Коомдук-саясый гезит
№41, 03.06.08-ж.





  Күзгүгө каранчы

Коррупция Акүйдүн канчанчы кабатында
Болор пара богунан
Азыркы бийлик коррупция менен күрөшүп атабыз маанисинде көп күпүлдөйт. Бирок байкалбайт. Ырас, буга чейин паракорлук, жеп-ичүү боюнча айыпталып, Ош губернаторунун орунбасары Кушбек Тезекбаев, курулуш агенттигинин директору Ишенбай Кадырбековдун камакка алынышын аз болсо да коррупция менен күрөштүн белгиси катары кароого болот.
Кыргыз эли эгемендикке ээ болгондон баштап коррупцияны кылмыш катары эмес, кадыресе коомдук көрүнүш катары кабылдап алганы белгилүү. Анткени бизде коррупция бала төрөлгөндөн тартып башталат экен. Башкача айтканда, наристени эң алгач ошону менен оозантабыз. Сүйүнчү берүү, ооруканадан чыгарып кетүүдө гүл менен кошо арак-шарап, таттууларды узатуу мыйзамсыз болсо да салт катары калыптанып калды. Ушуну менен бүтпөйт, баланы бакчага орноштуруу, мектепке алып баруу акча менен коштолуп олтурат. Балабакчанын жетекчисине, тарбиячысына акча бергенден кийин гана боор этиңден жаралган баланы ишенимдүү колго тапшырдым деп көңүлүң ток болот. Азыр кенже класстын балдарына тамак берилип, окуучулар китеп менен ремонтко акча төлөбөй калышты. Ошондой болсо да мектептеги иш-чаралар, бир жылда эки жолу белгиленген класс жетекчисинин туулган күнү, 8-март сыяктуу майрамдар же жөн эле ата-эненин ыраазылык менен берген акчалары паракорлуктун башатында турганы чындык. Анан перзентибиз мектепти аяктаган соң, жогорку окуу жайына окутабыз. Буга чейин яслиде, мектепте иштеген тарбиячыларга акчаны ата-эне берсе, институт, университеттерде студенттер өз колу менен пара бере баштайт. Анын беш жылда окуган ар бир экзамени, зачету, курстук, дипломдук иши акча менен бүтөт.
Эми ойлонолу, төрөлгөндөн баштап окуу жайды аяктап жумушка орношконго чейин жалаң пара берүү менен коштолуп, кызматка келген ошол кадрды пара албайт деп ким кепилдик берет? Таза иштегиси келеби, андай болбойт, алынын жетишинче өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлоп, өзү берип жүргөндөн бешбетер алат.
Эти - өзүнүкү,
сөөгү - бийликтики
Өткөн он беш жыл ичинде коррупция терең тамырлап, ага шектүү деген адамдарга азыркы бийлик да кечирим берип, башынан сылап атканы өкүнүчтүү. Мисалы, Юруслан Тойчубеков Баткен губернаторунун орунбасары болуп жүргөндө казна акчасын Мамат Айбалаев экөө каалагандай калчап, баткендиктердин таштак жолуна Кытайдан велосипед алып келип, Баткен аэропортунан тажиктерди Россияга жөнөтүү үчүн самолет учурушуп, жеп-ичкенден башка жумуш жасабаганы баарына белгилүү. Ю.Тойчубеков дал ошонун айынан орунбасарлык кызматтан кеткен. Бүгүн Юруслан Тойчубеков финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл кызматынын директору Юруслан мырзаны кызматка коюп жатканда коррупцияга шектүү болчу деп эчким эске алган эмес. Бирок үйрөнгөн адат калабы дегендей, аны таза иштеп жатат деп айтуу кыйын.
Мына ушундай айып менен өткөн бийлик тушунда кызматтан алынып же орун которуп иштеген кызматкерлерибиз азыр да арабызда толтура. Көрүнүктүү кызматта олтурбаса да, орунбасарлык, башкармачылыктын, бөлүмдүн жетекчилигин аркалап, үйбүлөсүнүн муктаждыгына жетерлик пара алчу мүмкүнчүлүккө ээ.
Бир жыл мурда экс-депутат, азыркы өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев ошол кездеги министр Жаныш Рустенбековдун жеп-ичкендиги тууралуу Жогорку Кеңеште жарыя айтып, акыры Жаныш мырза кызматынан алынган. Эми эчнерсе болбогондой Кыргызстандын жүзүн казак боордошторго көрсөтүп, элчилик милдетти аткарып жүрөт.
Ошол эле Жантөрө Сатыбалдиев да губернатор катары жеп-ичкендиги боюнча айыпталып, кызматынан алынганын эл билет. Бирок арадан бираз убакыт өткөндөн кийин анын изи басылып, Жантөрө мырза бүгүн "Кателди" башкарып олтурат. Биз бул жерде соттун, милиция начальнигинин, акимдердин деңгээлине түшкөн жокпуз.
Биринен бири эр
Коррупцияны эскертүү боюнча агенттиктин басмасөз кызматынын маалыматына ылайык 2007-жылы паракорлук мүнөзүндөгү 977 кылмыш иши катталган. Анын 590у кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу болуп саналат. Коррупциялык укук бузуудан пайда болгон материалдык чыгымдын көлөмү 308 млн. 19 миң сом.
Коррупцияны эскертүү боюнча агенттиктин маалыматына ылайык, ушул жылдын 20-февралына чейин төмөнкү мамлекеттик органдар изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча коррупциялашкан деп табылган.
Биринчи орунду дагы эле Айыл, суучарба жана кайра иштетүү министрлиги ээлеп, коррупциянын 218 фактысы катталган.
Андан кийин Билим жана илим министрлиги 137 факты менен экинчи орунда турат.
Алгач азыркы премьер-министр И.Чудинов башкарып, кийин Сапарбек Балкыбековго өткөргөн Өнөржай, энергетика жана отун ресурстар министрлиги 136 факт менен үчүнчү орунда.
Транспорт министрлиги 94 факт менен төртүнчү болсо, Ички иштер министрлиги 68 факт менен бешинчи орунду ээлейт.
Коррупцияны эскертүү агенттигинин бул маалыматы андан ары фактылардын санына жараша уланып кете берет. (Толук тизме ММКга мурда жарыяланган).
Эң эле кызыгы, тийиштүү органдар тарабынан фактылардын бети ачылып, Эсеп палатасы текшерип, мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы өкмөткө, Коопсуздук кеңешине жөнөтүлсө да, алар тарабынан ушул кезге чейин эч бир чара көрүлгөн эмес.
Коррупция жашай берсин максатыбы?
Акылбек Жапаров, Нурлан Сулайманов, Ишенгүл Болжурова, Арстанбек Ногоев, Султан Раев, Сапарбек Балкыбеков, Мурат Суталинов, Бектур Асанов, Пайзылда Рахманов ж.б. башкарган министрлик, агенттиктер коррупция менен күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашырууда бир да аракет көрүшкөн эмес.
Коррупциялык маселелерди изилдөө боюнча бизнес-ассоциация конгресси менен германиялык техникалык кызматташтык коомунун изилдөөсүнө ылайык, сурамжыланган мамлекеттик кызматкерлердин 51%ы коррупциянын тамыры рыноктук өзгөрүүлөргө, 27%ы тарыхый салтыбызга байланыштуу деп жооп беришкен.
Сурамжылоого катышкандардын пикиринде, коррупцияга малынган мамлекеттик кызматкерлер паракорлуктун өнүгүүсүнө шарт түзүп беришет.
Коррупция менен күрөшүү бир эле биздин өлкөдө эмес, КМШ өлкөлөрүнүн баарында жүргүзүлүп келет. Казак президенти Н.Назарбаев "Нур Отан" партиясын коррупция менен активдүү күрөшүүгө чакырды. "Нур Отан" партиясы азыр Н.Назарбаев сунуштаган "Паракорлукка он сокку" программасын иштеп атат.
Бирок Казакстанда да, Кыргызстанда да мамлекеттик ар түрдүү кызматты аркалоо менен бирге өз бизнесин жакшы жолго коюп, аны ар тараптан колдоп, өнүгүшү үчүн мамлекеттик деңгээлде бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланган чиновниктер жок эмес.
Жалгыз дарак токой... болсо
Коррупция менен күрөшүү боюнча азыркы парламент да колкабыш кылса жаман болбос эле. Мисалы, депутат К.Исабеков Кумтөр кенин жалгыз өзү терең изилдөөгө алып, бир канча мыйзамсыз иштердин бетин ачты. Эгер 90 депутат 90 тармакты колго алып, Исабековдой изилдеп чыкса, көп нерсе ачыкка чыкмак.
Жакында эле президент К.Бакиев эл менен жолугушуу учурунда ага "баламды мамлекеттик кызматка ал" деген өтүнүчтүн көп түшкөнүн, баары эле салык же бажы тармагын суранышканын, көрсө, бул тармакта пара алуу көп болорун айтып келип, мамлекеттик кызматтын баркы түшүп баратканын белгиледи. Туура айтылган сөз, бирок мамкызматтын баркы түшсө эл үчүн түштү, анда иштеп жаткандар дагы эле жанталашып жүрөт.
Келдибек НАЗИРОВ

















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan