Коомдук-саясый гезит
№43, 10.06.08-ж.





  Шоу "калаасынан"

Зыфар Бейшекеев бүгүн Кыргыз драма театрындагы ыр кечесине тууган-урук, жоро-жолдошту топтоп, бата алмакчы. Кошумчалай кетсек, бул жигит ырчы, обончу Сыймык Бейшекеевдин биртууган иниси.

Ильяз АБДЫРАЗАКОВ учурда Баткенден Тажикстанга чейин гастролдоп жүрөт. Ал ортодо Ош шаарынан "Ой кыял" аттуу ырына клип тарта келмекчи.

Мирбек АТАБЕКОВ жакында "Ильястын ыры" аттуу эски кайрыкты кайрадан созуп чыкмакчы. Андан сырткары, махабат темасындагы жана "Атамекен" аталган патриоттук ырлардын үстүндө иштеп атат. Июль айынан тарта кыргыз жергесин кыдырып тим болбостон, Россияга дейре сапар алмакчы.

АСЕМА "Бозсалкын" тасмасындагы ролу үчүн Бакуда өткөн "Чыгыш-батыш" фестивалында айымдын мыкты образын жараткандыгы үчүн жогорку сыйга татып кайтты. Эске салсак, аталган Э.Абды-жапаровдун тасмасы актриса, анан калса ырчы Асеманын эл алдында эң алгачкы өнөр тартуулашы эле.

Айжамал КАБЫЛОВА ушул тапта Москвада. Жолдошу Азаматтын ишине байланыштуу алыска аттанган Айжамал тун наристесин аталган ири борбор шаарда көз жарып кайтышы ыктымал.

Гүлнара Тойгонбаева ушул айдын 20сында күйөрмандарын "Карамболь" тавернасына чакырып, жаңы жана эл сүйгөн чыгармаларын, ошондой эле дүйнөлүк хит ырларды жаңыртат. Ырчы айымды музыкалык жактан "Dream team" командасы коштоп, Жамиля Муратова, Ырыскелди Осмонкулов келип обон созот.

НЕЛЯ "Балалык" деген ырына тартылчу клип декорациясы үчүн курбу кыздарынан оюнчук мамалак издеп, шайы ооду. Клиптин каармандары да наристелер, атургай, "АГАМА" бийчилер тобу да сюжет боюнча кичине балдарды туурап бийге түшүшөт. Ырчы кыз жай бою, күчү жетсе, ар жума сайын бирден клип тарттырууну пландаган.

"MIX" тобу жакынкы аралыкта Көл жээгинен алгачкы клибин жаратат. Демөөрчүлөр - эки бийкечтин ата-энелери. Баса, жаңы жаралган бул топ жайкы сезонго пансионаттарда коюлуучу концерттерге да катыша турган болушту.

Алексей ФИЛАТОВ жакында "Жаңы ысым - 3" долбоорун ишке ашырганы турат. Максаты - таланттуу, бирок, чыгалбай жүргөн балдарга жардам берип, сахна даамын таттыруу. Декабрга чейин дагы төрт концерт өтүп, жыл соңунда финал өткөрүлмөкчү. Ошондой эле Леша НТВ жана Улуттук каналдан көрсөтүлө турган шоу бизнес жаатындагы документалдуу аналитикалык берүүлөр сериясы алдыдагы иш планында.

Азель ЖЕТИГЕНОВА "Стардэнс" шоу балетинен бөлүнүп, өз алдынча чыгармачылык жолго аттанды. Ал эми аталган шоу балет бир орунда токтобостон, дагы да бийге шыктуу балдар-кыздарды издеп турган кез.

Замир МЫРЗА азырынча жаралып аткан ырына Москва шаарынан клип тарттырууну макулдашкан. Ал эми жакында эле Ош шаарында "Махабат" ыры чыгармасына клип "кийгизилди".

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan