Коомдук-саясый гезит
№40, 30.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Апта астрологиясы

2-июндан 8-июнга чейин
Кой (21.03-20.04)
Буга чейинки иш-аракеттериңизге, жашоо мүнөзүңүзгө талдоо жүргүзүп, жаман-жакшысын ажыратууга далалат кыласыз. Өзүмчүлдүгүңүздөн улам жакындарыңыздын көңүлүн оорутушуңуз ыктымал. Жол жүрүүдө сак болуп, денсоолукка дыкат көңүл буруңуз.
Букачар (21.04-21.05)
Ишенчээк болбоңуз. Ар бир түшкөн маалыматты текшерип чыгыңыз. Апта ортосунда иш сапарга чыгышыңыз ыктымал. Өзүм билемдик сапатыңыз туура эмес натыйжаларды бериши мүмкүн. Апта аягында эски досторуңуз менен жолугуп, чер жаза баарлашасыз.
Эгиздер (22.05-21.06)
Ага-туугандарыңыз менен баарлашууга азырынча чек кое турганыңыз оң. Иштеги майда-барат тоскоолдуктар маанайыңызды чөгөрүшү мүмкүн. Кыймылсыз мүлк менен байланышкан маселелер, тилекке каршы, сиздин пайдаңызга чечилбейт.
Бөйөн (22.06-23.07)
Сиздин демилгеңиз менен жасалып аткан жумуштар ийгиликтүү аяктап, көпчүлүктүн алкоосуна ээ болосуз. Аптанын экинчи жарымында тиричилик маселелерин чечүүгө туура келет. Эс алуу күндөрүн ызы-чуудан алыс, тынч өткөргөнүңүз дурус.
Арстан (24.07-23.08)
Материалдык абалыңыз стабилдешет. Апта аралыгында бир топ оор жумуштарды аткарууга, татаал чечимдерди кабыл алууга туура келет. Өжөрлүк, кашкөйлүгүңүз менен оң жыйынтыктарга жетишесиз. Саламаттыгыңызга көңүл бурууну эстен чыгарбаңыз.
Бийкеч (24.08-23.09)
Апта аралыгына белгилеген бардык иш-аракеттериңиз жүзөгө ашат. Денсоолугуңузга кам көрүү үчүн ылайыктуу мезгил. Көпчүлүк менен тил табыша алуудан арбын маалыматка ээ болуп, маанайыңыз да көтөрүлөт. Өткөн күн менен эмес, келечекти беттеп жашоо керек.
Тараза (24.09-23.10)
Коллективде профессио-налдуулугуңуз өз баасын алат, аброюңуз өсөт. Жеке турмушуңузга кимдир бирөөнүн кийлигишүүсүнө жол бербеңиз, үйбүлөлүк кыйынчылыктарды өзүңүздөн мыкты эч ким билбейт. Апта аягында кызыктуу жолугушуулар күтөт.
Чаян (24.10-22.11)
Жакын адамыңыз үчүн убакыт таба билүү зарыл. Жумуштагы ийгиликтериңиз көңүлүңүздү көтөрөт. Чыгармачылык менен алектенүүгө ылайыктуу убакыт. Бардык нерсеге калыс болууңуз керек. Апта аягында соода-сатык кылышыңыз мүмкүн.
Жаачы (23.11-21.12)
Ишмердигиңиз да, жеке турмушуңуз да бир нукка келип, стабилдүүлүк орногон кез. Кирешелүү болосуз. Апта аралыгында көп адамдар менен кезигесиз. Убактыңыз тар болсо да, ар бири менен жылуу-жумшак мамилелешүүгө туура келет.
Текечер (22.12-20.01)
Романтикалуу окуяларга бай апта. Келбетиңизге кам көрүү көп убакытты ээлейт. Ага-туугандарыңыз менен майда-чүйдө пикир келишпестиктер болушу мүмкүн, чыдамкай болуңуз. Апта аягында шашмалыгыңыздан айрым кыйынчылыктарга тушугушуңуз мүмкүн.
Суу пери (21.01-19.02)
Жакындарыңыздын кеп-кеңешине кулак салганыңыз оң. Көкүрөк мыжыган көйгөйлөрүңүздүн жообу табылат. Каражат маселесине этияттык менен мамиле жасооңуз керек. Иш кагаздарына сак болуңуз. Апта аягында денсоолугуңуз тынчыңызды алышы мүмкүн.
Балык (20.02-20.03)
Ишмердүүлүктө ийгилик күтөт. Алыстан кат-кабар алышыңыз ыктымал. Түшкөн маалыматка терең анализ жасап, андан соң бир жыйынтыкка келүү оң. Апта ортосунда эски тааныштарга жолугасыз. Эс алуу күндөрүн үйбүлөңүздүн кашында өткөрүү туура.




  Көшөгө

Урматтуу түгөй издегендер! Жаштар! Жашы өтүп баратса да жашоодон жар издегендер! "Агымга" кабарыңарды билдирип, катташып туруңуздар. Азыр заман, мезгил баягыдай эмес. Гезит аркылуу таалайларын таап, өмүр бою таттуу жашап өткөндөр четтен табылат. Издеген адамыңызды биз аркылуу таап, бактылуу болсоңуз - биз да кошо кубаналы. Ак тоюңузга күбө бололу. Кана эмесе, кат жазгыла! Катташкыла! Биздин телефон: 66-56-70. Шаршемби күнү саат 10.00дөн 17.00гө чейин кайрылсаңыздар болот.

Абонент - 39. Жашы - 39, бою - 164, жерлиги - Нарын, билими - жогорку, мүнөзү - токтоо, оор басырыктуу. Турмуш абалы - иштеген иши бар. Кандай айым менен таанышат - материалдык жактан колдоого муктаж болгон, ыймандуу, адамгерчиликтүү, 34-40 жаштардагы айымдар менен турмуш куруу максатында таанышат.
Абонент - 40. Жашы - 30, бою -165, билими - жогорку, жерлиги - Ош, мүнөзү - оор басырыктуу. Турмуштук абалы - иштейт, бир баланын энеси, өз жашоосуна тың. Кандай мырза менен таанышат - жумушу бар, үйбүлөнү багып кете алган, адамгерчиликтүү, ыймандуу, ичпеген, 35-45 жаштардагы мырза менен турмуш куруу максатында таанышат.
Абонент - 41. Жашы - 40, бою - 170, жерлиги - Ош, билими - жогорку, мүнөзү - ачык-айрым, интелигенттүү. Турмуш абалы - туруктуу иштеген иши бар. Кандай мырза менен таанышат - интеллектиси жогору, туруктуу, жогорку билимдүү, камкор, келишимдүү, 40-50 жаштардагы мырза менен турмуш куруу максатында таанышат.
Абонент - 42. Жашы - 35, бою - 150, жерлиги - Нарын, билими - орто, мүнөзү - токтоо. Турмуштук абалы - бир кызы бар, ажырашкан, иштейт. Кандай мырза менен таанышат - көлдүк, чүйлүк, нарындык, 35-45 жаштардагы, ичпеген, үй-жайлуу, иши бар, турмушка түшүнгөн, үйбүлөгө карамдуу жигит менен үйбүлө куруу максатында таанышат. Бир баласы болсо мейли.

Урматтуу түгөй издегендер! Ушул жазылган абоненттерден көңүлүңүзгө төп келгенине кат жазыңыз же болбосо "Көшөгөнүн" 66-56-70 телефону аркылуу байланышып, өзүңүздүн дарегиңизди калтырыңыз. Эгерде сиз өзүңүзгө өмүрлүк жубай же жандүйнөңүзгө жакын дос-курбу күткүңүз келсе, жогорудагы абоненттердей анкета толтуруп, аты-жөнүңүздү, паспорттун катталган жерин, номерин жазып бизге жөнөтүңүз. Дареги, паспорт номери жок каттар жарыяланбайт. Биздин дарек: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 132, "Көшөгө".













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan