![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №42, 06.06.08-ж. |
Сейил маек Бул ирет биз ырчы Ислам Акматов менен "сейилдедик". Ислам АКМАТОВ: "Сахнада чыныгы достук жок" - Ырларыңдын ыргактарына, сахнадагы жүрүм-турумуңа карап, сени мүнөздөсөк болобу? Же турмушта таптакыр башка адамсыңбы? - Жоош, жөнөкөймүн, боорукермин, уялчаакмын. Бирок, ички күчүмө таянам. - Азыркы жаңырып аткан ырлардын маани-маңызына улуу инсандар аябай нааразы. Сен ырларды кандай тандайсың? - Алгач ырдын сөзүнө карайм. Анткени, терең маанилүү ырларды тандайм. Жакын адамдарым менен акылдашам. - Кандай ырлар жүрөгүңө жакын? - Кайгылуу ырлар. Ал эми тематикасы - албетте, махабат. - Чыгармачылыкта кимге таасирленесиң, кимге карап түздөнөсүң? - Батыш ырчыларына көп карайм. - А бизде түздөнө турган талант жок дейсиңби? - Эмнеге жок, бар. Мисалы, Актан Исабаев, Гүлнур Сатылганова. - Келечек кесибиң музыкалык болбогон соң, кийин өз кесибиңе өтүп кетпейсиңби? - Өз кесибиме өтөр-өтпөсүмдү убакыт көрсөтөт. Мен ырга бизнес катары мамиле кылбайм, а жандүйнөмдүн ырахаты үчүн ырдайм. Жылдыз дегенди көп жактыра бербейм, маани да бергим келбейт. Өмүр бою ырчы болуп да өтпөйм. Себеби, жакшынакай үйбүлө күтүп алып, жай жашоону тандайм. Жашоонун темпи канчалык ыкчам болбосун, ар бир адам өз ыкмасы менен жылат. Мен эч качан шашпайм. Табиятымдан тынчтыкты сүйөм. - Ырчылар өзү аябай ызы-чуулуу калк келишет эмеспи. Анда алардын арасына көп аралашпасаң деле керек… - Учурашып, ал-жай сурашып турам, бирок, көп кошулбайм. - Анда неге сахнага кадам таштадың? - Бул балачактан берки кыялдардын четинен орундалышы. Ырчы болобу, президент болобу, ушул жашоодо татыктуу, таза өмүр сүрүү мен үчүн зарыл. Башкысы ошол. Мен ушундай принципти карманам. - Таза өмүр сүрүүнүн өзүң түзгөн формуласы барбы? - Балагезден тартып түз жолдон чыкпай, бирөөгө жамандык кылмак тургай, жаман пикир катпай, ким болбосун, баарына бирдей мамиле жасап, адамгерчиликти туу тутуп жашаганың. - Кечиримдүүсүңбү? - Эгер күнөө мен тараптан кетсе, сөзсүз кечирим сурайм. Эгер менде эч айып болбосо, ал адамга үн катпайм. Бирок, ичте кек сакталбайт. - Досторуңдун чөйрөсү кандай? - Чыгармачылыкта бирөө гана бар. Көпчүлүгү сахнадан тыш. Алар менен келечекте да катташып, мамиле уланса деп тилек кылам. - Сахнада табышкан достукка ишенесиңби? - Баарыбир атаандаштык бар, ошол себептен, чыныгы достук болбосо керек. Жакшы, түз мамиле болушу мүмкүн. - Сахна адамдарынан көңүл калалекпи? - Андай деле көңүл калуу жок. Бирок, ырчылар таптакыр башка адамдар. Айрымдары менен учурашсаң, өздөрүнүн жылдыз дарты менен ооруп тургандыгын көрсөтүшөт. Мага ошол таптакыр жакпайт. Айылдан кечээ келип алып эле, бүгүн элдин колдоосун көтөрө албай кетишкени кыжырдантат. Алардан оолак болгонго тырышам. Адамдын бири турмушта кедей, ал эми экинчисинин ички дүйнөсү жарды болот тура. Ким болбосун, колу асманга жетип турса да, жөнөкөй бойдон калган туура го. - Чыгармачыл адамдарды жакшы эле түшүнөсүңбү? - Чындыгын айтсам, терең түшүналбайм. Чыгармачылыкты алар бардык каприздеринин бетине кармай бербеши керек. Анткени, кандай бийиктикте турбасын, ал адам бойдон калышы абзел. Жылдыздарда жымың эткен эмне кеп? Юрмалада өтө турган "Жаңы толкун" эларалык сынагына "катышпай калышы ыктымал" деген шектенүүлөрдү четке кагып, ОМАР сынактын кайталап өткөн жарым финалынан да тандалды. Кудай буюрса, 23-28-июль аралыгында Россия телеканалдарын акмалап турсак болот. Айтмакчы, Омарга продюсерлик кылган Нурсулан Сыдыгалиевдин дагы башка тарбиялануучулары Башкырстан республикасында өткөн "Урал Моно - 2008" түрк тилдүү мамлекеттердин фестивалына катышышты. Сахна астанасында турган Нена аттуу кызы 2-орунга татып, ал эми Эрлан Андашев атайын диплом менен сыйланган. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|