![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №38, 23.05.08-ж. |
Меймансап Форум Алкымдан азап Кеңеш ДЕГЕНБАЕВ, "Дишан-Курулуш" өндүрүштүк ишканасынын башдиректору: "Кадырбековдун ставкасы 25 миң доллар" Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин экс-директору Ишенбай Кадырбековдун ээлик кылган жерлери боюнча гезитибиздин өткөн сандарында жазганбыз. Дегеле, Ишенбай мырза жөнүндө коомчулукта тескери пикирлер арбын. Кадырбеков архитектура тармагын жетектеп турганда ишкерлер да жабыркаган экен. Алардын бири - Кеңеш Дегенбаев "Агымга" маек берди. - Президент, өкмөт башчыбыз дайыма мамлекетибизге инвестиция тартуу таламын, анын негизинде өндүрүштү жандандыруу, товар өндүрүү, жумушчу иш орундарын түзүп, бюджетке кошумча акча каражаттарын түшүрүү максатын коюп келет. Бул талапты ишке ашыруу үчүн Кытайдан инвесторлорду чакырып, "Дишан-Курулуш" ЖЧК өндүрүштүк ишканасын түздүк. Бүгүнкү күндө аталган компания кирпич чыгарган завод ачып, алгачкы продукциясын берүү алдында турат. Кирпичтин дагы үч түрүн чыгаруу планыбыз бар. Бирок, ошол өндүрүштүк ишкананы ачуу - азаптын азабы болду. Талап боюнча бул ишти баштоо үчүн Өкмөттүн атайын токтому керек. Кыргыз республикасынын Мамкаттоо, Байтик айыл өкмөттүк, Аламүдүн райондук, Чүй облустук жетекчилердин токтомдорунун, өкмөт астындагы геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мыйзамдуу, негиздүү лизенцияларынын негизинде түзүлгөн долбоорубузду Акүйгө киргизгенбиз. Ишкананы ачыш үчүн уруксат берчү адамдардын тизмеси жазылган документ бар. Өкмөттүн регламенти боюнча, ал документке үч күндүн ичинде кол коюлушу керек болчу. Ондогон тиешелүү адамдар уруксат берип, жалгыз Кадырбеков кол койбой туруп алды. Документтерди көтөрүп алып бир жума дегенде Ишенбайдын кабинетине араң кирдик, кытайлык инвесторлор менен. Кытайлыктардан уялдыбы, айтор, карамагында бир бөлүмдү жетектеген Чынгыз Курманбеков аттуу жигитке материалдарды тапшырды. Он күндөн кийин Ч.Курманбеков телефон чалып, документтердин баары жайында экенин айткан. Кадырбековго кирип кол койдуруп алыңыз деди. Анын айтуусу менен И.Кадырбековго жөөлөшүп-түртүшүп атып кирсек, жакшы кабыл алган жок. Анда биз анын астына жогорудагы айтылган өкмөттүн атайын жобосун жана биздин коомго берилген жер участогун далилдеген Аламүдүн райондук архитектурасынын башкы архитектору Сүйүнбай Арабеков даярдап, кол коюп берген "Акт выбора земельного участка для строительства завода строительных материалов для ОсОО "Дишан-Курулуш" деген мыйзамдуу документтерди таштадык. Анүстүнө ал экөөбүздүн анча-мынча тууганчылык жайыбыз бар. Айла кеткенде жердеш экенибизди, тууганчылык жайыбызды айтсам, "баарын тең урдум, бул жерде мен кожоюн, эмне кылсам өзүм билем…" десе болобу! Анда мен "сен сыйың менен кол кой, мыйзам талаптарын аткарышың керек, чиновник катары өкмөттүн, президенттин сөзүн угушуң керек" дедим. Минтип айтканымды чымын чакканчалык көргөн жок. Оозго алгыс жаман сөздөр менен кабинетинен кубалап чыкты, кытай инвесторлорун кошуп. Ошентип, үч жарым ай өткөндөн кийин "жарабайт" деп кол коюп берди. Үч күн аралыгында нары же бери кыла турган ишти үч айга создуктурганы мыйзамга жатпай турган иш. - Кол койбой атканынын себебин түшүндүрүп айттыбы? - Ал арам оюнда, менден "бирдеме" өндүрүш керек болчу. Жанында иштеген адамдардын айтымында, Кадырбековдун ставкасы 20-25 миң доллар экен. Ошончо сумманы колуна карматсам, ишимди беш минутага жеткирбей бүткөрмөк окшойт. Эгерде акча бербесем ишкананын уставдык капиталынын 10-20% үлүшүн беришим керек эле. Ушундай жол менен Кадырбековдон "добро" алып, иштеп аткандар бар. - Кадырбеков уруксат бербей койгондон кийин кандай чара колдондуңар? - Такыр айла кеткенде президентке, премьер-министрдин наамына кайрылуу жаздык. Ага чейин президенттин алдында инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Замир Бекбоевге кирдим. Анын сөзүн Ишенбай уккан жок. Кадырбеков "жарабайт" деп кол койгондон кийин, документтер өкмөткө кеткен. Ал жерде үч ай жатты. Анын себеби, ушул эле Кадырбеков президент администрациясынын, өкмөттүн бардык бөлүмдөрүнө биз жөнүндө укмуштуудай, эчбир негизсиз, карөзгөй маалыматтарды таратыптыр. Материалдарыбыздын жайында экенин далилдегенче, октябрь айы кирип келди. Былтыркы кыш катуу болгону жалпыбызга маалым. Андыктан заводубузду ишке киргизе алган жокпуз. Кадырбековдун айынан бир жыл жумушубузду баштай албадык. Жыйынтыгында, миллиондогон сом зыян тарттык. Ошогезде бизге окшогон адамдар толтура болчу. Курулуш материалдарын чыгара турган фирмаларга жана үй, өндүрүштүк объектилерди куруучу фирмаларга лицензия бербей кыйнаган. Болбосо, курулуш материалдары тартыш болуп атпайбы. Мындай кырдаалда бизге бут тоскондун ордуна колдоо көрсөтүшү керек эле да. Эгерде, Кадырбеков өзү төшүн кагып, мен коммунистмин, элдикмин, эл үчүн жүрөмүн деп жарыялаганы чын болсо. Тескерисинче, жеке кызыкчылыгын гана ойлогон эки жүздүүлүгү, алдым-жуттумдугу ашынган амалкөйлүктөн чыгалбады. Нурканбек КЕРИМБАЕВ Көлбаев "таажы" кийди Буюртма киши өлтүрүү кайра башталабы? "24.kg" маалымат агенттиги укук коргоо органдары тарабынан өз булактарына келип түшкөн маалыматка таянуу менен криминалдык авторитет Камчы Көлбаевдин Кыргызстандын кылмыш дүйнөсүндө мыйзамдагы ууру болуп шайлангандыгын билдирди. Эскерте кетсек, буга чейин криминалдык бул даражанын ээси Азиз Батукаев болчу. Кылмыш дүйнөсүнө байланышкан таңгаларлык жаңылык Кыргызстандын укук коргоо органдарынан келди дейт "24.kg" маалымат агенттиги. Кылмыш чөйрөсүнө таанымал Камчы Көлбаев таажы кийгени дайын болду (коронация). Ал эми айрым басылмалардагы журналисттер 2006-жылы эле мындай азем болгонун "Прайм Крайм" аттуу россиялык сайтка таянып, Камчы Көлбаевди мыйзамдагы ууру деп аташкан. Муну ИИМ да, Камчы Көлбаевдин өзү да жокко чыгарган эмес. "24.kg" маалымат агенттигинин ИИМдеги булактары Камчы Көлбаевдин таажылуу болгондугун биротоло ырастоо менен бирге оперативдүү маалыматтарга ылайык, ал мыйзамдагы ууру болуп 2008-жылдын 23-апрелинде Москвада шайланганы дайын болду. Таажы кийгизүү аземи "Кристалл" көңүл ачуу комплексинде өтүп, сходнякка мыйзамдагы уурулардын 30 өкүлү катышкан. Бул эле эмес, аземге бүт дүйнөгө таанымал Япончик кличкасындагы Иванковдун өзү да болгон. Азиз Батукаевден кийинки мыйзамдагы ууру Бишкекке 25-апрелде келген. Эми милиция аналитиктеринин божомолдоосу боюнча кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин арасында кайрадан буюртма киши өлтүрүү болушу мүмкүн. Буга лидерликти талашуу, менчикти тартып алуу сыяктуу маселелер себепчи болот. Кыргызстандын укук коргоо органдарынын расмий маалыматына ылайык уюшкан кылмыштуу топтордон 2007-жылы эле 425 ок атуучу куралдар тартылып алынган. Булардын арасында "Калашников" автоматынан тарта глушителдүү пистолеттер, тапанчалар, винчестерлер, кесилген кара мылтыктар да бар. Мындай сандагы ок атуучу куралдар менен тынчтык мезгилинде бүтүндөй бир батальонду куралдандырууга болот. Курал эле эмес, уюшулган кылмыштуу топтон 3 миң 919 даана ок, патрон, граната, детанаторлор да алынган. Таажы кийген уурунун Кыргызстанга келиши укук коргоо кызматкерлеринин баш оорусуна айланарын КР ИИМ да жашырбайт. 2008-жылдын 29-апрелинде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн башкы башкармалыгы борбордогу кафелердин биринен ИИМге 17 адамды кармап келишкен. Алардын арасында Камчы Көлбаев да болгон. Кызматкерлер алар менен профилактикалык аңгеме жүргүзүп, паспортторун текшерип кое беришкен. Арадан эки күн өткөндөн кийин оперативдик кызматкерлер ошол 17 кишини толугу менен "Алыш" ЖЧК офисинен жолуктуруп, бир сыйра текшерүүдөн өткөрүп, кайра кое беришкен. Анткени аларга азырынча айып тагууга эртелик кылат. Бүгүнкү күндөгү криминалдык топ укуктук жактан өтө эле сабаттуу. Алар эң мыкты адвокаттарды кызматка алып, брондолгон машинада жүрүшөт. Ал эми атайын байланыш каражаттары керек болсо милициянын түшүнө да кирбейт. ИИМдин дагы бир кызыктуу маалыматы - азыр кылмыштуу топтун лидерлери өздөрүнүн катарын өсүп келаткан жаштардан толуктоо аракетин көрүшүүдө. Азыр мектептерде "шестерка", "общак" деген түшүнүк менен жашагандар бар. Бул жөнүндө парламенттин депутаты Р.Тагаев билдирген. Камчыбек Көлбаев 1974-жылдын 3-августунда туулган. Өзү чолпонаталык. Узак жылдар бою Рысбек Акматбаевдин тарапкери болгон. Алысыраак тууган да болуп кетет деген маалыматтар бар. 1990-жылдан кийин экөөнүн жолдору кайчылашкан. Рысбек Акматбаев Камчыбектин бизнесин тартып алган деген да сөз чыккан. 2000-жылы Р.Акматбаевге кол салуу болуп, жанындагы коштогон эки адам өлүп, Рысбек жарадар болгон. Буга күнөөлүү деп Көлбаев айыпталып, сот аны 25 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Көлбаев мөөнөтүн акырына чейин өтөгөн жок. 2006-жылдын февралында Петровкадагы ?8 жатак абагына которулуп, ошол жерден жоголуп кеткен. Эмне үчүн өзгөчө коркунучтуу кылмышкердин жатак абагына которулганы ушул күнгө чейин белгисиз. 2006-жылдын 1-ноябрында Медеров көчөсү менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде май куюучу станцияда атышуу болуп, Көлбаевдин жакын досу Болот Самсалиев менен "Шрам" кличкасындагы дагы бир жигит өлгөн. Ал эми Камчы Көлбаев оор жарадар болсо да дайынсыз жоголгон. Ок атылган жерден "Калашников" автоматынын 55 гильзасы табылган. Дагы бир кызыктуу маалымат: 2007-жылдын 3-августунда (Көлбаевдин туулган күнүндө) Башпрокуратура ИИМге Камчы Көлбаевге карата кылмыш ишин изилдөөнү токтотуу тапшырмасын берген. Муну айрым билермандар туулган күнгө карата "белек" дешүүдө. Келдибек НАЗИРОВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|