![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №43, 10.06.08-ж. |
Беткүзгү Айтибай ТАГАЕВ:"Төрагамын деп төш кагып, режим киргизбейм" Айтибай Тагаевдин Жогорку Кеңеш төрагалыгына шайланышы коомчулукта пикир эмес, көбүнчө таңгалууну жаратты. Бирок үч фракциянын депутаттары жаңы спикерге канааттангандай мамиле кылып, Айтибай мырза парламенттин жыйындарын мүдүрүлбөй шыр эле башкарып кетти. Ошондой болсо да маалымат каражаттары аркылуу артынан кеп чыкты. Эмесе чын-төгүнүн жаңы төраганын өз оозунан угалы. - Айтибай Султанович, өмүр баяныңызды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушун Роза Отунбаева көтөрүп чыкты. Чын эле баскан жолуңузда мандемдүү кадамдар болгонбу? - Мен 1981-жылдан тартып 2005-жылдын мартына чейин Кызылкыя шаарында иштедим. "Дарак бир жерден көгөрөт" демекчи, курулуш материалдары комбинатында бухгалтерден тартып, "Нур-КМ" акционерлер коомунун директорлор кеңешинин төрагасына чейинки кызматтарды аркаладым. Мага байланыштуу жанагындай сөздүн чыгышы саясатта кайталанып турган көрүнүштөрдүн бири. Чын эле ошондой болсо, эмне үчүн эки жолу депутат болгонумда айтышпады. Төрага болууга татыксыз болсом, депутаттык мандатка деле татыксыз элем да. Эми мындай нерселер бизде өнөкөт болуп баратат. Спикер болуп менден башка депутат шайланса, анын артынан деле ар кандай сөз чыкмак. Болбой баратса жакын туугандарына, уул-кызына асылмак. Көпчүлүк муну түшүнүп калды. - Ошентсе да Кызылкыяда милициянын начальниги болуп иштеген киши сизди олуттуу иштер менен айыптап чыкты. - Биринчиден, гезиттер жазып жүргөндөй ал коомдук ишмер эмес. 2005-жылдан кийин революционер болуп чыга калып, милицияга кызматка орношту. Капаровду мен жакшы тааныйм. Ал Кызылкыяда милициянын начальниги болуп турганда кандай иштерди жасаганын жергиликтүү ишкерлерден сурасаңар болот. "Де-факто" гезитине да ушак, жалган жалаадан башка эч нерсе айтпаптыр. Анын үстүнөн шайлоочуларым көп даттанышкан. Мага карата айткан жалаасына актанып олтурууга азыр убактым жок. - Төрага болуп шайла-нышыңызды Адахан мырза түшкөнгө чейин билдиңизби? - Адахан Кимсанбаевич төрага экенинде да, түшкөндөн кийин да эмес, мен залда олтуруп коллегаларым менен кошо уктум. Өзүм да таңгалдым. Чынында күтүүсүз болду. Мен башында комитет төрагасы болууга да көнгөн эмес элем. - Төрагалык ишмердүү-лүгүңүздү эмнеден баштайын деп турасыз? Парламентте мыйзам кабыл алуудан башка да чарбалык маселелер бар эмеспи. - К өп жылдар чарбалык маселелерге байланышкан кызматтарда иштедим. Төрага болгонума бир жумадан ашып калды. Мага байкалганы - башаламандык, тартип бузуулар көп экен. Ошондуктан бул маселеге дайыма көңүл бурууга туура келет. Алдыда жасай турган иштер толтура. ЖК карамагында үч машиненин бири мурдагы спикердин үйбүлөсүнө кызмат кылса, бири иш башкармалыкта, бири аппарат жетекчисинде экен. Ошол үч машинени унаасы жок депутаттарга бөлүп бердим. Депутаттын унаасы жок жүрсө, аппарат жетекчисин кызматтык машине тейлегени туура эмес. Ал эми ЖК төрагасынын үйбүлөсүнө машине бөлүнгөнү да негизсиз. Ошондой эле төраганын кабылдамасын кайтарган милиция күзөтчүлөрүн да алып салдым. Себеби, мага күзөттүн кереги жок. Биз эл өкүлүбүз, мага депутаттар, жумушу бар жарандар зарыл мезгилде кирип, маселесин чечип кетиши керек. Ал эми тиги күзөттө тургандар уруксат кагазын текшерип тоскоол болгондон башка жумуш аткарбайт. Анан да милициянын төрт күзөтчүсүнө 7 миңден 30 миңге жакын маяна берилет. Бир жылда сыйлыгы, отпускасы ж.б. болуп 360 миң. Ансыз деле бюджет тартыш болуп турганда ыксыз чыгашаларды кыскартканыбыз оң. - Эсеп палатасы өткөн чакырылыштагы парламенттин чарбалык иштеринен биртоп финансылык катачылыктардын бетин ачкан. Анан да аппаратта эртең менен жумушка келип ары-бери басып жүргөн кызматкерлерди көп көрөбүз. - Мен үч жылдан ашуун депутат болуп, бул тармактагы иштерди байкап жүрөм. Чынында кээ бир кызматкерлер жумушка келип, кечинде үйгө кеткенди кызмат деп түшүнүп алган. Муну ушул июндун акырына чейин иликтеп чыгып, иретке келтириш керек. Азыр вице-спикерлер, фракция жетекчилери менен макулдашып, сентябрь айынан баштап Жогорку Кеңештин структурасын өзгөртөлү деп жатабыз. Анткени структура бир мандаттуу парламентке ылайыкташып калган. - Жашырганда не, ЖК кабыл алган мыйзамдардын көпчүлүгү иштебей жатат. Муну жөнгө салуу үчүн кандай аракеттер көрүлмөкчү? - Бул боюнча бизде эксперттер жок, ошондуктан төрага алдында эксперттик топ түзүп, ар бир мыйзамды алгач ошолордун кароосунан өткөрүп, андан кийин комитеттерге жөнөтүп, акырында палатага чыгарсак деген ой бар. - Вице-спикерлер менен мамилеңиз кандай болмокчу? - Буга чейин жакшы болгон, азыр да жакшы. Үчөө тең тажрыйбалуу эл өкүлдөрү. - Сиз президент Бакиев менен буга чейин кандай мамиледе болгонсуз? Дегеним, ким жогорку кызматка коюлса эле президенттин биртуугандары менен мамилеси жакшы деген сөз чыкчу эле. - Туура, ак-карасын ылгабай эле божомолдоп сүйлөгөндөр да бар. Биринчиден, мен Курманбек Салиевичтин инилерин тааныбайм, мамилем да жок. Ал эми президент менен болгону үч жолу сүйлөшкөм. Биринчисинде мурдагы чакырылыштагы депутаттар менен бирге, экинчисинде "Мекен" деген фракция өкүлдөрү менен чогуу, үчүнчүсүндө шайлоочуларымдын талабын орундатуу максатында атайын кабыл алуусунда болуп, Кызылкыя шаарындагы көп жылдан бери бүтпөй жаткан көпүрөнү куруу боюнча сүйлөшкөнбүз. Болгону ушул. - Президент сиздин талапкерлигиңизди кандай максат менен сунуштады деп ойлойсуз? - Жогорку Кеңештин төрагасы - мамлекеттик жогорку кызмат. Ал бийликтин бир бутагынын башында турат. Демек, сунуштагандан мурда мен жөнүндө, өмүр баяным тууралуу маалыматтар эске алынгандыр. Мени эмнеликтен көрсөтүштү - бул жагы мага белгисиз. Болбосо, төрага болууга татыктуу арабызда көптөгөн мыкты депутаттар бар. - Парламент депутаттарын Мадумаров бекем тартип менен башкарам деди эле, сиз кандай башкарганы жатасыз? - Биринчиден, 90 депутаттын 89у мага макул болуп добуш беришти. Баары элдин тандоосунан өтүп ишенимге ээ болгон кишилер. Ар бири өз милдетин, жоопкерчилигин жакшы түшүнөт. Ошондуктан жогорку трибунадан өйдө-ылдый көрсөтмөлөрдү берип, депутаттарды тигиндей бол, мындай бол дегеним туура болбосо керек. Себеби, депутат сотка менен сүйлөшүп, жыйынга катышпай койсо, көңүл бурбаса, өзүнө эле эмес, бүтүндөй фракциянын абийирине доо кетирет. Экинчиден, силер сыяктуу маалымат каражаттары сүрөткө тартып, тасмага түшүрүп, такай көзөмөлдөп жатпайбы. Демек, партиялык тизме менен келген депутаттар мурдагы чакырылыштагы депутаттарга караганда биртоп жоопкерчиликтүү. Менимче, тартип жагынан ичара пикир келишпестиктер болушу мүмкүн эмес. Төрагамын деп төш кагып, режим киргизбейм. - Канткен менен парламент саясаттын уюгу. Илгери көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан окуя болуп кетсе депутаттар ызы-чуу болуп жатып, күн тартибиндеги маселе каралбай калчу? - Кандай гана кырдаал болбосун, менин көзкарашым же маселени көтөрүп чыккан депутаттын ою менен парламенттин күн тартиби башка маселеге алмашып кетпейт. Баары мыйзам жолунда, добуш аркылуу чечилет. Мен өзүмдүн көзкарашымды эч качан маселе катары киргизип, депутаттарга таңуулабайм. Ошол эле убакта ар бир депутаттын жеке оюн, көзкарашын көз жаздымда калтырбай добушка коем. Парламенттин ишин эл өкүлдөрүнүн добушу чечет. Мурдагы чакырылыштагы парламентте куру дымак менен чечендик өнөр сыналып, мен кыйын сүйлөйм же көптү билем деген менменсинүү өкүм сүрүп, бирин-бири көкүтүп, парламенттик шоуну курчутуп турганы баарыбызга маалым. Ошондуктан биз саясаттан эмес, саясый оюндардан алыс болуп, эң ириде элдин турмушун жакшырта турган экономикалык мыйзамдарды терең талдап кабыл алуубуз абзел. Азыркы парламенттин курамын түзгөн 90 депутаттын ою да менимче ушундай болуш керек. Канчадан бери сөз болуп келаткан Салык кодексин ушул айда карап, биринчи окууда кабыл алышыбыз зарыл. Анткени элдин турмушу куру сөзгө, саясый оюнга эмес, ушуга байланыштуу. Бул мыйзам 2009-жылдан тартып иштеши керек. Кошумча салык 12 пайызга түшүп, жеңилдиктер өтө көп. Биртоп салыктар жоюлганы турат. Мындан башка кен байлыктарды иштетүүгө уруксат берчү лицензия 300-400 сомдун тегерегинде экен. Аны бул наркта алган ишкерлер иштетпей, экономикалык өнүгүүгө тоскоол болуп жатат. Ошондуктан бул мыйзамды да каникулга чейин карап чыгып кабыл алганыбыз дурус. - Үйбүлөңүз жөнүндө айтып бербейсизби, жеңебиз, бала-чака канча дегендей?.. - Жеңеңер бирөө, үч балам бар. Алды иштейт. Ортончусу жогорку окуу жайда окуса, кичүүсү мектеп жашында. - Парламент курамын үч партиянын тизмесиндеги депутаттар түзөт. "Акжол" фракциясынын саны көп. СДПК менен Коммунисттердин добушу эч нерсеге арзыбайт деп өгөйлөбөйсүзбү же алардын да пикири эске алынабы? - Кайсы партиядан келбейли, биз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарыбыз. Мен биринчи күндөн тартып эле баарына тең карайм деп убада бергем. Анткени максатыбыз бир. Ал - кыргыз элинин өсүп-өнүгүшү үчүн керектүү мыйзамдарды кабыл алуу. Эгер ошол нерсе улуттун кызыкчылыгына төп келсе, биз СДПК, Коммунисттер, "Акжол" деп бөлүнбөй, мыйзамды колдошубуз керек. Азыр СДПК жана Коммунисттер фракциясынын депутаттарын кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атам. Кандай маселе көтөрүлбөсүн, бир гана сүйлөшүү жолу менен ийри олтуруп, түз кеңешкенибиз жакшы. Келдибек НАЗИРОВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|