![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №40, 30.05.08-ж. |
Меймансап Форум Караңгы-Жарык ушинтип, Кара жер менен бөлүнгөн (Уландысы. Башы 1-бетте) Кайран эр өтүп өмүрдөн Капыстан жүрөк сөгүлгөн. Кайып бир болгон тулпардын Камчысы кайда өрүлгөн? Каралдың кыргыз калк тургай, Кайгырып турат көрүнгөн. Кантели Доке, айла жок Караңгы-Жарык ушинтип Кара жер менен бөлүнгөн. Качкан жан болбойт экен да, Капырай, Кадеми каткан өлүмдөн!.. Кайран таң калып агарган, Кайгыдан жүрөк шаланган. Кайып бир болгон шумкардын Карааны кайда карайган? Калдайган калың калк тургай Кара таш дагы аянган. Кантели Доке, айла жок, Канчалар өтүп дүйнөдөн Кара чым менен каланган. Качкан жан болбойт турбайбы, Капырай, Кашайып келчү ажалдан!.. Кадиксиз кеткен сапардан Кайрылып кайтар куш барбы? Какшаган калктын муң-зарын Кара тил катып уктайбы. Канаттуу сөзүн Докемдин Кайран эл эми укпайбы. Каалгасыз жердин алдында Катыгүн, Камалып денең муздайбы? Бууданын жолдон жоготуп, Букараң кайда ашыгат? Бук болуп сенсиз жашообуз Булуттап көздөн жаш урат. Булбулун сендей жок кылган Бул заман кимге асылат? Бузулуп турган дүйнөгө Бурганак салган жан элең. Булайган аппак денеңди Бууданым Доке кара жер Карангүн, Будалап кантип батырат? Иргелер кезде өмүрдөн, Ичер суу колдон төгүлгөн. Ийиндеш Доке өзүң жок Ичибиз сыздап сөгүлгөн. Жанар тоо жаркын жан элең Жарыгы элге төгүлгөн. Жайына коет эле го Жаналгыч билсе өңүңдөн. Жан болбойт тура жалганда Жашынып калган өлүмдөн!.. Буудайык деген куш дагы, Буулумду тиккен уз дагы. Бул күндөн өтпөс болчудай Буралган жигит, кыз дагы. Бурулуп ажал келгенде Буркурап өткөн төгүндөн. Бастырып ажал келгенде Падыша тургай шум жалган Пайгамбар жерге көмүлгөн. Карачы, чиркин, кашайып, Кайран жан, Качалбайт тура өлүмдөн!.. Ак булут тунуп сарыгып, Адыры гүлгө чалынып. Асылын жоктоп аскалар Азалуу жоолук салынып. Ар качан эстеп өзүңдү Алатооң турар сагынып. Туманы тунуп сарыгып, Тулаңы гүлгө чалынып. Туйгунун жоктоп туурунан Туйлабай дайра карыгып. Тунжурап турар ар качан Тууган жер сени сагынып. Кырааны элең канатчан, Кыйланы кылчак караткан. Кызматты тоодой кылды элең Кыргызга кино тараптан. Кызыгын көрөр учурда Кылт этип кырдан адашкан. Кызыктуу жашоо кырынан Кырсыкты салып жараткан. Жетимиш жашка жеткирбей Жетелеп кетти каяктан? Боройлоп сыздап балдарың, Боздоп бир калды алганың. Ботосун жоктоп тыякта Бозала болор Шайданың. Бозала кылар бизди да Бозоргон жайда калганың. Бозоруп Доке бейитиң Боздотуп турар арманың. Азабын көрсөң аяган, Атагын көрүп таяган. Акмагы аздан болсо деп Абийирин отко калаган. Ак калпак кыргыз элиңдин Арманы аман, баары аман. Аттиң ай, Доке өзүң жок, Амалсыз ары караган. Өксүүрбүз Доке өзүң деп, Өкүнүп дагы жан ачыр. Көздөрдүн жашы соолсо да Көөдөндөн бүгүн агат ый. Өмүрбек, Азим сыздап тур, Өткөнүң эстеп баары азыр. Боорундай көргөн өзүңдү Болот Шер сыздап а да тур. Чогулуп бүгүн бул жерде Чоң да тур, чоочун бала тур. Көздүүсүн элдин сактайлы, Көөдөнгө муштап какпайлы. Көрдүйнө жыйган биз тургай Көз көргүс көрдүн түбүндө Көсөмүң Бакай жатпайбы! Док кылып доңуз-кузгунга, Добушун элдин сатпайлы. Добулбас болгон кыргызга Докенин атын сактайлы. Карайлап көздү май басып, Кара "Джип" минген биз тургай Карарган чымдын алдында, Кабылан Манас жатпайбы. Шайлообек ДҮЙШЕЕВ 29-май, 2008-жыл (Кошок түнү менен жазылып, түнкү саат 12де Балкыбековдун свети өчкөндө бүттү) Чоң жоготуу. Сөз жок… Тарых адамдардын конкреттүү иштеринен, алардын ой-пикиринен жаралат. Ал иш, ой-пикир жөнөкөй эмес, а адамдарга үлгү, сыймык боло турган иш-аракеттерден болот. Эгер мамлекет жарандары өз тарыхынан сыймыктана турган, колго урунттуу предмет таппаса, анда өлкөнүн, калктын келечеги болбойт. Эч нерсе таппай, айласыз калганда, алар бир нерсени ойлоп таап, жомокторго ишенишет, жаратылышына сыймыктанышат. Бирок кыргыз сыймык жандыра турган инсандардан да кур эмес. Өз замандаштарына, келечек муундарга үлгү боло турган андай адамдардын бири - Дооронбек САДЫРБАЕВ болчу. Интеллигенция - элдин абийири деп коюшат. Ушул формулада карасак, Дооронбек Садырбаев - интеллигент эле. Ал өз ою, өз сезими менен жашап, ага туура келбеген көрүнүштөр менен ачык күрөшүп келди. Коммунисттик партиянын тушунда да анын өз көзкарашы болгон. Андан бери Акаев, Бакиев заманында тең көзкаранды эместиги, шардыгы, кайраттуулугу менен айырмаланган. Докенин оппоненттеринин бири паска ургусу келгенби, бир ирет: "Сиз артистсиз" дей салган. Ага Доке: "Артист экениме сыймыктанам, мен жөн артист эмесмин. Мен элдик артистмин" деп жооп узатканы бар. Бул эң бийик, элдин жүрөгүнөн орун берген статус. Докем кыргыздын тарыхында туу болуп кала турган инсандардын бири. Ал көп адамдарга үлгү. Бүгүн бийликте турган, ага оппозиция болгон көп азаматтардын баары Докенин мектебинен өтүшкөн. Жогорку Кеңештеги кабинетине тынбастан каттап, баары ал кишинин кеп-кеңешин тыңдап, пикир алмашышчу. Эмне үчүн мен 10 жыл бою ар бир иш күнүмдү Докенин кабинетинен бир чашка кофе менен баштачу элем? Мен эле эмес, ал жерге күндө ар кыл көзкараштагы, атургай араздашып жүргөн адамдар да жыйналчу. Балким, Докени шылтоолоп, алардын айрымдары бири-бири менен мамилелерин түзөп, союз түзүүнү көздөп барып жүрүшкөндүр. Мунун өзү Доке тигил же бул саясый конъюнктурадан жогору туруп, өзүнүн көроокаттык саясый максаттарынын жок экендигинин далили. Көрүнгөн адам эле аксакал болалбайт. Ал биринчи кезекте адилет, көзкарашы төп келбегендердин да кызыкчылыгына калыс баа бералгандай болуш керек. Бул жагынан Доке чыныгы аксакалдык милдеттерин өтөгөн. Кыргыз интеллигенциясы, жалпы эле кыргыз эли чоң жоготууга учурады. Анын ичинде оппозициялык, демократиялык маанайдагы күчтөр да орду толгус жоготууну сезип турабыз. Кыргызда "арман" деген философиялык түшүнүк бар. "Бири кем дүйнө" дейт эмеспизби. Дооронбек акеникинде үйбүлөм, бала-чакам менен мейманда көп болдум. Жумушка балдарымды ээрчитип келип калганда колдоруна "балмуздак алып жеп кой" деп акча карматар эле. Бир жарым жылдан бери аялым экөөбүз Дооронбек акени үйгө конокко чакыралы деп камынып жүрүп, улам бир кырдаал чыгып олтуруп, чакыралбай калдык. Эми таптакыр чакыралбайбыз. Ошондуктан, кимдир бирөөлөрдү кастарлап, сыйлайлы, аларга баа берели десек, эч убакта кечиктирбешибиз зарыл экен. Бул арман болуп кала берет. Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, "Атамекен" партиясынын лидери Чанда бир адамдарда кезикчү касиет Докеде эле Адамдын да адамы, туулгандын да туулганы бар дейт эмеспи. Балким одоно угулар… ошентсе да, өлгөндүн да өлгөнү бар деп айтсак туура болот го деп ойлойм. Мына ошолордун ичинен Дооронбек Садырбаев кыргыздын көрүнүктүү ишмер уулу катары элине опол тоодой эмгек өтөп, өзүнүн нар көтөргүс жүгүн таштап кетти. Дегеле, Садырбаевдин дүйнө-дөн өтүп кетиши кыргыз эли, өзгөчө улуттук интеллигенция жана чыгармачыл чөйрө үчүн орду толгус оор жоготуу болду. Ал бардык тармакта өзүн сынап, татыктуу эмгек өтөдү. Өзүн маданияттуумун деп эсептеген кыргызстандык арбир жаран аны туура түшүнөт деп ишенем. Мындан үч жыл мурда борбордук ооруканага жатып калдым. Ошогезде Дооронбек да мен жаткан ооруканада дарыланып аткан экен. Катуу ооруганына карабай, мени көргөнү келиптир. Азыр оюма келип атпайбы… Экөөбүз мандай-тескей отуруп, бир сааттык телемаек курган элек. Эки эркектин башы кошулса, алты аялдын башы кошулгандан дагы көп ушак айтышып, баарлашат эмеспи. Анын сыңарындай, Дооронбек менен саясат, маданият, экономика темасында кеп козгогонбуз. Балким, ошол маек архивде сакталса, теледен көрсөтүлүп калабы деген үмүт бар. Садырбаев жөнүндө кандай мактоо сөз айтсак да жарашат. Калкыбыз кастарлаган, элим-жерим деп күйгөн патриот уулдардын бири болчу. Элибиздин кыйналыш турмушун көргөн учурда көзүнөн жаш агып, мүңкүрөп ыйлаганга чейин барган. Ошонун баарына артист катары эмес, нукура адам катары күйгөнүнө өзүм күбө. Не дейли, ажалга айла жок экен. Артында калган уул-кыздарына, алган жарына узак өмүр берсин. Тилектеш ИШЕМКУЛОВ, коомдук ишмер, профессор Намыс, абийир деген жылдыз эле... Докем искусстводобу, саясаттабы, жөн эле турмуштабы, кыргызга кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүп кетти... 2007-жылы уулануудан катуу ооруп жүрдү. Анда Текебаев спикер, мен вице-спикер элем. Докем экөөбүздү чакырып "мен болбой калдым" деп керээзин айтты эле. "Эл артисимин, Жогорку Кеңештин үч чакырылышына депутат болдум. Аларчадан Мырза Гапаров өлгөндө жай бербей коюшканынан өзүмдүн ал жердеги ордумдан расмий баш тартып, менин көрүмдү Мырза Гапаровго берип койгула деп Осмонакун Ибраимовго атайын кайрылгам. Мен өлгөндөн кийин бул боюнча эч кимге доомат кылбайм. Мен көрүмдү мурда эле берип койдум эле, ошондуктан мени Байтикке эле койгула, Байболовго айтып койгула, Байтиктен мага орун алып берсин" деди эле. Докем эмне калтырды? Заңгыраган особняк салган жок. Айрым искусство адамдарына окшоп, башкаларга өлүмтүгүн артып, объектилерди менчиктештирген жок. Доке алдым-жуттум эмес эле. Анткени азыркы заман искусство адамдарын да алдым-жуттумдукка көндүрбөдүбү. Доке мындан өзүн сактап, абийирин, талантын эч нерсеге алмаштырбады. Аны менен он жылдай саясатта бирге жүрүп калдык. Өз оюн берчү эмес. Авторитетке карачу эмес. Доке өттү, эми кыргыз аксакалдарынан эли-жерине күйүп, ачык сөзүн айта турган ким калды?.. Ошонүчүн бул кыргыз эли үчүн чоң жоготуу. Саясатта эл экиге бөлүнүп турганда, аларды ширештирип тургандардын бири эле. Түндүк-Түштүк биримдигин кармаган адам эле. Эң акыркысы, Доке биз менен Каркыра үчүн Түпкө чогуу барды, ооруганына карабай. Түптөгү окуя да аны мертинтип койду. Аягына чейин күрөштү, бирок бу дүйнөдөн түңүлгөнсүп баса берди. Докем экөөбүз ооруканага чогуу жатып, экөөбүз тең ошондо ооруп аткан Салижан Жигитовго баштык берип жиберип, Доке керээзин айтып кирди. Ошондо, "сен өлбөйсүң, анткени Кащей бессмертныйсың" деп күлгөнбүз. Ошондон кийин "мени Болот Кащей бессмертныйсың, өлбөйсүң деди" деп көпкө күлүп жүрдү. Акыркы кезде кыргыздын болгон кошокторун жыйнап жүргөн. Мен Масалиев менен Байдыкеникин бергем. Эми мындай оригиналдуу адам чыкпайт го. Кыргыздын кыргыз деген, эл-жер, намыс, абийир деген дагы бир жылдызы өчтү. Болот ШЕРНИЯЗОВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|