Коомдук-саясый гезит
№40, 30.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Эрнис Турсуновдон эродром №2

Жайлоо:
"Титирейт колуң тийсе, кош мөмөсү"
ТИЙСЕ ЭЛЕ
ЖАРЫЛЧУДАЙ
Жайлоодо... жаш кезектен калган элес,
(Бир келет андай элес, дайым эмес).
Атчанбыз, шериктерим: Кадыр, Кеңеш.
Алдыда килем кийген адыр-белес.

Бой жеткен кыздуу үйгө келип түштүк,
Мал баккан чалга салам берип түштүк.
Коймолжун кымыз сунган кызыл кыздын,
Колунан бал татыган кымыз ичтик.

Титирейт колуң тийсе кош мөмөсү,
Мөлтүрөп кош мөмөнүн бышкан кези.
Кел кел деп, мен белен деп, тартып турат,
Келберсип кызыл кыздын жаш денеси.

Албасак, бир балээге кабылчудай,
Чарт этип тийсең эле жарылчудай...

Мезгил өткөн сайын, жаш кеткен сайын, муун өзгөргөн сайын максатка жеткен, жетпей калган, лазаттуу көп окуялар эске түшөт. Ошондой окуялар кыргыз келиндер менен кыргыз жайлоосунда өткөн эле. Кайран гана жаштык кез?!


СУЛУУНУН ЧАТЫ КУРГАБАЙТ
Бүлкүлдөтүп бирөөлөрдүн сулуусун,
Бүтүрөм деп түнкү төшөк жумушун,
Эбин таап жеткен менен чатында,
Элеңдеткен ошол адат курусун.

Уруп жатсаң ууру түлкү көздөнүп,
Үрөй учуп, өң-алатың өзгөрүп,
Караңгыда табышы жок жасайсың,
Кармап алса кантемин деп сестенип.

Арким кирген сулуу чаты кургабайт,
Көнүп алса, ким болсо да ылгабайт.
Бере берет сүйбөсө да, сүйсө да,
Берген менен өзү мээнип жыргабайт.

Көрбөгөнсүп, болбогонсуп эчтеме,
Көтөрүлөт, мисирейет калп эле...

ЧИРКИН, АЯЛ!
Чиркин, аял! Ким экениң түшүндүм,
Түйүнү көп түндө кылган ишиңдин.
Көзүн боеп, чөп салдың го көзүнө,
Жанын сага арнап берген кишиңдин.

Мен байкадым түркүн аял сырларын,
Чиркин аял, качан эмне кылганын.
"Сага жаным, ак" дегени бир кызык,
Эчен көрдүм калп эркелеп турганын.

Кашка суудай, тунук муздай мелтиреп,
Караганы бырс күлкүңдү келтирет.
Шойкону көп өз аялын билбеген -
Шоруң каткыр! Чындык издеп желпинет.

Аялдыкы... болбогон соң кулпусу,
Ачык жатат, анткор келип уйкусу...

МЭЭГЕ ЧЫГАТ
Жайлоого келинди эңсеп барган күнү,
Жаштыктын кумарына канган түнү,
Кайра эле сыйпалатып тартып турду,
Капкара киндигиңдин тармал жүнү.

Келиндин кереметтүү капчыгайы -
Койкойгон Конокбайдын жатчу жайы.
Конокбай сороң этип тура калса,
Кумарлуу бир кызыкка батчу жайы.

Чатынан чок кызарып күйүп турат,
Илеби жакындасам чоктой урат.
Тылтыйган тыягыңдын мускус жыты,
Жыттасам, мурун жарып, мээге чыгат.

Жайлоодо жан жыргатты аруу келин,
Ким сүйбөйт аялзаттын асыл жерин.

ТАР КАПЧЫГАЙ
Жайлоодо... ууга чыгып кийик аттык,
Куулукту куурдак кылып кууруп жаттык.
Тулгада бир казан эт бүлк-бүлк кайнап,
Мүйүздүн кирин соруп, даамын таттык.

Жая жеп... майы калың карчыга жеп,
Сорпосун согон туурап аксеркелеп...
Чаначты күрт-күрт чайкап кымыз ичтик,
Жай таппай сыртта жүрдүк таң эртелеп.

Чыңалып чыдатпады ысык чурай,
Чынжырга байласа да жатпачудай -
Жабдыгым жанды жаман кыйначудай,
Кайдасың, жыты жыпар "тар капчыгай"?..

Айттырбай жөндү билген алтын жеңем,
Жаштыктын сообуна бир калды белем!..

ТУЮК ЫР
"Эки жагы эки бел,
Токойдо жатат сиздин эл.
Сыр найзасын колго алып,
Сыздап жатат биздин эл",

Комузга кошуп жигит ушул ырды,
Каймана туюндурду туюк сырды.
Билдиби, билбедиби отурган эл,
Келинзат шак түшүнүп ыргып турду.

Амалдуу келин жылып сууга кетти,
Артынан чыккан жигит дароо жетти.
Шар өзөн коктуда акчу токой-чердүү,
Келинзат далдаа жерге киймин чечти.

Имерип жеткен жигит кучактады,
Кызытты кыйгыл даам тыяктагы.
Союлун соруп алды кызыл үңкүр,
Абага эки балтыр сырактады.

Иш бүттү. Белин бууп жигит турду,
Келинзат суу көтөрүп үйгө жылды.

КАНТЕЙИН
Бербедиң жаш чагымда жалынганда,
Берилдиң белден-күүдөн тайыганда,
Талтайып белен болдуң карыганда,
Так ошол кордук экен баарынан да.

Кел эми дейсиң зайып, чатың жайып,
Кезим жок. Кетпедиби жаш улгайып.
Жанжерди сыйпаганга араң жарап,
Жарагым майып болгон жаза тайып.

Сойлобойт жыпар жыттуу үңкүрүңө,
Бойлобойт союл болуп түпкүрүнө.
Кантейин, суусунуңду кандыра албайт,
Билбеймин кимибизден кетти күнөө?

Бул учур жетимиш бештин тушу бекен?
Катындан калат деген ушул экен.

ЭШЕКЧЕН ЧАЛ
Абышка кош дөңгөлөк арабачан,
Базарга эшек чегип бара жаткан.
Челекте кымызы бар сата турган,
Чайпалтпай оозун жаап чырмап алган.

Аңгыча башка эшекти көрөр замат,
Айкырды айгыр эшек жанын сабап.
Аралап катындардын айран-сүтүн,
Жөнөдү ээ-жаа бербей алга карап.

Абышка түшө качты арабадан,
Эшектин кер жабдыгы салаңдаган -
Байлануу башка эшекти барып какты,
Жеткен чал эки эшекти башка чапты.

Эркектер карап турат шакабалап,
Катындар карай албай бетин жабат.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan