүүчү катары өз аймагында уурдалган кВт/сааттардын изин жашыруу үчүн жарыкты өчүрөт. Албетте жогоркулардын буйругу менен. А уурдагандар негизинен ишканалар менен мекемелер экендиги бештен белгилүү. Аларга РЭС өзү жардам берет. "Ууру бөрүгө жарнакташ" принциби дал ушул жерде иштеп атыр. "Мен - сага", "сен - мага" алыш-бериши республикадагы коррупциянын байлаган тамыры эмеспи. Чынгышевдин 10-15 жыл мурда айткан "Жалкоолор менен аңкоолор эле уурдабайт" деген сөзү даана көзүачыктык экендигин мынабул цифралар аныктайт. 1990-жылы электр энергиясынын 6,2%ы уурдалса, 1995-жылы 17,9% 2004-жылы 41%, 2007-жылы 42%. Албетте анын ичинде энергетика жабдыктарынын эскирип кеткенине байланыштуу жоготуулар (10%дын аржак-бержагы) бар. Бирок аны ушу тапта так аныктап чыгууга мүмкүн эмес. Не дегенде, үлөштүрүүчү компаниялар бардык жоготууларды жумгактап келип, негедир коммерциялык жоготуулар деп коет. Ал бардык энергетиканын 40-45%ын, атүгүл андан жогоркусун түзөт. Көрүнүп тургандай, акыркы 17 жылда электр уурулугу 7 эсеге өскөн. Мындай шартта кай ишкер болбосун бизнесин шак жапмак. Чыгарган продукциянын жарымын жоготкондон ашкан кордук кайда бар? Бул чарба башкаруудагы ашкан чаарбаштык, арам оокат менен байыгандарды бир жакка, аргасыз итке мингендерди бир жакка топтогон өлкө экономикасынын дисбалансы. Экономиканын мындай абалында мамлекет көпкө кармалышы мүмкүн эмес. Андыктан мамлекет сот-жаза ж.б. баштап көптөгөн иш-чараларды иштеп чыгуусу зарылдын зарылы. Баса, электр уурулугун азайтуунун биркатар иш-чаралары бар. Алар: а) Алыстан башкаруучу (адаптерлүү) аспап орнотуу "Электр тармагын тартипке салууга жардам берер араңарда бирдир-жарымыңар барбы?" деген Президенттин суроосуна жооп катары УИА автоматика институтунун демилгечи тобу алыстан башкаруучу аспап ойлоп чыгарган. Радиошоолалуу порту бар бул электрондук аспап тоскоолдук дегенди билбейт, жарым километр аралыкта байланыш кармайт. Бул керемет техника учурдагы компьютер менен маалыматты цифра аркылуу берүү технология негизинде жасалган. Пульт эстутуму жүздөгөн электр эсептегичтерди сактоого жөндөмдүү. Илимдер академиясынын ойлоп чыгаруучулары бул аспапты жасоодон оңой эчнерсе жок дешет. Алтургай аны чыгара турган ишкананын дайын-дарегинен өйдө көрсөтөт. Ал - мурдагы ЭВМ, азыркы "Жанар" АКсы. Цифралуу адептер ойлоп чыгарылганына көп жыл болуп баратат, бирок аны колдоп, көтөрмөлөп кеткендер электр уурдалып атат деп кургак көз жашы кылган мамлекет тарабынан да, энергетиктер тарабынан да байкалбайт. Кыргызстан президенти баш болуп жана башка көптөгөндөрү төш болуп, электр уурдатпоонун жалгыз жолу - концессияга берүү дейт. А.Бенлян "Электрде эңшерилбес маселе көп" аттуу макаласында биздин окумуштуулар ойлоп чыгарган аспап электр энергиясын уурдоону токтотмок, бирок ага мамлекет макулбу же макул эмеспи, белгисиз дейт. Мында акыйкат үлүшү арбын. Ал аспап энергетиктерди, мүмкүн, эргитпес, бирок электр уурдоону токтотууну кескин талап кылып аткан урматтуу Президент ал тармакка тиешеси бар бардык мамлекеттик чиновниктерди тезарада аны аткаруу ишине чегерсе болмок. Тилекке каршы антпеди. Тескерисинче электр эсептегичтери зымкарагайлардын башына, үйдүн чатырына тагуу, көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүнө орнотууга чейин барышты. Бирок электр уурдоо түгөнөт десе, түтөп баратканы белгилүү. Дагы баса айтабыз, электр акысын төлөбөй аткандар жалпы эл эмес, ишканалар. Мисалы, Нарын облусунда электр энергиясына карыздардын 90%ы ишканалар, 10%ы жеке адамдар экендиги аныкталды. Ошондон кийин Кыргызстан ишканаларынын 60%ы жайгашкан Бишкек шаарын элестетип бак. Нарын облусунда кайсы жарыган ишканалар бардыгын да билесиз. б) Электр энергия баасы менен тарифин реформалоо Адегенде эле айтарыбыз, электр энергиясынын наркы кунуна татыбайт. 1 кВт/с электр 3 тыйынга өндүрүлөт. Сапаты боюнча алтын быякта калат, кубаттуулугунан андан ашкан эчнерсе жок, запасы жагынан каза берсе түгөнбөйт, кылымга жетет. Башка энергобайлыктарды казуу, ташуу, сактоо аябагандай кыйынчылыкка турат. Экология жаатынан да, адамдардын денсоолугуна да зыяндуу жагы бар. Ошого карабай 1 кВт/с электр энергиясына жеке адамдар 62 тыйын, ишкана, мекемелер 80 тыйын төлөйт. Салыштырып бак: 1 литр бензин 25-30 сом, 1 кг көмүр 3-4 сом. 10 кг газга 400-450 сом төлөйбүз. Желим идишке куюлган 1 литр артезиан суусу 15 сом ж.б. Менин оюмча, мындай калыс эмес баанын пайда болушу аны өндүрүү наркынын арзандыгына байланыштуу болсо керек. Нарктын мындай арзандыгы чийки зат же материалды экономдоодон же уюштуруучулук-техникалык жаңылоодон, же продукция иштетүүдө эмгек үнөмдөөдөн ж.б. эмес, чыгарган продукциянын - электр убакыт бирдигинин үзгүлтүксүздүгү жана эң чоң көлөмүнө байланыштуу. Айталы, автомобиль чыгарууда анын түпкү наркы темирге байланыштуу. Ал бардык наркынын 80%ын же андан көбүн түзсө, электроэнергия 3-5%дын тегерегин ээлейт. Же костюмду алалы. Түпкү наркынын 85%ы кездеме. Ага жумшалган электр энергиясынын наркы болор-болбос эле бирдеме. Муну менен эмне айткыбыз келет? Арзан электр энергиясын пайдаланып, абдан көп киреше тапкан казино, сауна, оюн-шоок борборлору, шоу-бизнес клубдары, соода комплекстери ж.б. үчүн электр тарифин эң жогору коюш керек. Калган пайдасы деле жетет. 20-25% рентабелдүү иштеген ишкана эчкачан өлбөйт. Мисалы, казино, сауна, оюн-зоок клубдары ж.б. кандай гана жол болбосун эптеп акча жасоонун гана амалын көздөйт. Карандай электр кубатынын күчү менен. Эл чарбасына эч үлүш кошпойт, калктын калың катмарына жетпейт, ишмердиги көзбоемочулук, шылуундук, криминалдык элементтер менен коштолгондуктан жашыруун. Мындай ишканалардын көпчүлүгү социалдык жактан коркунучтуу, мамлекеттик түзүлүштүн моралдык-этикалык жана нравалык позициясынан караганда пайдасынан зыяны көп. Ушуга окшогон ишканалар арзыбаган тыйын төлөп (80 т.), электр энергиясын эпсиз көп пайдаланып, эпсиз көп акча табат. Кыскартып айтканда, көздөгөн максатка ылайык электр энергиясына төмөнкүдөй тариф киргизүүнү сунуш кылар элем. (Таблицаны караңыз!) Көрүнүп тургандай, электр энергия тарифи кайсы бир деңгээлде көтөрүлөт, айрыкча электрди эң көп жана эң узак пайдалангандар көп төлөйт. Оюн-зоок бизнеси шоу программалары менен эң кымбат турат. Анткени бул интеллектуалдуу шоу-оюн электр фейерверги, неон ымдамалары, көп түстүү жарыктар менен коштолот. Электр жок - ал жерде жарык эле эмес, жайнаган киреше да жок. Ар кечте (түндө) корогон 100 кВт/ электр энергиясына бар болгону 80 сом гана төлөнөт, а тапкан киреше андан ондогон-жүздөгөн эсе көп. Кирешеси мол ишканаларга ири соода борборлорун, супермаркеттерди, товар айлантмасы чоң магазиндерди кошуу керек. Электр тарифтеринин көтөрүлүшү анчалык деле таасир тийгизбейт, бирок жарык акысы акталат. ТЭЦ аркылуу жылып, жаратылыш газын жаккан көп кабаттуу үйдө жакырыраак жашагандарга тариф төмөн коюлду, анткени ал эл электр энергиясын жарык үчүн, анан телевизорго эле пайдаланат. Тарифтин аз да болсо мындай төмөндөшү бир четинен жетишпей жашагандарга даректүү жардам. Баатырлар болсо өздөрү деле аз калды. Ал эми майыптарга, калктын жетишпеген катмарына жардам берүү мамлекеттин милдети. Алардын катарынын азайышы элибиздин турмуш шартынын жакшырышына байланыштуу болот. (Уландысы бар) Басууга даярдаган Алым ТОКТОМУШЕВ * тарифтин 62 тыйындан 10 жана 20 тыйынга түшүшү иш жүзүндө электр өндүрүүнүн өздүк наркынан 3-7 эсе жогору турат. Демек мындан мамлекет зыян тартпайт. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|