![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №42, 06.06.08-ж. |
Сарыгуловго собол Кумтөрдөн алтын кум куюлуп атыр. Кимдин колуна?.. Жакында райондор аралык Бишкек соту Кумтөр кенин иштеткен канадалык компаниядан 94 млн. сом салык өндүрүү боюнча чечим чыгарды. Муну менен алар эки жолу сот жообуна тартылып олтурат. Мурда да 45 млн. сом төлөөгө мажбур болушкан. Азыр аларга Кумтөр жайгашкан жер салыгын көп жылдан бери төлөбөйт деген доо коюлган. Эгерде депутат К.Исабеков буларды козгобогондо, Кумтөрдү иштеткендер 140 млн. сомдун пайдасын өздөрү көрүшмөк. Мына ушундай нерселер канадалыктардын кыргыз жерине келгенден бери таза эмес иштеп жатканынан кабар берет. Чынында Кумтөр кениндей алтын чыкчу жай дүйнөдө саналуу гана. Тилекке каршы, муну өзүбүз иштетип пайдасын көрө албадык. Кенди казбай койгондо деле күнүбүз өтмөк экен. Анткени Кумтөр өкмөт башчысы И.Чудинов тамшангандай кайтарымын берелек. Анүстүнө алар бир эле келишим менен акырына чейин иштебестен, афералык жолдо кыргыздын башын айландырып, "Центерра инк" деген балакетти түзүп, алтындын баарын алууга ачкөздөнүп жатат. Биз билгенден кыргыз өкмөтүнүн башында туруп, премьер-министр болгондун баары Кумтөр үчүн шилекейин агызып келди. Оппозициядан келип өкмөттү башкарган А.Атамбаев деле Танаевдин келишими туура эмес түзүлгөн, биз бул жолго барбайбыз, эми маселени сот аркылуу чечебиз деп токтотуп койгондо болмок. Бирок андай болбоду, Алмаз мырза да канадалыктар менен сүйлөшүүгө барып, артынан 60 млн. доллар деген жалганбы же чынбы, иши кылып ушундай бир сөздү илештирип алды. Эми Кумтөр жөнүндөгү жылуу пикирин И.Чудинов айтып жатат. "Центерра инк" деген эмне? Жөнөкөй тил менен карапайым адамга түшүндүрсөк, Кыргызстандан чыккан 726 тонна алтындан кыргыздарга болгону 109 гана тоннасы тиешелүү дегендик. Калган 617 тонна алтындын убайын инвесторлор көрөт. Бүгүн К.Исабековдун аракетин кээ бирөөлөр жактырбай жүрөт. Ал киши менин өмүрүм коркунучта деп айтып атат. Себеби, 617 тонна алтын мындай турсун, бир кило үчүн Исабековду эмес, бүтүндөй бир калкты кырып салган учурлар тарыхта көп болгон. Андыктан, Кумтөрдөй долбоор он беш жылда жаралбады деп И.Чудинов ичер суусунун арыгын тазалоонун камын көрүп жатпайбы. Эми Кумтөр кенин иштеткен чет элдик компания эларалык арбитраждык сотко кайрылабыз деп жатат. Анткени белгиленген мөөнөттө кыргыз парламенти 2007-жылкы келишимди ратификациялаган эмес. Серепчилердин айтуусуна караганда, эларалык сот биздин сотторго караганда алдаганча адилеттүү. Алар эң алды менен биздин ички мыйзамдарды салыктан 140 млн. сомду жашырган канадалыктарды чекесинен сылай койбос. Ошондуктан кыргыз тарап да аларды сотко берүүсү керек. Келдибек НАЗИРОВ Айлангөчөк Кошоматчылык мамлекеттик саясатка айланды "Агымдын" 30-майдагы санына Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, эмгек ардагери Төлөгөн КОЗУБЕКОВдун "Биригип өнүгөбүзбү же бытырап бөлүнөбүзбү?.." аттуу макаласы жарык көргөн. Анда "Республикадагы бейөкмөт уюмдардын иш-аракеттерин тыкыр талдоодон өткөрүп, максаттарына, аткарып жаткан иштерине жараша топторго же орун алган даректерине жараша аймактарга бөлсө жаман болбос эле деп ойлойм. Антпесе эки-үч кишиден турган топ деле түздөн-түз Президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке чыга беришсе, алардын көйгөйүнөн кол бошобой улак тартыш улана берет" деген ой айтылган. Бул боюнча биз бейөкмөт уюмдар лидерлери, белгилүү саясатчылар пикирин сурап көрдүк. Төлөйкан ИСМАИЛОВА, "Граждандык коом коррупцияга каршы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси: - Аксакалдын айтканына жооп берсек-бербесек да Кыргызстанда абал абдан жаман. Ансыз деле жарандык коомдун оозун бийлик басууга аракет кылып жатат. Буга "Де-факто", "Алиби" гезиттерине болгон сот өкүмү далил. Эми Козубековго окшогон мырзалар көп. Коммунисттик колоңсо кийинки мезгилде мамлекетти өрдөп баратпайбы. Бейөкмөт уюмдарды эчким тыкыр көзөмөлдөй албайт. Анткени бейөкмөт уюм демократиянын баш белгиси, эл шайлагандар жана өкмөткө көзкарандысыз уюмдар аркылуу бийликке таасир берет. Илгери Конституция жок кезде эле ата-бабалар эркиндикти туу тутуп, коргоп келишкен. Акылдашуу, "жети өлчөп, бир кес" деген принцип менен иш жүргүзгөн. Азыр биз плюралисттик коомдо жашап жатабыз. А кишинин пикирин да сыйлайбыз. Бирок "Акжолдун", азыркы бийликтин сөзүн айтпаса жакшы болот эле, ал ансыз да белгилүү. Кыргызстан адам укугун, эркиндигин сыйлайбыз деп эларалык уюмдардын документтерине кол койгон. Бирби же үч кишиби, айылдабы же шаардабы, ар кандай бейөкмөт уюмдар түзүлө бериш керек. Негизи бул киши Марат Кайыповдун каалаганын гана башкача айтып жатат. Бүгүн ансыз деле пикет-митингди эркин өткөрүүгө тыюу салынды. Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясат таануучу: - Ал киши эски чиновник эмеспи, бийликке өзүнүн жакындыгын билгизейин десе керек. Буга ан ын деле күнөөсү жок, анткени 24-марттан бери кошоматчылык мамлекеттик саясат болуп калган. Кыргызстан ОБСЕ мүчөсү. Ага кирген өлкөлөр өздөрүндө бейөкмөт уюмдардын уюшулушуна тоскоолдук кылбай, аларга жардам берүүгө милдеттүү деп көрсөтүлгөн. Буга макул болуп кол койгондон кийин текшерүү эмес, аларга сөз айтуу кыйын, анткени ошонүчүн бейөкмөт деп айтылат да. Алар мамлекеттик түзүлүшкө кирбейт. Аларга кайдан акча алып, эмне кылып атасыңар дегенге эчкимдин укугу жок. Биздин Конституцияда биз либералдуу өлкөбүз, демократия, рынок экономикасын курабыз деп жазылган. Ошентип эларалык келишимдерге кол койгонбуз. Бу аксакал болсо кеңеш өкмөтүн кайра куруп, ГПУ, ЧК дегендерди чыкыйта тизип, элдин баарын суракка алып, каршы чыккандардын алдын Сибирге, артын Украинага айдаса дегенди айтып атат. Бейөкмөт уюм дегенди Кыргызстан ойлоп тапкан жок, биз ага өзүбүз кошулдук. Кыргызстан ОБСЕден акча алса жакшы, анын талабы менен бейөкмөт уюмдар түзүлсө, анда ОБСЕ жаман болуп калабы? Бул жерде ал аксакал айткысы келген башка маселе бар. Бейөкмөт уюмдардын бардыгында эле көзкарашы, абийири таза адамдар отурабы, жокпу, бул башка маселе. Алардын арасында далай жойпулар бар. Далай грант жегичтер бар. "Окшошконго мушташкан" болуп, мамлекеттик бийликтин кебетеси бул болсо, демократияны коргой турган бейөкмөт уюмдардын абалы да аларга жараша. Ооба, ОБСЕ кыйшаңдап түз принцип тутпай атат. Мисалы, бейөкмөт уюмдар милийсалар аркандай курал-жарактар менен митингди таратты деди эле, ОБСЕ адегенде колдоп, кийин кайра милийсаларга коргошун ок эмес, желим ок беришиптир деп аларды жактап чыкты. Булар чындыкты, тагырак айтканда, мыйзамды карманышы керек эле. Биз Кыргызстандын эларалык милдеттенмелерин жакшы билип, мыйзамдарды так аткарганда гана жакшы жолго түшөбүз. Азиза АБДРАСУЛОВА, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси: - Бир четинен бул аксакал туура маселе көтөрүп жатат. Акыркы маалыматтар боюнча бизде азыр 20-22 миң бейөкмөт уюм бар. Демек, алардын канчасы коомго пайда келтирип иштөөдө, канчасынын пайдасы жок деген маселе аксакалдын тынчын алып атса керек. Биз жер-жерлерге барганда айылөкмөт башчылары же алардын жакындары бирден-экиден бейөкмөт уюм түзүп коюшуп, социалдык долбоорлор менен иштешет экен. Социалдык, техникалык долбоорлорго укук коргоого караганда чоң суммада гранттар келет. Грант бергендер болсо бир эле учурда айылөкмөт башчысы болгондор өздөрү же жакындары бейөкмөт уюм түзө калып, грант алып жатканын билишпейт. Долбоордун жыйынтыгы, натыйжасы кандай болду дегенде айылөкмөт башчысы кызмат маалыматын бейөкмөт уюмуна берип, алар отчетто көрсөтүп жатышат. Ошонүчүн аксакалдын буларга талдоо жүргүзүү керек дегени туура. Бирок муну ким жүргүзүшү керек, бул өзүнчө суроо. Мисалы, Ош облусу боюнча эле төрт миң бейөкмөт уюм болсо, биз ар кандай семинарларга барганда же бийлик менен иш алып барганда баягы эле иштешип жүргөндөр чогулабыз. Калгандары кайда? Жарандык коом өзү деле биригели, президентке кайрылуу жолдогондо бириндебей чогуу пикир айталы дегенди өздөрү деле айтып жатышат. Бирок мен жарандык коомду бирдей рамкага салып койгонго макул эмесмин. Жарандык эле коомдун эмес, ар бир адамдын сөз эркиндигине болгон укугу сөзсүз болуш керек. Демек, ар бир адам президентке, парламентке, өкмөткө кайрылып, өз оюн айтууга укуктуу. Бүбүсара РЫСКУЛОВА, "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси: - Президентке кайрылууга бейөкмөт уюмдар эле эмес, ар бир жарандын укугу бар. Бейөкмөт уюмдар ансыз деле аймактарда ассоциацияларга, форумдарга биригип иштеп жатышат. Бейөкмөт уюмдарды ал аксакал айтпаса деле текшерип турушат. Өзүбүз элге отчет берип турабыз. Биздин борбордун иштегенине он жыл болду. Ушуга байланыштуу элге отчет берели деп атабыз. Финансы жагыбызды аудит, салыкчылар текшеришет. Өкмөттөн жардам алсак ал да текшерет. Козубеков аксакал дагы кандай текшерүүнү айтып жатат? Балким ал бейөкмөт уюмдар өтө чектен чыгып кетишти деп ойлоп жатабы? Негизи бийликтин кандай гана өкүлүнө болбосун кайрылууга ар адам укуктуу. Аскер САКЫБАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|