Коомдук-саясый гезит
№41, 03.06.08-ж.





 "Дүйнө Туризм Сулуусу - "Кыргызстан-2008"

Жаздын акыркы күнүндө өлкөбүздүн эң сулуу селкиси аныкталды.
"Дүйнө Туризм Сулуусу" жана "Дүйнө Бикини Сулуусу" ири эларалык конкурстарынын дүйнөлүк финалында Кыргызстандан ким катышары "Витлайн" промоушн борбору жана Мамлекеттик Туризм агенттиги тарабынан уюшулган финалдык кечте калыстар тарабынан тандалып, асыл таштар чөгөрүлгөн күмүш таажы тагылды.
Үч айдан бери тандоодон өтүп, стилист, хореограф, имиджмейкер жана психологдун тренингдеринен өтүп, акыркы сыноого 23 сулуу чыккан. Салт болуп калган тартип боюнча конкурс катышуучулары Орус улуттук драма театрдын сахнасына жеке презентация, бикини, улуттук жана кечки көйнөкчөн чыгышты. Ошентип, жыйынтыгында Кыргызстандын 2008-жылкы "Дүйнө Бикини Сулуусу" Татьяна Рукавишникова, ал эми башкы жеңүүчү - "Дүйнө Туризм Сулуусу" Акерова Салтанат болду.
Салтанат 16 жашта. Учурда мектептен билим алып, гимнастика жана моделдик бизнеске кызыгат. Дүйнөлүк финалга жолдомодон сырткары демөөрчүлөрдөн баалуу белектерди, анын ичинде Түркияга эс алууга жолдомого ээ болду.
Айтмакчы, Акерова Салтанат биздин гезит өткөрүп аткан "Агым" ажары" фотоконкурсунун финалисти.

















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan