![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №43, 10.06.08-ж. |
Абилдаевдин тою. "Премьерлер" таймашы Өткөн ишембиде Акаев учурундагы акча министри, Айдар Акаевдин ант ичишкен досу, азыр "Газпромнефть Азия" Россия ири ишканасынын башчысы Болот Абилдаев уулун үйлөп, борбордун эң кымбат рестораны - "Хаятта" айкайлап-хайхайлаган аябагандай чоң той өткөрдү. Тойго россиялык "Премьер-министр" эстрада тобу менен Кыргызстан премьер-министри Игорь Чудиновдун министрлерден турган "тобу", республиканын "мен-мен" деген дөө-шаалары катышты. Тойдо россиялык "премьер" тобу эмес, кыргызстандык "премьер" тобу, б.а. өкмөт мүчөлөрү көйрөңдөнүп, орустар "пальцы веером" деп коет, өзгөчө өнөрдү көрсөттү дешет тойду көргөндөр. "Коррупционер" деп бири-биринин кокосун жулуп сала таштады Парламенттеги "акжолчу" депутат Максат Кунакунов менен социал-демократ депутат Дамира Ниязалиева өгүнү өз фирмаларынын кызыкчылыгын коргоп чырдашты. Эл депутаттары кимиси чыныгы коррупционер экенин билбей, эмдигиче баштары маң. Эски генпрокурор Шаршеналиевдин "шалашына" эмики вице киралбай койду Жаңы дайындалган вице-премьер-министр Элмира Ибраимова биртоп жанжөкөрлөрү менен Ысыккөл эсалчу жайларын текшерем деп барып, эбегейсиз ыңгайсыз абалда калды дейт. "Насип менен Нур" пансионат деректири Марат Дулатовго мурдагы күнү эскертилсе да, "машинем бузулуп атат" деп келбей коюптур. Ал келбегенден кийин пансионат кызматкерлери ачкыч жок деп ачпайт да. Вице болгону мындай тоотпостукту биринчи угуп, эңгирей түшкөн Элмира айымды ал жердин аким-өкүмдөрү "буга капа болбоңуз, өткөн жылы деле ачпай койгон. Анткени пансионат экс-генпрокурор Асанбек Шаршеналиевдин уулу Арстан Шаршеналиевге катталган. Өзүнө каттатса, өмүр бою мыйзам кайтарган киши эмеспи, ачмак" деп жооткотот имиш. Көл жээгин сатуу тууралуу акимден акыл акты Ысыккөл райакими Турусбек Мансуров Э.Ибраимова баштаган комиссияны ээрчип жүрүп, курорттор жыш жайгашпаган көл жээгиндеги айдоо аянттарын бүт сатууга уруксат бериши керек. Анткени дыйкандар каражаты жок айдай албай жатат, жамгыр жаабай, суу жетпей аткандыктан жер кургап баратат. Андан көрө калк сатып жиберип, бала-чакасын баксын маанисинде масилет курду. Сатып алганда ким аларын билесиз: казак туугандар же башка мамлекеттин ашынган байлары. Акүй өкүлүнүн "агрардык" саясаты ушундай экен: айдоо аянттарынан сатып кутул, болгондо да совет өкмөтү сугат системасын созулта курган жерде. А.Тагаев П.Рахмановго така какты Материалдык резервдер мамлекеттик агентчилигинин деректири Пайзуллабек Рахмановдун таянган тоосу бийик эмеспи, адатынча уят-сыйытты унутуп, депутаттарга азуу көрсөттү, жаңы спикер Айтибай Тагаев акырын айтып да, катуу айтып да тартипке чакырып көрдү. П.Рахманов ага да болбой "ыркырай" берди эле, спикер министрдин көтөргөн маселесин кароодон алып ыргытып, отурумду ошол замат жапты. Ойногондо, күлгөндө, Кыргызстанда бололу! Кыргызстан КМШ тегерегиндеги мамлекеттер арасында "статус" алды сыяктанат. Мурдакыларын санабай, кечээ жакындагысын айталы. 6-июнда Чолпонатада Эмгек, миграция жана КМШ мамлекеттер ушундай катышуучулары калкын социалдык коргоо боюнча кеңеш берүүчү совети менен ЕвразЭС интеграция комитети алдындагы социалдык саясат советинин (тилиң чайналат, акылың алтоо болсо түшүнүп бак) кеңешмеси өттү. 12-13-июнда Бишкекте өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү министрлеринин жыйынына Азербайжан, Армения, Грузия, Беларусь, Казакстан баш болгон 15 чакты өлкөнүн өкүлдөрү катышат. 26-сентябрда КМШ өлкө башчыларынын саммити өтөт. Ал эми Россия президенти ж.б. расмий иш сапарын атабай эле коелу. Алар зарыл. Кыскасы, кыргыз чиновниктерине күндүзү майрам, түнү той. "Агым-пресс" Жетер жерге жеттик "Кумтөр" чындап колдон куюлат... Жакында Кумтөр алтыны боюнча ызы-чууга ЖК чекит коет. Бул боюнча эларалык эксперт Базарбай Мамбетов ой бөлүштү. - Базарбай мырза, Кумтөрдүн алтыны боюнча чатак аягына чыгат өңдөнүп калды. ЖК жакында кабыл ала турган макулдашуу Кыргызстанга эмне берет? - Азыр бул маселе боюнча чечүүчү учурда турабыз. Июнь айынын ичинде бул маселе чечилсе, ушундан Кыргызстандын эмнеге жөндөмдүү экенин, дегеле мындан аркы өнүгүү жолу кайда кетерин билсек болот. ААК "Кыргызалтын" директорлор Кеңешинин атынан Елисеев өткөн жумада Кумтөрдүн алтынын Кыргызстан менен "Центерра" экөөнүн бөлүшкөнү туура эместигин билдирсе, Жогорку Кеңеш, кыргыз өкмөтүнө "Камеко" компаниясы менен түзүлгөн өткөн жылдагы маскара келишимди дагы иштеп чыгып, кол коюуну сунуш кылууда. Демек, алтын өндүрүүдөгү биздин абал чынында мышык ыйлагыдай үмүтсүз. Мени "Кыргызалтындын" позициясы жана "Центерра" акциялары Кыргызстандын экономикасын куткарат деген чиновниктер таңгалдырат. Булардын акциялары небак булганган жана дүйнөнүн фондулук биржаларында эч кандай наркы жок. "Центеррадагы" Кыргызстандын 66 млн. эфемер акциясы эчкачан дивиденд алып келбейт. Булар өткөн он бир жыл ичинде дивиденд берген эмес. Себеби, канадалыктардын документи боюнча, аларга эчкачан киреше түшкөн эмес. Дивиденд түшкөн кирешеден эсептелет да. Биздин мамлекеттик чиновниктердин түшкөн кирешеден бир жолку 10 пайыздык салык алып, ушул эле учурда "Камекону" 20 пайыздык НДСтен бошотуу аферасына макул болушканы таңгалдырат. Акаевдин жан-жөкөрлөрү 1993-жылдан бери жалпы өндүрүшү 2,4 млрд. доллар турган бул алтын кен кошумча нарк салыгынан бошотулганынан республика казынасына канча зыян келгенин мындан билиңиз, он бир жыл ичинде салыктын бир эле түрүнөн 500 млн. доллар киреше түшмөк. Эми Акаевден кийинкилери да "Камекону" 20 пайыздык кошумча нарк салыгынан бошотуп, кирешеден түшө турган 10 пайыздык бир жолку төлөмгө макул болуп атышат. Бул киреше эч качан болбойт, себеби канадалыктар кирешени эч качан көрсөтүшпөйт. Аз мурда Ысыккөл облус губернаторунун орунбасары "Келишим боюнча "Камеко" компаниясы кирешесинен 2 пайызды Ысыккөл облусун өнүктүрүү фондуна которуу керек эле, эки жылдан бери бул сумма бериле элек, анткени алар бизде киреше жок, дегенди айтты. Алтын даяр товар түрүндө эки жакка бөлүнүүсү керек анүчүн. Эгерде буга макул болбосо, кандай гана макулдашуу болбосун, Кыргызстандын кызыкчылыгына чыккынчылык кылуу деп ал жокко чыгарылыш керек. Кыргыз чиновниктери жалпы республикалык салыкты бардык чарба жүргүзүп жаткан субъекттер төлөш керектигин жакшы түшүнүшпөйт окшойт. Кумтөр боюнча салык төлөөчү субъект бул - биргелешкен "Кумтөр Оперейтинг компани" компаниясы, Кумтөрдүн тегерегинде кийин түзүлгөн башка бардык компаниялар арам акчаны адалдоо үчүн түзүлгөн. - "Центерра" акциясын алуу деген афера кайдан чыкты? Учурда, дагы баса айтарым, бизди "Центеррадагы" Кыргызстандын акциялары кызыктырбашы керек. Муну биздин көңүлдү Кумтөр алтынынан буруу үчүн атайын жасашты. Бул капканга биздин өтө жогорку кызматтагы чиновниктер түшүп калганы таңгалычтуу жана алардын тез эле Кумтөрдүн алтыны Канадага эмес, Кыргызстанга тиешелүү экендигин унутуп калгандыгы шектендирет. "Камеконун" алтын өндүрүшүнө катышуусу экинчи орунда болуш керек эле. (Уландысы 10-бетте) |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|