Коомдук-саясый гезит
№40, 30.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Кош, Алатоо, уулуң кетти, Өлбөстүккө!

Кадимки Докеден, чоң художник, чоң артист, режиссер, чыныгы атуул-саясатчы Дооронбек Садырбаевден айрылдык. "Эл, эл" деп эңгиреп ыйлап, сыздап, кайгырып, кубанып жүрүп, жайнаган көзү жумулду, кайнаган жүрөгү токтоду. Бизге, "Агымга" ашкан дос эле, жеткен кас эле. "Ай-буй" деп турчу, авторлош болчу. Айла канча, колдон келер бир ууч топурагыбыз менен кошо анын алтынга алмашкыс элесин жүрөктө сактайбыз. Өзүнүн "Кайран эл" калкы барда ал өлбөйт.


Доордун Дооронбеги
Жасайт муну жасаса эрдин эри,
Таңдантам деп кыргызга дүйнө жүзүн,
Жайнап өттү доорубуздун Дооронбеги
Кыргыз үчүн, кыргыздын намысы үчүн.
Калыстыктын күнүндөй өчпөй жанып,
Капыс сокчу көчкүдөн, коркпой селден,
Жер эненин башына күн түшкөндө
Желек болуп желбиреп туруп берген.
Акжүрөксүң, чынчылсың билген билет,
Сендей болсо элим деп жанын эзген.
Аксылыкка тийген ок алгач ирет
Буга тийип, андан кийин аларга өткөн.
Жигиттиктин элде жок үлгүсүсүң,
Күн кечирдиң Кудайдын элчисиндей.
Президенттер билинбей калат бир күн
Өзүң тартып ыргыткан тамекиңдей...
Сен жашайсың атпай журт жаны менен,
Келди өзүңө азалуу оң менен сол.
Эл ыраазы эмгегиңе, элге берген
Эл-журтуңа сен дагы ыраазы бол.
Жаткан жериң жай болсун, алтын ага,
Ак ушу баруучу ар бир адам.
Өзүңдөйдү көп берсин Кудай Таала
Өзү өлсө да өмүрдө өлбөй калган...
Анатай ӨМҮРКАНОВ




Билди бекен?..
"Терек канча жыл жашайт?" деген телефильм бар. Анда энчилүү терек кыйылат. Терек менен кошо жашап келаткан үмүт-тилектин баары кулап түшөт. Фильмдин кульминациясы ошол жерде.
Докең ошол фильмди тарткан кезде өзү да кыргыздын арнамысы үчүн тигилген энчилүү мырза теректей шуулдап турарын, саябанын самагандар көп болорун, өзөгүнө далай ирет балта чабыларын, ага карабай көккө умтулуп, чындыктын жолу теректей түптүз болорун нечен ирет далилдеп келип, ичер суусу башка жакка бурулуп кеткенде кара жерге бой таштарын, аны менен кошо далай үмүт-тилектер кыйрап түшөрүн билди бекен?
Өзгөчө берилген өнөрүн ар тарапка зордуктура чаап, чачырап тийген нурдун да табы болорун далилдеген еврейден ашкан эмгекчилдиги, бир денесине жүз жаштагы карыя менен байоо баланы, жаркылдаган тамашакөй менен катаал талапкерди, өмүрү талбаган өжөр менен боорукерди батырганы өзүнчө узак кеп.
Анын баарын бүгүн айтышар...
Акыркы сапар дейбиз. Ал кайда алпарат? Ал Докени ата-энесине, устаты Төлөмүш Океевге, достору Сүймөнкул, Советбек, Орозбектерге, Асанкул Шаршенов менен Эстебес Турсуналиевге, Апсамат Масалиев менен Сатыбалды Жээнбековго, Мукан Рыскулбеков менен Жусуп Толтоевге, Нурмухан Жантурин менен Мухтар Бахтыгиреевге, Динмухамед Коноев менен Василий Шукшинге, Жохар Дудаев менен Гамсахурдиага, дагы далай, дагы нечендерге алпарат. Ушулардын баарын Доке өлбөс-өчпөс тасмада калтырды эле. Бирок Докенин өзүн кенен-кесири тартып калбаппыз го... Мунубузду Доке кечирер бекен?

Түгөлбай КАЗАКОВ




  Ашказан дипломаттары

Чет өлкөлөрдөгү
Омар Султановдун ооматы
Кыргызстанда бийлик алмашканы менен дагы эле А.Акаевдин кадрлары бир орундан экинчи орунга өтүп, жылуу жайдан түнөк таап, бакубат жашап жаткандарын бир кездеги Президент администрация башчысы Омар Султанов ырастайт. Омар Султанов Бермет Акаеванын жардамы аркылуу ошол кызматка орношкону менен кесиптик деңгээли төп келбей, кызматынан кол жууган. Бермет Акаева кыргыздын көп эркектери менен мамиле күтүп, колдоо көрсөткөнү тууралуу маалыматтар кеч болсо да биринин артынан бири дайын болууда. Мисалы, Бермет айымдын буга чейин Бакиев тушундагы президенттин администрация жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев экөө казак күйөө бала менен таарынышып жүргөндө бир канча күн чогуу жашап жүргөнү жөнүндө айың кеп айтылат. Бермет айым кадимки Баяман палван менен да мамиле күткөн дешет.
Эми ошол Омар Султанов 2003-жылдан тартып бизнес менен алектенем деп мамлекеттик кызматтан кетет. Бүгүнкү күндө Омар Султановдун үйбүлөсү Женевада жашайт. Буга чейин О.Султанов Германия, Австрия жана Швейцария өңдүү Европанын кооз өлкөлөрүндө жашоонун жыргалын таткан. Эң кызыгы, биздин Женевадагы элчилик өкүлүбүз Муктар Жумалиев эларалык нормаларды жана жоболорду бузуп, Омар Султановдун аялы Гүлнара Айдаралиеваны да Кыргыз Республикасынын атынан дипломатиялык кызматты аткарып жаткан өкүлдөргө кошуп койгон. Гүлнара Айдаралиеванын Женевадагы өкүлчүлүктүн катарында экендиги дипломатиялык справочникте 2004-жылдан ушул күнгө чейин жазылып жүрөт. Азыркы күндө справочник Бириккен улуттар уюму алдындагы кыргыз өкүлчүлүгү тарабынан жаңыланып, жакында Женевада жарык көрөт. Анда да О.Султановдун аялы Г.Айдаралиеванын ысымы жазылган. Анткени чет өлкөдөгү элчиликтер өз өкүлчүлүктөрүнүн тизмесин ырастаган справочник чыгарып турат.
Ал эми Омар Султанов Кыргызстандын Женевадагы туруктуу өкүлүнүн 2-катчысы, Г.Айдаралиеванын күйөөсү катары дипломатиялык бардык жеңилдиктерди пайдаланат (колтийбестик иммунитети ж.б.). Г.Айдаралиеванын 5 жылдан бери Кыргызстандын дипломатиялык кызматын жалган пайдаланып жүргөнү - эларалык нормаларды одоно бузгандык. 1961-жылдагы дипломатиялык катыштык конвенция боюнча дипломатиялык миссия эчкачан өкүлдөр боюнча жалган маалымат бербеши жөнүндө даана жазылган.
Г.Айдаралиеванын дипсправочникке кошулганы ага аккредитациядан катталган дипломатиялык карточка алууга жол ачкан. Муну менен ал жерде банктан эсеп ачууга, бир канча миң АКШ долларына узартылган шартта (рассрочка) үй сатып алууга мүмкүндүк берет. Бүгүн Г.Айдаралиева менен Омар Султанов автоунаасына дипломатиялык номерди мыйзамсыз тагып алышкан.
Кудай сактасын, эгер муну Швейцария өкмөтү билип калса эки өлкөнүн ортосунда чоң чыр-чатак чыгышы турган сөз. Алар айтат да, "эмне, бизди ким деп ойлойсуңар" деп. Азырынча Г.Айдаралиева менен О.Султановдун чет өлкөдөгү мыйзамсыз иштери туруктуу өкүл Муктар Жумалиев тарабынан корголуп турат. Демек, бул киши Швейцария өкмөтүнө да, кыргыз өкмөтүнө да жалган маалымат берип, О.Султановдун чет өлкөдө Султандай жашашына шарт түзүүдө.
Эскерте кетсек, Омар Султанов кадимки Султанов Марат Абдыразаковичтин биртууган иниси. Экөө тең бура сүйлөгөндө, атасынын аркасы менен "бөз" өтөт болуп жүрүшөт. Тышкы иштер министрлигине кайрылсак, Г.Айдаралиеванын дипломатиялык кызматта иштебей турганын айтышты.
Келдибек НАЗИРОВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan