Коомдук-саясый гезит
№40, 30.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Актоо эмес тактоо

"Арсыз - арызчыл "болот" дешчү беле?
же радиону түшүнбөй келип,
түшүнбөй кеткен Марип Тайчабаров
Үстүбүздөгү жылдын 27-майында "Агым" гезитине "Болочок ажо менен маңдай-тескей отурганы, Н.Досболдун убадасын бузганы, А. Кадырова менен кармашканы жөнүндө" деген макала-маек жарык көрдү


Атына заты жарашкан бул макала-маекте М.Тайчабаров Улуттук радиодо кантип иштегендигин саймедиреп сайраганы менен өзүнүн нары жагында радиожурналистика боюнча көрөңгөсү жок экендигин, радионун сырын билип, "жаагын айрыган" кызматкерлерди - эмгек жамаатын башкарууга акылы, билими, анысы аз келгенсип, уюштуруучулук таланты жетишпей калгандыгын жашырып, өзүн "таланттуу, уюштургуч, реформатор" катары көрсөтүп, 2005-жылдагы революция М. Тайчабаровдун жеке эмгеги менен болгонсуп, бийликке милдет кылып, догурунуп, күнөөнү ар кимден издеп, бирде Досбол Нур уулуна асылса, улуттук радиодо иштей албай кетип калгандыгын А.Кадыровадан көрүп, бирде өзү менен бирге иштегендерге асылып, арман-асиретин төгөт...
"Революция болгондон бир жумадан кийин Досбол Нур уулу редакцияга келип, "Бул кызга (азыркы редакторуна) "Жаңы кылымды" өткөрүп бер, сени "Кыргыз Туусуна" жибермей болдук. Үсөн ака айтты" деди. Мен "президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгы чыкмайынча гезитти бербейм. Каттоодон өзүм өткөрүп ачкам. Мушташсаңар мушташам, атышсаңар атышам. Азырынча ала албайсыңар" деп бетине айттым..." ("Агым" 27.05.2008)
Жакшы иштесе, акылы курч, билими терең, уюштургуч болсо, өзү айткандай революцияга чындап катышса, андан эч ким качмак эмес. "Кетем!" деген күндө да "айланайын Марип кетпе, иштеп бер, чогуу иштейли?" деп акедей асылып кое бермек эмес. Жөндөмү жогунан, адамдар менен мамиле жасай албагандыгынан улам алар андан жаа бою качышкан. Тайчабаров болсо күнөөнү Досбол Нур уулунан издеп, "акча карыз" деп шантаж кылып, жок жерден догурунуп, жанталашып жалаа жаап атат. Досбол Нур уулунун ошол кезде эле Тайчабаров жөнүндө аны "акча төлөп жалдап иштетишкендигин, гезит чыгаргандыгы үчүн эмгек акыларын беришкендигин, ишти баштарда жакшы киши болуп, иштерман, колунан бир нерсе келе тургандыгын айтып ынандыргандыгын, кийин адамгерчилик сапатты сактабай улуу-кичүү дегенди билбей, ызы-чуу салып ишти ойрондотуп, "үкам" деп эркелетип, жакшы мамиле кылып койсо аны билбей көпкүлөң тартып, өз билгенин жасай бергенинен "Жаңы кылымдан" кетирип, ошондо да аяп башка ишке которушканын" айтып жүргөнүн кулагыбыз чалганы бар. Көрсө, эмгек китепчесинде жазылып жүргөндөй М. Т. ар бир жаңы кызматында болгону 6-7 айдан гана иштей турган "лимити" бар экен.
Биз бул жооп катта анын УТРКнын радиосу тууралуу айткан майда-чүйдө сөздөрүнө эмес, айрым бир урунттуу жагдайларына эле токтоло кетели.
"Беш ай Улуттук радионун "Кыргызстан" маалымат башкы редакциясында башкы редактор болуп иштедим. Жекшембиде гана эс алып, калган күндөрү майрам күн болсо да 8.00-21.00 гө чейин бир да жумушту калтырбай радионун "тегирменинде" айландым." дейт. Улуттук радионун маалымат - талдоо кызматынын иши убакыт менен эсептелбей турган мүнөзгө ээ экендигин М.Т. билиши керек эле. Ал редакциянын кызматкерлери менен болгон эмгек келишиминде көрсөтүлгөн. Мындан "эртең мененки саат 8ден кечки саат 9га чейин иштедим" деп өзүн ишкер, мыкты, эмгекчил көрсөтүү радиосистемасында иштегендер үчүн уят болот.
Өзүн реформатор катары көрсөтүп, "журналистерге учур маселесин, камтылбаган тармактар, проблемалар боюнча долбоор жазгыла деп жарыя жазып, айрымдарын бул маселе боюнча сен иште деп сунуштап, 12 берүүнү программага киргиздим..." дейт. Жаңы долбоорлорду жазуу Башкы директордун орун басары А.Кадырованын идеясы болчу. "Жаңы долбоор жазгыла!" деп бизге айтып, Тайчабаровго тынбай "Кызматкерлерге жаңы долбоор жаздыргын" деп эскертип, идея берип түртмөктөп жол көрсөтүп, талап кылып сурап турчу. Тайчабаровдун бул жерде дагы караандай калпты шыпыртканына таң калдык.
М. Т. эч качан өзү айткандай 12 долбоорду ачкан эмес. Анын ичинен айрым бир уктуруулардын баштарындагы шапкалары алмаштырылып, темасы, маани-мазмуну ошол бойдон калды. Мисалы, "Бизнес клуб" дегендин ордуна "Базар шартында", "Билим" болсо "Кут билим" болуп өзгөртүлдү. "Жер жана адам" дегенди тээ жетимишинчи жылдардагы совет доорунда малдар күтүрөп турган эски учурга окшотуп "Төрт түлүгүң аманбы?" деген шапка менен алмаштырам деп кызматкерлерге күлкү болду. "Биринчи байлык денсоолук" "Улут саламаттыгы" деген уктуруудан алмаштырылды. Эч кандай жаңылык кирген жок.
Биз "Кыргызстан" маалымат-аналитикалык редакциясында иштеген учурда өзүнүн билимсиздигинен "жүдөп-какап" жүргөн М.Тайчабаровдун мынчалык дымагы бар экенин билбепбиз. Өзүнүн макала-маегинде А.Кадырованы бирөөдөн үйрөнүп алган "журналистика боюнча түшүнүгү жок" деген сөз менен баалаганына аргасыз жылмаят экенсиң. Кантип ушу 25 жылдан бери Телерадио тармагынын казанында кайнап келген, 32 жылдан бери журналисттер союзунун мүчөсү болгон , жалпы журтка таанымал А.Кадырова журналистика боюнча түшүнбөй калсын. Эми бул сөздү башка бирөө айтса да, " мурдунун богун аарчый албаган" Марип мырза айтпай эле койсо болмок.
"Жумушчу 5 күндө кечки саат 18ден 19га чейин бир сааттык түз эфир кетет экен. Чакырылган ким келсе эле туш келди темада радио берилип жатыптыр"- деп жазыптыр. Бул уктуруу өлкөдө болуп жаткан ар кандай эл күтпөгөн окуяларга, өзгөрүүлөргө, жаңылыктарга карата актуалдуу теманын тегерегинде өтө оперативдүү түрдө даярдалып, эфирге чыгарылат. Бул "Күндүн темасы" деген ток шоу. Мисалы, өлкөдө элдер күтпөгөн кандайдыр бир жаңылык же окуя болсо, аны дал ошол күнү ошол темага түздөн-түз тиешеси бар эксперттер, жетекчилер, адистер чакырылат да, дал ошол окуяны же өзгөрүүнү түз байланыш аркылуу элге убагында түшүндүрүп, суроолоруна жооп беришет. Бул уктурууну бир жума мурда даярдоого болбойт. Эскирип кетет. Беш ай бою иштесе да Тайчабаров муну түшүнбөй келип , түшүнбөгөн бойдон кетти.
"Редакцияда иштегендердин ар биринин милдети такталып, жоопкерчилик сурала баштады. Чыгармачылык талап коюлуп, эмгек тартиби көзөмөлгө алынды. Мунун натыйжасында радионун жетекчиси Анаш Кадырова менен менин ортомдо төмөнкүдөй келишкис тирешүү пайда болду. ... Мени башкы редактор катары эсептешпей, мага айтпай журналисттерге туура эмес тапшырма берип, алар мага айтып, белгиленген берүүлөр үзгүлтүккө учураганы калганда аныкы туура эмес, менин айтканымды жаса деп тилин албай койдум" дейт.
Биз бул тирешүүнүн бир себебин жакшы билебиз. Өзүңүздөргө белгилүү, бир учурда Майлысууда балдар ууланды. А.Кадырова аны угар замат түнкү саат 10до редактор Сагынбек Абдыкалыковго тапшырма берип, Бишкек шаарындагы санэпидстанция жана башка тиешелүү адистер менен биргеликте атайын рейд жасап, Бишкектеги жана Бишкектин айлана-чөйрөсүндөгү мектептердин ашканасын кыдырып, текшерип, аны адистер менен биргеликте оперативдүү түрдө "Күндүн темасы" деген ток-шоуга даярдагын деп тапшырма берет. Тайчабаров болсо "Мен Ветеринария" деген ток шоу өткөрөм, Майлысуудагы балдардын ууланганын "Кабарлардан" бердик, ошол болот. Мен башкы редактормун, менин ишиме кийгилишпеңиз, сиз радионун жетекчиси болбой эле редактору болуп алдыңыз" деп Майлысуудагы окуя жөнүндө ошол күнү боло турган "Күндүн темасын" ток шоуга киргизбей урушуп, ызы-чуу салып болбой коет. "Ветеринария качпайт, тыякта балдар ууланып атат. Ошонун себебин элге түшүндүрүш керек, башка мектептегилерге эскертип айтып жамандыктын алдын алыш керек" деп айткан А.Кадырованын сөзүн укпай кайра бакырып-өкүрүп, кежирленип чыр салды. Анын эртеси ар кимге айтып мактанып, "Мен А.Кадырова менен уруштум, айтканын аткарбай койдум, керек болсо гезиттерге жазамын, бардык гезиттерде менин тааныштарым иштешет" деп ары-бери басып жүрдү.
А.Кадырова ошондо Тайчабаровго тапшырманы аткарбай өзүбилемдик кылгандыгы үчүн сөгүш берсе болмок. Бирок "Мейли, иштин жөнүн кийин түшүнөр" деп кечирип койду. Чындыгында Башкы директордун радио боюнча орунбасары катары А.Кадырованын тигил же бул редакциянын чыгармачылык -уюштуруу иштерине көзөмөл гана жасабастан, ага катышууга укуктуу жана жооптуу экендигин башкаларды айтпаганда да "Баарын билемин" деген М.Т. жакшы билиш керек эле. Ошол укугунан пайдаланып А.Кадырова мамлекеттик, саясый, эларалык кабарларды уюштурууда жаңылып калбасын деп чочулап жардам берүүгө умтулду. Тилекке каршы М Тайчабаров мамлекеттик иштеги кызмат ордундагы "чек араны" сактаган жок. Мисалы, А.Кадырова ызы-чуу салып, өзү жогорку УТРКнын жетекчилигине барып "Сиз эмне үчүн менин уруксатымсыз кызматкерлерди кабыл алып сүйлөшүп атасыз, тапшырмаларды берип атасыз, менин укугумду бузуп атасыз" десе болмок беле. Кызматтык этикада жетекчи ким менен сүйлөшсө өзү билет. Анткени ал жетекчи. Тайчабаров ошону түшүнгөн жок.
Дагы бир кызык жагдай "Ат көрбөгөн минип өлтүрөт" демекчи, күнүгө радиодон 31 жолу "Марип Тайчабаров" деп айттырат. Аты аталбай калса редакторлор менен урушканга чейин барат.
Тайчабаровдун иштин көзүн билбеген жөндөмсүздүгүнө, жасаган мамилесине чыдай албай эмгек коллективи - биз, 30дан ашуун кызматкер аргабыз кетип УТРКнын Башкы директорунун милдетин аткаруучу Мелис Эшимкановго "Кайрылуу" жазууга мажбур болгонбуз (кайрылуунун көчүрмөсү редакцияда). Кайрылууда М.Т.ны кетирүүнү суранып, 30 кызматкер кол койгон.
Ал эми жетекчиликке жазылган дагы бир "Письмо-жалоба" аттуу Кайрылууда орус группасындагылар Тайчабаровдун орус тилин билбегендигин айтышып "... что редактор Тайчабаров М. совершенно не владеет официальным (русским ) языком. ... А корреспонденту О. Степкичевой мы вынуждены переводить на русский язык требования редактора Тайчабарова М. Понимает ли сам господин Тайчабаров М. степень своей ответственности или нет. Но в течении короткого времени он уже успел зарекомендовать себя как слабый руководитель, плохо разбирающийся как в особенностях структуры государственного канала в целом, так и в тонкостях творческо-психологической атмосферы в частности.
... Во-первых, уровень образованности, интеллекта, профессионализма и поведенческой культуры господина Тайчабарова продолжают вызывать у нас большие сомнения" деп мындан башка көптөгөн мисалдарды келтирген орус группасындагылар Тайчабаровдун башкы редакторлукка жарабай тургандыгын айтышып, аны менен иштешүүдөн баш тартышарын ачык билдиришкен.
Тайчабаров кааласа да, каалабаса да жумуштан кетмек. Бирок аны Эшимканов менен Кадырова аяп, өз арызы менен жумуштан кетиришти. Учурда сууга агып бараткан адам жээктеги чөптөрдү кармалагандай, Тайчабаров дагы айласы кеткенинен, өзүнүн ишти жөндөй албай калгандыгын жашыруу үчүн А.Кадыровага асылып, жандалбас кылып актанып аткандагысы.
Эми 10 литр бензин жөнүндө айтсак: А. Кадыровага орун басар катары атайын кызматтык машине берилиш керек болчу. Ал өзүнүн менчик машинесын бирде уулуна, бирде инисине айдатып, 10 литр бензин алат. Эгерде Тайчабаров А.Кадырованын ордунда орун басар болуп иштегенде "Эмне үчүн мен башка орун басарлардай болуп 10 миң, 14 миң долларлык машина минбейм. Мага машина бер!" деп жетекчиликти кокодон алып, уруш чыгармак. А.Кадырова болсо машинасын айдаган иниси же уулу жок болуп калса катардагы кызматкерлердей болуп эле айрым учурда дежур машинаны минип үйүнө барып-келип жүрөт. Догурунган жок, милдет кылган жок.
Бул интервьюдагы М.Т.нын "... Ага чейин президенттин кадры деп жаманатты кылганы кылган" дегенин кандай түшүнсө болот? УТРКда 3 эле кадр жетекчилик өлкө Президентинин Указы менен дайындалат. Тайчабаров кайсы кадр жөнүндө айтып жатат. Түшүнүксүз. Же өлкөнүн президенти Курманбек Салиевич Бакиевди атайын жаманатты кылып атабы? Президент "бул кадрды алгыла, тигини алгыла" деп эч кимди таңуулабайт. Ал ким, аты-жөнүн ачык жазса болмок. М.Т. болушунча жалган айтканга көнүп бүтүптүр. Мисалы, А.Кадырова "Мени Бакиев дайындаган, жумуштан Бакиев гана алат" деп айтканын жамааттагылардын бирибиз да уккан эмеспиз. Биздин оюбузча, А. Кадырова өзүнүн сабырдуулугу, " жети өлчөп бир кесип" иш кылган акылгөйлүгү, кеменгерлиги менен М. Т.нын деңгээлине түшүп, кимди ким дайындашы тууралуу маалымат бербейт. Чындыгында, Кыргыз радиосу Кадырованын ишемби , жекшембини эс алуу күнү, майрамды майрам дебей иш үстүндө жүргөнүнөн улам күндөн-күнгө жаңыланууда. Кызматкерлер А.Кадырованын ишке берилген мындай сапатына таңданып, кээде радионун иши үчүн күнү-түнү тынчсызданып турган жетекчиден чөнтөк телефонун өчүрүп коюп гана кутулганын М .Т. эң жакшы билет.
Жакында А. Кадырова Чыңгыз Айтматов башында турган Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлер ассамблеясы тарабынан Телерадио тармагы боюнча уюштурулган Рабия Менсейитова атындагы сыйлыктын лауреаты болду. Ал сыйлык А.Кадыровага 2007-жылы УТРКнын радио берүүлөрүн эң жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыйгарылды.
Биздин байкашыбызча Тайчабаровдун макала-маек жазып бериши толугу менен өзүнүн жеке идеясы эмес. Макала жазууга тукургандар да чыгыптыр. Алар УТРКдагы кээ бир пенсиядагы эжекелер, иштей албагандыктан жумуштан кеткендер, мамлекеттик мүлктү уурдагандыгы үчүн соттолуп, азыр Коомдук парламентке барып "Акыйкат үчүн кыймылына" баш калкалагандар да бар экен.
"Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле" дейт кыргыз. М.Т. өзү биринчи маек -макаласы менен "суранды". Биз элге Тайчабаровдун ким экендигин билдирип коелу деген максатта ушул жоопту жаздык.
Улуттук радионун "Кыргызстан" маалымат башкы редакциясынын кызматкерлери:
Кумаев А., Ибрагимова М., Чабдарова Т., Мамасалиева Ф.
ж.б. Жалпы 30 киши кол койгон













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan