Коомдук-саясый гезит
№40, 30.05.08-ж.

Меймансап
Форум





А.Мадумаров А.Бекназаровдун клонубу?

Парламент баштыгы Адахан Мадумаров кызматтан кетип жатып, бүт кыргыз элинен кечирим сурап жиберди. Кеч да болсо акылына келгенине ыраазыбыз. Бирок өз акыл тегирменинен айлантып, өз көкүрөгүнөн айткан бир сөзү барбы? Бир туруп Россия деген кимдигин билбей, Столыпиндин улуу сөзүн тыгат, бир туруп орустардын өтө деле акылдуу эмес спикери Грызловдун дааратканада кала турган "афоризмдерин" таңуулайт. Бусаам да эчнерсе ойлоп чыгаралбай, Азимбек Бекназаровдун айтылуу сөз байлыгын ала чуркаганы таңгалыштуу.

Жаңы төрага төр бербейм деди

Адахан Мадумаровду "атып түшүргөндөр" тойлоп бүтөлекте ЖКнын жаңы төрагасы Айтибай Тагаев өзүнүн тайы, кыргыздын белгилүү мамлекеттик ишмерлеринин бири - маркум Төрөбай Кулатовдун юбилейине барып, "мен дагы сиз сыяктуу өмүр бою Жогорку Кеңешке төрага болом" деп ант берген имиш. Болсун, болсун!

Р.Жээнбеков "же!" дейби же?..

Америкадагы атактуу жердешибиз Равшан Жээнбеков 12-июнда Кыргызстанга аман-эсен коном деген мааниде кабар тараткан. Коомчулуктун айрым катмары келсе эле камайт деген пикирде. Элдин эсине салып кереги жоктур, ал Акаев тушунда Маммүлк башчысы болуп туруп, алдым-жуттумга колкабыш кылган деп айыпталууда. Бирок ал өзүн азыркы бийлик саясатына каш кайтарганыман капаатка калып жатам деп эсептейт. Бизге жеткен маалыматтар ал ушунчалык айбат көрсөтүп атканы азыркы бийликтин алдына өгүлүп-чөгүлүп жана "бирдеме" ыргытканына байланыштуу дейт.

Эралиев эмне үчүн ыргып кетти?
2005-жылдын 24-мартындагы окуясын олуп-чолуп монтаждап, азыркы бийликтин колтугуна кирген режиссер "Кыргызкино" деген жасалма уюмдун башчылыгынан ыргып кетти. Чыныгы киночулар ырас болду деп атат. Президент ишеним көрсөтүп, көтөрмөлөрүн көтөрүптүр, бирок анын ортосунда бирнечелерди "ашап" жибериптир. Аны билдиргенбиз, дагы изилдейбиз.

Акылбек мырзадан жыт кеттиби?

Кечээ Экономикалык өнүгүү жана өнөржай министри (тилиң чайналат!) Акылбек мырза Жапаров парламентке келип, 4 мыйзам долбоорун сунуш кылды. Долбоор өтөрүн өттү. Бирок ичкен депутаттар колдогону менен ичпеген депутаттар министрден ашаткы жыттанып атат деп айтышты.




  Үч кошкон собол

1. Биздин улуттук идеология кандай болуш керек?
2. Казак окумуштуусу Чокан Валихановдун эстелигин Балыкчыга коюу демилгесине кандай карайсыз?
3. Жайында кайда эс аласыз?
Идеология. Валиханов. Эсалуу
Жыпар Жекшеев, КР ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын баш катчысы:
1. Улуттук идеология боюнча эки жолку комиссиянын мүчөсү болгом. Идеология үчүн чоң документтин кереги жок. Аны менен элдин жашоосу көтөрүлбөйт. Америка "Ар бир америкалык эркин, ар бир америкалык бай, ар бир америкалык салык төлөөчү" дегенди карманса, кытайлыктар "Бизди социализм жана рынок деген эки устун көтөрүп турат. Идеябыз - стабилдүүлүк реформа, өнүгүү" дешет. Бизде деле "Биримдик аркылуу өнүгүү" дегенди айтып келатышат. Бирок бул декларативдүү эмес, иш жүзүндө болушу керек.
2. Менимче, туура эмес. Валиханов орус падышачылыгынын эле чалгынчысы болгон да. Ошо демилгени көтөргөндөр Валихановду окушкан эмес го. Валихановдун кыргызга терс таасири көбүрөөк. Жаман адатыбызча, анча-мынча акча ыргытып койсо эле чуркай бермейибиз бар да.
3. Он күнчө Көлдө болом.

Эрнис Турсунов,
Кыргыз эл акыны:
1. Азыркы идеология акча болуп калган. Чоңдор тойгондон кийин анан бирдеме чыкпаса, азыр чыкпайт. Анан калса менин муунумдагы баягы эл таалайы үчүн жашап иштейбиз дегендер жер үстүнөн жок болмоюнча коммунисттик идеология жашай берет. Кыргызстан азыр авария, балдар өлүмү, кедейчилик боюнча дүйнөдө биринчи орунда болуп атса кайдагы идеология. Же Байболов, Текебаев, Сариевден идеология чыгабы? Анүстүнө кыргызга башка элдердикиндей экономикалык идея жукпайт.
2. Чокан Валихановду казак окумуштуулары аябай изилдеп китеп жазып, кино тартышты. Келдибек, Назар деген манасчылардан "Манасты" жаздырып алган. Казак интеллигенциясы Чыңгыз Айтматов аркылуу кыргыздар силер деле бирдеме дебейсиңерби деп өтүнүп жүрүшөт. Бирок ага Балыкчыда же Караколдо эстелик коюларына ишенбейм. Бул баягы Кытай лидери бизге келгенде Кытайдын Ли Бо деген акыны Токмоктон чыгыптыр, ошого эстелик койдурабыз деп Акаев айткандай кеп да.
3. Жаркынбаев деген өз айылымда эсалам, дарбазаны бекем жаап, чоң итти кайтартып коюп.

Абдыганы Эркебаев, Коомдук парламент спикери:
1. Улуттук идея болуш керек. Бирок мамлекеттик идеологиянын болоруна ишенбейм. Улуттук идея кыргыздын тилин, дилин бийик көтөрүүдө, башкача айтканда, кыргыз рухун көтөрүүдө деп ойлойм.
2. Семенов-Тяньшанскийге, Пржевальскийге коюлган эстелик эмне үчүн Чокан Валихановго коюлбаш керек. Убагында анын кыргыздар жөнүндө жазгандарын толук окуп чыккам. Ал европалык көзкарашта болгон, кыргыздарга текебер мамилеси бар. Бирок Европага биз жөнүндө алгачкы маалымат берген. "Манаска" биринчи маани берген адам. Эстелик тургузулса, ал кыргыздын айкөлдүгүнүн белгиси.
3. Атайылап эсалганга көнгөн эмесмин. Жайында айылга тууган-урукка барып, тоого чыгам.
Аскер САКЫБАЕВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan