Коомдук-саясый гезит
№41, 03.06.08-ж.





 

Бээжин - 2008
Жеңил атлетика боюнча Москва олимпиадасынын (1980-жыл) чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган 11-эларалык мелдеш балдарды коргоо күнүндө жыйынтыкталды. Бул мөрөй талашууда Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген спортчулар ат салышкан. Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган чемпионатта үч жүздөн ашуун спортчулар жеңил атлетиканын 33 түрүнөн күч сынашкан. Аталган турнирдин башкы өзгөчөлүгү - жеңишке жетишкен атлетчилер Бээжин олимпиадасына жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугунда эле. Эки күнгө созулган мелдеште төрт жеңил атлетчи жайкы олимпиадага катышуу укугуна ээ болсо, алардын ичинен экөө биздин спортчулар.
Учурда кыргызстандык 4 жеңил атлетчинин Бээжин олимпиадасына жолдомосу бар. Алар: Татьяна Ефименко (бийиктикке секирүү боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону), Юлия Архипова (марафончу), Галина Педан жана Алексей Погорелов (Татьяна айымдын байгесине арналган мелдеште бактысы ачылган жөө күлүктөр). Буга чейинки эларалык мелдештерде байгелүү орунду багындырып, жайкы олимпиадага катышуу укугуна ээ болгон спортчуларды атай кетсек: Базар Базаргуриев, Алексей Крупняков жана Арсен Гитинов (эркин күрөш боюнча Азия чемпиондору), Руслан Түмөнбаев менен Канат Бегалиев (грек-рим күрөшүнөн Азия чемпиондору), Юрий Захаров менен Василий Данилов (суучулдар), Евгений Ваккер (велоспорт боюнча Азиянын эки жолку чемпиону), Руслан Исмаилов (мылтыктан ок атуу), Сергей Кочурин (фехтование) жана Елена Проскурова (дзю-до). Балким, бул тизмени толуктай турган кыргызстандык спортчулар дагы чыгар. Не дегенде, бир жумадан кийин Алматыда эларалык мелдеш өтмөкчү. Анда ийгиликке жетишкен спортчулар Бээжинге жолдомо алышат. Спорт адистеринин айтымында, бул мелдеште кыргызстандык үч жеңил атлетчи жайкы олимпиадага жолдомо жеңип алышы мүмкүн.
35 алтын
Таэквондо (ITF) боюнча Ташкентте өткөн Азия чемпионатында Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Индия, Иран, Афганистан жана Филиппиндин спортчулары күч сынашкан. Аталган турнирде Кыргызстандын курама командасы артыкчылык көрсөтүп, 35 алтын медалга ээ болушту. Бул мелдеште Евгений Шумских, Рустем Ахмеджанов, Самат Шаршенов менен Ирина Волошина аттуу таэквондочулар өзгөчө оюн көрсөтүшкөнүн эскерте кетели.
Экс-спикер жеңиши
КРнын бильярд федерациясы мамлекеттик "Кыргыздипсервис" ишканасы менен биргеликте үчүнчү кайрымдуулук турнирин ("Дипломат кубогу") өткөрдү. Аталган иш-чара эларалык балдарды коргоо күнүнө арналган. Жыйынтыгында башбайгени экс-спикер Адахан Мадумаров багындырса, экинчи орунга ЖК кызматкери Вячеслав Хан, үчүнчү орунду Шейшенбек Байзаков менен "Абдыш-Ата" компаниясынын президенти Самат Сакебаев багындырды.
Ал эми командалык беттеште "ЖК 1" (курамында Адахан Мадумаров жана Борис Сан) командасы лидерликти колдон чыгарган жок. Турнирдин ардактуу катышуучулары болуп Россия менен Украинанын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчилери табылган.
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan