Коомдук-саясый гезит
№39, 27.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Бопоросуң барбы

Эл билбесе, биз билебиз
Басмасөздөрдө Нарындагы Жетим тоосунда чыккан темир кени жана Ысыккөлдөгү Тоголок тоосундагы алтын кени жөнүндө окуп, буларды кытайлар иштетип жатышкандыгы, дегеле кытайлардын эмне иш жүргүзүп жатканы жөнүндө жергиликтүү элдин билбей келаткандыгы тууралуу угуп келатабыз. Ушулар тууралуу так маалымат бере аласыздарбы?
Кеңеш Мамбеталиев, Бишкек
Бул суроого геология
жана минералдык ресурстар мамагенттигинин лицензия берүү
бөлүмүнүн башчысы Сагындык ОБОМБАЕВ жооп берет:
- Нарын районуна караштуу Жетим тоосунда темирдин чоң запасы бар. Ага кытайлык фирма лицензия алып, чалгындоолорду баштаган. Бирок ал келишимди аткарбагандыктан биз лицензияны жокко чыгарганбыз. Ал жерде темир кени 37км созулуп жатат. Муну бир ишкананын иштетип кетүүсү кыйын, ошонүчүн аны үчкө бөлүп, эки бөлүгү үчүн фирмаларга лицензия бердик, үчүнчүсүнө жакында конкурс аркылуу беребиз. Булар болгону кенди чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Ушундай иштер жүрүп жатканын район акими, мамрегистр, айылөкмөтү жакшы билет. Анткени алар жерди берүүгө чечим чыгарып беришет. Жергиликтүү жашоочуларга аким же айылөкмөтү маалымат берүүлөрү керек эле.
Жетиөгүз районундагы Тоголок алтын кени Кытайдын чегарасына аябай жакын жайгашкан. Запасы 25 тоннанын тегерегинде. Ага да кытайлык бир фирма лицензия алып, чалгындоого аракет жасаган, бирок райондун акими, айылөкмөтү ушунча катуу турушуп, үч жыл бою жерге уруксат бербей коюшту. Ушундан кийин кытайлыктардын лицензиясын жокко чыгарып, азыр кыргызстандык адамдарга кайра лицензия бердик.

"Ыр жазып, домра ойнойм"
Кумтөрдүн алтыны боюнча кыргыздардын кызыкчылыгын коргоп келаткан ЖК депутаты Кубанычбек Исабековду алтындан башка да көп нерселерге кызыгат деп уктук. Ушу кишинин өзү жөнүндө билип берсеңер жакшы болот эле.
Айсары Кулбаракова, Жалалабат
ЖК депутаты Кубанычбек ИСАБЕКОВ:
- Мен көп эле нерсеге кызыгам. Ыр жазам. Кичи домрада ойночумун, учурунда оркестр менен Кремлдер сарайына чейин барып ойногонбуз. Мындан башка дизайн боюнча өзгөчө шыгым бар. Үйүмдү өз дизайным боюнча жасалгалаганбыз. Эмеректерди, идиш-аяктарды бүт өзүм тандайм.

"Ысык-атада дарыланып жүрөм"
Айтылуу ырчы, эл артисти Саламат Садыкова азыр кайда? Филармониядан кеткенден кийин кайсы жерде иштеп жатат? Качан концерт берет болдукен?
Алмагүл Ниязалиева, Карабалта
Суроону Саламат Садыкованын өзүнө
узаттык:
- Азыр Ысыката курортунда дарыланып жүрөм, кымыз ичип жатам. Кышында катуу грипп болуп, бронхаларга суук тийген экен. Ырчы үчүн бул аябай олуттуу нерсе. Эл ичинде жүрөм, аман-эсен. Денсоолугумду оңдоп алсам, андан кийин бир жеке концерт берсем деп ойлонуп атам.

Эмне үчүн эки жүз сом?
Эл арасына "физприбор мончосу" деп аталып кеткен мончонун бир кишиге баасы мурда 100 сом эле, өткөндө барсам, жалпы бөлүмүн шак эле 200 сомго көтөрүптүр. Элдин бардыгы нааразы болуп, бааны эмнеге көтөрдүңөр десек, администратору "кошумча шкафтарды, бар коштук, ошонүчүн кымбаттады" деди. Жууна турган, буулана турган жерлер мурдагыдай эле тар. Жадаса дагара кое турган жер болбой, аялдар бири-бири менен урушуп калышты. 200 сом алып жатса, эмне үчүн жакшы шарт түзүлбөйт?
Айнура Мусакунова,
Бишкек
Ошол мончого чалсак, дегеле трубка көтөргөн
адам болбоду. Өкмөт алдындагы монополияга каршы жана атаандаштыкты өнүктүрүү мамагенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгына кайрылсак, башкы адис Ниязбек МОЙДУНОВ төмөнкүчө жооп берди:
- Ал жеке мончо, ошонүчүн эчнерсе кылалбайбыз. Эгерде бизге тиешелүү кагаз болгондо биз анын чыгымын, кирешесин аныктап берип, бааны ушундан көтөрбөйсүңөр деп карап турмакпыз. Биз шаардагы ?3, ?6 мончолорго гана ошондой көзөмөл жүргүзө алабыз.

Жалгыз бала, кыз бала…
Биздин айыл өкмөтүбүздүн алдындагы жер комиссиясы үйбүлөдөгү жалгыз уулга, кичүү балага жана кызга үй куруу үчүн жер участогу берилбесин деген чечим чыгарыптыр. Себеби, жалгыз уул же кичүү бала ата-энесинин колунда калат, кыз болсо бирөөнүн бүлөсү деп түшүндүрүштү. Ушундай чечим туурабы?
З. Мамбеталиева,
Сокулук
Тилекке каршы,
окурман кайсы айылдан экенин жазбаптыр.
Ошого карабай бул
суроого Сокулук райондук акиминин орунбасары Руслан АЛБАЕВ төмөнкүдөй жооп берди:
- Мурда айылдарда жерди айылөкмөтүнүн башчысы өзү эле берип койчу. Биртоптон бери айылөкмөттөрүнүн алдында атайын жер комиссиясы иштей баштады. Жер участогу азыр адегенде мугалимдерге, ФАПта иштегендерге, милиционерлерге, чернобылчыларга, ооганчыларга берилет. Андан кийин үч, эки, бир баласы барларга берилет. З.Мамбеталиева ушу категориялардын кайсынысына кирерин тактаса болмок.
Даярдаган Аскер САКЫБАЕВА




 

Шахмат
Өлкөбүздүн 70-юбилейлик чемпионаты акыркы коңгуроо күнү соңуна чыкты. Жыйынтыгында 6 спортчу Германиянын Дрезден шаарында өтө турган шахмат боюнча Дүйнөлүк олимпиадага жолдомо алышты. Алар: Леонид Юртаев (эларалык гроссмейстер, Кыргызстандын чемпиону), Болот Такырбашев (спорт чебери), Нурдин Самаков (спорт чебери), Төлөгөн тегин Семетей (ФИДЕ чебери) жана Эмил Молдобаев (эларалык гроссмейстер) менен Таалай Иманалиев (ФИДЕ чебери). Швейцариялык системада өткөн 11 турдук мелдеште республикабыздын жети дубанынан келген 40 шахматчы ат салышкан.

Эркин күрөш
Кожомкул балбандын жаркын элесине арналган эларалык турнир 25-майда аяктады. Турнирде Россия, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан жана кыргызстандык 150гө чукул балбан күч сынашты. Эки күнгө созулган турнирде мекендештерибиз байгелүү орундарга ээ болушту. Алсак, Орозбек уулу Нурлан (55 кг салмактык категорияда) менен Базар Базаргуруев (60 кг салмактык категорияда) финалдык беттеште кытайлык балбанды жеңип, баш байгеге ээ болушса, 66 кг салмактык категорияда Азат Дөнбаев жана Ахмед Матчинов (Токмок) алтын медаль тагынышты. Ал эми, Олимпиадалык жолдомонун ээси Артен Гитинов (Кыргызстан) финалдык таймашта россиялык спортчу Вандан Базаровду (74 кг салмактык категорияда) жеңип алса, Жылдызбек Давлеталиев (96 кг салмактык категорияда, "Алыш" спорт клубу) күмүш медалга татыктуу болду.

Стол тенниси
Алмата (Казакстан) шаарында өткөн Ортоазия балдар клубу чемпионатынын 2-туруна Казакстан (Алмата, Тараз, Астана, Шымкент, Караганда), Өзбекстан (Ташкент) жана Кыргызстандын (Бишкек, Токмок, Нарын) спортчулары катышышты. Мелдеште 35 команда (115 жаш спортчу) ат салышкан. 1-2-орунду Кыргызстандын "Вечерний Бишкек" (курамында Михаил Белоглазов, Жандос Аринов, Бектемир Исмаилов) жана Казакстандын "Астана-Держава-1" командалары багындырса, 3-орунга "Хванмангым" (Өзбекстан) командасы татыктуу болгон. Аталган чемпионат 4 этапта өтөт жана кийинки туру август айында Өзбекстанда уланат. Жыйынтыктоочу 4-тур Токмок шаарында (Кыргызстанда) өтөрү маалым.

Ат спорту
25-майда дүйнө кубогунун Ортоазиялык этабы аяктады. Биринчи орунга 12 айыптык упай менен Казакстан командасы ээ болсо, күмүш медалга өзбек туугандар татыктуу болушту (24 айыптык упай). Андан кийинки орун Кыргызстандын командасына буйуруптур (Андрей Шалохин, Ольга Сорокина, Садыр Мамытов жана Дмитрий Шупинский). "Жоокер" конкурсунда (бийиктиги 130-140 см) мекендешибиз Мурза Токтобеков 4-орунга ээ болсо, Ольга Сорокина 6-орунду камсыз кылган. Дүйнө кубогунун баш байгесин (бийиктиги 150 см) талашууда казак спортчусу Егор Мороцкий лидерликти колдон чыгарган жок. "Эл достугу" (жыйынтыктоочу бөлүк) кубогунда эларалык спорт чебери Садыр Мамытов (Кыргызстан) 4-орунга ээ болду.
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan