![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №42, 06.06.08-ж. |
Эс-экран Сарногойдун Байдылда, саматып турган санжырга 1993-жылдын июнь айы болсо керек эле. Белгилүү этнограф Амантур Акматалиев экөөбүз жамбашы сынып сыркоолоп жаткан Байдылда Сарногоевдин абалын сураганы үйүнө бардык. Сынык бутун кроваттын аягына асып коюп чалкасынан жаткан экен. Колунда өзүнө окшоп таңылмалуу комузу бар. Дың-дың эттирип: - Уктуңарбы, мен да таңылуу, комузум да таңылуу, эки майып ушинтип эрмектешип жатабыз - деди тамашасын таштабай. Саламдашып, ал-жайды сурашкандан кийин үн жазгычымды бурап, Байдыкеме суроо узаттым. Жолочу: - Байдыке, жатканыңызга он ай болуптур. Отуруп жазганга оңутуңуз жок экен, кагазга түшүрбөгөн менен көңүл жоолугуңузга түйүп аткан ырларыңыз бар чыгар? Байдылда: - "Үрөнөөк катын үч ай, жакшына катын жарым ай" деп коет го кыргызда. Анан мобул эчки беш ай, кой алты айдын жүзүн карап тууйт экен. Мен кой менен эчкинин арасында өстүм, буларды жакшы билем. Эртең менен Таластын жилик какшаткан муздак суусун кечип, ошол эчкилерди бийик бетке айдап чыгып кайра келем. Кечинде кайра айдап түшүшүм керек. Ал оңбогурлар кол булгаганга келбейт экен. Айла жок, баягы муздак сууну кайра кечесиң, шыйрагыңды какшатып. Аңгыча энем: "Ээ, Байдыш, эчкилерди айдап кел!" дейт. Анан минтип койчумун: Сарногойдун Алыйман, Түштөн кийин болгондо Эчки айдап кел деп жалынган Өтүгүм жок бутумда, Кантип басам шагылдан? Бирок беркилерин төлдөтүп көргөн эмесмин. Жылкы он айдын жүзүн көрүп, уй тогуз айдын жүзүн көрүп, төө он бир айга чейин көтөрүп тууйт деп казактардан уккам. Эмне үчүн муну айтып атам? Менин жатканыма он ай болду. Былтыр боюна бүткөн бээ деле тууп койгондой болду (күлөт). Эми ушул казактардын төөсүн күтүп атам, он бир же он эки айда төрөйт деген. Буюрса, жылыш бар. Аманчылык болсо басып кетемби деген үмүт чоң. Өзүмдү өзүм шердентип, анан өзүңөргө окшогон жоро-жолдоштор келип турат. Бу, Амантурум дайыма мага канат-куйрук болуп жакшы сөздөрүн айтып кетет кезек-кезек. Инилер бар өзүңө окшогон. Кыскасы, киши менен киши экен да. Анан чалкаман жатамын. Оң жамбаш, сол жамбаш менен жаталекмин. Кудай жалгап ушул аркам он ай чыдап берди. Оюлуп кетет деп укчу элем, бул оюлган да жок. Же кемпирим жакшы карайбы? Ушундай болсо керек. Анан ушул бирдеме-сирдеме жазайын дейм. Бүгүн оорубайт го деп кичине кыймылдайын десем, бутум ооруй баштайт. Ооруганда ойлогонум башыман учуп кетет. Анан кайра чалкаман жатам, ошондо оорубай калат. Чалкаман жатып жазалбайт экем. Же болбосо тиги Аалы Токомбаев аксакалдын, Абдрашит Бердибаевдин секретарлары бар эле. Качкынбай Осмоналиев досумду: "Сен Абдрашит Бердибаевге секретарь болуп жүрдүң эле. Мобул бутум айыкканча жалыйнаңды төлөп берейин, мага деле секретарь болсоңчу?" деп тамашалайын дедим эле. Жатканда жазылбайт экен, ручкадагы сыя кайра артынан кетип калат өңдөнөт. Жолочу: - Эсенаман жүрөбү, Эл ичинен бөлүнбөй. Базарда же көчөдө Байдыкең калды көрүнбөй, - деп элиңиз эңсеп атат. Байдылда: - Иши кылып анча-мынча ойлорду кээде блокнотко белгилеп коюп, көпчүлүгүн мээме бышырып атам. Бутумдун сынган күнү эртеси эле жазгам, уйкашы болсо эле болду да деп. Жамбаштын тартып азабын, Жалдырап жалгыз жатамын. Солдоюп жатпай күнү-түн, Соо болуп качан басамын. Кыскасы ушул, айланайын, Жолочу сен кезек-кезек келип, ырларымды радиодон берип калчу элең. Аманчылык болсо баардыгы ойдогудай болот. Жолочу: - Мен дагы анча-мынча ыр жаза коюп жүрчү эмес белем. Сиз жөнүндө оюн-чыны аралаш ыр жаздым эле. Жатып алып аялыма кеңештим, Жакшы акынды коноктоого не жетсин. Салакасы аракка эле тийбесе, Сабиз, чөп-чар... калат теңи үйдө эттин. Курган өмүр мезгил жылса турабы, Кужуңдашпай кумардан аз чыгалы. Себет менен баштыгыңды даярда, Сен дүкөнгө, мен базарга жылалы. Семиришип бал татыган тосуңа, Сени тиктейт жоро-жолдош, кошуна. Түркүн-түрмөк ырларыңдан куюлтуп, Түкүрүп кет наристемдин оозуна. Ошол наристелердин, неберелердин, чөбүрөлөрдүн оозуна түкүрчү акынсыз. Анын үстүнө биздин чоң касиеттүү акындарыбыз Мидин менен Райканды көрүп, чогуу жүрүп калган кишисиз. Ошол Мидикем жөнүндө ыр жазганда да сиз жөнүндө эскерип кеттим эле. Көкүл чачы, Көзгө түшүп салаңдап. Ооган жака, Оң ийинин даярдап. Ыктытканда тиеби деп кереги, Ыстаканың башка жаздап аярлап. Чала дүмбүл кезинде, Чачпагыңды көтөрүп. Байдыкебиз жүрчү экен. Батаң сурап көшөрүп. Ошол тайың, Ошол бойдон демикпей Мактоого аксап, Маңызсызга терикпей. Алып жүрөт, Жазып жүрөт Арагың да, ырың дагы кемитпей, - деп. Маңдайыңызда ырларыңыздын үтүр, чекитине чейин жат билген Амантур аксакалыбыз отурат. "Көчөдөн көрө албай калдым, үйүнө барып көрөйүн" деп атайын эңсеп мени менен келди. Амантур: - Козудан артык көргүн деп, Койсоңчу десем, жактырбай Коноктоп жатты үйүндө, Корозун союп Саткынбай. Тамагы даяр болгондо, Тарс кагып эшик ачтырбай Шыкаалап сыртта тургансып, Шып кирип келди Качкынбай, Сеп этип алып арактан, Семиз тоок экен өтө деп. Көп сөзгө кирди Качыкем, Короздун төшүн жеке жеп. Телмире карап сырт жактан, Терезе жака жакындап, Топтошуп жесир калдык деп, Тооктор жатты какылдап - дептирсиз. Байдыке, бул тамаша кандайча чыгып калды? Байдылда: - Бул эми бир айылда айтылган тамаша болсо керек эле. Баягы жылы эки аял алабыз деп чыгышпадыбы. Ошентип кыргыздын тукумун көбөйткөнү жүрүшөт. Эми тоок менен адам бирдей эмес да. Көп аял алгандан илгерки ата-бабага мүйүз деле чыккан эмес. Көбөйсөк ошондо эле жерге батпай кетпейт белек. Бир депутат айтат, элге билгизбей, Конституцияга киргизбей кыла бербейлиби, кыларыбызды деп. Эми ал адамдын өзүнүн иши да. Андай эркиндик айбандардан короз менен айгырда гана калды. Үйүрүндөгү бээлер айгырдын аялы да. Он сегиз, жыйырма тоок болсо да ичинде бир короз жүрөт. Короз "кукук" дегенде 18-20 тоок ошол замат чуркап келишет экен. Өздөрүнүн тили да, каяктан мен түшүнөм. Анан бул кочкор, бука байкуштар биздей болуп калды да. Короодо, сарайда ээн-эркин жүрүшө албайт бечералар! Оо атаңдын көрү десең! Ал жөнүндө жазыла элек, чыга электери да бар. Кыскасы, бизге бир эле аялды кут кылсынчы азыр. Ошону кут кылып эле, койчо төлдөй беришсин. Жолочу РЫСБАЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|