![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №41, 03.06.08-ж. |
Угарман Мамыт, уктуңбу? Кечээ Бишкектин Биринчимай райондук сотунун судьясы Мадина Давлетбаева Асылбек Бакиевдин "Де-факто", "Алиби" гезиттерине болгон доо арызын кароону аяктап, "Де-фактону" 1 млн.сомго, "Алибини" 1 млн.сомго айыпка жыкты. Сот ошону менен "сооп" алды. "Де-факто" жана "Алиби" гезиттери шаар сотуна аппеляциялык арыз жазууга даярданып жатышат. "Де-факто" гезитинин башредактору Чолпон Орозобекова "ошончолук зарыл болсо, президенттин инисине ашар жолу менен болсо да бир миллион сом жыйнап беребиз" деди. Билерман Мамыт, билдиңби? Москвада жашап иштеген аксылык Лира Моңолбаева мурдагы күйөөсү Эрнест Бечелов менен чатакташып, натыйжада көп жолу бычак жеп, Склифосовский атындагы ооруканага түшкөнүн КР Россиядагы элчиси Райымкул Аттокуров тастыктады. Азыр Лиранын энеси жанында, керектүү бардык жардам көрсөтүлдү. Бул боюнча кылмыш иши козголду. Көрөрман Мамыт, көрдүңбү? Биз алган маалыматтарга караганда, жума күнкү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Кадамжайдагы Охна айылында эки адам өлүп, кырктай үйдү сел алып, жүздөй кара мал дайынсыз жоголуп, эки көпүрө керектен чыккан. Табият келтирген зыян азыр дагы такталууда. Аскер САКЫБАЕВА ЧИК. "Мемориал" укук коргоо борборунун билдиришинче, Кыргызстан саясый башпаанек сурап кайрылган дагы бир адамды Өзбекстанга өткөрүп берген. 34 жаштагы Эркин Холиков Өзбекстандын Кашкадарья облусунун тургуну, ал 2007-жылдын 22-августунда кыргызстандык милийсалар тарабынан террорчуларга каршы операция учурунда кармалган. 2008-жылдын 6-мартында Жалалабат шаар соту аны кылмышты жашыргандыгы жана чегарадан мыйзамсыз өткөнү үчүн 4 жылга эркинен ажыраткан. Кыргыз бийлиги "Башпрокуратура аны "диний экстремизмге" байланыштуу айыптаган, ошонүчүн аны өз мекенине берүү керек" деген чечиминен соң ушуга бардык дешет. Ошентип, 2005-жылдан бери Кыргызстандан саясый айып коюлган 25 өзбекстандык өз мекенине чыгарылган. БӨК. Өкмөттүн басмасөз кызматынын билдиргенине караганда, өкмөт 30-май күнү дыйкандарга жазгы талаа иштери үчүн литри - 20,5 сомдон солярканы бөлүштүрүүнү аяктаган. Э карабаскыр, жазгы талаа жумуштары эчак аяктабадыбы... Солярка көздөн учуп турган жаз башында эмне берген эмессиңер? Ушинтип иштеп атышса, бизде кайдагы азык-түлүк коопсуздугу сакталсын. ТАА. Өткөн ишемби күнү Ош базарынын жанындагы "Берекет" соода комплексинен дагы өрт чыкты. 15 контейнер, наркы такталалек көптөгөн товарлар өрттөнгөн. "Берекетте" буга чейин өткөн жылдын 24-майында өрт чыгып, 300 соодагер андан жапа чеккен. Алардын арыз-муңун соода комплекстин кожоюндары ушу кезге чейин укпай келишти эле, жыл айланып кайра өрт чыкты. Ушундан улам, муну өчөшкөн бирөөлөр уюштуруп жатабы деген ой келбей койбойт экен. АЙКҮР. Бизнесмендер сүйүнө бергиле. Жаңы Салык кодекси ишке кирсе, 3,2 млрд. сом жоготот экенбиз деп салыкчылар эмитен эле "ыйлай" башташты. Мурда айтылгандай, жаңы Салык кодекси 2009-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет. Аны кабыл алуу экономикалык эле эмес, саясый чечим болду дейт өкмөт. Бирок, бул документ быйыл эле ишке кирсе, анда Кыргызстандагы бизнес чөйрөсү кескин өсүштөрдү жасарын өкмөт башчысы ачык айтты. Эчак эле ошондой кылсаңар кана. Аскер САКЫБАЕВА 31-май күнү Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен сол жак бети жанчылган жетимиш жаштагы С.Токтоналиевдин өлүгү табылган. Маркумдун өлүмүнө себепкер болгон, мурда бир нече ирет соттолгон, элүү төрт жаштагы В.Синяшин кармалды. Тергөө иштери жүрүп атат. Аламүдүн районуна караштуу Каражыгач айыл өкмөтүндөгү маданият үйүнүн жанынан 22-май күнү 35-40 жаштагы азиат улутундагы белгисиз адамдын өлүгүн айылдын жергиликтүү тургундары таап, милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Арадан көп өтпөй 20 жаштагы А.Садыгалиев менен 30 жаштагы А.Зайнидиновдун маркумду сабап өлтүргөндүгү белгилүү болду. Учурда маркумдун ким экени али тактала элек, ал эми кылмышкерлер темир тордун ары жагында баштарын мыкчып, өкүнүп отурган учур. 31-май күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн изкубарлары тарабынан 25 жаштагы Д.Бегалиев энесиндей болгон аялды күч колдонуп, зордуктаганы үчүн колго түштү. Иткумарын кандырган Бегалиев күнөөнү мастыкка шылтап, актанып бүталбай турган кези. Ош шаарындагы Ленин көчөсүнөн 31-май күнү эртең мененки саат тогуздар чамасында 20 жаштагы Б.Сражидинов "Дэу-Нексия" автомашинасын айдап баратып, жолдон Б.Маражаковду койдуруп, жабырлануучуга жардам көрсөтүүнүн ордуна куйругун түйүп качып кеткен. Оор жаракат алган жабырлануучу окуя болгон жерден көз жумган. Ал эми Б.Сражидинов алыс узабай, изкубарлардын колуна түштү. 1-июнь күнү Улуттук хирургия госпиталына Көлмө жаңы конушунун тургуну, кардына бычак тийген элүү бир жаштагы З.Султанов кайрылган. Жабырлануучунун айтуусунда, кошунасы А.Аксариев менен уруша кетип, чырдын аягы бычакташуу менен бүткөн. А.Аксариев жергиликтүү участкалык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, колуна кишен салынды. Назгүл калмамбетова ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаевди Таңгалдырганы: - 1-июндан тартып жолкире акысы көтөрүлдү. Тамак-ашка болгон баалар асмандап баратат. Ошого жараша, айлык акы жогорулап койсочу... Эгерде, биздегидей көрүнүш бөлөк мамлекетте болсо, алардын эли түп көтөрүлө чыкмак. Бүгүнкүдөй катаал шартта калкыбыздын унчукпай атканы өзгөчө таңгалдырат. Күйүндүргөнү: - Бизде өнүгүп-өсүү үчүн бардык шарттар бар. Бирок, ошол мүмкүнчүлүктөрдү туура эмес колдонуп атабыз. Алсак, Кыргызстандын жаратылышындай кооз жер бөлөк өлкөдө жок. Суу десе сууга байбыз. Мына ошол жаратылыш байлыктарыбызды туура пайдаланбай атпайбызбы. Электр энергиясы өзүбүздөн чыгат. Ошого карабастан наркы кымбат, анысы аз келгенсип байма-бай өчүрүлүүдө. Демократиялуу өлкө катары жолубузду таба албай, туңгуюктан чыга албай аткансыйбыз… Сүйүндүргөнү: - Кыргыздан өткөн чыдамкай улут жер шарында болбосо керек. Кыргыз кыйналып атса да "жакшы" дейт эмеспи. "Турмуш-тан чарчадым, кыйналып атам" деген сөз оозунан эгерим чыкпайт. Бүгүнкүдөй билимдүү жаштарыбыздын көбөйүп баратканы мени өзгөчө кубандырат. Алыскы Америка, Япония өңдүү мамлекеттерден билим алып аткан жаштарыбыздын катары күн санап өсүүдө. Акыры бир күн алар өлкөбүзгө кайтып келип, Кыргызстаныбыздын өнүгүп-өсүшүнө зор салым кошот деп ишенем. Нурканбек КЕРИМБАЕВ Кыргыз бийлиги ар бири 100 миң доллардан турган үч суу менен аткыч машине сатып алганы атат деген маалымат тарады. Буга кандай карайсыз? Асылбек ЖЭЭНБЕКОВ, ЖК депутаты: - Парламент имаратын оңдоп-түзөө маселеси көтөрүлгөн. Бирок, депутаттар акча каражатын үнөмдөө максатында ал сунушту четке какканбыз. Мунун арты эмне менен аяктаганы жалпыбызга маалым. Ансыз деле элдин турмушу чеке жылытарлык эмес. Тез аранын ичинде пенсия, айлык акыны көбөйтүп, жаңы жумуш орундарын түзбөсөк болбой калды... Анысы аз келгенсип керектүү тамак-аштын наркы болуп көрбөгөндөй өсүп барат. Алган айлыгы үйбүлөсүн, бала-чакасын бакканга жетпесе, айла жоктон чет өлкөгө тентип кетет да. Ансыз деле ишке жарамдуу жаштарыбыздын басымдуу бөлүгү кетип калган. Эгерде, бул процесс токтобосо өзүбүзгөле зыян. Кыргызстан деген мамлекетибизди жоготуп алышыбыз мүмкүн. Мындай шартта наркы 100 миң доллардан турган суу аткыч машине сатып алуунун кереги бар беле? Минтип акча каражатын максатсыз пайдалангандын ордуна, көкөй кескен көйгөйлөрүбүздү чечип алсак жакшы болмок. Жыргалбек ТУРДУКОЖОЕВ, саясат таануучу: - Баарын кыйратып койгонсуп, үч суу менен аткыч машине сатып алгандарын туура көрбөйм. Бул пикет-митингге чыккан элди таркатуу үчүн сатып алынган курал да. Демек, биздин бийлик өтө алсыз, өзүнүн жеке кызыкчылыгын гана коргоону максат кылып алышкан. Тескерисинче, карапайым калктын кызыкчылыгын коргоп, жашообузду жакшы нукка бурса, элдин алкышына гана татымак. Байманалуу калк пикет-митинг деген "илдеттен" алыс болмок. Жоомарт САПАРБАЕВ, "Атамекен" партиясынын мүчөсү: - Биздин бийлик демократия жана адам укуктарына болгон мамилесин көрсөтүп койду. Бийликке акараат келтирип, сын айтып койгон адамды баса калып эле камап атышпайбы. Жакында пикет-митингдерди чектөө боюнча мыйзам кабыл алынды. Ал эми, суу менен аткыч машинени нааразычылык акцияларына чыккан элге каршы колдонуу үчүн сатып алышы мүмкүн. Албетте, бул терс көрүнүш. Аягы жакшылыкка алып келбейт. Азиза АБДРАСУЛОВА, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси: - 2005-жылы президенттик ант берүү аземинин алдында К.Бакиев Москвага барган. Ошондо самолетуна 8 тонна атайын жабдыктарды (көздөн жаш агызуучу газ) салып беришкен. Укук коргоочулар бул маселе боюнча өз оюбузду билдиргенбиз. Бу саам суу менен аткыч машиналарды бергени турушат. Россия бөлөк өлкөнүн ички саясатына кийлигишкендин ордуна өздөрүн ойлошсо болмок. Не дегенде, Россияда деле абал жакшы эмес… Андыктан, кыргыз бийлигинин мындай жетеленме саясатына тескери көзкараштамын. Нурканбек КЕРИМБАЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|