![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №39, 27.05.08-ж. |
Меймансап Форум Ачкарынбы? Квартираларды ашаганы калды Көлдөгү Кажысай поселогунун жашоочулары кечээ журналисттерге "Кажысай айылөкмөтүнүн мурдагы башчысы Кубат Исаев беш кабат үйдөгү 266 квартираны жашоочуларга айтпай туруп тартып алды, сот да аны коргоп койду" деп арызга отурушту. Исаев эргул 2004-жылы эле квартираларды ээси жок деп тууралап, 2007-жылы аларды жеке фирмага сатып жиберген. "Биз бул айылда көптөн бери жашайбыз. Квартиралардын сатылганын бирибиз да билгенибиз жок. Үйлөрүбүз курорттук тилкеде турганы башкаларды кызыктырып жатса керек" дешет үйлөрүнөн айрылгандар. Ошого да шүгүр! Чыгым саны эсепсиз Өткөн жума күндөрү болгон нөшөрлүү жаан оңдурбай кетти. Сел көпүрөлөрдү бузуп, айдоо аянттарын, үйлөрдү каптап, жолдорду тосуп калды. Табияттын мындай сыноосу бүт өлкө боюнча болуп, учурда келтирилген зыян эсептелип жатат. Баткендин биртоп айылдарында турак үйлөр да керектен чыккан. Бирок адамдардын өмүрүнө зыян жок. Жаңы ибарат Мэр болсоң, чөнтөктү эмес, мээни иштет Жалалабат шаарынын мурдагы мэри Дүйшөналы Мамасалиевге кылмыш иши козголду. Ага иш козгогон Жалалабат облустук ИИБ билдиргенине караганда, Мамасалиев мэр кезинде "Зеленстрой" ишканасынын имаратын көрктөндүрүү автобазасынын директоруна мыйзамсыз сатып жиберген. Муниципалдык менчикте турган имарат болгону 51,2 миң сомго бааланган. Кызмат абалынан кыянат пайдаланган мэр мунусу менен Жалалабат шаардык депутаттардын токтомуна, кылмыш кодексине каршы иш кылган. Мамасалиев апрелде кызматтан шыпырылган. Күзгү берчи! Кимдин акчасына ким кызыгып жатат? Киночулар маданият министрлигине кошулбайбыз десе болбой кошуп коюшту. "Кыргызкино" мамконцернинин башчысы З.Эралиевдин айтымында, "министрликтин бизге кызыккан себебин өкмөт быйыл бизге 42 млн. сом бөлгөнүнөн көрөм, анткени министрликке бөлүнгөн каражат болгону 72 млн. сом. Биз бул каражатка быйыл төрт кино тарталы деп жатабыз" деди. Максат жакшы, бирок азыркы учурда "Кыргызкинодон" Эсеп палатасы чубап келаткан акча чыры эмнени каңкуулайт? (10-бетти караңыз). Бекер быштак... 1100-1200 доллар алгың келсе, корей тилин үйрөн Өткөн демалыш күндөрү Кореянын эмгек министрлигинен корей тилинен экзамен алчулар Кыргызстанга келишти. 2008-жыл үчүн бул өлкө кыргызстандыктар үчүн квотаны эки жарым миң адамдан беш миңге көбөйткөн. Учурда 300 мекендешибиз Кореянын компанияларында контракт менен легалдуу иштеп, айына орточо1100-1200 доллар таап жатышат. Жатаканасы, тамагы бекер. Бирок Кореяда иштеп жаткан эки жарым миңдей кыргызстандыктын теңинен көбү бүгүнкү күндө легалсыз иштешүүдө. Азиялык насия Каратэнин кара кур Президенттин иниси Адыл Бакиев Кыргызстандын каратэ-до Федерациясына жетекчи болуп дайындалды. Жекшемби күнү Бишкектин Свердлов районундагы олимпиадалык резерв атайын мектебинде каратэ боюнча өспүрүмдөр арасында республикалык биринчилик болуп, ошо жерден президент инисине расмий укук берилди. Ал эркин күрөш боюнча мурда машыгып келгенин айтты эле, эмнегедир ошо замат каратэ боюнча кара курду бере коюшту. А.Бакиев ага аябай муктаж беле? Сүйүнчү! Гвинея-Бисау, Сомали менен катарлаш... Кечээ, Женевада саламаттык сактоонун бүтдүйнөлүк ассамблеясы 61- сессиясын баштап, ага биздин министр Марат Мамбетов катышып жатат. Бул уюмдагы Кыргызстандын мүчөлүк взносун 20 жылга узартуу боюнча сунуш жактырылып, мындан ары Кыргызстан добуш берүү укугуна да ээ болду. Белгилей кетүүчү нерсе, бизден башка мындай "бакытка" Доминика, Комор аралдары, Гвинея-Бисау, Сомали сыяктуулар да туш болду. Таанып-билгендер кабарлап койгула! Үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде Бишкек шаарынын Дэн Сяопин көчөсүнөн таңкы саат алтылар чамасында "Фольксваген-Джетта" автоунаасынын айдоочусу М.Карыпбаев жолдо кетип бараткан жүргүнчү А.Калбаевди койдуруп кеткен. Айдоочу жабырлануучуга жардам көрсөтүүнүн ордуна машинесин айдап, куйругун түйүп жоголгон. Алган оор жаракаттан улам жабырлануучу кырсык болгон жерден көз жумган. Ошондон бери Нарын облусуна караштуу Атбашы районунун Башкайыңды айылынын 32 жаштагы тургуну Максатбек Карыпбаев укук коргоо бөлүмү тарабынан издөөдө. Сүрөттөгү жигитти таанып-билгендер болсо, 68-07-59, 53-01-83 телефондоруна чалып коюуңуздарды өтүнүшөт. Энесин өрттөп өлтүргүсү келген айбан Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарчасынын 73 жаштагы жашоочусу Ф.Вафинаны мас абалында келген уулу Х.Вафин өлтүрүүгө аракет жасагандыгы тууралуу арыз милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине түшкөн. Көрсө, мас уулу энеси менен уруша кетип, анын үстүнө бензин куюп өрттөөгө аракет кылган экен. Азыр энесине кол салган эки аяктуу айбандын үстүнөн тергөө иши козголду. Кыңыр иш кырк жылда билинет 9-апрелде Чүй районундагы Чүй кыштагынын жашоочусу, 52 жаштагы А.Толмочевдин өлүгү өз үйүнөн табылган. Маркумду каракушка чаап, бетин тилип өлтүргөн адамдын ким экени белгисиз эле. Жакында кылмышка шектүү, мурда бир нече жолу соттолуп келген С.Смирнов колго түштү. Смирнов кылган кылмышын мойну менен тартып, сурак берип отурган кези. Алаанын азабын тарткандар Балыкчы шаарындагы "Дубанбек" дүкөнүнүн жанынан 24-май күнү түнкү саат он бирлер чамасында 40 жаштагы аялды күч колдонуп зордуктоого аракеттенгендиги үчүн К.Абдакманов менен Т.Дүйшөнбаевди изкубарлар колго түшүрүштү. Азыр темир тор артында олтурган эргулдарды кандай "сюрприздер" күтүп турганы белгилүү. Маркумду өлтүргөн ким? Панфилов районуна караштуу Киров-Биринчимай айылдарынын ортосундагы кичинекей көлмөдөн азиат улутундагы белгисиз адамдын чирип бараткан сөөгү табылган. 21-май күнү маркумдун аты-жөнү, ким экендиги такталды. Ал Токмок шаарынын тургуну, 51 жаштагы Ж.Токтоболотов болуп чыкты. Учурда маркумду ким, эмне себептен өлтүргөндүгү изилдөөдө. ![]() Айланбас жердин айланма жаңылыктары АКШ. NASA окумуштууларынын "Феникс" космикалык аппараты Марс планетасына келип конду. Учуучу аппарат 2007-жылдын август айында Флорида штатынан учуп чыгып, тогуз ай аралыгында "Феникс" 679 миллион километр жолду баскан. Космикалык аппарат Марста 3 ай болот. Башкы максаты - планетанын топурагы менен муз кабыгын изилдеп, анын жардамы менен Марста жашоого болобу деген суроого жооп алуу. Ушундай эле учууну NASA окумуштуулары 1999-жылы да ишке ашырууга аракет кылышкан, бирок, аппарат бузулуп калгандыгына байланыштуу, Марска коналган эмес. МЕКСИКА. Өлкө башчысы Фелипе Кальдерон жүгөрү, буудай, күрүч, соя, төө буурчак жана кургак сүт импортуна болгон бажы салыгын алып салды. "Дүйнөлүк азык-түлүк кризисинен улам жана калктын жакыр бөлүгүнө жардам берүү максатында тамак-ашка болгон нарктын өсүшүн токтотуп турган программаны ишке ашырууну баштадык", - деп билдирди президент улуттук каналдан сүйлөп жатып. Анын айтымында, айыл чарба продукция өндүрүшүн көбөйтүү үчүн бюджеттен 2 миллиард, ал эми негизги азык-түлүк болгон сүт менен жүгөрү унунун баасын кармап туруу үчүн 430 миллион доллар акча каражаты бөлүнөт. КЫТАЙ. Өлкөнүн түштүк-батышында жайгашкан Сычуань провинциясында дагы бир ирет 6,4 баллдык жер титирөө болуп өттү. Анын кесепетинен Шэньси провинциясында 4 адам курман болуп, 500 адам түрлүү жараат алган. 70 миңге жакын курулуштар кыйрап жок болгон. ЛИВАН. Жекшембиде өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча өлкө бышчылыгына 118 добуш менен 50 жаштагы Мишель Сулейман келди. Буга чейин ал он жылдан ашуун убакыт бою Ливан армиясынын командачысы болгон. 1943-жылы Ливандын көзкарандысыздыгы жарыялангандан бери Сулейман өлкөнүн 12-президенти болду. Президенттик шайлоо өткөн жылдын 25-сентябрында эле өтүүсү керек эле, бирок оппозиция менен келишпөөчүлүктөн улам 19 жолу кийинкиге жылдырылган. КОЛУМБИЯ. Эпицентри өлкөнүн борборунда болгон 5,6 баллдык жер титирөөдөн 11 адамдын өмүрү кыйылып, 54 адам жарадар болгон. Жергиликтүү калк үй-жайын таштап, убактылуу уюштурулган сактоо жайларын башпаанектеп, кайтып келүүгө шашылган жок. Зилзаладан улам 5 миңге жакын имарат, үй-жайлар керектен чыккан. ФРАНЦИЯ. ЭТА баск террордук уюмунун төрт жетекчиси кармалып, сот жообуна тартылганы турат. Париж прокуратурасынын билдиргенине караганда, кармалгандардын ичинде аталган сепаратисттик уюмдун аскердик канатын жетектеген Тьери кличкасына ээ Хавьер Лопес Пенья бар. Төртөөнө тең акыркы айларда Испанияда болуп өткөн теракттарга түздөн-түз тиешеси бар деген айып тагылууда. КОРЕЯ. Экономикалык жана өнүгүү кызматташтык уюмунун маалыматынын негизинде Forbes журналы дүйнөнүн иштерман 30 өлкөсүнүн тизмесин жарыялаган. Рейтинг түзүүдө эмгекке корогон иш саат эске алынган. Жыйынтыгында, дүйнөдөгү эң иштерман мамлекет Корея болуп чыкты. Изилдөөлөргө таянсак, өлкө жашоочулары жылдын төрттөн бир бөлүгүн, б.а., 2357 саатын кызмат үстүнөн өткөрүшөт экен. Корейлерден кийинки орунду гректер ээлеп, андан кийинки орундарга чехтер, венгрлер жана поляктар ээ болушкан. Дүйнөдөгү эң эле жалкоо калк жылына орточо эсеп менен 1391 эле саат эмгектенген нидерландыктар экен. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|