![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №42, 06.06.08-ж. |
![]() Пейджер Урматтуу окурман! Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 3030 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз. П-454. Коррупция чычканга да койбой кебек/ Казнаны жалап-жуктап, мүлжүп келет/ Өлкөнү жарды кыла таштай качан/ Атууну Акайыптан баштоо керек. Эркин Жаныбеков. П-455. "Афган чымчыктары" кулпунайга, алмага кол салып кууратышты. Эми акылдуулуктарына не дейсиң. Качкан жагынан Акаевдин, баскан жагынан Бакиевдин ролун ойношот. Зам.Байдылда. П-456. Атабыз Байтереков Асанкулду 50 жашка чыгышы менен куттуктайбыз. Ата, денсоолугуңуз чың, өмүрүңүз узун болсун. Биздин сый-урматыбызды көрүп, небере-чөбөрөнүн ыракатында жүрө бериңиз. Уул-кыздарыңыз, келиндериңиз. П-457. Ургаачы ит күүлөгөн учурунда жигиттерим көп деп мактанат. Медербек Сулайманов. П-458. Урматтуу президент кээде ачуулуу айтып калат го: "Мен всенародно избранный президентмин" деп. Ошого жараша элге да кеңешип, талаш маселелер болгондо алдын алып, жагдайды түшүндүрүп, ой-пикирин бөлүшүп койгону туура го. Элдин аң-сезимдүү бөлүгү Каркыра, Кумтөр, Көлдөгү пансионаттар, энергетика боюнча качантан бери сөз кылып, чуу түшүп атат. Журт атасы болуп кырдаалды түшүндүрбөйт, бакыра бергиле дегендей. Президенттин бир ооз сөзү далайдын оозун эчак басат эле, бул элдин ишенимин алуунун негизги жолу да... Темиркан Турсунбеков. П-459. Курулуш кыйын курулуш/ Чак келбейт экен пулубуз/ Ыңгайга карап азыркы/ Ылайдан курап турубуз/ Курулуш азап курулуш/ Көп болсо кана пулубуз/ Көпөстөрдөй курмакпыз/ Көп кабат кылып, эң дурус. Күйдүмчок. П-460. Кайраттуу калемгер Кален Сыдыкова карындашымдын 50 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде өткөрүлбөй калды. Омоктуу акын Омар Султанов менен маданият министри Султан палван Раев колдоп койсо болмок. Өкмөт да Сыдыкованы эч колдобой келе жатат. Жакында эле Сыдыкова борбор шаар "Манас" деп аталса деген сунуш кийирди эле. Чындыгында "Бишкек" деген жакшы ат эмес. Кыргыздар кымыз ачыткан сабаны бишкек дейт. Легендарлуу парламентте атактуу жазуучу Т.касымбеков аксакал баягы эле ураа менен борбор шаар Бишкек деп коюлуп калган. Р.К.Дада. П-461. Эзелтеден эле "бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деп коюшар эле. Азыр болсо бөдөнөнү асмандан түшкөн десанттар деле союп жатышат. Байкуш гана бөдөнөлөр ай. Асанкайгы. П-462. Кымбатчылыгыңар не дейт, кыргыз эли? Чет өлкөдөгү жарандарыңар келбей коюп, жалаң "чиновниктер өл көсү" болуп калбасаңар экен. Гансибек (Америка). П-463. Бирөө жүрөт тачка түртүп темтеңдеп/ Он сом тапса бүгүнкүгө жетет деп/ Сен жатасың саунада дардайып/ Байлыгыңды бир кылымга эсептеп/ Ойлонсоңчу алды-артыңда капырай/ Чектен чыктым, кадыр-баркым кетет деп. Сейдана Бейшебекова. П-464. Кымбатчылык кыйнап жаткан элиңдин/ Акыбалын койдуң чиркин сурабай/ Кээ бирөөнү карап турсаң темтеңдеп/ Ачкасынан араң турат кулабай,/ Тентип кетти, бозуп кетти кайран эл/ Кандай жансың тоготпогон, кудай ай/. Сейдана Бейшебекова. П-465. Кымбатчылык кайда алпарар экен. Же ушинтип нанга эле иштеп калабызбы? Башка элдей болуп жакшы жашасак, эмне, жарашпайбы. Элдин убалына калдыңар го. Гүлсина. П-466. Оштук менен таластыктар Көлдүн эли-жерин пир тутуп, жөлөк-таяк болуп жериңерди көргөнү Түпкө барышса, кой союп коноктогондун ордуна жумуртка менен уруп, жалгыз Болот Шерниязовду ортого салып ур-токмокко алганыңар эмне деген шумдук. Көлдүн тың чыкмалары, бир күн курсак тое турган 1000 сомго сатылганыңар бүт дүйнөгө кыргыз деген элди шерменде гана кылдыңар. Манас атабыз ушундай кылгыла деп осуят калтырды беле? Душманга күлкү, доско уят кылдыңар. Намысыңар жок экен. Караш Насер. П-467. Топор кит шиши толуп түшсө колго/ Дүрбөшүп табакташтар туруп "хорго"/ Бош кой дейт айланайын өкмөт, ханым/ Эмгеги сиңген жерди тутпай торго. Эркин Жаныбеков. П-468. Бүткүл Кыргызстандын студенттери, сессияңарды ийгиликтүү тапшыргыла!!! Чынар. П-469. Воронцовка санаторийинде эс алууда жүргөн атабыз Бектурга, апабыз Майрамга салам жолдойбуз. Жакшы эс алып, денсоолугуңарды чыңдап келгиле. Наргиз, Нуркыз, Жылдыз. П-470. Көп эле учурларда белгисиз зөөкүрлөрдүн кордугунан куткарууга 102ге чалып милицияны чакырсаң коргоочулар тез келбегендиктен, билеги жоондор качып кетип калышат. 1-2 сааттан кийин келген кызыл шапкечендер "качып кете турган хулигандарга эмнеге чакырасың" деп кайта өзүңдү күнөөлөйт. Караш Насер. П-471. Жалганчыга: Сенсиз деле баарысын тапмак экем/ Сага ишенген мен дагы акмак экем/ Эрте-кеч сени издеп сандалгыча/ Эс алып үйүмдө эле жатмак экем. Зам.Байдылда. П-472. Кыргыздын "киргиз" болгону - кыргыз тилин билгис болгону. Медербек Сулайманов. П-473. Ажылдаган аялдардан корком. Бетинен заары чыгып айкырып баштаганда эле эмне деп айтарымды билбей калам. Өзүмдүкү туура болсо да, кебетелеринен коркуп эч нерсе дей албайм. Булар кайдан эле мынча сөз таап алышат, билбейм. Гүлмира. П-474. Жашооңду өзгөрткүң, кошумча каражат тапкың келеби? 17 миң сом жана андан жогору. Тел: 0773722885. Жеңүүчүбүз - кулпунайга кол салган "афган чымчыктарына" күйгөн, күлгөн зам.Байдылда (П-454), редакция менен байланышыңыз. Даярдаган Канышай БЕШБАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|