Коомдук-саясый гезит
№40, 30.05.08-ж.

Меймансап
Форум




 Хайл, Сайракан!


  Сая-саалы

Жооштон жоон чыкпагай эле…
Жаңы шайланган ЖОКе башы Айтибай Тагаевди көп сүйлөбөгөн, бирок, ишин тымызын бүтүргөн момун дешет. Тагаев болсо, "мени спикер кылышат деп түшүмө да кирбеген" деп алакан жаят. Баса, жаңы төраганы ЖОКе алдында ажо өзү сунуштады. Ишке киришээр алдында Айтибай мырза депутаттардын баарына тең фракция-мраксиясына карабай бирдей мамиле жасаарын убада кылып, ишеним көрсөтүшкөнү үчүн үй-бүлөсүнүн атынан да ыраазылык билдиргенге үлгүрдү. "Укук клиникасы" деген өкмөттүк эмес уюм жетекчиси Чолпон Жакупованын айтымында Айтибай Тагаев коомчулук тургай, палатадагы кесиптештерине да белгисиз киши, көпчүлүк анын эмне иш кылаарын да билбейт экен.

Түрктөр Айтматовду Нобелге түртүп жеткиришеби?
Боордош Түркиянын президенти Абдулла Гүл Чыкебизди түрк тилдүү өлкөлөрдүн атынан Нобель сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштады. Горбачевдун, Акаевдин колунан келбегенди түрк туугандар ишке ашырчудай болуп турат. Анткени, дүйнө калкынын үчтөн бирин түзүп турган мусулман түрк тилдүүлөрдүн сунуш-пикирине Нобелди ыйгаруучу Швециянын Илимдер академиясы гана эмес, он сегиз аалам да кулак түрүүгө мажбур. Түрк ажосунун айтымында Чынгыз Айтматов - жалпы түрк дүйнөсүнүн руханий кенчи жана ар-намысы, анын чыгармачылыгы дүйнөлүк мааниге ээ.

Руханият падышасы акчаниятка наалат айтат
Нибелунгдардын улуу өлкөсүндө дарыланып жаткан Чыкебиз бир журналист айым менен маектешиптир. Анда жазуучу быйыл туз буюруп, сексенге чыгаарына тобо келтирип, анан, бу жарыкчылыктагы көргөн-байкагандарынан, турмуштун ачуу-таттуусунан, ааламдаштыруунун күнгөй-тескейинен, акча, дүнүйө… айтор, узун кеп салыптыр. "Азыр акчасыз эч нерсе жүрбөй калганы катуу ойлонтот, кейитет", - дейт кайран руханият падышасы. Өзүнүн каламынан жаралган "Жаныбарым, Гүлсары" романындагы Танабайдын эле өзү. Танабай ошондо да "Акчанын арааны жүргөн жерден адалдык жай таппай чыркырай качыптыр" деп күңгүрөнгөнү эсиңердедир.

Капчыгыңды каккылай бер, бурадар
Өкмөт башы Игорь Чудинов 1-июлдан баштап ысык-суу, үйлөрдү жылытуу кымбаттаарын жарыялады. Атап айтканда бюджеттеги мекемелерге ысык суу баасы 25 пайызга кымбаттап же киловатт-сааты 96 тыйындан, калкка -13 пайызга жогорулап, же 70 тыйындан айланат. Ысык суунун 1 гигокалорийи 128 пайызга өсүү менен 360 сомго жетип, киши башына эсептегенде 138 сомдон туура келет.

Балдар майрамыбы же ата-энелердин отурушубу?
Келерки айдын аягында, фашисттик Германия ыраматылык СССРге кол салган күндөрү жыл сайын ата-эненин башына түшчү мүшкүл иш - орто мектептерди бүтүргөндөрдүн бүтүрүү кечеси деген балээ дагы келгени турат. Бул жаатында Билим берүү министрлиги кымбат ресторандарга акча чачып, чуулгандуу кече өткөрүүгө эбак тыюу салганы менен аны уккан жан жок. Министрликтегилер мектепте болуп жаткандарга гана жооптуубуз, ал эми мектеп коргонунан сырткары бүтүрүүчүлөр бирин-бири жесе да ишибиз жок деп кутулушууда. Борбордогу балдары үлкөн мектептерде окуган ата-энелер кечеге 5 миң сомдон сууруп чыгууга дайым даяр, а колунда жок жакырларга 500 сом да көтөрүм болуп турган чак.




  Крим-аалы

Кан кое бербейт
Өткөн жылдын 31-октябрында Токмок шаарынын тургуну, 51 жаштагы И.Таиров "Фольксваген-Пассат" автомашинасын айдап үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Ошол боюнча Токмок шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан издөөдө эле. 28-май күнү 20 жаштагы А.Төлөгөнов шектүү деп кармалган. Колго түшкөн А.Төлөгөнов өткөн жылдын октябрь айынан бери издөөдө жүргөн И.Таировду өлтүрүп, короосуна көмүп, машинесинин тетиктерин майдалап сатып жибергенин мойнуна алды. Огородун казган учурда денеси чирип, бузулуп бараткан Таировдун сөөгү чыккан. Ал эми гаражынан маркумга тиешелүү машиненин кузову табылды. Учурда А.Төлөгөновдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, темир тор артына отурду.

Кол телефонуна кол салышкан
28-май күнү 18 жаштагы А.Абдибалиев изкубарларга арыз менен кайрылган. Анын айтуусунда, 11-май күнү саат 16лар чамасында Бишкектин Дружба көчөсүнөн кетип баратса, эки бейтааныш жигит күч колдонуп кол телефонун алып коюшкан. Арадан көп өтпөй эле Ж.Жакутбеков менен А.Сыдыков колго түшүштү.

Ок атуучу куралды үйүнө сактаган
27-майда Базаркоргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 53 жаштагы С.Ибрагимовдун үйүнөн 16-калибрдеги ок атуучу курал табылган. Эмне себеп менен үйүнө бул куралды катып жүргөнү такталууда.

Жегендин кусмайы бар
28-май күнү райондук токой чарбасынын башкы бухгалтери К.Мамыралиев 2006-жылдагы авансы отчетуна командировкага 12000 сом чыгымдалды деп түзүп, ал сумманы сол чөнтөгүнө сологону белгилүү болду. Азыр "тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" болуп, актанып аткан учуру.




  И- тагдаалы

Ысыкта пивону абайлап ич
Мамлекеттик алкоагенттиктин кызматкерлери ЖЧК "Барс" заводуна жашыруун кичи цехтин бетин ачышты. Көрсө, анда иштегендер мөөнөтү өтүп кеткен "Карагандинское" пивосунун эски этикеткасын сыйрып, ордуна жаңы мөөнөт коюлган этикетканы чаптап жатышкан экен. 12800 бөтөлкө эски пиво ушинтип "жаңыртылып" жатканда тузакка илинди. "Шымкентское" пивосу да лицензиясы жок иштеп атканы белгилүү болду. Буларга кылмыш иши козголду.

Чыке качан айыгат?
Германиядагы кыргыз элчилиги Нюрнберг шаарында ооруканада жаткан Чыңгыз Айтматовдун абалы бир калыпта экенин билдирди. Аны жасалма дем алдыруудан чыгарышты деген маалымат туура эмес экендиги, Айтматов мурдагыдай эле жасалма жол менен дем алууда, эгер анын денсоолугунда дагы башка өзгөрүүлөр болсо, кошумча маалымат берилери айтылды. Түркияда Ч.Айтматовду Нобель сыйлыгына көрсөтүү комитети түзүлдү.

Жанызак-топтом
Айтылуу Жаныбек Жанызак дагы жөн жүрбөй, жакында эле "Кыргыз эл жомоктору" деген топтомду чыгарып салды. Китепке айтылып жүргөн кыргыз эл жомоктору кирип, 500 нускада колго тийди. "Азыркы жаш балдар Голливуд мультфильмдеринен башка эчнерсе билишпейт. Бирок биздин жомоктор деле "өлтүрдү", "жара чапты", "жыга сайды" дегендери боюнча Голливуддан кем калбайт экен" дейт Жанызак. Китеп "Кыргызстан" басмаканасынын дүкөндөрүндө сатылууда.

Мульти-миллионердин кыларыбы?
Ошто Аманбай Сатыбаев деген бизнесмен бар. Кезегинде Акаев калсын деп андан аянбай кол топтогон адам. Азыр ал Ош шаардык ички иштер бөлүмүн сотко берүүгө камданып жатат. Көрсө, анын "Жети түс" аттуу фирмасынын оокаттарынын уурдалышы боюнча ишке милийсалар кошкөңүл болуп коюшкан экен. Уурдалган оокаттар: реклама щити, жумшак үстөлдөр, электроагрегат. Келтирилген зыян 73 миң 650 сом. Меценат, мультимиллионер жөн эле "атың чыкпаса жер өрттө" кылып атат өңдөнөт.

Италия чегирткеси дейби?
Акталаанын Үмүт жана Жергетал айыл өкмөттөрүнүн талааларында италиялык чегирткелер пайда болду. Алар небак эле пайда болгон экен, бирок жок кылуу чаралары эми гана көтөрүлүп жатат. Ал эми Атбашыдагы малга күл (оспа) оорусу түштү-түшпөдү деген дүрбөлөң менен малдуулар малды алдынала эмдеп киришти. Жылда бир мал оорусу атбашылыктарды жүдөткөнү аз келгенсип, эл малдын башы аман калар бекен деп турган чак.

Дарт көбөйдү, дабаа аз
Кыргызстанда жыл өткөн сайын тубаса майып балдар көп төрөлгөнү байкалууда. Жал кичирайонундагы балдар ооруканасынын байкоосу боюнча тамак сиңирүү органдары боюнча 87 пайыз, заара кылуу системасы боюнча 83 пайыз, нерв оорулары 18,5 пайыз, дем алуу органдары боюнча 17,4 пайыз балдардын оорусу катталган. Мындан башка кан айлануу, жүрөк оорулуулар да биртоп. "Балдар биздин келечегибиз" дегенибиз менен оорулуу келечектин бүгүнкү абалы ушу болсо, кийин кандай болот?













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan