![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №42, 06.06.08-ж. |
Токто, көз ирмем! Кыргыз улуттук Т.Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынын актрисасы, КР эмгек сиңирген артисти Жамила СЫДЫКБАЕВА: "Менин сүйүүм да, азабым да -ыйык сахна" - Убагында университеттин чет тилдер факультетин таштап, искусство институтуна өтүп кетиптирсиз... - Мектепте окуп жүргөндө эле ар кандай чыгармачылык кечелерге активдүү катышчумун. Ал кезде ырдаганды анча билбесем да, жакшы бийлечүмүн. Мектепте жакшы көрүп окуган сабагым чет тили болчу. Атамдын каалоосу менен четтилдер факультетине өтүп, бир курсту бүтүрдүм. Жазында сессия тапшырып аткан учурда "Москвадан ГИТИС институтуна конкурс жарыяланып атат" деген кулактандырууну көрүп калдым. Ага чейин цирктин жанында жайгашкан "Актерлор үйүнө" актердук студиянын репетициясын көрүү үчүн кызыгып көп барчумун. 8-класста окуп жүргөнүмдө "Түштүк кыз" тасмасына киносынакка чакырышкан. Андан тышкары, фотосынактарга чакыруу болгондуктан, менде үмүт пайда болгон. Искусство институтуна ата-энеме, эч кимге айтпай туруп өзүм эле тапшырып, өтүп кеттим. - Башка окууга өткөнүңүзгө ата-энеңиз кандай карады? - Университетте абдан жакшы окучумун. Экзамендерди жалаң бешке тапшыргам. Искусство институтуна өткөндөн кийин атама кыйналып-кысталып атып, Москвага окууга өткөнүмдү, актриса болгум келип жүргөнүн айтсам, ал чалкасынан кетип, каршы болуп туруп алды. Мен буркурап-боздоп ыйлап, "ата, мен сизден бир тыйын сурабайм, мага тыйыныңардын кереги жок, ачка болсом да окуйм" деп жалындым. Эки жума бою атам көгөрүп, жок окубайсың деп туруп алды. Университетке барып мугалимдер менен жолукса, алар "кызыңызды артист кылбаңыз, сабакты жакшы окуйт, биз аны Лондонго практикага жиберебиз" деп атамды аябай айнытышыптыр. Кудай жалгап, чоң энем, өзүмдүн апам, анан агам Макен Сыдыкбаев да чыгармачыл адам болгондуктан, үчөөлөп атамды эптеп көндүрүп, макулдатышты. Ошентип, Москвада окуп калдым. Москвада окуп жүргөндө теңтуштарыма Кыргызстандан посылка, тамак-аш, акча-тыйын келчү. А мен ата-энемен бир тыйын сураган жокмун. Тырышып жалаң бешке окугандыктан жогорулатылган стипендия алдым. Ошол кезде кийин атагы чыккан актрисалар, режиссер курсташтарымдын көпчүлүгү короо шыпырып, фабрика-заводдордо иштеп акча тапчу. Мен да почтада пол жууп иштеп калдым. Иштеп өзүмдү гана бакпастан, Москвадагы таңсык кийимдерди, оюнчуктарды үйбүлөмө алып келчүмүн. Атүгүл кезекке туруп, апама палас, килем сатып келип бергем. - Университетти бир эле курс окуган экенсиз, азыр анча-мынча сөздөрдү которо аласызбы? - 1992-жылы Голливуддан, Италиядан киночулар келишип, Т.Океев жетектеген топ "Чыңгызхан" фильмин тартышкан эле. Чыңгызхандын ролун белгилүү киноактер Ричард Тайсон аткарган. Менин бактыма, үч башкы ролдун бири - Чыңгызхандын өгөй энесинин ролу берилди. Ошондо англис тилинин жардамы тийди. Сөздөрүн бат эле жаттап алдым. - Жаш кезиңизде сокур кыздын ролун ойногонуңуз көпчүлүктүн купулуна толуп, азыркыга чейин айтылууда… - 1982-жылы КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссер Мелис Шаршенбаевич театрга келип, "Мен күндү көрүп турам" деген спектаклди коюп, Хатия деген сокур кыздын ролу мага тийди. Бул менин жүрөгүмө эң жакын ролдордун бири. Ал кыздын көзү азиз болгону менен көөдөнү тунук, адамгерчилиги жогору. - "Апамдын махабаты" сериалындагы персонажыңыз Сейилдин сүйүүгө мамилесине кандай баа бересиз? - Фильм тартылгандан кийин көчөдөн, маршруткадан улгайган эле аялдар мени таанып, ыраазычылык айтып, "Кызым, мен өз тагдырымды көрдүм, менин тагдырым да ушундай болгон, фильмди көрүп алып ушунчалык ыйладым" деп айткандар болгон. Драматург Жеңишкүл Өзүбекова ушул чыгарманы абдан жакшы жазган. Сейилдин образы абдан жагат, туура эле кылды деп ойлойм. 2004-жылы түркмөн режиссеру Овлякули Ходжакули Бишкекке келип, "Падыша Эдип" деген фильм-спектакль тартып, мени Иокастанын ролуна чакырып калышты. Адегенде мен ал ролдун кичинекей нерсеси үчүн ыракматымды айтып, үч-төрт күн макул болбой, баш тарттым. - Эмне үчүн? Роль жаккан жокпу? - Роль абдан жагат. Бирок, кыргыздын менталитетине туура келбеген эротикага жакын сахнасы бар экен. Курсташ курбум Назира Мамбетова мага телефон чалып урушуп, экинчи жагынан кызым да айтып атып, акыры макулдатышты. Бул фильм-спектакль Москвадагы болгон кинофестивалында көрсөтүлүп, режиссерубуз дебют үчүн сыйлык алыптыр. Күндүн кайнаган ысыгында кум үстүндө, бак-дарак, көлөкө жок жерде, Көл деп бака-балырлары толтура балчыктын ичинде Ивановка айылында тартылдым. Ал эми былтыр орус драма театрынан сунуш болуп, драматург, КР эл жазуучусу Мар Байжиевдин "Кыз-күйөө" чыгармасы боюнча "Старая дева выходит замуж" деген спектаклде ойнодум. Спектаклди белгилүү режиссер, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Офеля Эркинбаева койду. Байкем, КР эл сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев сүрөтчүсү болуп иштеди. Офеля эже менен иштөө мага чоң чыгармачылык ыракат алып келди. - Сиз искусстводон, театрдан эмне таптыңыз? - Театр, искусство ар бир чыгармачыл инсанга образ жаратууда канчалык жандүйнөсүн кыйнап, жүрөк отун берип жаратса, ошончолук сахнадан көрүүчүлөр сени менен сезимдерин козгоп, кошо ыйлап, кошо күлүп турса, бизге ошончолук ыракат алып келет. Менин сүйүүм да, азабым да - ыйык сахна... Назгүл КАЛМАМБЕТОВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|