Коомдук-саясый гезит
№41, 03.06.08-ж.





  Ак жакачан аңгидот

Барымта

Акүйгө террористтер звандап атышат.
- Силердин үч саясатчыңарды барымтага алдык. Бир сааттын ичинде 100 млн. доллар таппасаңар, үчөөнүн тең көзүн тазалайбыз!
- Жок дегенде алардын ким экенин айтсаңар боло? Ошого жараша иш кылабыз да, - деген жообун узатат Искендербек Айдаралиев.
- Доктор Апас дегениңер өзүн Кыргызстандын болочоктогу президентимин дейт. Экинчиси, Турсунбек Акун. Андан кийинки жараныңар Нурлан Мотуев, көзү-башын акшыңдатып, жаныбызды койбой атат.
- Ха-ха-ха! Ошол үчөөбү? - телефондон Искендербек мырзанын каткырган үнү чыгат. - Аларга 100 млн. тургай 100 тыйын да бербейбиз. Эмне кылсаңар өзүңөр билгиле!
- Жарым саат ичинде бизди жинди кылып бүтүштү. Минте беришсе силерди өмүр бою кууратат го. Болуптур, өз убалыңар өзүңөргө. Кийин бизге капа болбогула, үчөөнү тең койо бердик.




Шым

ЖКспикери Айтибай Тагаев үч күн катары менен сессияга келбей койгон Ибрагим Жунусовду урушуп атат:
- Өткөн жума күнү ишке эмнеге чыккан жоксуз?
- Аялым шымымды жууп койсо кургабай калыптыр. А менин андан башка шымым жок эле.
- Мунуңузга ишене туралы. Анда кечээ неге келбедиңиз?
- Кечээ эртең менен сиздин үйүңүздүн жанынан өтүп баратсам шымыңыз илинип туруптур. Анан сизди келбейт го деп ойлодум…

"Согуш"

Өкмөт үйүндөгү жыйында Саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов отчет берип аткан чагы.
- Быйылкы жыл жемиштүү болду. Биздин министрликке чет өлкөдөн жардамдар көп келди. Бирок, бир өкүнүчтүү кабар бар…
- Марат Авалович, жашырбайле айта бериңиз, - дейт премьер-министр.
- Эмки жылы Түптүн келиндери төрөбөй турган болду, - министр мырза сөзүн андан ары улантпай туруп калат.
- Ок, кокуй! Эмнеге?! - деп Чудинов чоочуп кетиптир.
- Апрель айында болгон Түптөгү жумуртка "согушу" эсиңердеби? Жаалданган аялдар оппозиционерлерди түп орду менен жоготобуз дешкенби, айтор, жумуртка таппай кайсалактап-кайсалактап…. Айла кеткенде бөкчөңдөгөн чалдарды мындай кой, толуп-болуп турган жигиттердин "жумурткаларын" жулуп алышыптыр…












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan