Коомдук-саясый гезит
№42, 06.06.08-ж.





 Хайл, Сайракан!


Сая-саалы
Атан өлсө, тайлак бар
А.Мадумаровду "мат" кылып, вице-премьерликке олтурган Э.Ибраимованын ордуна Азамат Арапбаев олтурмакчы. "Акжол" өкүлү катары. БШКнын чечими ушундай.

Сөзүң өлгүчө, өзүң өл!
Эң аз айлык акы көлөмүн өкмөт 1000 сомго жеткирүүгө тийиш. Аны ошол багыттагы министрликке эл өкүлү А.Сабиров милдеттендирди. Баса, ушул эле эл өкүлү Социалдык эмгек министри У.Абдуллаеваны өз милдетин аткаралбаганын парламент жыйынында чымчып өттү. Бирок бизде сөз - сөз боюнча калат.

Үндөбөсө... бирдеме
ЖКнын жаңы төрагасынын өмүрбаянын изилдеп чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушу менен депутат Р.Отунбаева чыкты. Соцдемократ айымдын айтымында, борбордук басылмалардын бири ЖКнын жаңы шайланган төрагасы коңшу мамлекетке ири өлчөмдөгү курулуш материалдарын саткандыгын, о.э. өлкөнүн аттуу-баштуу жетекчилери ЖК төрагасы Айтибай мырза Тагаевдин үйүндө конокто болгондугун жарыялаган. Роза айым ушундай маалыматтан кийин ушул бийик кызматта олтурууга моралдык укугу бар-жогуна кызыкты эле, бирок, спикер үндөбөдү…

Боршайком болтоңдоп жүрө береби?
Социал-демократчы депутат Роза Отунбаева Борбордук шайлоо комиссиясына атырыла тийди. Эмне дегенде, эгемендиктин 15 жылы бою бул орган ар дайым шайлоодо былыктарга, чылыктарга жол берип, кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп, анан отчет бергенде дудук болуп, унчукпай кутулуп келатат, дейт депутат айым. Андыктан, БШК сөзсүз парламентке отчет бериши керек экен. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө ушундай.

Орун алмашуудан сумма өзгөрөт
Эсеп палатасына арналган баяндамасында кайыш мээлейдин катыгын берген боксчу-депутат Орзубек Назаров анын курамы мындан ары жалаң Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет деди. Бир-а-ак, ажонун сунуштамасы менен экен, бурадарлар.




  Крим-аалы

Жол кырсыгы
3-июнда Бишкек-Ош автожолунда түнкү саат он бирлер чамасында "Фольксваген-Пассат" автомашинасынын айдоочусу К.Жигитов Баткен облусуна караштуу Советсай айылынан 20-25 жаштардагы азиат улутундагы жигитти койдуруп кеткен. Учурда маркумдун ким экени такталууда. Тергөө иши башталды.
Зордукчул Эшимбеков кармалды
4-июнда Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 38 жаштагы А.Эшимбеков кармалды. Көрсө, ал кыз зордуктаганы үчүн изкубарлар тарабынан издөөдө экен. Иткумарын кандырган зордукчул алыс узай албады.

Адам саткан Нурдин кайда?
4-июнда Карасуу РИИБсине 26 жаштагы В.Батлуковадан арыз түшкөн. Анын айтуусу боюнча, Нурдин аттуу чала тааныш жигит мындан эки ай мурун 500 долларлык иш таап берем деп алдап, белгисиз адамдарга сатып жиберген экен. Адам укугун тебелеп, кызды кулча саткан Нурдиндин ким экени такталууда.

Түнкү каракчылар
Борборубуздун Эркиндик бульварында жайгашкан "Шарм у Рахима" аттуу окуу борбору ИИМдин адистештирилген коопсуздук кызматынын кайтаруусунда турган. 4-июнда түнкү саат экиде аталган мекеменин кеңсесине ууру киргендиги тууралуу сигнализация ИИМдин коопсуздук кызматына жетти. Окуя болгон жерге барышкан Биринчимай райондук ички иштер бөлүмүнүн изкубарлар тобу мекеменин ичинде буюм издеп, жайбаракат жүргөн эки ууруну колго түшүрүштү. Алар 27 жаштардагы Ч.Рыспаев менен Д.Александров болуп чыкты. Аларга кылмыш иши козголду.

Уурунун арты кууш
Үстүбүздөгү жылдын 22-мартында Алай районунун Ленин айылынын жашоочусу Аманбаевдин короосунан 6 кой жоголуп, уурулардын ким экени белгисиз бойдон калган эле. Жакында мал уурдаган Б.Рыспаев менен А.Рахменбердиев колго түшүп, сугунуп койгон алты койдун этин кусууга даярданып турган кези.




  И- тагдаалы

Немистерге ыракмат!
Парламент Ч.Айтматовдун денсоолугун сурап, аны дарылап аткан немис дарыгерлерине ыракмат айтуу менен атайын кат жөнөтүшү ыктымал. Мындай демилгени соцдемократ депутат А.Жээнбеков көтөрүп чыкты.

Чычкан аке, доллар бер!
Дүйнөлүк банк өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого 10 миллион доллар бөлмөкчү. Бул каражат кыргыз тараптын жардам берүү өтүнүчүнө жооп жана грант түрүндө берилет.

Эл-журтумду аман кыл!
Талас, Лейлек райондорунун токойлорунда өрт чыгуу коркунучу бар дешет атайын адистер. Синоптиктер андан кийинки деңгээлдеги коркунучту Аксы, Жетөгүз жана Нарын райондорунан байкаган.

Ал кетти. Алсыз калкчы?
Чубактын кунундай чубалган "Рентон групп" чырына чекит коюлгандай. Башкы прокуратуранын билдиргенине караганда, Жогорку сот коллегиясы Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. Ал боюнча аталган ишкананын жетекчиси Э.Пак 10 жылга эркинен ажырап, мүлкү камалып, ага кошумча 30 миң сом айып салынган.

Оозуңду жыттатчы, дос!
Жогорку Кеңеш административдик мыйзамга өзгөртүү киргизип, мас абалында машине айдагандарга салынчу айып көлөмүн 7,5 эсеге жогорулатты. Эң ириси - 2000 сомду түзөт.

Койчу!
Кыргызстан дале коррупциячыл мамлекеттер катарында. ПРООНдун өлкөбүздөгү туруктуу өкүлү да Кыргызстан экономикасынын өнүгүшүн дал ушул коррупция ооздуктап атканын билдирди. Канчалык ачуу болгону менен чындык экенин мамлекет башчысы да моюнга аларын билдирди.

И-ий, туура, ушуларга убал болду
Кыргызстандын чет жердеги элчилеринин эмгек маяналары жогорулашы мүмкүн. Өлкө ичинде мамлекеттик кызматкерлердин айлык акылары жогорулатылган соң, элчилердикин да унут калтырууга болбой тургандыгын парламент вице-спикери К.Исабеков көтөрүп чыкты. Акыры ошол акырга барамбы дегениби же?..












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan