![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №39, 27.05.08-ж. |
Меймансап Форум Бомбейкат Акүйдүн ак жакачаны Балит колу менен башка чапты Көптөн бери денсоолук начарлап, ооруп жүрөм. Мурда суткасына 180 сомдон төлөп, "Дарылоо, денсоолукту чыңдоо" бирикмесине дарыланган элем. Көрсө ага чоңдор жатат экен. Элге эмгеги сиңген мага окшогон карыларга деле уруксаттыр, мүмкүн жеңилдик берер деген сокур үмүт менен Саламаттык сактоо министринин орунбасары Каратаевге кайрылдым. Ал киши аталган бирикме Президент администрациясына карайт, ошолор чечет деди. Мурдатан даярдап койгон арызым бар эле, ага согуштун катышуучусу, эмгектин 2-топтогу майыбы жана персоналдык пенсионер деген күбөлүктөрүмдүн көчүрмөсүн тиркегем. Аны 27-февралда Президент администрациясында иштеген Дамира Осмонбековна деген келинге тапшырдым. Ал "жообун бир айдан кийин аласыз" деп жөнөттү. Ага чейин оору оңдурбай турган, улуттук госпиталда дарыландым. Күткөн жообум 15-апрелде келди. Ага администрациянын экономикалык жана социалдык бөлүм башчысы А.Дикамбаев деген кол коюптур. Адеп эле көзгө урунганы кыргызча жазган арызга орусча жооп бериптир. Бизге окшогон элеттик карыларды эске албаганын мындай кой, ушунун өзү эле мамлекеттик тилди Президенттин колтугунда отургандар сыйлабаганын далилдейт. Же анда жалаң эле "киргиздешип" кеткен маңкурттар иштейби? Баарынан укмушу ал жетектеген комиссиянын чечиминде. Анын ксерокөчүрмөсүн салам. Бир эле жерин өз тилинде келтирейин: "Комиссия приняла решение... и поручила Министру здравоохранения Республики отказать Вам содействие в лечении по месту жительства или в госпитале для инвалидов и участников Великой Отечественной войны". Ошентип мүйүздүү болом деп кулагымдан айрылдым. Эми жашаган жеримен дарылана албай каламбы? Президенттин колтугундагы бир "киргиз" балит колу менен ушинтип башка чапты. Анан Кыргызстандагы кары-картаңдарга кайдагы сыйды айтабыз? Турсун МАМБЕТТУРДИЕВ, 83 жашта, Тоң району, Бөкөнбаев айылы Патриоттор, барсыңбы? Алыкулдун ак кеме, Ысыккөлгө чак кеме! Быйылкы туризм маалында Алыкул атын алган кеме көлдүн көгүлтүр толкунун жиреп, күнгөй-тескейин бириктирүүчү маданий көпүрө милдетин аткаруу алдында турат. Узуну 60, туурасы 12 метрлик кемеге кеминде 200-300 киши бир түшүп саякат кылат. Тейлөөнүн бардык түрлөрү бар. Ошолеле учурда атайын маалымат, жасалга бурчунан айтылуу акындын өмүрү, чыгармачылыгы менен таанышат. Анын демилгечиси белгилүү ишкер Туратбек Андашев кемени капиталдык ремонттон өткөрүүгө эки жылдан ашуун убакыт, анан көп каражат жумшады. Туратбек мырзаны кыргыз коомчулугу жакшы тааныйт. Бишкектеги "Достук" мейманканасын, Кажысайдагы "Алтын жээк" пансионатын куруудагы сиңирген эмгеги, кыргыз маданиятына көргөзгөн колдоолору үчүн эларалык "Руханият" сыйлыгын алгачкылардан болуп алган. Ал улуу акындын жаркын элесине байланышкан иш-чараларга жигердүү катышып, буйурса, башкы демөөрчүлөрдөн болуу максатын аркалайт. Биз, "Алыкул үй-борбору" коомдук бирикмеси, акындын жалпы эле күйөрмандарынын атынан ак тилек, жакшы ниет билдирүү менен кыргыздын колунда бар патриот инсандарына, мүмкүнчүлүгү бар ишкерлерине кайрылат элек: ушул ишке жардамдаш, өнөктөш болсоңор, анткени кемени толук жабдып, сезон башталганда сүзүп чыгуу үчүн дагы бир далай каражат керек болуп атат. Памирбек КАЗЫБАЕВ, "Алыкулдун үй-борбору" бирикмесинин жетекчиси. Тел.: (0773) 014253 Моссоветтин буттары Аңдан азык издегендер Кудай Таала ушул тоголок жер шарында бүт жан-жаныбарлардын ичинен адамга акыл-эс, аң-сезимди айрыкча тартуулап, үйбүлө, бала-чака күтүү, аларды да өздөрүндөй тарбиялап укум-тукум улоо ырыскысын берген экен. Башка айбандардан ызат-ыйман, уят-сыйыт өңдүү касиеттер менен айырмаласа керек. Минара Абдрасулова, Бакыт Жунушов, Улукбек Сыдыгалиев, Асел Макеева дегендер ошол айбандан айырмаланган касиеттерин унутуп, кечээ "Алиби" гезитине (№16) сойкуларды мыйзамдаштырып койсо жакшы болот эле деп чыкты. Эми элестетип көрөлү. Силердин да кызыңар болуп, бойго жетсе, бирок турмушта жолу болбой калса, аны түз эле сойкуканага алпарып бересиңерби? Же силердин кыздар сөзсүз бардар жашап өтөт деп ишенесиңерби? Эгер адам болсоңор, башкалардын кызын да өзүңөрдүкүндөй элестеткиле да. Сойкуканага кызмат кылган аял күнүнө орто эсеп менен 5тен киши менен жатса, бир жылда 2 миң, он жылда 20 миң эркек менен жатат. Ал талпак болуп калган жатынга кай бала токтойт? Алардын колунан кантип тамак ичесиңер? Эй, кыргыздар! Дүйнөнүн жакшы жактарын туурасаңар боло. Кыздарыбызды, балдарыбызды мындай ыймансыздыктан алыс кармап, адам сыягында тарбиялоого биз түздөн-түз милдеттүүбүз да, карызбыз да. Минтип отурсак, Кыргызстанда үйбүлө деген жоголуп, инкубацияга айланып кетебизби? Жанагынча эркек менен жаткандар эчкачан төрөбөйт. Жокчулук жөнеле шылтоо. Иштейм десе иш, тием десе эр толуп атат. Караш НАСЕР, Бишкек "Кадамдын" мурдун балта кеспеди "Кадам" деген кезегинде бут кийим чыгарган ири ишкана бар болчу. Кийин Ачык акционердик коомуна (ААК) айланып, кудайга шүгүр иштеп атат. Мен анда көп жылы эмгектенип, акыры ААК экономика боюнча деректирлигинен бошодум. Өз каалоом менен эмес, баш жетекчилигинин мыйзамсыз зордугу менен. Мен ААК жетекчилигин сотко бергем. 2007-жылдын 26-мартында Бишкектеги Свердлов райондук соту ишти менин пайдама чечип, кызматтан негизсиз бошоткону үчүн 159581 сом 94 тыйын "Кадамдан" өндүрүп берген. Соттун чечими менен ишкана ошондой эле 15958 сомду мамлекеттик пошлина катары казнага төлөмөк. Бирок "Кадам" мына, бир жылдан ашуун бир тыйын төлөбөй, мени сүйрөп жүрөт. Ачыгын айтуу керек, ага сот өндүрүүчүсү Т.Кожурова да кошул-ташыл болуп аткандай. Болбосо "Кадам" деректирлиги сот чечимин ушунча убактан бери атайын аткарбай келатканына байланыштуу прокуратура менен милийсага кайрылып, кылмыш ишин козгоого милдеткер эле. Анын ордуна каражаты жок экен деп аткаруу баракчасын колума карматат. Кантип жок болот? Ишкананын кыймылсыз, кыймылдуу көптөгөн мүлкү көз алдыда турат. Имаратын ижарага берип, ай сайын итапкан акы алат. Акыры мен ошолеле Кожурованын сунушу менен Свердлов райсотуна кайрадан кайрылууга аргасыз болдум. Судья Д.Арстанбаева "Кадамдын" мүлктөрүн: ВАЗ-21061, ГАЗ-31029, ГАЗ-САЗ 3507-02 автомашиналарын саттыруу аркылуу мага тиешелүү акчаны өндүрүп берүү жөнүндө 2007-жылдын 6-декабрында чечим кабыл алган. Андан бери жарым жыл өттү. Бул чечим да ААК "Кадам" жетекчилиги менен сот аткаруучусу Т.Кожурованын мурдун балта кестирген жок. "Кадам" ал карызынан керексиз эски мүлк, т.а., эски бильярд столун, такталарды, "Жигули" автомашинасын чыныгы наркынан жогору баалап кутулгусу бар. Дагы бир жагдай, "Кадамдын" камоого алынган мүлкүнүн наркын аныктоого жалаң жеке эксперттер чакырылып жатат. Жогорку адистиктеги мамлекеттик эксперттер алардан эмгек акыны эки эсе аз сурарына карабай. Сот аткаруучусу Кожурованын бул кылыгы колу ийрисине тартып атканын аныктабайбы? Айлам кеткени Акыйкатчыга кайрылдым. Ал бул ишти тездетип берүүнү Сот департаментинен өтүнгөн. Андан бери 4 ай өттү. Эми кимге барышым керек? Теңирберген АБДЫЛДАЕВ, Бишкек Элетуйкаш Бийликтеги бийлерге Заманаң бөрү, карышкыр, Стартка конуп жарыштыр. Бийликте турган бийлерди, Бирине бирин кабыштыр. Кылымды жылдар карытат, Күлүк ат жолду арытат. Чоңдорубуз чоң-чоң жеп, Кыргызды качан жарытат. Эмнеге күйбөйт эрендер, Эл баштаган кеменгер. Айтсаң да жетпейт аларга, Кулагы дүлөй, кереңдер. Саясат сазы тарттыбы, Калп сүйлөп элге жактыбы? Эл үчүн иштей албасаң, Канжарлап кеспе бактыны. Сагындык ДАВЛЕТАЛИЕВ Эй, ободогулар! Эмнени ойлоп атасыңар? Өткөн жылдан тартып күнүмдүк тамак-аштын баасы асмандап кетти. Ошого карабастан бийлик төбөлдөрү турмуш шартыбыздын бейишке айланып баратканын айтуудан тажабайт. Тилекке каршы, бүгүнкү жашообуз мындай сөздөрдүн жалган экенин айгинелеп атпайбы. Сөзүбүз куру болбосун үчүн Ош базарындагы баалардын "бакырып" баратканын мисал кылалы. Маселен, мындан бир жума мурда "Олейна" майы 110 сом болсо, азыр 120 сомду чапчыды. Ал эми ундун бир килосу 32 сом ("Акун" фирмасыныкы). Макарон менен китлаптып наркы 40-45 сомдун тегерегинде (6-11 сомго кымбаттаган). Бул чекеси гана, ал эми "Народный" соода түйүнүндө бир литр май 171,5 сом (калганын айтпасак да түшүнүктүү). Албетте, бийлик адамдары баалардын кескин жогорулашын дүйнөлүк абалга шылташат. Бирок, ошого жараша чет өлкөдөгү жарандардын айлык акысы жогорулугун неге айтышпайт? Биздин өлкөдө орточо айлык акы 1500-2000 сомдун тегерегинде дейли (500-600 сом пенсия алган карыяларды айтпаганда). Ушул жарыбаган акчага үйбүлөнү бакмак тургай, кара курсагын тойгуза алабы жалгыз адам? 50-60 доллар өлчөмүндө маяна алабыз дегенди уккан чет өлкөлүктөр күлбөгөн жери менен күлөт. 24-мартты "Элдик революция деп таанып, майрамдадык. Соңку үч жылда жашообузда көңүл жылыткан бурулуш болдубу? Жок. Жаңы бийликтин элине кылган "жакшылыгы" - бааларды жогорулатканы болду. Демек, азыркы бийлик элдин ишенимин актаган жок. Оппозиция лидерлери бийлик менен калп эле күрөшүмүш этет. Алардын аракетинен эч майнап чыкпайт. Эгерде баалар ушул калыбынан жазбай жогорулай берсе, ачкачылыкка тушуккан эл күзгө жеткирбей бийликтин чаңын асманга сапырышы мүмкүн... Баалар дагы канча өсөрүн убакыт көрсөтөр. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, өкмөт электр кубаты менен жолкиренин наркын июнь айынан тартып жогорулатабыз деп турат. Мындай ыргак менен кете берсек, жакын арада дем алып аткан абага акча төлөп калбасак болду. Ошентет. Башмыйзамда жаратылыш байлыктары сатылары бакырайып жазылып турбайбы... Гүлшайыр КАНИМЕТОВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|