![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №39, 27.05.08-ж. |
Меймансап Форум Министрдин миң кыял... Султан РАЕВ: "Көкүрөгүнө маданият угуту уялаган адам жамандыкка барбайт"Рубрикабыздын бүгүнкү коногу - белгилүү драматург, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри Султан РАЕВ. Коногубузга бир топ суроо узатып, мезгил, коом, маданият, саясат жөнүндө көзкарашын чагылдырган жоопторду алдык. - Султан мырза, бир жолку телемаегиңизде "Маданият министрлиги - жандүйнө министрлиги" деп айткан элеңиз. Бүгүн Сиз менен маданият жана жандүйнө маселеси тууралуу кеп курсак деп турабыз… Акыркы кезде, жандүйнөнүн тазалыгы, ыйман, маданият деген түшүнүктөр биздин күнүмдүк активдүү лексикабызда аз колдонулуп, жылжып агып келаткан ааламдашуу процессинин таман алдында калып бараткандай туюлат. - Албетте, сиз айткан жандүйнө, ыйман, маданият бу адам жашоосунун алтын түркүгү, ал эч качан коомдук дейбизби, саясый дейбизби, ыймандык катаклизмдерге баш ийбеген туруктуу, түбөлүктүү түшүнүктөр. Адамдагы адамдык нарк да мына ушул ыйык түшүнүктөр менен тең каралып келет… Мухиттеги улуу толкун канчалык албууттанбасын, ал болгону суунун үстүндөгү көбүктү гана будуң-чаң кылбаса, ал эми суу түбүндө чулу алтындай уюп жаткан тереңдикке эч таасирин тийгизе албайт. Жандүйнөнүн чагылышы - бу маданият, адамдык ички маданияттын сепили урай баштаганда ыйман ыдыроосуна, баягы көбүк иллюзиясына айланабыз, түпкүрдөгү түбөлүктүү дөөлөттөрдөн кол жууйбуз... Маданият, ыйман, жандүйнө жөнүндө сөз кылуу ири алды биз үчүн түбөлүктүүлүктүн дөөлөттөрү жөнүндө сөз кылууга тете… Анткени, адам өзү ошол түбөлүктүүлүктүн бир формасы... - Андай экен, түбөлүктүү баалуулуктарды тебелеп бараткан коомдогу "политизация" процессинин негизин эмнеден көрөсүз? - Коомдун саясый "комадан" чыгалбай жаткандыгынан көрөр элем. Албетте, бул менин субъективдүү гана байкоом. Саясат эң оболу идеялардын генеративдик күчү болушу зарыл. Саясатты атамзамандан бери эле прогрессивдүү идеялар гана кыймылга салып келген. Жалпы саясатташуу, саясый люмпенизация эч качан саясый активдүүлүктүн белгиси эмес, ал биринчиден саясий идеялардын кризисинин белгиси деп билем. - Акыркы мезгилде "Кыргызстан демократиялык нуктан тайып баратат" деген кеп көп айтылууда… - Эң оболу өзүбүз үчүн аңдап алалычы: "Демократиялык нук" деген эмне? Аны жармадай шимирип ичеби же чучуктай кескилеп жейби? Же нака кыргызча түшүнүп-түшүнбөй эле балп этип "жөн эле" айтып коебу? Ошол нуктун өзөктүү нормасы барбы? Анда бул норманы ким аныктады, Сэм таякеби же Ницше байкеби? Ырас, бул көбүнесе оппозициялык маанайдагы саясатчылардын уңгу ойу, албетте, оппозиция бирдемке деп турбаса… коом сазга айланып кетиши мүмкүн. Бирок, сазда туруп алып ошол саздык демократияны таңуулоо эч кандай жыйынтык алып келбейт. Демократиянын классикалык түшүнүгү үч киттин үстүндө калыптанган: эл бийлиги, адам укугу жана сөз эркиндиги. Мына ушул үч маанилүү фактор демократиянын жерпайы болуп эсептелет. Бул критерийден алып караганда чет элдик уюмдар, эксперттер Кыргызстанды позитивдүү баалап келатат. 1994-жылы Вашингтондогу Америка университетинде "Бийлик жана басмасөз" деген темада лекция окудум. Ошондо сөз эркиндигине байланыштырып кыргыздын "Баш кесмек бар, тил кесмек жок" деген макалын айтканымда, Джоржтаун университетинин профессору таңгалып: "Биздин 100 беттик трактатыбызды сиздер бир сөз менен айтып койгон турбайсыздарбы?!" деп айткан эле. Бул сөздү айтып жатканыбыздын дагы бир жагы бар. Акыркы кезде Батыш саясатчылары демократиянын улуттук спецификасы жөнүндө бир топ кызыктуу дисскусияларды, дебаттарды өткөрүүдө. Маселе классикалык демократиянын улуттук кыртышка трансформацияланышы жана анын улуттук демократиялык түшүнүктөргө шайкештиги жөнүндө жүрүп атат. Анын ичинде ошол эле "демократияны экспорттоо" жолун өздөрү сынга алып, демократияны улуттук кыртышка адаптациялоо оң таасирге ээ дешет. Биз да ошол классикалык нукту элдик демократиялык дөөлөттөрдүн контекстинде карашыбыз зарыл деп ойлойм. - Жогорудагы суроолорумдун төркүнү бираз саясатка ооп кетти, себеби, биздин өлкөдө министр саясый фигура болуп эсептелет. Акыркы учурларда биз "эски бийлик", "жаңы бийлик" деп көп айтчу болдук. Сиз маданият чиновниги катары маданиятка болгон шарттуу түрдө эки бийликтин мамилесин кандай мүнөздөр элеңиз? - Баары салыштыруу аркылуу билинет дейт го. Эски бийликтин тушунда маданият министрлигинин жоюлуп кетиши көп жылдар бою калыптанып келген өлкөдөгү маданий системаны талкалап койду. Маданият "экинчи сорттогу сырьего", маданият адамдары руханий тилемчиге айланды. Конкреттүү цифраларга кайрылсак, 1994-2004-жылдар аралыгында республикалык бюд-жеттен маданиятты каржылоо көлөмү 20 млн. сомдон 56 млн. сомго жеткен. Ал эми 2005-жылдан 2007-жылга чейин жалпы маданияттын каржысы 150 млн. сомдон 500 млн. сомго жетти. Ал эми, өлкөбүздүн президенти Курманбек Салиевич Бакиев тарабынан колдоого алынган маданиятты жана искусствону өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында 2010-жылга чейин маданиятты каржылоо көлөмү 1 млрд. 360 млн. сомго жеткени турат. Мына, салыштыруунун өтө жөнөкөй мисалы. - Маданият жана маалымат министри катары тармактын ийгилиги менен кемчилигин эмнеден көрөсүз? - Министрликтин түзүлгөндүгүнө эки жарым жылга аяк басты. Проблемаларыбыз да кудайга шүгүр жок эмес, бар. Он беш жылда талкаланып калган маданият көйгөйүн бүгүн эле тикелеп салабыз дегендин өзү туура эмес. Биздин эң башкы милдет - кайрадан маданияттын туруктуу системасын жаратуу. Ошондой эле коомдо "маданияттын культун" түптөө зарыл. Бизди кубанткан нерсе - президентибиз маданиятты мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири катары баалап, "маданиятты көтөрмөйүн мамлекетти көтөрө албайбыз" деген сөзү улуттук маданияттын кайра жаралуусуна чоң үмүт байлап олтурат. - Сиз айткан "маданияттын культун" кандай түшүнсөк болот? - Маданият - өнөр алкагындагы гана түшүнүк эмес. Бул адам жашоосунун руханий барометри да болуп эсептелет. Брехт өз кезегинде айткан турбайбы, "Эгерде Адольф Гитлер болбоду дегенде Гетенин төрт сап ырын билгенде, ал эч качан фашист болбойт эле" деп. Достоевский учурунда "Сулуулук дүйнөнү сактайт" деген накыл кепти айткан. Бул сөздөрдүн уңгусу эмнеде жатат? Ыр да, сулуулук да - маданияттын бир үлбүрөк серпиндиси, демек, көкүрөгүңдө ошол сезимдин угуту уялаган Адам эч качан жамандыкка баралбайт. Маданият адамга адамдыктын уругун ыроолоп келген өзгөчө бир түшүнүк. Биз азыр жоголуп бараткан адеп-ахлакты, сатылып бараткан абийирди да, тепселип калган пенделик сезимди да мезгилдин күнөөсү катары, мезгил таңуулаган ыймансыздык катары карайбыз, туурабы? Бирок, бу мезгилдин күнөөсү эмес, мезгил, менин оюмча, өтүп бараткан убакыттын гана фикциясы. Эң оболу ошол кинени биз коңултак тартып бараткан жарды туюмдан, көр сезимден, ыдыраган адамдык ыймандан көрүшүбүз керек. Сезимдин туу чокусу - маданият, сезимдин маданияты. Ошол сезим маданияты жоголгондо биз маданияттын да уңгулуу маанисинен, б.а. "культунан" ажырайбыз, биротоло бейруханий "дөөлөттөрдүн" кулуна айланабыз. Адам жашоосун өзгөртүү үчүн баррикадага чыгуунун деле кажети жок, ага руханий гүлазык гана керек. Биз качан гана маданияттын нака табиятын Адам жүрөгүнө үрөндөй себалганыбызда гана анын "культун" жарата алабыз деген ойдомун. - Сиз драматург катары интеллигенттүүлүккө кандай карайсыз, анын негизги принциптериң эмнеде? - Интеллигентүүлүк - адамдын ички руханий анатомиясы. Менин оюмча анын, б.а. интеллигентүүлүктүн негизги принциби - интеллектуалдык эркиндикте. Эркиндик деген түшүнүк өзү ыймандык категория катары каралат. Интеллигенттүү Адам өзүнүн ыйманынан, өзүнүн ой-жүгүртүүсүнөн гана эркин болалбайт. - Сизди биз эң оболу чыгармачыл адам катары баалайбыз. Чиновник болгондон бери чыгармачылык "экинчи фронтко" айланып кеткен жокпу? Министрдин креслосунда олтуруп чыгарма жазганга убактыңыз жок болсо керек? - Чиновник болгондон бери чыгарма жазганга колум тийбей жатат десем туура эмес болот. Жакында эле "Ханышанын көз жашы" деген жаңы китебим жарык көрдү. "Учур" телетеатрында "Меккеге карай узак жол" аттуу пьесам сахнага коюлду. Эң башкысы, прозалык чыгармаларымдын жыйнагы Пекинден кытай тилинде, Санкт-Петербургда орус тилинде жарык көргөнү турат. Былтыр болсо дүйнөлүк атактуу "Би-Би-Си" англис тилинде "Акыркы керээз" пьесамды койду. Ал чыгармам "Би-Би-Синин" "Жети керемет" аттуу мыкты спектаклдер рейтингине кирди. - Гезитибиздин өткөн сандарында обончу Жалил Сыдыков, улуттук опера жана балет театрынын мурдагы башдиректору Тимур Саламатов министрликтин жана сиздин корооңузга таш ыргытты эле. Аны кандай комментарийлейсиз? - Мен жалааны комментарийлебейм, экөөнү тең өз абийирине койдум… Нурканбек КЕРИМБАЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|