![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №40, 30.05.08-ж. |
Меймансап Форум Канталамай качан токтойт? Алтын - алып, тынга айланды Жараткан бизден табият байлыктарын аяган эмес. Алтынга бай кендер бизде көп, туура пайдалансак, алар бизди четэлдик карыздан куткарып, заманбап ишканаларды түзүүгө, Нарын дарыясына гидроэлектростанцияларды курууга мүмкүндүк бермек. Мен алтын кендери жөнүндө республика бийлиги жаңылыштыгын Россиядагы, Өзбекстандагы, Казакстандагы жана Африка, Латынамерика өлкөлөрүндөгү четэлдик инвесторлордун иш-тажрыйбаларына негиздеп айтып келем. Булардын бирөөндө да казылган алтындын 10 пайызын кен ээсине калтырган факт кездешпейт. Маселени жакшы түшүнбөгөн жана жетеленме кыргыз чиновниктеринин айынан өкмөт менен канадалык компания ортосундагы өткөн жылдагы Кыргызстанды артка таштап, бизди кемсинткен макулдашууну Жогорку Кеңештин заседаниесинде бекитүү алдында турабыз. Канадалыктар эмне үчүн Жогорку Кеңештин бекемдөөсүнө зар? Себеби, 2007-жылдын августундагы макулдашууну ЖК бекемдесе, ал эларалык жана башка арбитраждык соттордо өлкөнүн бардык мыйзам актыларынан жогору болот, биз алтын түгөнгүчө аны четэлдик шылуундарга бекер берүүгө мажбур болобуз. 1993-жылдан берки Кумтөр боюнча бардык макулдашуулар өткөн жылдагы "Центерра" жана "Камеко корпорейшн" менен тыгыз байланышта экенин эмне үчүн түшүнбөйбүз? Мындан чыгуунун жолу: ЖК жыйынында жогоруда айтылган макулдашууну карабай туруп, "Камеко" менен түзүлгөн мурдагы бардык документтерди мыйзамсыз деп таап, Кумтөрдөн алтын казууну токтотуу керек. Ал жердеги бардык өндүрүш Кыргызстан менен бирдикте түзүлгөн. Эмне үчүн алтындын 90 пайызын башкалар алып, биз 10 эле пайызга ыраазы болушубуз керек? Же "Кумтөр оперейтинг компани" кыргыз өкмөтү менен "Камеконун" биргелешкен ишканасы экенин, ал Кумтөрдү он жыл башкарып, алтын өндүрүү үчүн кредиттер бирге алынып, ал үчүн 600 млн. долларлык кыргыз алтыны менен төлөп келатканыбызды эмнеге түшүнбөйбүз? Бул тууралуу ААК "Кыргызалтын", өкмөт, Финмин, Улуттук банк, парламент эмне үчүн унчукпайт? ЖК вице-спикери К. Исабековдун ниети жакшы, бирок ал дагы жер салыгына, акцияларды көбөйтүү, туура эмес берилген лицензиялар сыяктуу майда-барат маселелер менен алек болууда. Биз үчүн эң башкысы, казылып жаткан алтындын көбүн Кыргызстанда калтыруу. Канадалыктар биздин алтынды дагы 40-50 жыл казышат. Мындайда биз аларды Кумтөрдүн алтынын Кыргызстанга пайдалуу шартта бөлүшүүгө мажбур кылуубуз керек. Кыргыз бийликтери муну жасай албаса, ишти атайын улуттук комиссияга тапшырса, ага биздеги бардык эларалык институттар жардам берет. Өлкө жетекчилери өздөрүнүн алсыздыгы менен элди терең сазга батыргандыгын, бул маселе чечилбесе, коомчулук тынчып, стабилдүүлүк орнобой турганын билип койгондору оң. Биз четэлдик компанияларга алтын кенин чалгындоолорго жана кенди иштетүүгө берилген лицензиялардын бардыгын жокко чыгаруубуз керек. Буга себептер жетиштүү, анткени алардын бири да лицензиялык келишимди аткарышкан эмес жана лицензиялар мыйзамсыз жол менен алынган. О. э. алар алтын өндүрүүгө эмес, биздин кенбайлыктарды ээлеп алуу үчүн гана түзүлгөн. Кумтөр маселесинде татаал эчнерсе жок. 15 жыл бою башка өлкөлөргө маскара болгонубуз жетишет, ошонүчүн терең ойлонуп, абдан салмактанган мамлекеттик чечим кабыл алсак, ал четэлдик инвесторлор менен андан аркы карым-катышты да жөнгө салат. Азыр бизди өзүбүздүн эле кыкеңбайлар кокус канадалыктар эларалык сотко берип, алар утуп алса кантебиз менен коркутууда. Биз бул соттон эмес, болочок урпактардын ырысын кырккандан коркуп, дүйнөлүк фонду биржаларында "Тяньшандын алтын куру" атка конгон алтын кендердин запастарын уурдоого жол берген кыргыз өлкө башчыларына наалат айтуубуз орундуу. Дүйнө жүзүнө кудай берген байлыгын өз керегине жумшай албайт деген маскара-шылдыңдан коркушубуз керек. Эми мындан башка алтын кендерибиздин тегерегинде эмне оюндар жүрүп атат? Жерүй алтын кенинен бир тонна рудадан 6,3 грамм алтын чыгат. Бул алтындын укмуштай көп экенин айтып турат. 1993-жылдан баштап, өкмөт Жерүй боюнча 7 токтом, Жогорку Кеңеш эки чечим кабыл алды. Булардын бири да аткарылган жок. Четэлдик компаниялар биздин мындай мамилени көрүп, каалагандарын кылууда. Натыйжада Жерүйдөн алтын эмдигиче өндүрүлө элек. Он беш жыл ичинде Жерүй бешинчи четэлдик компаниянын колуна тийди. Талас жергесиндеги алтындын эсебинен чоң пайда көргөн акыркы эки компанияга токтоло кетейин. "Оксус" компаниясы 2006-жылы лицензия келишимдерин аткарбаган соң лицензиясын алдырып жиберет да, кыргыз өкмөтүнө койгон доосун "Казак голд групп" компаниясынан өндүрүп алууга макул болуп, андан 73 млн. доллар өндүрөт. Бул компания өткөн жылы "Кыргызалтын" менен бирге "Жерүйалтын" компаниясын түзүп, ал Жерүй алтынын иштетүүгө лицензия алат. 6-майда Лондондо "Оксустун" баш директору Ричард Вилкинс Жерүйгө кетирген чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн казактардан дагы 80 млн. доллар аларын билдирди. Ошентип, "Оксус" жөн эле жерден 150 млн. доллар пайда көрүп жатса, биздин казына бир цент да көргөн жок. Бирок Жерүй алтын кенинин активи дагы өсүп жатат, эми аталган казак компаниясы менен байланышы бар адамдар Жерүйдүн алтынын башка казак компаниясына "Визор холдингге" берип жатышат. Чак түштө башкалар алтынын сатып байып атса, кыргыз бийлиги, эли эмнени карап отурушат? Мамлекеттик органдардын бирөө да 2007-жылдын 27-июлундагы Жерүй боюнча лицензиялык келишимде жазылган алтынды иштетүү боюнча жаңы долбоорду жана 2008-жылы алтын кенди өздөштүрүүнү үзгүлтүккө учуратканы үчүн тигилерге доо коеюн деген ою жок. Эң өкүнүчтүүсү, четэлдик компаниялар берилген лицензиялар негизинде алтын өндүрбөй туруп эле алтын кендердин активдерин сатып баюу системасын жолго коюп алышкандыгы жан кейитет. "Тяньшандын алтын куру" бүгүн четэлдиктер үчүн ачык, алтын-жез кени бар "Талдыбулак-талас" кенин чалгындап, 2007-2008 жылдары бир участокто геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүп, "Леро голд" деген британиялык компания ал жерде 1,6 млн.унций алтын, 300 млн.фунт жез бар экенин тастыктады(1 фунт-0,4536 кг) . Азыр башка участоктордо да чалгындоо иштери жакшы темпте жүрүүдө. 2008-жылдын 18-апрелинде британиялык дагы бир "Европа минерал групп" менен "Леро голд" ушу кенди иштетүү үчүн бириге тургандыгын чечишти. Четэлдик компаниялар бул эле эмес, Кыргызстандын бардык аймактарында жайгашкан 10-12 алтын чыккан жерлердин активдерин алып-сатып жатышат. Муну көрүп, билип турса да геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттик, ААК "Кыргызалтын" эчтеке болбогонсууда. Биздин жалпы экономикабыз кандай начар, жоопкерчиликсиз болсо, алар да ушундай кейипте. Мындайда биздин карап турганыбыз чыккынчылыкка барабар. Базарбай МАМБЕТОВ, эларалык эксперт Арбак тынч уктасын! Жангороз КАНИМЕТОВ, ЖК депутаты: "Валиханов кыргыз үчүн кылбаганды кылган" Ысыккөлгө Чокан Валиханов менен Боронбайдын эстелигин тургузуу боюнча коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. ЖК депутаты Жангороз Каниметов бул экөөнүн эстелигинин көл четине коюлушун туура деп эсептейт. Эмне үчүн? Ушул суроо менен депутатка кайрылдык. - Жангороз мырза, Чокан Валихановдун эстелигин тургузуу саясый заказ эмеспи? - "Ысыккөл" фонду деген биздин уюм бар. Ага биртоп аттуу-баштуу инсандар мүчө болуп кирген. Валиханов менен Боронбайдын эстелигин тургузуу боюнча эки-үч жылдан бери бир катар талкууларды жүргүзгөнбүз. Бул эч кандай саясый заказ эмес. Биздин баштапкы оюбуз Боронбайдын эстелигин тургузуу болчу. Ал эми Валихановдун эстелигин кошо тургузуунун себеби, ал кыргыздын тарыхын, оозеки чыгармаларын жазып алган. Ошондо Валихановго көп маалыматтарды Боронбай бий айтып берген экен. Ал эми Боронбайдын өргөөсүндө манасчы манас айтып берип, биринчи жолу улуу эпосту Европага тараткан Чокан Валиханов болгон. Анын ушул эмгегин эске алдык. - Бирок Ч.Валиханов ушул эмгеги менен катар эле орустарга маалымат жеткирип тургандыгы айтылат. - Туура, ал географиялык коомдун мүчөсү болуп, орус офицери катары келген. Ошондо Пржевальский, Семенов-Тяньшанский сыяктуу ж.б. орус саякатчылары Ысыккөлдөй кооз жерде кыргыздардын жашап турганы туура эмес деп айтышкан. Бирок Боронбайдын көлдү кыргыздар үчүн сактап калуудагы эмгеги өтө зор. Буга Чокан Валиханов да чоң себепчи болгон. Ал орустардын ички сырларын, мүдөөлөрүн Боронбайга билдирип, кандай аракеттерди жүргүзүү керек экендиги жөнүндө кеңеш да берген. Боронбай ошонун натыйжасында элди, жерди сактап калган десек болот. Ал муну менен кыргызга боордош экенин, чыныгы биртуугандыгын көрсөткөн. Ошондуктан бир жактуу каралай берүүгө болбойт. Валиханов Боронбай өлгөндөн кийин да менин карыя досум деп арбагына куран окутуп кеткен экен. Дагы бир айта кетчү сөз, Каркыра, пансионаттар маселеси менен муну байланыштырбоо керек. Ал - бүгүнкү саясат. Боронбай менен Валихановдун эстелигинин бир катарга тургузуунун дагы бир сыры - Валиханов дүйнөгө таанымал окумуштуу экени чындык. Казактар аны гений катары көрүшөт. Валиханов атындагы институт бар. Ал айтылуу Чыңгызхандын урпактарынан. Демек, Валиханов аркылуу Боронбай таанылып атпайбы. Анүстүнө Ысыккөлгө келген туристтердин басымдуу бөлүгүн казак туугандар түзөт. Биз майда-барат пендечиликтерге байланбай, эки элдин ынтымагы үчүн улуу иштерди жасашыбыз керек. Кыргызга эң жакын тууган казак экенин унутпайлы. Келдибек НАЗИРОВ P.S. "Агым" Ч.Валихановдун эмгегин урматтуу депутат сыяктуу эле баалайт. Бирок анын эстелиги кандай шартта, кандай зарылчылыкта Кыргызстанда орноп атканына түшүнбөйт. Бул - бир. Экинчиден, урматтуу депутат Валихановду кай негизде "дүйнөлүк" деп атканы түшүнүксүз. Биз ал азаматтын арбагына көлөкө түшүргүбүз келбейт, бирок... Жакында биздин мыктычыкма тарыхчыларыбызга кайрылабыз. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|