Баракалла!

Мадумаров майдан ачты: өзгө да, жатка да...
Парламенттин спикери Адахан Мадумаров 2008-жылдын 21-майында өткөргөн маалымат жыйынында президенттин администрация жетекчиси Медет Садыркуловдун интервьюсун талкууга алып, "Мага президенттин атынан насаат айтканга Садыркуловдун моралдык жактан укугу жок. Мурда мен президент менен сүйлөшкөнмүн, маселе чечилген. Бул адам (Садыркуловду айтып жатат) президенттин атына жамынып, өз максатына жетүүнү көздөөдө". Ал эми Медет Садыркулов "АКИпресс" маалымат агенттигине берген билдирүүсүндө спикер А.Мадумаров менен президент К.Бакиевдин жолугушуусунда бул маселе жөнүндө сөз болгонун, бирок президент спикердин мындай демилгесине ошондо эле каршы чыгып, бул акча каражаты мамлекеттик казнага оорчулук келтирерин, мамлекеттик бардык тармак бюджеттик каражатты пайдаланууда сарамжалдуулук менен мамиле кылуу керектигин, бул жагынан Жогорку Кеңеш башкаларга үлгү болуусун айткан. Мындан тышкары ЖК жыйындар залы бардык талапка жооп берет, азыркы парламенттин толук кандуу иштеши үчүн ЖК имаратында бардык шарттар бар, ремонт кылуунун зарылдыгы жоктугун билдирип, бул маселеге чекит коюлган. М.Садыркуловдун билдирүүсү ушундай.
Бул акыбалда кимге ишенериңди билбейсиң. Президент менен сүйлөшкөм, бул боюнча бардык маселе чечилген деп айткан Адахан Мадумаровдун сөзү туурабы же президенттин администрация жетекчиси Медет Садыркуловдун билдирүүсү туурабы? Же президент экөөнө эки түрдүү сүйлөп койдубу? Буга кошумча 21-майда ЖК вице-спикери Азиз Турсунбаев жаңгак уюлу боюнча даярдалган мыйзам долбоорун кайра чакыртып алды. Спикер Мадумаров буга карабай ремонт кылуу Садыркуловго жагабы, же жакпайбы сөзсүз жасайбыз, Кытай делегациясын квадрат залда кабыл алганда уялганын айтып, ЖКнын бардык эшиктери жаңгак уюлунан жасалып жаркырап турууга тийиш деди.
Биринчиден, Жогорку Кеңештин имараты 2005-жылы, андан мурда да, 2006-2007-жылдары да ремонт болуп жатканына ЖКга дайыма барган журналисттер күбөбүз. Ошол эле "Алга, Кыргызстан" келгенде Б.Акаеванын көрсөтмөсү менен кайнаган ремонт жүрдү го. Андан кийинки, же азыркы "Ак жол" келерден бир аз мурдачы. Эми Кыргызстандын акыбалына жараша ЖК имараты дагы кандай болушу мүмкүн. Жаңгак уюлу менен жаркыратып койсо эле мыйзамдар мыкты болуп кетпейт да. Бишкек шаарынын башка жактарын кайсы жыгач менен тособуз. Же четтен келчү делегаттар шаардын башка жактарын көрбөй түз эле ЖК чатырына конобу? Оболу аэропорттон келүүчү жолдун эки тарабын, борбордук көчөлөрдү жаркыратсак жакшы болмок. А Мадумаров түздүргөн сметалык долбоорго ылайык спикер олтуруучу столду жасалгалоого 436 800 сом (12 миң АКШ доллары), трибунадагы гербке 291 200 (8 миң доллар), чоң жыйындар залына 15 млн. 386 миң сом, борбордук фойеге 6 млн. 114 миң сом, овалдык зал менен квадрат залга 3 млн. 968 миң сом, спикердин кабинети менен кабылдамасына 3 млн. 594 миң. сом сарпталат. Долбоорлоо, дизайн, сметалык документтерди түзүүгө 1 млн 700 миң сом, терезе пардаларга 1 млн. 832 сом, ЖКнын бардык эшиктерин алмаштырууга 7 млн. 358 мин.сом, плинтуска 1 млн. 365 сом эсептелип, баары 40 млн. 677 миң сомду түзөт. Адахан мырзаны буга чейинки парламенттеги акча каражатын үнөмдөйм деген билдирүүлөрүн эске салып кеткенибиз оң.
Бул маселе Жогорку Кеңештин сессиясында кайра көтөрүлүп, спикер менен "Ак жол" фракциясынын лидери Элмира Ибраимованын ортосунда кайым айтышуулар болду. Анткени Элмира Ибраимова "Президент К.Бакиев ЖКнын имаратын ремонттоону эмки жылга калтыралы деп жатат, мен аны менен 45 мүнөт мурда сүйлөштүм, бул президенттин позициясы" деген билдирүүсүнө Мадумаров: "Мен Конституция өзгөргөнүн билбептирмин, парламент менен мамлекет башчысынын ортосундагы мамилени бир гана спикер менен президент аныктачу эле, эми фракциянын лидери да аралашат турбайбы" деп өзүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселени парламентке кое турган болду. Эскерте кетсек, К.Бакиевдин позициясын президенттин ЖКдагы өкүлү К.Конгантиев билдирүүгө тийиш эле. Буга чейин А.Мадумаров "Ак жол" фракциясынын лидери Элмира Ибраимованы: "Депутаттарды коркутканды токтотуңуз, "Мен сага акыркы жолу эскертип жатам", "Жазалаганга кепилдик берем" деген сөздөрүңүздү таштаңыз" деп, Элмира Ибраимова кечирим сураңыз деген өтүнүчүнө, "кааласаңыз аксакалдар сотуна, кааласаңыз Конституциялык сотко кайрылыңыз, бул сиздин ишиңиз" деп төрага кечирим сураган эмес.
Негизинен "Ак жол" фракциясынын ортосунан жаракка кеткени көрүнүп турат. Анткени маселени талкуулоодо чыгып сүйлөгөн депутаттардын жарымы төрагага сын айтса, жарымы аны жактап сүйлөдү. Буга чейин спикерге сынды бир гана СДПК менен коммунисттер айтчу.
Каржы министри Тажикан Калимбетова ЖК имаратына 2008-жылда 21,6 миллион сом, депутаттарга үй салуу үчүн 22 миллион, жол чыгашасына 10,8 миллион сом каралганын, мыйзам боюнча бир статьядан бир статьяга акча которууга төраганын укугу бар экенин билдирди. Ошондуктан Адахан Мадумаров: "Көрдүңөрбү, мен бюджетте каралган акчаны гана иштетем деп жатам, кошумча бир тыйын сураганым жок" деп өз пикирин ырастады.
Кандай болсо да, бул маселе унутта калчудай эмес. Себеби, Э.Ибраимова, О.Назаров, Г.Куликова, А.Шадиев сыяктуу депутаттардын тартынбай Адахан Кимсанбаевичке сын айтканы "Ак жол" фракциясында төрагага каршы бир нерсе болуп жаткандыктын жышаанына окшойт. Жыйындар залында биринин кулагына бири шыбыраган күбүр сөздөр өтө эле көп. А.Мадумаровду көпчүлүк "акжолчулар" аз убакта жактырбай калганы көрүнүп турат.
Келдибек НАЗИРОВ