Коомдук-саясый гезит
№40, 30.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Билимторбо

Кытайдан коркпой, андан үйрөнгөн пайдалуу
Бишкек гуманитардык университетинде Кытай маданиятынын күндөрү өтүп жатат. 15-июнда бул окуу жайында Конфуций институтунун расмий ачылыш аземи болот. Ушуга байланыштуу биз БГУнун ректору, профессор Абдылда Мусаевди кепке тарттык.

- Абдылда агай, сиздерде Кытай өлкөсүнө байланыштуу ар кандай кызыктуу иш-чаралар өтүп жатыптыр. Ошолордун чоо-жайы жөнүндө учкай сөз козгосоңуз.
- Алгач эки өлкөнүн мамилелери жөнүндө айта кетсем. Кыргыздардын Кытай менен болгон өзара байланыштарынын тамыры тээ байыркы замандардын тереңинде катылып жатканы небак эле илимий жактан далилденгени белгилүү. Бул өлкөнүн архивдеринде сакталып, 3-4 жыл мурда гана жарыяланган расмий тарыхый документтерге таянсак, алар коңшулаш эки элдин ортосундагы достук байланыштар мындан эки жарым миң жыл илгери эле калыптана баштаганынан кабар берет. Арийне, кыргыз-кытай карым-катнаштарынын андан ары да кеңири өнүгүп-өрчүп кетишинде Улуу Кытай Жибек жолу теңдешсиз мааниге ээ болгону талашсыз. Дүйнөлүк маанидеги бул тарыхый каттам тек гана биздин элдердин гана эмес, ондогон мамлекеттердин ортосундагы экономикалык, соода-сатык, илимий, маданий ж.б. багыттардагы алакалардын кеңири кулач жайышына ыңгайлуу шарттарды түзүп берген.
Көп жылдар бою ар кандай себептер менен Кытай алыскы өлкөлөр үчүн эле эмес, жанында жашаган биз үчүн да табышмактуу өлкөдөй кабыл алынып келген. Кийинки кездерде ошол сырдуу сандык ачыла баштады. Эгемендүү өлкө болгондон бери карым-катнашыбыз кеңейип, ШОС уюмунда бирге кызматташып келатабыз. Келечек кенен ачылууда.
Кытай бүгүн өтө тез темп менен өсүп жатат. Келерки жарым кылымдын ичинде экономикалык кубаты боюнча дүйнөдө биринчи болбосо да, шексиз экинчи орунга чыкчудай. Бул феномендин себептеринин бири - Кытай башка өлкөлөрдүн үлгүлүү тажрыйбасын тартынбай колдонот. Доор өзгөрүлө баштаган бүгүнкү шартта биз да Кытайды туура түшүнүшүбүз керек.
Кытай элинин кылымдар карыткан рухий мурастары менен таанышып, аларды мүмкүн болушунча терең изилдөөнүн биз үчүн мааниси зор. Биринчиден, анда өзүбүздүн улуттук дөөлөттөрүбүзгө окшош, үндөш жактары көп жана бул таңгаларлык нерсе эмес. Бабаларыбыз миңдеген жылдар бою коңшулаш жашап, өз ара маданий мамилелери үзүлбөй келгендиктен, бири-бирине таасир тийгизбей койгон эмес. Ошону баамдап, тагырак аныктап алуу - биз үчүн баалуу олжо.
Кечеки СССР менен Кытайдын ортосундагы идеологиялык жактан пикир келишпестиктердин залалы менен солгундап кеткен эки тараптуу мамилелер союз ыдырап, Кыргызстан өз алдынча эгемендүүлүккө жетишкенден кийин биздин улуу кошунабыз менен болгон өз ара пайдалуу байланыштар тездик менен жандана баштады. Буга Кытайдын биздин республикабыздын көзкаранды эместигин эң алгачкылардан болуп тааныганы өтө зор роль ойноду деп ырастоого болот.
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык байланыштарды түзүү боюнча биргелешкен коммюникеге кол коюлган мезгилден тарта, эки өлкө саясый, экономикалык, соода-сатык жана гуманитардык мамилелерди андан ары да ылдамдатылган адым менен өнүктүрүп келе жатышат.
Республиканын билим берүү тутумунда кытай тили менен чыгыш маданиятын үйрөнүп билүү маселелери учурда алдыңкы чектерге чыгып жатканы мыйзамченемдүү көрүнүш.
- Билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө силердин окуу жайдын бул багыттагы аракеттери тууралуу да айтсаңыз.
- Чын-чынына келгенде, биздин университет кытай таануучуларды даярдоонун Кыргызстандагы негизги борбору. Муну азыр ачык эле айтып коюш керек. Борбордук Азиядагы жападан жалгыз кытай тили боюнча тестирлөө борбору да бизде, ошондой эле кытай таануучулардын ассоциациясы иштеп жатат, бир катар борборлор, методикалык кабинеттерибиз бар. Сабактарды негизинен Кытайдан келген кесипкөй адистер өтүшөт. 200гө жакын кытайлык студенттер БГУда билим алып жатышат. Биздин көптөгөн студенттер кытай университеттеринде стажировкадан өтүп, окууларын улантууда.
Кытайдын алдыңкы университеттери менен кызматташуубуз уламдан-улам тереңдөөдө. Бир сөз менен айтканда, биздин өзүбүздө эле эмес, Кытайда да биздин университетти жакшы таанышат жана сыйлашат. Айтмакчы, жакында эле биринчи жолу кытай тили боюнча мугалимдердин республикалык конкурсун Кытай элчилиги, Кыргызстандагы кытай таануучулардын ассоциациясы менен бирдикте өткөрдүк. Ал эми Кытайдагы жакында болуп өткөн жер титирөөгө байланыштуу студенттерибиз чоң акция уюштуруп, каражат жыйнап, аны жапа чеккендерге жардам иретинде Кытай элчилигине өткөрүп беришти.
- Кытай элинин эң уюткулуу рухий дөөлөттөрүнүн бири - Конфуцийдин мурастары эмеспи.
- Кытай дүйнөлүк цивилизациянын өсүп-өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон көптөгөн мыкты залкарлардын мекени. Ошондойлордун алдыңкы сабында 2500 жылдан ашык мезгилден бери карай улуу окумуштуу, ойчул, философ Конфуций келе жатат. Анын ысмы Кытайда гана эмес, андан сырткаркы жерлерде да агартуу, билим берүү, маданият, руханий дөөлөттөр менен ажырагыс айкалышкан, кайталангыс керемет эмеспи.
Тагдырдын буйругу менен эшиктеш жашап, алакабыз кулач жайып бараткан бүгүнкү доордо кытай элинин улуттук рухун Конфуцийсиз түшүнүү мүмкүн эмес. Жалгыз эле аны эмес, калган классиктерин, алардын ичинде Лаоцзы жана башкаларды да билишибиз кажет. Албетте, Конфуцийдин айткан акылдарын, берген кеңештерин азыркы замандын өңүтүнөн карап, пайдалуу жактарын колдонуп, бизге ылайыксыздарына тек гана кытай мурасы катары мамиле кылуу-табигий нерсе. Кытайдан коркпой, андан үйрөнүш өзүбүзгө эле пайдалуу. Себеби, тарыхтын агымы ошону буюрат. Конфуций биз үчүн Кытайдын символу. Айрыкча, анын адам баласын чыныгы адам кылуу максаты бүгүнкү цивилизациянын эң маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп эсептелет.
- Конфуций институту тууралуу бир топ эле сөздөр айтылууда. Анын максаты жана келечеги жөнүндө токтоло кетсеңиз.
- Конфуций институтун Кытайдын чет өлкөдөгү абдан маанилүү маданий-агартуучулук борбору катары эсептесек туура болмокчу. Бул институтту азыркы тил менен айтканда, Кытайдын маданий бренди десек да болот. Кытай өлкөсү бул Институтка абдан чоң маани берип, аны өздөрү сыйлаган жана барктаган окуу жайларында гана ачат. Бүгүнкү күнү мындай институттар дүйнөнүн 70 ири өлкөсүндө иштеп жатат. Алардын максаты - дүйнө элдеринин Кытайды жана анын маданиятын терең түшүнүүгө өбөлгө түзүү, бөлөк өлкөлөр менен достук байланыштарды күчөтүү, дүйнө элдеринин гармонияга, өз ара сыйлоого негизделген мамилелерин чыңдоо.
Кыргызстандагы Конфуций институтунун ачылышы жөнүндөгү маселе былтыр Шанхай Кызматташтык Уюмунун биздин өлкөдө өткөн кеңешмесинде чечилген. Ал эми бул институттун БГУда ачылып отурушу - биз үчүн чоң сыймык дагы, жоопкерчилик дагы.
- Демек, Конфуций институтун ачылды десек болот экен да?
- Былтыр аны ачуу жөнүндө чечим гана кабыл алынган. Жарым жылдан бери Кытай тарап менен бирдикте бул багытта даярдык иштерин жүргүздүк. Аны жүзөгө ашыруу максатында Кытайдагы эң ири окуу жайлардын бири - Синьцзян университети бизге өнөктөш болуп бекитилген. Кыргызстандагы Кытайдын элчисинин да бу багытта кыйла эмгеги бар. Бүгүнкү күнү даярдыктар толук бүттү. Учурда биздин университетте кытай маданиятынын күндөрү өтүүдө. Атайын түзүлгөн план боюнча кытай өлкөсүнө байланыштуу ар кандай агартуу, маданий иш-чаралар өтүүдө. Алар түрдүү конкурстар, лекциялар, көргөзмөлөр, кинофильмдер ж.б. Ушул маданий күндөрдүн алкагында Конфуций институтунун расмий ачылыш аземи болот. Ал күндү 15-июнь деп белгиледик. Анткени, туптуура 7 жыл мурун ушул күнү ШОС уюшулган экен. Бул иш-чаралар билим жана илим министрлигинин колдоосу менен өтүп жатат.
Нуркан КЕРИМБАЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan