![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №41, 03.06.08-ж. |
Алга, Айтибай Султанович Тагаев! Жаңы спикер кечээ өкмөт башы Чудиновго кирип, шайдоот чыкты. "Кораблден - балга" дегендей, андан түз эле парламент "балына" туш келди. Депутаттар кезмет менен улам бири үстүнө чапан жаап, башына калпак кийгизип турду. Чогулган белек-бечкектер кечинде кызматтык машинесине батпай калды дешет. Бирок бир гана депутат Ажыбай Калмаматовдун кабагы салыңкы имиш. Анткени аны бир күчтүү топ, Аскар Салымбековду бир күчтүү топ спикерликке сүрөп, экөө тең президенттин "беседасынан" өтүптүр. А.Калмаматов бир эмес, эки чоң жерге эл чакырып майлап жибериптир, ал эми А.Салымбеков бир тыйын да чыгарбаптыр. "Бешсарынын" ээси белге жеди "Каракече көмүр" ААК деректирлер кеңешинин төрагасы Нурлан Мотуев ошентип төбөсү көккө жете маалымат таратты. Каракеченин "Центральный" разрезин иштеткен "Бешсарынын" лицензиясын кечээ Мамлекеттик агенттик алып койду. Бирок ашынган олигарх Камчыбек Жолдошбаев көчүктү ташка коюп отуруп калбайт. Казса түгөнгүс "Бешсары" көмүр кенинин өзү бар. Мотуев анын айласын эмне кылат, белгисиз. Бирок мамлекеттик ишкана көмүрдүн тонна баасын 400 сомдон 700 сомго чыгарганы дайын болду. Кыргызстан Ч.Айтматовдун аманчылыгын тилөөдө Улуу жазуучунун абалы дагы эле оор экендигин биздин Германиядагы элчилик билдирди. Нюрнберг клиникаларынын бириндеги врачтардын айтымында, Айтматовго коюлган жасалма дем алдыруучу аппарат али алыналек. Акылбек Жапаровдун эси ордунда, эсеби такпы? Экономика жана соода министри Акылбек Жапаров 2007-жылы Кыргызстан эли той-ашка эле 2 миллиард доллар ашап салды деген маалымат таратты. Аны кантип эсептегенин айткан жок. Тек, мындай акчалуу адамдардын пайда болушу революция чыгарышы мүмкүн маанисинде күңкүл кошумчалаптыр. Жарды-жалчылар канчалык көп болсо, бийликтин жаны ошончолук тынч болот экен да, демек... Доктор Назаралиев Д.Сарыгуловду, Б.Шамшиевди ж.б. мат кылды Дастан Сарыгулов отко, сууга, ташка сыйынган мезгилге үндөп, кыргызды 35 миң жыл артка сүйрөгүсү бар. Болот Шамшиев бүт адамзат Манас менен анын тукуму - кыргыздан жаралган деп жарылдайт. Бу тоокту да аргасыз күлдүрө турган ачылыштарга айрым жетекчилер, андагы мамсекретарь Мадумаровго окшогондор жетеленип, ал идеяларды антип окутабыз, минтип окутабыз деп күүлөнөт. Ал эми Мадумаровдун андагы-азыркы абалын бизге окшогон врач-наркологдор жакшы билет: "дасторкондон чоң тойгондон" кийин "мээге эпкин тийүү". Ал көпкө кетпейт, андай немелер ачуулуу келет. Ушуга окшогон кадрлар менен Кыргызстан кантип оңолот. Бакиевге боорум ооруйт. Доктор Назаралиевдин "МК Кыргызстан" гезитине (28.05.08) жазган "Страна Акджания" аттуу макаласын олуп-чолуп айтсак, ушундай. Б.Бешимов экс-Акыйкатчынын "этегин" ачты Жаңы Акыйкатчы Турсунбек Акундун өлкө жетекчилеринен эмнеси кем, ээрге отурганынын 100 күндүгүн белгилеп жиберди. Депутат Бакыт Бешимов пресс-конференция төрүн баса отуруп, Акыйкатчыны президент сунуш кылбай, коомчулук сунуш кылса, бийликке көзкаранды болмок эмес деди. Мурдагы Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу офисин аксарайдан ашуун жасалгалап алганына кейиди. Элге бирди сүйлөп, креслого отурса башка иш жасап, мамлекеттин мансаптуу чиновниктерине окшошкусу келет кыргыз, сиз антпеңиз маанисинде Т.Акунду далыга каккылады. Т.Акун аппараттан 60 кишини айдап, мамказнага 1,8 млн. сом кайрыдым деди. "Туризм сулуусуна" кыргыз аткаминерлери турне жасады Ишембиде "Туризм сулуусу" конкурсу өткөнү гезиттин бүгүнкү санында. Тек "чайга" кимдер чакырылып, кимдер катышканын санай кетели: Президент администрация башчысынын орунбасары Замир Бекбоев, УТРК и.о. гендеректири Мелис Эшимканов, ЖК депутаты Бегалы Наргозуев, 5-каналдын башдеректири Оксана Малеваная, Россия, Япония элчилери. Биздин угушубузга караганда, алар кыздарга кылгыра карап, шампанды ичер-ичмексен болуп, кызыл икранын катыгын беришти. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|