Коомдук-саясый гезит
№43, 10.06.08-ж.





  Бомбейкат

Эй, кен-таврлар?
Кыргыл чал каткан кырк атан алтын бар
Кыргыз деген Дастан Сарыгулов айткандай байыркы калк. Улуу көчмөндөрдүн башында турган. "Бөрү азыгы жолдон" дегендей, көчмөн калктын таалайы да, тапкан-ташыганы да жолдон болгон. Тынч оокат кылып, шаар куруп жашап жаткан элге күтүүсүз кол салып, малын чаап, кыз-келининен туткундап, байлыгын уурдап-тоноп алып, жер оодарып кетип турган. Каракчылык менен жан баккан. Кыргызда бир үйүр жылкы чаап келген ууруну баатыр деп даңкташкан. Алтын казып көрбөгөн калк айрыкча алтын-күмүшкө, баалуу таштарга өч болгон. Манас Алтайда туулуп, Чоң Жинди атыгып турганда эле Кытайдын алтын-күмүш артынып, дүйнө кезип чыккан соодагерлеринин (азыркыча бизнесмендеринин) байлыгын баса калып тоноп, атасы Жакыпты байыткан. Кытайлыктар мунусун билип калып жоготордо Алатоого көчө качып кутулган. Бирок мында да жөн жүрбөй Алоокени кууп чыгып, эбегейсиз байлыгын басып алган. Айрыкча алтын-күмүштөрүн. Кийин Манас өлгөндө ошол байлыктарын Семетейге деп Каныкей Кароол чокуга же Манастын күмбөзүнүн алдына каттырган деген кеп бар. Муну менин жердешим, жазуучу жана белгилүү коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев "Кыргыз туусу" гезити аркылуу эң сонун далилдеди.
Чоң аталарыбыздын жүз он жаштан ашып барып дүйнө салган Аяткан апабыз айтып калчу эле дешет, "кыргыз көмүлгөн жердин баары эле алтын" деп, анан да сөз кылып калчу дейт, кыргызга таарынган Кыргыл чал кырк чорону баштап Кытайга качып баратып кырк атан алтын менен келген, бирок Семетей кууп жетип, Кочкордун кире беришинен кырып, кыркына кырк күмбөз салдыртып, кырк атан алтынды ошол көргө көмдүргөн экен деп. Ошол алтын кайда бүгүн, күмбөздүн алдында болбогондо. Таластагы Кароол чокунун алдында алтын барын билген Чолпонбек өз жериндеги алтынды билбей калышы мүмкүн эмес деп ойлойм. Ким билет, балким энөө кочкорлуктардын көзүн байлап туруп, баягы грузин досторун апкелип Мадумаров экөө эмдигиче казып баса бериштиби? Абыкеев сөзсүз билет болушу керек. Акырында айтарым, Таластын эли жалгыз чокусун аяп, тишинин кирип соруп жашай берсин. Биз кочкорлук сарбагыш-саяк эли жапа тырмак көтөрүлүп, ата-бабаларыбыз оор күнгө деп калтырган кенчин тез арада казып алалы. Кандай дейсиздер?
Жылдызбек КӨБӨШОВ,
Кочкор району, Соңкөл жайлоосу
...айаша
"Куда миң жылдык" дечү беле, Кеңешбек мырза...
Генерал-майор Орозалиев Кеңешбектин маеги "Атадан алтоо болсо да, ар жалгыздык башта бар" ("Агым", 16-май) деген ат менен жарыяланган. Аталган макалага окурмандан пикир түштү.
Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги тургузулат экен дегенден бери он жыл кенен өтүптүр. Агасы Намырбек ушул кенебестикке, кайдыгерликке өзүнчө жооп иретинде "Сүймөнкул Чокморов" аттуу кызыктуу китептин экинчи редакциясын толуктап, сүрөттөр менен кошо 2007-жылы чыгарганы өзүнчө эрдик эмей эмне. Билгенге, Сүймөнкултаануу институтундай эле эмгек жасалган. 82деги аксакалды ар кандай убадалар менен убара кылган министрлик, ишкана, мекемелердин айынан Намырбек Чокморов чарчап-чаалыгып, өткөн жылдан бери төшөктө. Кудайга шүгүр, инисине атасынан бешбетер үйрүлүп түшкөн аганын ал-абалы соңку мезгилде оңолуп калганы кубандырат.
Намырбек аксакалды аябай таңдантканы - китепти чыгара бериңиз, акчасын төлөтүп беребиз деген министр Султан Раевдин эми жоопту ачык айтпай, кайпактай качып жүргөнү... Эстелик маселесинин чечилбегени.
Генерал аксакал жети эле ай куда болгон кезиндеги жакшылыктарын, "колдон келгенче көтөргөнүн" Сүймөнкул Чокморов сезсе, арбагы ыраазыдыр. А эмне үчүн көзү өткөн соң, өзгөчө акыркы мезгилге чейин тургузулбаган эстелигине, иштебеген музейине, чыкпаган китептерине жардамдашпайт? Кыргыз "куда миң жылдык" деп коет эмеспи. Намырбек аксакалдан чекилик кеткен күндө да, Сүймөнкул кудасынын жаркын талантына, кыргыз даңкына кошкон салымына таазим этип, жогорудагыдай авторитети менен Акүй-Көкүй эшигин каккылап, ишти илгерилетсе болбойт беле... Колунда бар бардар адам экендигин, "Акжалгасыналкону" жетектегенин өзү айтыптыр го?!
Кайнатанын камбылдыгынанбы, айтор, маркум Сүймөнкулдун уулу Бактыгул инибиз деле атасынан калган төрт бөлмөлүү үйү барына кубанат да, "музейи эл көрбөгөн, билинбеген жерде жайгашкан" деп тайсалдайт. Сүрөтчүнүн өз өнөрканасынан өткөн да музей болмок беле? Балким, өнөркана сатылып же башка сүрөтчүгө берилип кеткендир...
Айтмакчы, Сүймөнкул ага жашаган Бишкектеги Фрунзе көчөсү, 497 дарегиндеги үйүндө бир кезде тагылып турган тактанын эмне болгонун Бактыгул инибиз айтып берер...
К.Орозалиев мырзанын эң акыркы сөзү: "Чынында ал сүрөттөрүнүн бирин да колума алып көргөн эмесмин" дегени демди огобетер суутту. "Болгону жети ай куда болгон" адам Сүймөнкулдун кандай эмгек калтырып кеткенине көңүл бурбаганы - анын калк кадырлаган талантын тааныгысы келбегени эмеспи.
Памирбек КАЗЫБАЕВ,
Алыкул үйборбору коомдук бирикмесинин директору
Жан жини
Поэзияга саякат
Жалган дүйнөнүн саякаты кызыкпы же саясатыбы? Экөө бирдей, болгону поэзияны саякаттап баруу керемет. Жиндинин, кайдагы бир келесоонун тамагы. Анча-мынча кыйындар билбейм не дешет.
Маданияттуу "жиндилерди" эчким топтободу, поэзия топтоду. Ме, сага, интервью. Калың дептерден учуп чыккан ыр, шилекей чачырата кыраатын келтире окуган эриндер, мүйүздүү шайтандын каткырган күлкүсү, ыр дүйнөгө жетеленип кеткен мен. Ааламды сел алып кетсе, ошол кечте үч кыргыз сезбейт эле.
Чаржайыт талкаланып курулган поэзия, уйпаланып-кулпурган дүйнө, түшүнүксүз чексиз аалам, тайраңдап бийлеген тамгалардан куралган улуу СӨЗ, магниттей тарткан ыр, жыйналбай чачылып жаткан мээ, кишендеп байлаган колжазма, таңгалгандан жайнай түшкөн карек, жандүйнөнү селт эттирген коңгуроо, жөн гана баш коюп ыйлатчу көөдөн жарган көз ирмем, жасалманы, жасанганды билбеген табигый аура. Башым жетпейт...
Кылымдан кылымга кыргыз ырга батып, ырга багылып, ыр болуп агып келген, агып келет. Өмүр менен өлүмдүн жарк эткен учкуну, бу жалганда бир келет, бир кетет. Ошонусу менен баалуу, армандуу, ошонусу менен ал ПОЭЗИЯ. Алкап алкышым, каргап каргышым жетпейт.
Шайыр ТОЙЧУЕВА, Бишкек шаары
Майда ГЭСи жок да Манас болобу
Кегети кесме жасаганга эле керек эмес
Кегети бардык жагынан гүлдөй турган өрөөн. Кегетиге келгендер кериле дем алып, кеселеп суусун ичип, мыкты жер экен деп эле кете беришет. Мен да суусун ичип олтуруп: "Ушул киндик кан тамган туулган жериме эч качан эмгек сиңире албай, дүйнөдөн өтүп кетемби" деп үшкүрүп алдым да, инженер катары мындай тыянакка келдим. Көрсө, Кегети суусу секундасына орточо 4 кубга жакын суу менен агат экен. Жарым жылга алганда эле 15 млн. 372 миң куб суу топтолот. Мындай сууга эки-үч чакан ГЭС курса да болот, чакалап суу ташыбай, дыйкандарыбыз да оңолуп, өрөөндүн жашоо-турмушу оңолмок.
Мен идеяны бердим, эми калганын ишке ашырмай Кегети айылөкмөтүнүн башчысы Манас Осмоналиевде жана Чүй-Токмок шаарынын акимчилигинде деп ойлойм.
Жуматай ШАМЫРКАНОВ, Бишкек шаары, Акөргө конушу
Сокмодром
Миңбулактагы учуучу килемдер менен учуучу тарелкалар
Эки жарым миллион кыргыздын жарактуу жигиттеринин көбү чет өлкөгө безип, көбү Россия менен Казакстанда калып, жарандыгын алып жашаганга өттү. Кемиген кыргыздын кемтигин толтуралык десек, өкмөт келиндерибиздин төрөгөн баласы үчүн төлөй турган пособиесин кыя чапты. Ачпаган эшик, какпаган каалга калбады. Кайсы мыйзамга таянганы белгисиз, кудум Бериянын агенттеринче "соцзащита" дегендин кызматкерлери түтүнмө түтүн кыдырып тинтип чыгышты. Эмне десең "эки килемиң бар экен, төгөрөктүн төрт тарабын тарткан тарелкаң бар экен, анүстүнө сүтү бар уюң бар экен, ошон үчүн пособиеңер кыскартылды" дешет. Э, кагылайын президент, эгер миңбулактыктардын килеми учуучу килем, тарелкалары башка бир планетадан келген учуучу тарелка болсо, анда эбак эле жакшы жашоо издеп түпкөтөрө учуп кетет элек. Нарындын шартында 1 гектар жери бар үйбүлөнүн шарты сиз туулуп өскөн сузактык үйбүлөнүн 1 сотых эле жери бергендей түшүм бербесе, бизде Көлдөгүдөй же Чөлдөгүдөй жер менен жан багалбайбыз. Кыргыз өкмөтү мына ушундай кымбатчылыкты алып келгени аз келгенсип, пособиеден куржалак калтырганы эмнеси? Ошон үчүн элинин санын көбөйтүүнү көздөп, төрөйм эле деген көккөз кызынын көтөнүнө алтын төшөй салып аткан Путиндин Россиясын көздөй кыргыз кыз-уландары качып жатпасын? Урматтуу Курманбек Салиевич, биздин келиндер да жоолуктарын кыйгачтата бууп, Кытайдын Кызылсуу тарабын кылчактап карай башташты.
Миңбулактыктардын сырын сыялап түшүргөн
Асмат ЖУМАКАДЫРОВ,
Нарын району,
Миңбулак айылөкмөтү
"Жигули" минсе көчүгү тешилип калабы?
Үй ээсине үч собол
Үй ээси Курманбек Бакиевге
Курманбек балам, Чолпоната шаарында жашаган, 86 жаштын тамагын ичип жаткан Кашипа апаңдан салам кат. Барайын десем басалбайм, көлгө келгенде жолугайын десем, көкүлүңдү көлөкөлөп жүргөндөр көрсөтпөйт. Өзүң акылдуу, токтоо жигит экенсиң. Анан эмнеликтен эле кичинекей элди, тырнактай жерди башкаралбай жатасың? Үй ээси жоош, кенебес, жалкоо, шалаакы болсо бир баласы жегич, бир баласы ичкич, бир баласы ууру, бир кызы сойку болот. Демек, азыр биздин мамлекет ошондой кейпте турат. Сен мамлекет оңолгуча өтө катуу бол, эчкимди: аялыңды да, балаңды да, тууганыңды да, элиңди да аяба. Үч нерсе айтайын:
1-собол
Жегич, ичкичтерди кармап атасың да, кайра элге билгизбестен бошотуп, кызмат берип атасың. Жегени чынбы, кустуруп казынага сал. Өзүн түрмөдө чирит. Ошондо эл сага ишенет.
2-собол
Өкмөттүк деңгээлдеги тойлорду токтот. Министриң, губернаторлоруң баш болуп эле качан көрсөң тойлордо жүрөт. Той менен эстелик ачканды тый.
3-собол
Өкмөт менен Жогорку Кеңешти жоюп эле, өзүң башкар. Ушул экөө кыргызды кекиртегинен баткакка батырды. Депутаттардын минген машинесинин ар бирөө эле 80 миң доллар турат дейт, 80 миң долларга 15 "Жигули" келет экен. "Жигули" минишсе көчүктөрү тешилип калабы, кокуй. Чолпонатада ар бир министр, губернатор, аким, депутаттын эки-үчтөн үйлөрү бар. Сталин согуштан кийин жалгыз китил шым менен килейген СССРди кандай бутуна тургузду эле. Жеп-ичсе ошо кишиге жарашат эле го. Бирок Сталин мамлекетти, элди ойлогон. Азыркылар болсо миллиондорду жеп, жерден жер алып, бири менен аткылашып, ээн-эркин тайраңдап жүрүшөт. 80ден ашкан апаңдын саламы ушул, президент уулум.
Кашипа ЖАНГАЗИЕВА,
эмгек ардагери, Чолпоната шаары













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan