Коомдук-саясый гезит
№40, 30.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Жаман жатты сыйлайт

"Родник" арагына "родной" адамдар кол салууда
Үстүбүздөгү жылдын 23-майында Сокулук районунда жайгашкан ЖЧК "Арвин" заводунун аймагына чүмбөтчөн, колдоруна Калашников автоматтарын көтөргөн он бешке жакын адам дарбазадан секирип түшкөн. Аларды жарандык кийимчен он эки адам коштоп келген. Заводго киришкен чүмбөтчөндөр эч кандай документ көргөзбөстөн иштеп аткан жумушчуларды жерге көмкөрөсүнөн жаткырышып, коркутуп, ызы-чуу салышкан. Капысынан келишкен "коноктордун" ким экенин сурап, аларга сөз кайрыган заводдун коопсуздук кызматкерлери Талант Жороев менен Канат Дүйшөмбиев чүмбөтчөндөр тарабынан токмок жеп, денелеринен оор жаракат алып, учурда Сокулук райондук ооруканада жатышат. Андан кийин куралданышкан чүмбөтчөндөр заводдун кампасынын эшигин лом, ширетүүчү аппарат менен талкалап киришип: 0,24 көлөмдөгү - 2296 даана; 0,5 көлөмдөгү жалпак бөтөлкөдөн - 120 даана; 0,5 көлөмдөгү жумуру бөтөлкөдөн - 12 даана спирт ичимдиктерин алып кетишкен. Андан тышкары 151 куту (коробка) "Родник" арагынын капкагын ала кетишкен. Бул ызы-чуу беш саатка созулгандыктан, заводдо жумуш токтоп, бир топ чыгымдарды алып келген. Заводго кол салган чүмбөтчөндөрдүн эмне себептен келгени, дегеле бул чырдын чыгышы эмнеге байланыштуу экендигин билүү максатында директору Өскөнбаев Бейшен Мамбеталиевичке кайрылдык.
- Биздин завод беш жылдан бери "Родник" арагын чыгарып келатабыз,- дейт Бейшен Мамбеталиевич. - "Родник" деген акцияларыбыз да бар. Ар бир сатылган продукциядан элүү тыйындан чогултуп, балдар үйүнө, интернаттарга, карылар үйүнө жардам беребиз. Мындан эки ай мурун Россиянын Самара шаарындагы "Интеллектуальная собственность" деген арак чыгаруучу чакан мекемеден бизге кат келген. Катта биз чыгарып аткан "Родник" арагы алардын товардык белгисинде, б.а. заводунан ушундай ат менен арак чыгат экен. Биз катка "эгерде силерде да ушундай ат менен арак чыкса, биз токтотолу" деген жоопту айтканбыз. Бирок, алардын чыгарган "Родник" арагы Кыргызстанга кирбейт. Кыргызстанда биздикинен башка "Родник" деген арак чыкпайт. Эгерде бизден башка арак заводдор да "Родник" деген арак чыгарса, биз биринчи ошол аракты баштап чыгаргандыктан, алардын мындай ат менен чыгаруусуна тыюу салганга акыбыз бар. Беш жылдын ичинде биз өкмөткө 480 миллион сом салык төгүптүрбүз. Андан башка Кыргызстандагы көп кембагалдарга жардам берип келатабыз. Алкоголь тармагы боюнча биздин завод мурдагы Союз республикаларынын арасынан биринчилерден болуп Америкага продукциябызды экспорттоп чыгарабыз. Заводдо ондон ашуун арактын түрү чыгат. Бирок, биздин ушул "Родник" арагыбыз Кыргызстандан башка жакка экспорттолбойт. Ушундай ийгиликтерге жетишип аткан учурда тартип сактоо кызматкерлери тарабынан уюшулган "шоу" биздин заводдун беделин түшүрүп атат. Бул иш боюнча биз азыр сотко берип атабыз. Президентибиз деле жергиликтүү өндүрүштү, кичи бизнести өстүргүлө, колдогула, жардам бергиле, ушулар азыр элди багып атат деп айтып келатпайбы.
- Заводго келген чүмбөтчөндөр кайдан келишиптир?
- Чуй облустук ички иштер бөлүмүнүн көрсөтмөсү менен келишиптир. Биз менен чырлашып аткан жанагы "Интеллектуальная собственность" чакан ишканасы менен биздин ортобуздагы эле административдик талаш-тартыш болчу. Алар бул жерден арбитраждык сотко беришип, соттун чечими чыгып, биз кайра аппеляциялык арыз жазганбыз. Иштин жыйынтыгы бүтөлек болчу. Бул деген эч кандай кылмыш иши эмес, болгону эки ишкананын ортосундагы чарбалык талаш.
- Чүмбөтчөндөрдүн максаты эмне экен?
- Максатын өздөрү деле жакшы билишпейт экен. Келгендер заводдун кампасынан "Родник" арагын издешиптир. Ал арактын аты чырлуу болуп аткандыктан, убактылуу токтотуп койгонбуз, бирок, анча-мынча калдыктар бар эле. Ал калдыктарга деле мыйзам боюнча тыюу салалышпайт болчу. Себеби, товарыбыздын сертификаты бар, мыйзамдуу түрдө сатыкка чыгып аткан продукция. Кыргызстандын жараны болгондон кийин биздин мыйзам боюнча алар бул жакка "кыргызпатенттен" документ албаса, бул жерден алар чыгарбаса, же бул жакка экспорттоп продукциясын алып келбесе, биздин чыгарган продукциябызга тыюу салганга алардын акысы жок. Баарыбир соттошуп бул иштин аягына чыкмакпыз. Ага жеткирбей эле бирөөнүн буйругу мененби, айтор заводубузга мыйзамсыз киришип ызы-чуу салып кетишти. Учурда бул иш боюнча Ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүп, катуу чара колдонуп атышат деп уктук. Чүй областтык ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орунбасары Памир Асанов заводго ОМОНдордун кирүүсүнө буйрук берген экен. Азыр аны кызматынан бошотту деп уктук, бирок, ал кайра өзүнүн кызматына отурууга аракет жасап чуркап жүрүптүр. Чүмбөтчөндөрдүн командири Алмаз Кийизбаев да кызматынан четтетилди деп айтышты. Чүмбөтчөндөрдөн жабыр тарткан эки кызматкерибиз азыр ооруканада жатышат.
- Алардын колдорунда эмне документтери бар экен?
- Колдорунда деле кыйраткан документтер жок экен. Чырлашып аткан мекеме менен болгон соттун акыркы чечимин көтөрүп алышыптыр. Чечимде товардык белги заводдон алынсын, экинчи бул арак чыгарылбасын деген сөз бар экен. Бирок, алар заводдон товардык белгини алууга акылары жок болчу. Себеби соттун чечими аягына чыгалек. Алар заводго келээрден мурун мага алдынала кабарлашы керек болчу. Адегенде биз менен чечишип алып, анан биз аларга макул болбой эле аракты чыгара берсек бир жөн. Буга эч кандай УКМК, ОМОНдордун кийлигишүүсүнүн кажети жок болчу. Арбитраждык сот менен чечиле турган бул биздин продукциянын аты деген эле эки мекеменин ортосундагы талаш.
- Сиз ошондо кайда элеңиз?
- Иним каза болуп, ошол жакка кеткем. Бул жерден мени өкүндүргөн нерсе, өзүбүз чыгарып аткан өндүрүштү көтөрмөлөөнүн ордуна Россиядан чыккан ишкананы жактап, ички иштер кызматкерлери бизди, заводдун иштеп аткан жумушчуларын жерге жаткырып, басынтканы болду. "Жаман жатты сыйлайт" болуп, качанкыга чейин ушинтип бири-бирибиздин кемчилигибизди чукуп, башка элдин көзүн карайт болду экенбиз. Баягы, "баш ал десе бөрк алган" заман келдиби…
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Жыттанып атабы?..

Көлбаев Көлгө эмес, Нарынга келдиби?

Рысбек Акматбаев өлтү-рүлгөндөн кийин орду бош калган эле. Анын алысырак тууганы Камчы Көлбаев түрмөдөн бошогондон кийин, ошол орунду ээлөөгө катуу аракет кылып, анысы апрель айында ишке ашты. Москвада ага "таажы" кийгизилип, Көлбаев эми Кыргызстандын расмий "мыйзамдагы уурусу" болгон. Ушул окуяны белгилөө үчүнбү, же атайын милиционер-губернатор Субаналиевге ким экенибизди көрсөтүп коелу дешкенби, 24-май күнү, Нарындын Эралма жайлоосунда Камчы Көлбаев баштаган кримдүйнө башчылары чогулуп, "сходняк" өткөрөлү деген экен. "Агым" мурда кабарлагандай облус губернатору Өмүрбек Субаналиев баш болуп, облустук, райондук милийсалар төш болуп аларды кууп чыгышты. Көлбаевдин конокторунун арасында Москвадан келгендер менен бирге, Феликс Куловдун адамдары да бар экен деген маалымат тарады. Маселен, Аслан Бутешов... Эмне, алар чакан ГЭСтердин көйгөйүн ошо жактан чечели дешкенби? Бул тууралуу Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Болот КОНОКБАЕВ төмөнкүлөрдү айтып берди.
- Алар Нарынга 24-майда келишти. Жумушубуз болгондон кийин атайын маалыматтардан алардын келерин билгенбиз. Облустук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, губернатор да муну катуу көзөмөлгө алып турду. Баш-аягы 3-4 машине киши барышыптыр, бозүйлөр тигилип турган экен. "Биякта эч кандай жыйын болбойт" деп аларды кетирдик. Эч кандай каршылык көрсөтүү болгон жок. Бозүйлөрдү айылдын элинен алышса керек. Барган машинелердин бирөөнү кармадык. Анын ОПГга тиешеси барбы-жокпу, иликтөө жүрүп жатат. Москвадан келген бизнесмендер дешет, бирок конкреттүү кимдер экенин билалбадым. 15 деген саны бар машине номурларынын бардыгы ички иштер министрлигине тиешелүү. Мындай номурлар аларга кантип тийип калганы да текшерилүүдө. Көлбаевдин өзүн көралбадык, бирок бир машинени кармасак, ичинде Аслан Бутешов деген бар экен, жанынан куралдары чыкты. Анын документтери да текшерүүдө. Нарынга кылмыш дүйнөсүнүн "сходняк" кылуусуна жол бербейбиз, абалды көзөмөлдөп турабыз. Корко турган эч нерсе болгон жок. Кочкор тогуз жолдун тоому, бирок ОПГ биякта жок.
Аскер САКЫБАЕВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan