![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №38, 23.05.08-ж. |
Меймансап Форум Рейтинг-борбор Салмагың сайдын ташындайбы, министр? "Сенин рейтингиң меникинен төмөн…" деген аптарыйкаттуу саясатчылардын талаш-тартышына таңгалып бовойт, эй! Бу саясый рейтинг деген даана балээ болду. Баңгизатың бул жактале калды. Буга чейин биздин гезит саясатчылардын беделин аныктаган сурамжылоосун жарыялап келген. Ошол салтты кайра улаганы турубуз. Бирок, бу саам жалаң министрлердин аброюн текшердик. Түрдүү тармакта эмгектенген он адамды сурамжылоого катыштырып, ар бир министрге 0дөн 10го чейин баа (упай) коюп берүүлөрүн өтүндүк. Кайсы бир министрди такыр тааныбайм десе (-) белгисин коюуга уруксат берилген. Мындан ары мындай сурамжылообузду улантып турмакчыбыз. Биртоп саясатчылар, депутаттар сурамжылообуздан сылык гана аткез беришти. Себеби, бүгүнкү министрлердин кандай иш кылып аткандарынан кабардар эмес экен. Айрымдары бир дагы министрди тааныбайбыз дешти. Таңгалдык. Чын эле эй, аттуу-баштуу адамдар министрлерди тааныбаса, карапайым адамдар жүргөн экенбиз да… Жыйынтык: Ошентип, министрлердин арасынан 64 упай менен Султан мырза алдыга озуп чыкты. Биринчи орунга Маданият министрлигинен 4 упайга артта калып Исмаил Исаков татыды. Үчүнчү орун Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге буйруптур. Урматтуу окурман, эмки айда "Агым" гезити эл өкүлдөрүнүн салмак ташын текшермекчи. Биз менен бирге болуңуз! Нурканбек КЕРИМБАЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|