Коомдук-саясый гезит
№39, 27.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Жол

Майтарылбас дух, болоттой эрк - өлбөстүктүн белгиси

"Айылдаш, калемдеш агам Секеме - автордон. 17.02.99." - деген автограф жазылган ыр китеп менин столумдун үстүндө жатат. Бул автограф кимдики, китеп кимдики? - деген суроо туулушу мүмкүн. Жазылган автограф да, китеп да белгилүү журналист, акын Калыбай Жусупович Осмоналиевдики эле. Ал китеп - "Калыбай" деп аталат. Ырас, Калыбай Жусуповичтин автографында көрүнүп тургандай ал менин жердешим. Калыбай 1938-жылы азыркы Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичикемин айылында төрөлгөн. Мына ушул жерде "жердеш" деген түшүнүк жөнүндө бир кичинекей ойду айта кетким келет. Бир жерде төрөлүп, бир жердин суусун ичип, бир жердин абасы менен дем алып өскөн адамдарда, ошол жердин аурасы канга сиңген өзгөчө бир назик сезим болот. Ошол сезим көзгө көрүнбөгөн үлпүлдөк закым сыяктуу бири-бирине илеп берип турат. Муну өзүбүз байкабайбыз. Бирок, кандайдыр бир жылуулук, кыйбастык сезим адамды билгизбей бийлей берет. Мындай жердештик сезим карөзгөйлүккө салып, караны ак, акты кара деп, принциптен таюу эмес. Тескерисинче, караны агартууга, актан караны арылтууга аракет жасатчу сезим. Ак көпөлөктүн канат серпиндисиндей адамкерчиликтин эң аялуу дилдири. Ар ким табигый мүнөзүнүн өзгөчөлүгүнө жараша жердештерине ушундай мамиле жасоого ынтызар. А өзүм болсо, Калыбай менен ушундай мамилени сактоого умтулчумун. Калыбай 1963-жылы Кыргызстан Мамлекеттик Университетин ийгиликтүү бүтүрдү. Ал кезде жаштардын Кыргызстан Коммунисттик Лениндик Жаштар Союзу деген уюму бар эле. Мына ошол уюмдун Борбордук Комитетине инструкторлук ишке калтырылды. Комсомолдун Борбордук Комитетинде иштөө өз учурунда өтө жооптуу, өтө ардактуу да милдет эле. 1965-жылы комсомолдун Борбордук Комитетинин агитация жана пропаганда бөлүмүнүн орун басарлыгына бекитилди. Ал эми, 1967-жылы азыркы "Агым" - мурдагы "Ленинчил жаш" гезитинин редактору болуп дайындалып, он тогуз жыл кызмат өтөдү. Он тогуз жыл деген - оңой жыл эмес. Совет доорунда ушунча жыл "Ленинчил жаш" гезитине редактор болуу түйшүгү биз билгени Калыбайдан башка эч кимдин бешенесине жазылган эмес. Калыбай өзүнүн табигый мүнөзүнө жараша гезиттин кызматкерлерине, штаттан тыш кабарчыларга, авторлорго, кала берсе бийликке сезгич-илберинки, кылдат, ийкемдүү мамиле жасачу. Бул Калыбайдын ошол кездеги бийликтин жана массанын катуу көзөмөлүнө, талабына туруштук беришинин көп шарттарынын бири сыяктуу эле.
Калыбай өмүрүнүн көпчүлүгүн комсомолдук, редакторлук, журналисттик ишке арнады. Андан тышкары ырлар жазды. Ал өзүнүн "Шашпагын" деген ырында
"Көңүл кош турса ырларым,
Каткырсам... кайсы жыргалым.
Шашпагын күлөм бүткөндө,
Ыр менен болгон "чырларым", - деп жазат.
Ыр менен "чырлашуу", башкача айтканда - ыр жазуу, изденүү, акын канча жашаса, ошончо уланат го!... Калыбай ыр жазганын өмүрүнүн акырына чейин токтоткон жок. Ошондуктан, эскерүү сөзүбүздүн башында айткандай, менин үстөлүмдө жаткан 24 басма табактан турган Калыбайдын бир томдук китебин азыр барактап отурам. Мындай көлөмдүү ыр китеп поэзия дүйнөсүндө абдан чоң, олуттуу эмгек болуп эсептелет. Ушундай олуттуу эмгек атайын аттанып чыгып анализдөөнү, изилдөөнү талап кылат. Чакан эскерүү макалада бир чоң китепти, болгондо да, поэзияны изилдеп отурууга мүмкүнчүлүк жок. Бирок, азырынча айтарыбыз, китептеги ырлар окурмандарды элди-жерди сүйүүгө үндөп, мекенди даңазалап турат.
Калыбай бир нече жолу делегат болуп катышкан Бүткүл Союздук Лениндик Коммунисттик Жаштар Сюузунун кайсы бир съездинде болгон мына бул көрүнүштү айтты эле.
Ал мындайча: 1941-жылы фашисттик Германия баштаган Ата Мекендик Улуу согушка Маресьев аттуу учкуч катышкан. Ал фашисттердин самолеттору менен болгон абадагы салгылашта самолетуна ок тийип, жалындап күйүп чыкылдаган аязда ээн талаага кардын үстүнө түшөт. Бутунан жарадар болуп баса албай, боору менен бир нече күн сойлоп отурат. Адамдарга жолугууга үмүттөнөт... Ошол учурда учкучтун жарадар буттарын үшүк алат. Госпиталда эки бутун тең тизеден ылдый кесүүгө туура келет. Узак дарыланган соң, учкуч Маресьев эки бутуна тең жасалма бут улатат. Духу күчтүү, эрки күчтүү Маресьев адам чыдагыс азаптуу машакаттардан кийин эптеп басат. Бара-бара бийлегенге жетишет. Врачтардын комиссиясынан өтөт. Кайрадан согуштук самолетко отуруп, душмандарга аесуз сокку урат!... Мындай адаттан тыш дух, эрктүүлүк чанда болор!... Ошол Маресьев Советтер Союзунун баатыры деген наамга татыктуу болот. Маресьевдин майтарылгыс духу, болоттой эрктүүлүгү согуш, согуштан кийинки жылдарда адамзат урматтаган легенда эле.
Мына ошол легендарлуу Маресьев учкучтун формасын кийип, тууралжысынан келген эки ийнин лөкүйтүп, баскан сайын улам бир жагына оочудай болуп, съезддин президиумуна келатканда Москвадагы Кремлдин залында отурушкан делегаттардын баары тикесинен тик турушат. Узакка созулган овация кылышат. Залды жарып жиберчүдөй дүңгүрөтүшөт. Ошондо катуу толкунданышкан делегаттардын көздөрүнөн жаш кылгырат...
Калыбайдын оозунан ушуларды угуп отуруп, менин да көзүмөн жаш кылгырган... Анткени, Маресьевдин майтарылгыс духу, болоттой эрки, Калыбай катарында турган биздин муундун дээрлик көпчүлүгүнүн жан дүйнөсүнөн чагылгандай жаркылдап, чагылып турар эле. Бул духтун, бул эрктин келечеги дагы алдыда. Бул дух, бул эрк өлбөй турган касиет, керемет!... Табият-тарыхтын ушундай духунда, эркинде тарбияланган Калыбай Жусупович Осмоналиев тиги дүйнөгө кетпеген болсо, 2008-жылдын 27-майында 70 жашка чыкмак. Ажалга айла жок. Бирок, Калыбайдын духу, эрки өзү иштеп кеткен иштерде, жазган чыгармаларында, бала-бакырасында калды. Ошого шүгүр дейбиз да. Кантебиз.
Сейит ЖЕТИМИШЕВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
академик Болот Юнусалиев атындагы, жана классик
акын Аалы Токомбаев атындагы сыйлыктардын лауреаты




  Алкымдан азап

Замир Эралиевдин финансы "фильмдери"
2006-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик киновидеокомпаниясы кыргыз өкмөтүнүн токтому менен "Кыргызкино" улуттук концерни болуп түзүлүп, анын президенттигине Замир Эралиев дайындалган. Калкка кино көрсөтүүнүн абалын жакшыртуу боюнча социалдык-экономикалык өнүгүүлөргө кино аркылуу таасир берүү жагынан кийинки муундарга фильмфонддун баалуу мурастарын калтыруу үчүн Замир Эралиевге КР президентинин администрациясынан, өкмөт тарабынан бир канча эскертүү иретинде каттар жөнөтүлгөн. Бирок Замир мырза кино тармагын жакшыртууга чын ыкласы менен аракеттенбестен одоно финансылык тартип бузууларга жол берип, концерндин тагдырын кейиштүү абалга алып келген.
Ириде Улуттук концернде (УК) чыныгы кино жаатын жакшы билген адистер иштебестен, кино тармагын түшүнбөгөн кишилер, студенттер иштеп жатканы Эсеп палатасынын текшерүүсүндө дайын болгон. Алар иштебеген күнгө да таянып, Эралиевдин коргоосунда жүрүшкөн. Мисалы, К.Солтобаеванын кесиби педагог. Бирок ал УК киноөндүрүш жана кинотармактар бөлүмүнүн начальниги кызматында иштеп, 2007-жылдын декабрь айына 4250 сом маяна жазылып, колуна 3402 сом алган.
Ырысбек Ишеновдун кесиби архитектор болгонуна карабай, ал дагы УК киноөндүрүш жана кинотармактар бөлүмүнүн начальник орунбасары болуп 2007-жылдын 3-декабрында дайындалып, ошол ай үчүн 4080 сом жазылса, 3402 сом алган. Бирок Ы.Ишеновдун жумушчу оруну жок. Студент Айдай Бакашева киноөндүрүш жана кинотармактар бөлүмүндө 0,5 ставка менен башкы адис болуп иштейт. Жазылган бардык маянасы 17850 сом болсо, колуна 14926 сом алган. Штатта Улуттук концерндин президентинин кеңешчиси деген да кызмат каралып, бул орунга эл артисттеринен дайындалыш керек болсо, мында да такыр бөтөн киши эки кызматты айкалыштырып иштеп жүргөн.
Ал эми "Кыргызфильмофондго" казнадан бөлүнгөн акчага видеокамера алуу үчүн келишим түзбөй, тендер жарыялабай, Салык кодексин бузуп, "Шапиев" жеке ишканасынын эсебине камераны алуу үчүн 336168 сом которулган. Бирок видеокамера "Кыргызфильмофондго" 11 айдан кийин келип түшкөн. Ушунун өзү эле жогорудагы акчанын 11 ай бою айланууда жүргөнүн ырастайт. Демек, коррупциялык укук бузуу болгону көрүнүп турат. Бюджеттик каражатты өз кызыкчылыгына ылайык айландырууга койгондугу үчүн КР Граждандык кодекси боюнча 332,8 миң сом пайыз төлөөсү керек.
Бүгүнкү күндө өлкөдөгү кинотеатрлар кейиштүү абалда экени жашыруун эмес. Учурда Бишкектеги "Алатоо" жана "Октябрь" кинотеатрларын ижарачылар иштетип турат. Ал эми "Россия" кинотеатрынын кызматкерлеринин айлык маяналары, башка төлөмдөрү чечилген эмес. Соцфондго болгон карызы 59438 сомду түзөт. Ал эми "Чүй" кинотеатры урап калуу абалында турат. Буга УК тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес. Башкача айтканда, кинотеатрдын 16сы иштебейт, 14 кинотеатр концерндин балансына алынган эмес. Кээ бир кинотеатрларды жеке адамдар ээлеп, туракжай катары пайдаланып жаткан фактысы да катталган.
2007-жылдын сентябрында Ысыккөлдө Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөрдүн эларалык биринчи кинофестивалы өткөнү баарына маалым. Уюштуруу комитетинин курамын ошол кездеги мамлекеттик катчы А.Мадумаров баш болгон Б.Шамшиев, З.Эралиев, Ю.Тойчубеков, К.Орозалиев сыяктуу мамлекеттик кызматкерлер түзгөн.
Адегенде эле кинофестивалды өткөрүүгө 8203,4 миң сом бөлүнгөн. Бирок чыгаша кылынган акчалардын сметасы уюштуруу комитетинин төрагасы А.Мадумаров тарабынан бекитилген эмес. Тескерисинче, чыгашаланган акчалардын сметасы кинофестивалдын генералдык директору, "Кыргызкино" УК президенти З.Эралиев тарабынан бекитилген. Бирок бул легитимдүү эмес. Анын көлөмү 8203,4 миң сом, чыгаша кылынганы 7390,8 миң сом жана 5000 АКШ доллары. Демөөрчүлөр тарабынан, мекеме, уюмдардан түшкөн акча которуу жолу менен 4259200 сом жана 5000 доллар, накталай 52750 сом. Жумшалганы 4236480 сом жана 5000 доллар.
ШКУ кирген өлкөлөрдүн кинофестивалын өткөрүү үчүн өлкөнүн бюджетинен 1700000 каралган болсо, иштетилгени 3154495 сом (3154495-1700000=1454495 сом). Ошентип 1454495 сом максатсыз пайдаланылган. Бул акча республиканын бюджетине өткөрүлүүгө жатат.
Фестивалды өткөрүүдө регламент талаптары сакталган эмес. Фестиваль башталганга чейин келген коноктордун тизмеси такталбаган. Голливуд актерлору расмий чакыруусуз, аккредитациясыз келген. Бирок чыгашада Голливуд актерлору Хирюки Тагава жана Ароманд Ассантени чакыруу үчүн төлөнгөн акча 1714,0 миң сом болуп, бул сумма казак жараны Э.Ялгашевге төлөнгөн. Бирок Э.Ялгашевдин келишиминдеги колу паспортундагы колуна төп келбейт. Келишимде дата коюлган эмес. 18 пайыз кирешеден түшчү салык, соцфондго төлөнчү 306520 сом өндүрүлбөгөн. Бул акча да республиканын бюджетине төлөнүүгө тийиш.
Кинофестиваль программада көрсөтүлгөн "Ысыккөл-Аврора" санаторийинде өтпөстөн, "Кыргыз деңизи" ("Кыргызское взморье") санаторийинде өткөн. Андыктан, "Кыргыз деңизи" санаторийине тамак-аш, жатакана үчүн "Кыргызкино" УК 2609610 сом которгон. Кинофестиваль өткөнчө санаторийде болгону 251 адам жашаган. Алардын кээ бири он күнгө чейин жашаган. Бул жерде да Эсеп палатасынын текшерүүсү 675933 сомду казнага кайрып берүүгө тийиш дейт.
Кинофестивалды тейлөөгө катышкан жумушчулардын эмгек акысы 168500 сомду түзгөн. Мунун ичинде УК кызматкерлери да бар. Бул жерде да киреше салыгы кармалбай, ал 30330 сомду түзүп, казнага төлөнүүгө тийиш. Кинофестивалды ачуу-жабуу аземин алпаруу Замир Эралиевдин өзүнө жүктөлгөн. Бирок сценарийди даярдоо деген шылтоо менен Юруслан Тойчубековго 15 миң сом маяна берилген. Бул жерде "мамлекеттик кызмат" жөнүндөгү мыйзам бузулса да, фестивалда штаб начальниги кызматын аркалаган Ю.Тойчубеков "берген Кудайга жагат" болуп, унчукпай ала берген. Мындан сырткары, калыстарга да 108,4 миң сом акча төлөнүп, 19512 сом киреше салыгы кармалган эмес.
2007-жылдын сентябрында "Кыргызкино" УК телевизиондук аппаратура сатып алуу үчүн "мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамды бузуп, "Ремстройкомплекс" жоопкерчилиги чектелген коом менен келишим түзөт. Акча каражаты кинофестивалдын акчасынын эсебинен иштетилет. Бул телеаппаратура Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясына коюлмакчы болот. Бирок киностудия менен макулдашпай туруп, 417563,84 рублге сатып алынат. Бажы документтери толтурулган эмес. Аппаратуранын наркы улуттук валюта - сомго айландырганда 617,5 миң сом. Бул аппаратура Эсеп палатасынын аудитине чейин "Кыргызкино" УК президенти З.Эралиевдин кабинетинде УК балансына кириштелбей турган. Сатып алуу келишиминде матрезервдин бүтүмү жок болгондуктан, мыйзамдуу эмес деп эсептелет. Аппаратура контрабандалык жол менен келгендиктен, бажы төлөмдөрү да төлөнбөй, бюджеттин киреше бөлүгү импорттук товардан 339,3 миң сомго жапа чеккен.
Бирок Замир мырза эчнерсе билбегендей, эчнерсе көрбөгөндөй Эсеп палатасынын жыйынтыгына макул эместигин билдирип кат жазып, кебелбей жүрөт. Өткөндө биртоп киноактерлор кино тармагы аксап аткандыгына кабатыр болуп, "Кыргызкино"УК президенти Замир Эралиевдин "мени кызматка президент К.Бакиев койгон, кызматтан бир гана ошол киши алат" деп эчкимди тоотпой жүргөнүн айтып чыгышкан эле.
Кезегинде абакта жаткан И.Кадырбеков деле президенттин ысмын пайдаланып көп иштерди жасаган экен. Эгер Эралиевдин акчага байланыштуу иштериндеги алкымы жогорудагыдай болсо, кинодогу кыргыз керемети кайдан жаралсын.
Келдибек НАЗИРОВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan