![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №40, 30.05.08-ж. |
Меймансап Форум "Себаттан" сереп Кыргыз-түрк мамилеси: экономика, билим жана тилектештик Акыркы мезгилде боордош түрк туугандар менен мамилебиз мурдагыдан да жакшырып барат. Айрыкча, "Себат" билим берүү мекемеси жаш муунду сапаттуу билимге сугарып аткан чагы. Мындан сырткары, экономикабыздын өнүгүшүнө түрк ишкерлеринин кошкон салымы зор. Бул макалабызда ушул жана башка маселелер боюнча кененирээк кеп кылмакчыбыз. "Бизнес диалог - 2008" Ушундай аталыштагы ишкерлердин эларалык форуму өткөн бейшемби күнү "Hyatt" мейманканасында болуп өттү. Бул жолугушууну Жаш ишкерлер ассоциациясы, кыргыз-түрк ишкерлер уюму жана "Себат" билим берүү мекемеси уюштурган. "Бизнес-диалогго" Голландия, Германия, Түркия, Россия жана Казакстандан келген ишкерлер катышышты. Алар Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, жергиликтүү ишкерлер менен кызматташуу тууралуу пикир алышышты. Иш-чарага кыргыз өкмөтү да кайдыгер караган жок. Алсак, ишкерлер жыйынына КР 1-вице-премьер министри Искендербек Айдаралиев катышып, өз оюн ортого салды: - Акыркы жылдары Түркия-Кыргызстан ортосунда маданий байланыштар чыңдалып, эларалык кызматташтыкты өркүндөтүү менен билим берүү тармагында олуттуу өсүштөр байкалууда. Эларалык ишкердикти жакшыртууга байланышкан бул "бизнес-диалогдун" өтүшү эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого салым кошот деп ишенем. Кыргыз-түрк ишкерлер ассоциациясы тарабынан өлкөбүздө бир катар ишканалар ачылган. Маселен, 110 түрк фирмасы кирген кыргыз-түрк ишкерлер ассоциациясы (КЫТИАД) аркылуу жалпы 350 млн. доллар өлчөмүндө инвестиция келген. Жыйынтыгында 50гө жакын жаңы ишканалар Кыргызстанда иштеп, 17 миңдей жумуш орду пайда болду. Ал эми, Эларалык "Себат" билим берүү мекемеси аркылуу Кыргызстандын билим берүү тармагына 60 миң АКШ доллар өлчөмүндө инвестиция тартылган. Форумдун экинчи этабы секциялар жыйынына арналган. Секциялар арасында кыргыз-түрк ишкерлери бизнес пландары менен сунуш-пикирлерин ортого салып, эки тараптуу келишимдердин негизинде иш алпаруу чечимине келишти. Ак жол сага, бүтүрүүчү! Эх, коңгуроо үнү турса жаңырып, Бүтүрүүчү учкан куштай талпынып. Алыстарга, алыстарга учушар, Билим үйүн, мектеп күнүн сагынып. 11 жыл билим алып, экинчи үйүнө айланган мектеп уясы менен коштошуу оңойго турбайт. Көздөн жаш кылгырат… Биресе кайгынын, биресе сүйүнүчтүн көз жашы бу. Мектеп уясынан учкан улан-кыздарды турмуштун улуу жолу күтүп турат. Жыл сайын ушул көрүнүш… 25-май… "Себат" билим берүү мекемесиндеги лицей окуучуларынын бүтүрүү кечеси - "Акыркы коңгуроо" салтанаты А.Малдыбаев атындагы опера-балет театрында өттү. Алгач, "Себаттын" жаралыш тарыхы, аткарган иштери жөнүндө документалдуу тасма көрсөтүлдү. Тасмадан кийин эларалык "Себат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды майрамдык салтанатты ачып, жыйындын катышуучуларына ыраазычылыгын билдирди. Майрамдык салтанатта куттуктоо сөзүн айткан мамкатчы Досбол Нур уулу буларга токтолду: - "Себат" Кыргызстандагы элиталык мектептердин бири. "Себат" жылына экиден окуу имаратын бүтүрүп, пайдаланууга берип келет. Мындай зор ишти аткаруу үчүн маңдай тер агызуу, талыкпаган эмгек керек. Бул үчүн биз боордош түрк туугандарга жана колдоо көрсөткөн меценат-ишкерлерге ыраазычылык билдиришибиз абзел. Ал эми, Маданият жана маалымат министри Султан Раев бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, республикалык жана эларалык олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болгон окуучуларга медалдарды тапшырды. Майрамдык салтанат окуучулар тарабынан уюштурулган чакан концерт менен коштолуп, "Акыркы коңгуроо" салтанатын көркүнө чыгарды. "Себаттын" секисинен маалымат Техникасы өнүккөн XXI кылымда жашап атабыз. Демек, башыбызда "бирнерсе" (акыл) болушу керек. Антпесе, ааламдашуу процессинде "сынып" калышыбыз ажеп эмес. Сөзүбүздүн башында баса белгилеп өткөндөй, түрк туугандар билим берүү тармагына зор салым кошуп келишет. Буга далил катары "Себат" билим берүү мекемесинин алгылыктуу иштерин айтып өтсөк ашыкча болбос. Бүгүнкү күндө "Себат" билим берүү борборунун курамында эларалык "Ататүрк-Алатоо" университети, "Секом" тил жана компьютер борбору, эларалык "Силк Роад" мектеби, өлкөбүздүн бардык облустарында жайгашкан 14 кыргыз-түрк лицейи бар. Алар техникалык прогресске жетишкен жаңы техникаларды пайдалануу менен кыргыз улан-кыздарынын бардык суроо-талаптарын орундатып, жаш өспүрүмдөргө эларалык жогорку деңгээлдеги сапаттуу билим берүүнү үлгү кылып келатышат. Жумшаган эмгекке жараша иштин жыйынтыгы да жаман эмес. Алсак, 2004-2007-окуу жылдарында лицейлердин окуучулары республикалык олимпиадаларга катышып, 46 алтын, 62 күмүш жана 63 коло медаль жеңип алышкан. Ушул жылдар аралыгында "Себаттын" уясынан учкан 3800 улан-кыз чет элдик абройлуу окуу жайлардан билим алып, өлкөбүздүн маанилүү тармактарында кызмат кылып атканы маалым. Лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн дээрлик жарымы АКШ, Канада, Россия, Англия, Түркия сындуу ири өлкөлөрдө билим алышат. Алгылыктуу ийгиликтерден улам "Себаттан" билим алууну самагандардын саны жыл санап арбып барат. Маселен, өткөн жылы өтүү сынагына 51000 окуучу катышып, алардын ичинен 900ү (!) гана билим алуу укугуна ээ болгон. Быйыл аталган билим берүү борбору 658 бүтүрүүчүнү өз уясынан учурганы турат. Мына ушундай. Акча каражатын жумшап, кыргыз жаштарына билим берип аткан түрк туугандарга ыракматтан башка айтар кебибиз жок. "Келечек - жаштардыкы" дейбиз. Кыргызстаныбыздын келечеги кең болушу үчүн жаңы муун билимдүү, прогрессивдүү болушу керек. Ушундан улам түрк туугандар чыныгы туугандык милдетин аткарып атат десек аша чапкандык болбос. Теннис Италияда өтүп аткан аялдардын эларалык WTA турниринде Ксения Палкина эки ийгилик жаратты. Алгач италиялык спортчу Николь Клерикону (6:2, 4:6, 6:4), андан кийин WTA рейтингинде 190-позицияда турган румын теннисчисин 2:6, 6:2 жана 6:4 эсебинде жеңип алды. Ксения айым чет жакта өлкөбүздүн намысын коргоп жүрсө, кыргызстандык жаш теннисчилер да жөн жатпаптыр. Гезитибиздин өткөн санында мектеп окуучулар арасында республикалык спартакиаданын өтүү тартиби жарыяланган. 26-майда башталган мелдештен кулак сүйүнткөн жакшы кабар бар. Алсак, стол тенниси боюнча Кыргызстандын курама командасы (спорт чеберлигине талапкерлер: Михаил Белоглазов жана Жандос Аринов, биринчи разряддагылар: Татьяна Счастлива менен Каныкей Култаева) лидерликти колдон чыгарган жок. Ал эми, күмүш медаль Чүй облусунун окуучуларына буюрса, үчүнчү орунга жалалабаттыктар ээ болушту. Жеңишке ээ болгон командаларга уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер ыйгарылды. Жеңил атлетика Теннисчилерден кем калбаган жеңил атлетчилери республикалык спартакиадада алтын медалды колдон чыгарган жок. Экинчи орунга Чүйдүн жаштары ээ болсо, коло медалды көлдүктөр багындырышты. Ал эми, төртүнчү орунга Ош, бешинчи орунду Талас менен Жалалабаттын курама командалары бөлүп алышкан. Футбол Кант шаарында өткөн республикалык чемпионатта "дордойчулар" (Нарын) "Алай" (Ош) командасы менен болгон беттеште 1:0 эсебинде жеңип чыгышты. Мындан сырткары, "Абдыш-Ата" - "Нефтчи" (3:1), "Шер" - "Жаштык-Ак-Алтын" (0:1) командаларынын таймашы өткөнү маалым. Кетсин! Биздин футболчулар АФК чакырыгы кубогунда Ооган курама командасынан 0:1 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан эле. Мындан улам футбол федерациясынын аткаруу комитетинде жыйын болуп, башкы машыктыруучу Нематжан Закировго өз каалоосу менен кызматтан кетүү талабы коюлган. Бирок Н.Закиров моюн толгоп, бул талапка баш ийбей тургандыгын билдирген. Нематжан мырза канчалык аракет кылса да, өз ордун сактай алган жок, кызматтан айдалды. EURO -2008 Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан футбол боюнча Европа чемпионаты жакында башталат. Бул чемпионатка катышуучу командалар: А тайпасы: Португалия, Түркия, Чехия, Швейцария В тайпасы: Австрия, Германия, Польша, Хорватия С тайпасы: Италия, Нидерланды, Румыния, Франция D тайпасы: Греция, Испания, Россия, Швеция Ал эми 7-июнда Щвейцария-Чехия (22:00), Португалия-Түркия (00:45) беттеши өтсө, 8-июнь күнү Австрия-Хорватия (22:00), Германия-Польша (00:45) командалары таймашмакчы. Беттешүү мөөнөтү Бишкек убактысы менен белгиленгенин эскерте кетели. Гезитибиздин кийинки сандарында чемпионаттын өтүү графиги менен кенен тааныштырабыз. Бетти даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|