Коомдук-саясый гезит
№39, 27.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Тасма талаасынан

Канны качан кандырат?
Дүйнөлүк Канны фестивалында баш байгеге италиялык Маттео Гарроненин "Гоморра" тасмасы илинди. Ал эми эң мыкты тасма наамына "Дубалдар арасында" аттуу француз режиссеру Лоран КАНТЕнин тасмасы татыды. Аталган фильмде жашоосу начар балдардын колледжиндеги француз тилинен сабак берген жаш мугалим айымдын күнүмдүк турмушу баяндалат.
Эң мыкты актер катары Бенисио дель Торо ("Че" тасмасы), ал эми бразилиялык Сандра Корвелони "Linha de Passe" аталган тасмадагы башкы ролу үчүн мыкты актриса деп табылды. Айтмакчы, бул престиждүү кино сынагында казакстандык режиссер Сергей Дворцевой "Тюльпан" тасмасы менен 61-Канны кинофестивалынын "Өзгөчө көзкараш" сыйлыгы менен сыйланды.



  Акыркы коңгуроо

Жаным АЙЗАТ уядан учту!
73 506 бүтүрүүчүнүн арасында Жаным АЙЗАТ да билимге бөлөгөн мектеби менен кош айтышты. Ырчы бийкеч Алыкул Осмонов атындагы №68 мектептин алдыңкы окуучуларынан. Кудай буюруп, тилектери ишке ашса, Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин Эларалык мамилелер факультетине (кытай тили) тапшырып, студенттик турмушка бет алмакчы.

  Дүйнөлүк галактикадан...

Дима БИЛАН - Россиянын тумарыбы?
"Евровидение" эларалык ыр сынагы түптөлгөндөн берки тарыхында Россияга алгач ирет биринчи орунду Дима БИЛАН алперди. 53 жыл Россия ушул сынакта өзүн сынап келген. Жок дегенде бир ирет Россия аймагында өтсө дешкен. Россиялык өнөрпоздордун бул тилегин Дима БИЛАН ишке ашырды.
Талант, эмгек, ийгилик жыйындысына сөзсүз кошумча таасирдүү күчтөр белгилерин да Диманын командасы өзгөчө белгилейт. Кызыгы, 24-майда өткөн финалда ырчыга 24 катар номуру туш келген, Диманын туулган күнү да 24-декабрь. Анан да, сынак номурунун катышуучулары бүт ак түстөгү форма кийинишкен.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan