![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №42, 06.06.08-ж. |
Бурулчанын селкинчек Турсунбек АКУН уулу, КР Акыйкатчысы: "Жыгылган адамды теппейм" Турсунбек Акун жүргөн жер ызы-чуу менен коштолору экимет. Акаев заманында "жоголуп" кайра табылган жайы бар. Март окуясынан кийин тынчып калды. Себеби жөнөкөй - алгач президент алдындагы Адам укугун коргоо комиссиясын жетектеп келсе, бүгүн Акыйкатчы институтунун башчысы. Акыйкатчы кызматына келгени алгачкы ирет жолугуп, маек курдук. - Акыйкатчы институтун жетек-тегениңиздин 100 күндүгүн белгилеп жибердиңиз. Ушул мезгилде кандай иштерди аткарууга жетиштиңиз? Кепти ушул нуктан баштасак. - Буга чейин коомдук уюмдар менен Акыйкатчы институту ортосунда карым-катнаш, жылуу мамиле болгон эмес. Ушул көйгөйдү чечүү максатында Омбудсмен аппаратынын алдында укук коргоочулардын коомдук кеңешин түздүк. Ага кыргыз журтчулугуна белгилүү коомдук уюмдар, мамлекеттик кызматкерлер жана айрым депутаттар мүчөлүккө кирди. Биздин башкы максат - Акыйкатчы институтуна укук коргоочулардын башын бириктирип, адам укугун биргеликте коргоо. Андан башка ар бир окуу жайга омбудсмен өкүлчүлүгүн ачууну пландап атабыз. Адам укугу боюнча эларалык уюмдар менен иштешүүнү жандандыра баштадык. Мурдагы жетекчилик шек туудурган диний уюмдарга кирип алгандыгына байланыштуу эларалык уюмдар Акыйкатчы институту менен мамиле кылууну токтотуп койуптур. - Кечээ жакында экс-Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу маалымат жыйынын өткөрүп, сиздин огородуңузга таш ыргытты. Сиздин орунбасарыңыз менен кеңешчилериңизди Адам укугу жаатында түшүнүгү жок деди. Турсунбектин кесиби малдогдур, андыктан бул кызматка татыктуу эмес маанисинде айтканы бар. - Мен үчүн Турсунбай Бакир уулу - өткөн чак. Бир чети жыгылган адамды кыргыз баласы тепкилебейт. Андан көрө учур чак, келер чак жөнүндө кеп козгосок жакшы болот эле. - Түптөгү жумуртка "согушу" эсиңизде чыгар. Ошол окуя боюнча сиздин орун басарыңыз териштирүү иштерин жүргүзгөн эле. Кийин маалымат жыйынын өткөрүп, жергиликтүү бийлик сөзүн укпай койгонун айтты. Мындан улам Акыйкатчы институтунун кереги барбы деген суроо жаралбай койбойт экен. Анүстүнө сиз жетектеген институттун мамказынага зыян келтиргенден башка пайдасы жок маанайында пикирин билдиргендер арбын. - Сиздин айтканыңызга кошулалбайм. Түптөгү окуя боюнча орунбасарым маалымат жыйынын өткөрүп, адам укугу тебеленгенин ачык айткан. Тиешелүү чаралар көрүлөт. Бизди жергиликтүү бийлик укпайт деген маалымат туура эмес. Облус, район жетекчилери Акыйкатчы институту менен тыгыз байланышта иштеп, берген көрсөтмөлөрдү тиешелүү деңгээлде аткарып атышат. Омбудсмен институту болбосо, көп маселелер чечилмек эмес. Кабылдамамда кезек күтүп турган адамдарга өзүңүз күбө болдуңуз. Эгерде, алар бизге ишенбесе, арыз-муңун айтып келбейт эле да. - Бийликке сын айткан оппозициячыл маанайдагы саясатчыларды куугунтукка алуу өнөкөткө айланып бараткандай. Маселен, И.Кадырбеков азыр абакта отурат. Алыскы Америка өлкөсүндө билим алып аткан Равшан Жээнбеков эларалык издөөгө алынды. Өз өлкөсүнө кайтып келери менен камалышы ыктымал. Мындай көрүнүштөр Кыргызстан адам укугу, демократиялык принциптерден тайып баратканынан кабарлабайбы? - Равшан эки жээкке чабылып, өз позициясын табалек. Акаевдин заманында жогорку кызматтарда иштеп жүргөн. Элдик революциядан кийин элчилик кызматты аркалады. Эларалык издөөгө алына турган коркунучтуу жигит эмес. Аны чоң саясый фигура катары эсептебейм. Болгону кыргыздын белгилүү жигиттеринин бири, бай. Аны келери менен камакка алууга негиз жок. Алгач күнөөсү далилденсин, анан жоопко тартылышы керек. Кадырбековду деле түрмөгө камаштын зарылчылыгы жок эле. Өлкөдөн сыртка чыкпоо тилкатын алып, анан тергөө иштери жүрсө болмок. Ал Кыргызстандан эч жакка качып кетпейт да. Ал күнөөлүү экенин сот аныкташ керек. Чыныгы таза лидер камалса, эл өзү эле көтөрүлүп чыгат. "Акшумкар" партиясынын лидери Темир Сариев өзүнүн саясый көзкарашын ачык эле билдирип атпайбы. Бийлик анын бизнесине кол салып, бут тоскону боюнча кабарым жок. Текебаев пикирин ачык билдирип, бийликти сындап атат. Ага бирөө-жарым жолтоо болдубу? Акүй оппозиционерлердин артынан сая түшүп алды дегениңиз туура эмес. - 14-майда Ишенбай Кадырбеков менен жолуккан экенсиз. Коомчулукта анын камерадан сабалганы жөнүндө божомол арбын. Анын акыбалы кандай экен? - Кадырбеков жаткан абакканага эки жолу кирип чыктым. Биринчи жолукканымда анын акыбалы оор болчу. "Тез жардам" кызматын чакыртып, бир сыйра медициналык кароодон өткөрүү үчүн ооруканага жаткырганбыз. Дарылангандан кийин СИЗОго алып кетишиптир. СИЗОнун жетекчилиги Кадырбековду дарылатабыз, жакшы мамиле кылабыз деп убада берген. Аны сабады деген болбогон кеп. Бирок, ал кээде койгон талаптарын аткарбай, тез жардам чакыртпай койгонун мага айтты. - Өткөн жылы парттизме менен парламенттик шайлоо өтүп, президенттин "Ак жол" партиясы ЖКда басымдуу орунду ээледи. Ошол эле маалда мамлекет башчысынын биртуугандары кызматтан кетти. Кезинде Жаныш мырза "матрешка" чырынан кийин кызматтан четтеген. Ушул аптада президент иниси Ж.Бакиевди Мамлекеттик коргоо кызматынын өздүк курамына башчы кылып дайындады. Президенттин мындай кадрдык жүрүштөрүн хандык бийликти түзүү планы сыпатында баалагандар да бар. Буга сиздин пикириңиз кандай? - Омбудсмен кадрдык жүрүштөрдү туура же калпыстык кетти деп сындаганда эл туура эмес түшүнүп калат. Биз кадр маселесине кийлигишпейбиз. Президент кимди кызматка койорун өзү чечет жана эл алдында өзү жооп берет. Нурканбек КЕРИМБАЕВ P.S. Т.Акун мырзанын пикири боюнча мурдагы Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулуна собол узаттык: - Турсунбек мырза бизге берген маегинде: "Мен үчүн Турсунбай Бакир уулу - өткөн чак " деди. Буга не деп айтасыз? - Ар бир интервьюсунда мен жөнүндө айтпаса тили кычышат. Ислам дининде эки жүздүүлүк чоң күнөө. Акыркы мезгилде Турсунбек Акундун мусулман пендеси экенинен шек саначу болдум. Себеби, анын Мун чиркөөсүнө мүчө болгону туурасында маалымат тараган. Ошонусу чын болсо, мага асылганын токтотсун. Андай адам менен акыйлашкан деңгээлде эмесмин. Куйругунун узуну, ай! Кыргызды казак, өзбек качанга чейин басмырлайт? ЖК экс-спикери А.Мадумаровдун тегерегиндеги ызы-чуу аркасында парламент ратификациялап берген Ысыккөлдөгү төрт пансионатты казактарга берүү боюнча мыйзамга президент кол койду. Бул маселе боюнча мурда кабыл алынган документтер, азыркы укуктук абал боюнча экономика илим кандидаты, эксперт Саткын АЙТУГАНОВ ой бөлүшөт. - Саткын мырза, буга чейин пансионаттар Кыргызстандыкы экенин айтып, далилдегенге карабай, мыйзамга кол коюлду. Эми эмне болот? - Муну менен Кыргызстандын пансионаттарга болгон менчик укугу жокко чыгарылды. Биз эмнени жоготтук? Ушу кезге чейин курорттук зоналар өзгөчө аймактар экенине баа бербей келебиз. Курорттук зоналарга кирген жер, күн , көл, кум, дары баткак, родон суусу, ажайып табият, аба, тоолордун адам денсоолугуна тийгизген касиетинен улам алардын барк-баасы да жогору. Ошонүчүн адамдар пансионат, санаторийлерге атайын жолдомо сатып алып эсалышат. Бул курорттук-рекреациялык байлыктар бааланбай, башка өлкөлөрдүн ушу кезге чейин көргөн пайдасынын наркы бизге кайтарылбай, пансионаттар бекер берилди. Муну менен биз өзүбүздүн табигый байлыгыбызды башкаларга алдырдык. Убагында Кумтөр кенин кандай алдырсак, мында да так ошондой болду. Биз эркин, өзалдыбызча чарба жүргүзүүгө даяр эместигибиз байкалды. Бул албетте зээн кейитип, ызалантат. Биринчи чакырылыштагы легендарлуу парламент 1992-жылдын 16-декабрында "КМШ мамлекеттеринин юридикалык жактарынын пайдалануусунда турган курорттук-рекреациялык объектилерди Кыргызстандын менчигине алуу жөнүндө" ?1080-XII токтом кабыл алган. Анда объектилердин бардык мүлкү, унаа, жабдуулар, жардамчы жана көмөкчү чарбалар, турак үйлөрү, бак-шактары менен кошо 1992-жылдын 1-июлундагы абалы боюнча акы төлөнбөй Маммүлк фондунун балансына алуу жөнүндө айтылат. Бул токтом ушу кезге чейин юридикалык күчүндө. Андан кийин ошол эле ЖК 1994-жылдын 12-январында ?1404-XII токтому менен 1992-жылдын 9-октябрында КМШ өлкөлөрү кол койгон "4-беренеден тышкары" деп биздин кызыкчылык корголгон Келишимди ратификациялаган. Ратификация да, Келишим да бүгүнкү күндө өз күчүндө, аны ревизия кылып кайра кол коюуга мүмкүн эмес. Укуктук жагынан алганда, 2006-жылдын 4-июнунда кыргыз-казак өкмөтүнүн макулдашуусу, аны 2008-жылдын 11-апрелинде Жогорку Кеңештин ратификациялоосу, 19-майда ага президенттин кол коюусу, ж.б. бардыгы-1992-жылдын 9-октябрындагы КМШ өлкөлөрүнүн президенттери Кыргызстандын өзгөчө шарты менен макул болуп кол коюшкан "Менчик укуктарды өзара таануу жана менчик мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү келишимге" карама-каршы болуп, эларалык деңгээлден алганда аталган Келишимдин юридикалык статусу жогору турат. Демек, 11-апрелдеги ратификациялык келишимди кайсы мезгил болбосун чакырып, кайра кароого мүмкүндүк берет. Дагы бир баса белгилей турган жагдай, президент кол койгон мыйзамда жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү, ижара жана жер салыгын көрсөтүү жөнүндө айтылган. Бул пансионаттардын курулуш, парк аянттарынын акысы. А пансионаттардын мүлкүнө, курорттук-рекреациялык байлыктарды алар эмне, бекер уруна беришеби? "Пансионаттарды өзүбүз курганбыз" деген казак, өзбектердин аргументи суу кечпейт, анткени алар СССР учурунда жалпы казына эсебинен курулган, демек аларда биздин толук акыбыз бар. - Казактар ээлик кылып турган мындан башка дагы "Алмата", "Фламинго" деген пансионаттар эмне үчүн тиги төртөөнө кошулбай калган? - Булар да макулдашууга киргизилиш керек эле. Бирок бул ири эки пансионат мурда эле Кыргызстандын менчик укугун көз жаздымда калтырып, мыйзамдарды бузуу жолу менен эчак эле казактарга берилип кеткен. Казак өкмөтү макулдашууга төрт пансионатты эле киргизишти, биздикилер тиги экөө жөнүндө ойлонбой туруп макул болушкан. Демек, экөө мурда эле жең ичинен сатылып кеткен. Мурдагы "Дорожник", азыркы "Фламинго" пансионаты, Назарбаевдин Ысыккөлдөгү резиденциясы, Булан-Сөгөттү айылынын аймагында жайгашкан. Бул кандай негизде берилген, бизге канча салык төлөп жатат, аны билген мамлекеттик мекеме жок. - Биздин аймакта мындан башка Өзбекстандыкы делген объекттер бар. Эми алар да менчиктештиргиси келет да? - Алар биздин казактарга болгон мамилебизди көрүп турушат. Казактардай эле өзбектер да пансионаттарды мыйзамдаштырып алууга кызыкдар. Азыр деле алардын кандай мыйзамдын чегинде иштеп, мамлекеттин казынасына канча каражат түшүрүп жатканын билген киши жок. Айтмакчы, Өзбекстандыкы делген пансионаттар казактардыкынан көп жана ири. Ысыккөлдөгү пансионаттардан тышкары түштүктө жайгашкан чоң альплагери да бар. Анын эмне болуп атканын билген мекеме барбы? Эгер минте беришсе, аз убакыттан соң Ысыккөлдөн, айланасындагы жерлерден таптакыр айрылып калышыбыз мүмкүн. - Курорттук байлыктар менен жер алдындагы кенбайлыктарды иштетип пайда көрүү кыргыздардын колунан келбейт окшойт... - Эки байлыктын айырмасы мында: жер алдындагы кенбайлыктар эртеби-кечпи, түгөнөт. Курорттук кенбайлыктар түбөлүктүү да. Экологиялык бир чоң катастрофа болбосо эле алар бизге түбөлүк кызмат кылат. Көрдүңүзбү, биз кандай уттуруп жатабыз? Эгер пансионаттарды 1992-жылдагы келишим боюнча Кыргызстандын менчигине өткөрүп алганда казактар, өзбектер Ысыккөлдө эсалуу үчүн жолдомолорду бизден сатып алып турушмак. Бул казынага кызылдай киреше болмок. Пансионаттарды алардан кем иштетмек эмеспиз. Туризм деген азыр кудайга шүгүр эле өнүгүп, жеке адамдарыбыз пансионаттарды куруп атышат. Алар айткан беш жылдыздуу деңгээлге өзүбүз деле жетмекпиз. Себеби, азыр тамшанткан табияттан мурда мыкты тейлөө зарыл экендигин көлдүктөр эле эмес, башкалар да түшүнүп калышты. Пансионаттарды бөлөктөргө кармата берүүгө Акаев учурунда кийинки чакырылыштардагы депутаттардын бардыгы бөгөт коюп келишкен. "Акжол" партиясы ушу иши менен элдин эсинде калды, кезеги келгенде аларга жооп берүүгө да убакыт келет. Аскер САКЫБАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|