![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №39, 27.05.08-ж. |
Меймансап Форум Театр турмушу Кыргыз улуттук Т.Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынын артисти Азиз Мурадиллаев: "Тукумубузда арабдын каны бар" Түрмөгө кирип баратканда эле ал жактагы атмосфера таптакыр башкача экенин сездим. Бизге атайы камера бошотуп, түрмөдө отургандар менен сүйлөшпөгүлө, байланышпагыла деп тыюу салышты. Өлүм жазасына кете тургандардын камерасынан тартылдык. - Театрга кичине кезимден эле аралашып келатам. Ата-энем Анара Сыдыгалиева менен Үсөн Мурадиллаев театрда көп жыл эмгектенишкен. Үйдө жалгыз бала болгондуктан, кичине кезимде мени жалгыз таштабай жумушка ээрчитип кетишчү. Эң биринчи ролду Мукамбет Токтобаевдин "Көл жээгиндеги үй" деген спектаклинде ойногом. Анда мектепке баралек кезим, болжолу төрт жашта болсом керек. Спектаклдин башында, ортосунда, аягында "Пароход!" деп кыйкырып, кол булгалаган кичинекей баланын образын жараткам. Ошол кезде телевидениеден "Бөбөк, сенин жомогуң" деген көрсөтүүдө кичинекей ролдорду аткарчумун. Тамга тааныбагандыктан азыр тигинтип айтасың, минтип айтасың деп оозеки үйрөтүшчү. Радиодо "Акылтай менен Тапкычбек" деген берүүгө катышып жүрдүм. Кийин Ч.Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" деген чыгармасында Казанкаптын баласынын ролун ойноп калдым. Ушул спектакль менен биринчи жолу 3-классымда Москвага барып келгем. Мектепти аяктагандан кийин театр окуу жайын бүтүрдүм да, Москвадагы Щепкин атындагы искусство институтуна тапшырдым. Окууну бүткөндөн бери Кыргыздрама театрында, андан тышкары шаардык театрда, Орусдрама театрында, анда-санда жарнак роликтерге, кинолорго тартылып, чыгармачылык менен алпурушуп келатам. - Чыгармачылыктын "оор түйшүгүнөн чарчаганда" башка эле кесиптин ээси болсом болмок экен деген өкүнүү болбойбу? - Андай ой болгон эмес. Себеби, башка кесипте иштеп атканымды элестете албай койдум. Атүгүл, кичине бизнес жасап көрсөмбү деп да ойлогом, бирок, колуман келбей койду. "Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" дейт, балким жакшылап аракет кылсам болот беле… - "Апамдын махабаты" телесериалындагы сенин каарманың түрмөгө түшүп калат эмеспи. Түрмөнүн сүрү кандай экен? - Түрмөгө кирип баратканда эле ал жактагы атмосфера таптакыр башкача экенин сездим. Бизге атайы камера бошотуп, түрмөдө отургандар менен сүйлөшпөгүлө, байланышпагыла деп тыюу салышты. Өлүм жазасына кете тургандардын камерасынан тартылдык. "Ал жерде жалаң жанкечтилер отурушат, баарыбир өлөм же баарыбир кетем дегендер. Ошондуктан, түз кирип, түз чыгып кеткиле" дешкен. Камеранын ичин көрүп таң калдым. Алардын ар биринде куран китепчеси бар экен. Камерада өкүнүү, кайгыруу сыяктуу атмосфера өкүм сүрөөрү сезилди. Эшиктерди шарактатып, тарсылдатып, ачып-жаап, мени дубалга такаганда өзүмдү жаман сезип кеттим. Түрмөдө отургандардын айтымында, ал жерде да өзүнчө жашоо башталып, бара-бара көнүп кетишээрин уктум. - "Сүйүү сынагы" тасмасында СПИД оорусун жуктуруп алган наркомандын образын ойногондо кандай абалда болдуң? - Адегенде киного кастинг жарыяланып, катышып калдым. Сынактан өтүп, киного тартылаарда сценарийи менен тааныштым. Биринчи жолу окуп атканда персонажымдын СПИД менен ооруган наркоман экенин билип, бир кызыктай абалда болдум. Бирок, бул чыныгы жашоомдо эмес да, аткара турган роль деп өзүмдү-өзүм тынчтандырдым. - Ушул ролдон кийин наркомандарга, СПИД менен ооругандарга кандай көзкарашта болуп калдың? - Учурда андай тагдырлар көп. Ошондуктан, жашоолорунун акыркы мезгилинде аларга моралдык жактан жардам берип, эч качан басынтып, кемсинтпеш керек. Алар деле ошондой оору менен атайы оорушпайт, түшүнүү менен мамиле жасаган оң. "Сактыкта кордук жок" дегендей, өзүм деле анда-санда барып, канымды текшертип турам. - Үйбүлөң жөнүндө айта кетсең... - Келинчегим Элвира Жумалиеванын кесиби актриса. Үйлөнгөнбүзгө 11 жыл болду, эки уулубуз бар. Улуусунун аты Шаа, кичүү уулумдун аты перс ысымы - Саади. Биздин тукумубузда арабдын каны бар. Уруубуз - кожо. Мындай уруулар арабдардан тараган дешет. - Динге кандай көзкараш-тасың, жети атаңды биле-сиңби? - Жети атамды билем. Ал эми күнүгө беш маал намазга жыгылбасам да, анда-санда жума намазга барып турам. Куран окуганды, келме келтиргенди үйрөнгөм. Бирок, орозо тутуп көргөн эмесмин. Баш-отум менен динге бериле албайм. Себеби, кесибим ага жол бербейт. Сакал-мурут өстүрүп, узун кийим кийип эмес, эң негизи Кудайды жүрөгүңдө таанышың керек деп эсептейм. Назгүл КАЛМАМБЕТОВА Сандан санга: сериал Назгүл Калмамбетова Бейтаалай - Каяктагыны айтпачы…- деди Рашид Замираны тамашалап атат деген кыязда. - Мен сага чын айтып атам, жаным. Доктурга барып текшерилип келдим. Мына, ишенбесең, - деп сумкасынан УЗИден алган кагазды көрсөттү. - Чын эле боюңда барбы? - деди ишенбей. - Ооба, экөөбүздүн балабыз… - Кызык го… Сенин күйөөң бар да! - Эмнеси бар экен. Бирок, күйөөм менен акыркы эки-үч айдан бери чогуу жаталекмин деп дайыма эле айтып атам го… - Мындай тамашаңды кой, күлкүм келибатат... - деп каткырып күлдү. - Эмнеге күлүбатасың? - деди ызаланган Замира. - Анан күлбөй турган жорукпу? Эгерде башың бош, менден бөлөк эч ким менен жатпасаң, анда ойлонуп көрмөкмүн. Сенин курсагыңдагы баланы меники десем ким ишенет? Эри бар аялдын да ойношунан боюнда болмок беле, ажырашып кетсең бир жөн. - Ажырашайын десем, сен болбой койбодуңбу… - Качан? - Экөөбүз үйлөнө албайбыз, окуумду бүтүп, иштеп, карьера кылышым керек деп. - Ооба айткам. Бирок, сен күйөөсү бар аялсың, сага кантип үйлөнөм? Үйбүлөңдү бузуп экөөбүз баш кошсок, баарыбир бактылуу болалбайт болчубуз. - Анын эмнеси бар экен? Убагында мен деле Алмаздын үйбүлөсүн бузуп тийип алгам. - Көрдүңбү, Кудай Алмаз экөөңөрдү ошон үчүн бактылуу кылган жок. - Жетишет! Мен Алмаз менен бактылуу эле жашагам. Болгону ортобузда бала жок, негизги урушубуз, түшүнбөстүгүбүз ошондон чыккан. - Алмаз менен бактылуу болсоң, анда неге мени менен жүрүп кеттиң? - деген Рашиддин сөзүн уккан Замиранын өңү бозоро түштү. - Сен акмак турбайсыңбы! Сага ишенген мен да келесоо, мага чала. Курсактагы балам сенден, каалайсыңбы-каалабайсыңбы, сеники экенин далилдеп берем. Мени жаш кыздардай боозутуп коюп таштап кетем деп ойлобо! Карап тур, шашпа! - деп жинденип басып кетти. Рашид анын сөзүнө маани да берген жок. Эч нерсе болбогондой университетке кетти. Болгону, күнүгө кымбат ресторанга барып көңүл ачып, акча алып турчу Замирадан кол жууруна гана ичи тызылдабаса, курсактагы бала тууралуу ойлоп да койбоду. *** Замира эмне кыларын билбей башы катты. Үйүнө көңүлү чөгө, капаланып келсе, Алмаз менен Алтынай кичинекей Актанды ортолоруна алып тамак берип атышкан экен. Буга чейин алардын ушундай жакын болуп кеткенин көрсө да анча маани берген эмес эле. Алмаздан бөлөк ага Рашид сыяктуу жаш жигиттер оорун колдон, жеңилин жерден албасын билип, ичинен өкүнүп алды. Адаттагыдай эле унчукпай уктоочу бөлмөсүнө кирип жатып алды. Курсагындагы баланы Алмаздыкы деп айтайын десе, ал баарыбир ишенбейт. Ишенмек түгүл, менин "көзүмө чөп салдың" деп үйдөн кууп чыгат. Боюнан алдырып салайын десе, мындан кийин төрөбөй калсамчы деп санаага батты. Канткенде кош бойлуу болом деп далай доктурдун эшигин тытпады беле. Болду, төрөбөй калдым деген жыйынтыкка келгенде, минтип ойношунан боюнда болуп отурбайбы. Эмнеси болсо да курсактагы баланы Алмаздыкы деп ишендирейин деген ойго кетти. Болду, бүгүндөн баштап Алмаз менен чогуу жатып, мурдагыдай жашай берем деп ичинен план түзө баштады. Кечти күтүп отурбай, азыртадан эле баштайын деген ойдо ордунан туруп, ашканага кирди. Демейдегидей болбой, ага жылмая карап: - Жаным, бүгүн бир жакка барып эс алып келбейлиби? - деди эркелей. - Эмне болду анчалык? Эс алалбай, чарчап жүрөсүңбү? Күнүгө үйгө жолобой көчөлөп, оюн-шоокто эс алып атасың го. Же баягы жаш ойношуңан тажадыңбы? - деди какшыктай Алмаз. - Болдучу, менин кызганчаагым… - деп Замира Алмаздын мойнуна колун артып, кылыктана баштаганда, Алтынай кызганып кетти. Актанды көтөрүп, унчукпай сыртка чыгып баратканда Алмаз: - Алтынай, токточу, - деп ордунан турду. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|