Коомдук-саясый гезит
№39, 27.05.08-ж.

Меймансап
Форум




 

Мадумаров мат кылдыбы же мат болдубу?
ЖК төрагасы А.Мадумаровго партиялаштарынын ичинен жалгыз ачык каш кайтарган "Акжол" фракция жетекчиси Элмира Ибраимова кечээ Президент Указы менен Нур уулу Досболдун ордуна вице-премьер-министр болуп дайындалды. Анын алдында өзүңүздөр билесиздер, Адахан Кимсанбаевич эмне үчүн президент мени менен эмес, сени менен кеңешет? Мен кетем же сен кетесиң маанисинде республикалык мааниде майкандашкан. Элмира айымдын ордуна А.Мадумаровдун орунбасары Азиз Турсунбаев келди. Айрым саясатчылар Кабилова эместигин (б.а., аял эместигин) көрсөттү деп Мадумаровду макташса, айрымдары анык Жаңыл Мырза экен деп Ибраимованы жакташууда. Нур уулу Досбол көптөн бери креслосу муздай түшкөн Мамкатчылык орунду ээледи.

Каттани кримтөбөлдү төбөгө койдубу?
Эсиңизде болсо, кылмыш дүйнө-сүнүн көзүрү Камчы Көлбаев айтылуу Азиз Батукаевдин ордуна "таажы кийгени" ("коронация болгону") тууралуу кабар кечээле дүң болгон. Жаңы "падыша" ал салтанаттын үлпөтүн Нарында өткөрүүнү чечип, Эки На-рын айлынан көп алыс эмес Эр Алма жайлоосуна 7 бозүй тиктириптир. Москвадан баштап эски союздун көптөгөн жерлеринен булчуңдуу "меймандар" бугуп да, Көкөтөйдүн ашындай көзкөрүнөө тебелеп да келе баштаганда кадимки Каттани - облгубернатор Өмүрбек Субаналиев кууп чыгыптыр. Окуянын чыныгы оңуту али такталалек. Бирок К.Көлбаев жана анын жакын жанжөкөрлөрү минип келген 1522 ВВ жана 1544 ВВ номурлуу эки машине мамлекеттик мекемелерге тиешелүү экендигин МАИ кызматкерлери аныктады.

Бакиевдин "бала кезден" кароолчусу Исаковду ыргытты
Армияны азыркы заманга аңтара оңдоп салдым маанисинде ардайым төш каккан Коргоо министри Исмаил Исаков кызмат ордунан ыргып кетти. Анын ордуна "Агым" мурда болжогондой Президент күзөт башчысы Бакыт Калыев келди. Ал Курманбек Салиевичти өмүр бою дегидей эле сактап жүрөт дешет. Генерал Исаков да ишсиз калган жок. Жоопкерчилиги белгисиз Коопсуздук кеңешинин секретарлыгына конду. Ал кызматты аркалаган Токтокүчүк Мамытов президенттин коопсуздук боюнча кеңешчиси болуп калды.

Үсөн Сыдыков сакпы, сукпу?
Акүйдүн үч "алгыры" - М.Султанов, А.Жапаров, Ү.Сыдыков Чүйдүн Аламүдүнүнөн акимдин айтуусунда 160 гектир, биздин кожоюн, Эл депутаты Б.Наргозуевдин божомолунда 300 гектир жер алып, айдабай коюшканын "Агым" сөз ортосунда кыстарып кеткен. Ага жогорку эки мырза үн каткан жок, Үсөн ака абдан арданды. Абалы өзүн Улан атаган агенти коркутту. Өткөн жумада Үсөн аканын "Жаңы кылым" менчик гезити жарылдап чыкты. Көрсө, Үсөн ака Сыдыковдун Аламүдүндө 6 гектирден ашуун эле жери бар экен. Ал эми Сокулукта жери 100-115 гектирдин тегерегинде дейт. Аны далилдөө үчүн эки райондун аткаминерлерин бүт ишке чегериптир. Болсун. Ага эчкимдин кусаматы жок. Тек, анүчүн депутат Б.Наргозуевди көчө аялдарындай боктотуунун эмне зарылчылыгы бар эле дейбиз да? Же Үсөн ака айрыкча сак киши эмеспи, эки райондун жери эпсиз чүйгүн, аны түндүк-түштүк келгиндери дебей талашып атат, жергиликтүү элдин өзүнө да мыйзамдуу үлүшү эмдигиче берилбейт, эки күндүн биринде митингде жүрөт - ошондон сактанганыбы? Же элдик революцияда Чүйдөн жер алып берем деп ээрчитип келип, аткарбай койгон ОБОНдорунан (отряд баб особых назначений) уялганыбы? Иликтейбиз!




  Сен жөнүндө сегиз сап

Бир бетине ишенсе, Бир бетине ишенбейт
Сегиз саптын бүгүнкү сынында - экс-оппозиционер, азыркы позиционер Феликс КУЛОВ
Мамат МОМУНОВ,
Акыйкатчы орунбасары:
- Саясый ишмер катары анын кадамдары биртоп суроолорду жаратат. Себеби, 24-марттагы ыңкылаптан кийин Кулов өз ордун тапты деп жүрсөк, апрель митингдеринде бийликти "кетсин" деп жүрдү. Эл деген эл экен, анын мурдагыларын кечирип, "темир Феликс" деп ээрчиди эле, кайра ал эмне кылды? Анын кийинки кылгандары адамдарды иренжитти. Ошондон кийин "бу кишиде дегеле принципиалдуу көзкараш барбы же жокпу?" деген суроо жаралат экен.

Накен КАСИЕВ, коомдук ишмер:
- Кыргызстан эгемендикке жеткен күндөн баштап эле Феликс Кулов төбөсү көрүнгөн саясатчылардан. Кезегинде түрмөгө түшүп, запкы да тартты. Азыр кичи ГЭСтер боюнча атайын дирекцияга иштегени - анын саясаттан кеткенин билдирбейт. Саясат өзү өйдө-ылдый болуп турат эмеспи. Ошонүчүн Куловду саясатчылардын тизмесинен чийип салыш эрте. Ал эртеби-кечпи баарыбир өз сөзүн айтат.

Жумакадыр АКЕНЕЕВ,
экономика илим доктору, кыргыз-корей инвестфондунун жетекчиси:
- Феликс Шаршенбаевич менен чогуу иштешкенбиз. Анын биринчи жолу Ош окуясындагы чечкиндүү кадамдарын билем. Акаевге ачык айтканы үчүн далай азап тартты. Кийин Бакиев менен тандемге барганы деле туура болду. Бирок жакшы премьер-министр болалган жок. Президентти көп жактап туруп алды. Эгер Кулов тоскоол болбогондо ошол эле учурда жакшы Конституция кабыл алууга болмок. Кийин деле оппозициянын бардыгын бириктире алган жок. Эл арасындагы кадыр-баркын жоготуп койду. Балким чакан ГЭСтерди иштетүү менен элди бириктирем деп аткандыр.

Жоомарт САПАРБАЕВ,
"Атамекен" партиясынын жаштар канатынын лидери:
- Феликс Шаршенбаевичтин кылган кадамдарын такыр түшүнө албайм. Бирде Бакиевди "кетсин" деп чыкса, бирде кайра иштешем деп кол куушуруп барып атат. Кулов ушунусу менен эптеп эле саясатта калуунун амалын кылууда. Азыр чакан ГЭСтерди иштетем дебатат, андан эмне чыгарын да көрөбүз го.

Саткын АЙТУГАНОВ, экономика илим кандидаты, эксперт:
- Милийса милийсалыгын кылбай койбойт экен. Илгери окуудан, кара жумуштан качкандар милийса болушчу. Куловдун кылгандарына терс көзкараштамын. Ал премьер болуп турганда аны ошо кызматка жеткирген адамдарга иш козготом деп дискеталарды көтөрүп чыкпады беле. Кызматтан кеткенден кийин эле баррикаданын бери жагына өтүп кыйкырып калганын кандай түшүнүүгө болот? Дегеле анын кылган иштеринен эч майнап жок, ошон үчүн акыркы кадамдарына да ишенүүгө болбойт.
Аскер САКЫБАЕВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan